Добавить статью
3:30, 13 февраля 2014 17117

Ишкерлер патент акысын кѳтѳрүү жана Бажы союзуна кирүүнүн натыйжасына кызыкдар

Кыргызстандагы ишкерлер эртең, 14-февралда саат 10:00дө Ала-Тоо кинотеатрына чогулуп, «Кыргызстандын Бажы союзуна кириши: «Дордой» базарынын проблемасы жана келечеги» деген маселе боюнча ѳкмѳттүн кѳз карашын угат.

Жыйын соода кызматкерлеринин профсоюз уюмунун демилгеси менен уюштурулуп, ага ар кайсы тармакта иштеген 350дѳн ашуун ишкерлер чогулган жатат. Анын максаты — Кыргызстан Бажы союзуна киргенден кийин кандай пайда табат жана кандай кыйынчылыктарга дуушар болот деген суроого ѳкмѳт мүчѳлѳрүнѳн жооп алып, алдыдагы багыттарды аныктоо. Ишкерлер андан тышкары, ишкерликке уруксаат берген патент акысын ѳкмѳт эмне себептен 5 эсе кѳтѳргѳн жатат деген суроого жооп алуу. Ошондуктан жыйынга экономика министри Т.Сариев, финансы министри О.Лаврова, биринчи вице-премьер министрдин кеңешчиси О.Панкратов, салык кызматынын жетекчиси И.Масалиев жана Бишкек шаарынын мэрии К.Кулматов чакырылды.

Эске салсак, 8-февралда президент Алмазбек Атамбаев Орусия президенти Владимир Путин менен Сочи шаарында жолугушту. Жолугушууда алар жакынкы арада Кыргызстан менен Орусиянын биринчи вице-премьер-министрлеринин деңгээлинде жолугушуусу болуп, анда Кыргызстандын Евразиялык интеграция процесстеринде катышуусу боюнча кѳз караштарды жакындаштыруу маселеси талкууланарын белгилешкен. Эки мамлекеттин өкмѳт ѳкүлдѳрү Кыргызстан Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулууда кез келе турган кыйынчылыктардын алдын алуу үчүн экономика структурасында кандай чараларды кѳрүү зарылдыгын аныктап, аны ишке ашыруу жолдорун такташат.

Ал эми ишкерлерди Кыргызстан Бажы союзуна кирсе Дордой, Кара-Суу, Мадина ири базарларынын тагдыры, анын негизинде соода менен иш жүргүзгѳн миңдеген жарандардын тагдыры кандай болору кызыктырууда.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×