Добавить статью
9:36, 17 февраля 2014 2978

Тамак-ашка байланышкан тыюулар, ишенимдер

Макала автордун Кыргызстандын Ысык-Көл, Талас, Нарын аймактарынан чогулткан этнографиялык талаа материалдарынын негизинде жазылды.

Кыргыздарда тамактардын эң улугу болуп нан эсептелинип, алардын турмуш-тиричилигинде нанга байланышкан көптөгөн тыюулар жана ырым-жырымдар колдонулуп келген. Нанды тескери койбойт, бир колдоп сындырбайт, салаалап кармабайт жана үстүнө эч нерсе койбойт. Нанды, камырды жана супараны аттабайт, тебелебейт.

Нанды күйгүзбөй, жегиликтүү кылып жакшы жасоо керек. Анткени кыргыздарда «наны оңолмоюнча, иши оңолбойт» деп коюшкан.

Кечинде бүтүн нанды сындырбоого аракеттенишкен. Буга нан түнү менен Мекеге барып келет, сынык нан жетпей орто жолдо калат деген ишеним себепкер болгон.

Түнкүсүн нандын, тамактын, суунун оозун ачык калтырбайт, шайтан аралайт.

Ошондой эле кыргыздарда нан кырсыктан, жамандыктан коргоочу касиетке ээ деген ишеним жашап келген. Мисалы, узак жолго чыккан адамды бөөдө кырсыктан сактасын, жолу шыдыр болсун деп жанына нан салып берген. Жаш баланы үйгө жалгыз калтырганда же ал түн ичинде коркуп тынч уктабаган учурда жаздыгынын алдына нан же бычак жаздап коет. Кээде адам алыс сапарга кетип жатканда ага арнап атайын нан жасап, андан ага ооз тийгизип, кайра ал сапарынан кайтып келгенче «насип күтөт» деп ал нанды катып койгон. Мындан сырткары адамдар өзүнүн актыгын далилдеш үчүн нан кармап карганышкан.

Туз сурабайт, туз - шор, бирөөнүн шорун сурап алып жатасың. Ошондуктан, кыргыздар башка журтка көчүп жатканда, баардык шорубуз ушул жерде калсын деген мааниде, эски журтуна, коломтонун жээгине тузун таштап кеткен; тузду төкпөйт, тебелебейт, чачпайт. Ишеним боюнча, туз төгүлсө ошол үйдө уруш же пикир келишпестик болот. Ошондой эле кыргыздар айрым учурларда өзүнүн актыгын далилдөө үчүн туздан атташкан.

Кыргыздарда сүттөн жасалган азыктарга өтө аяр мамиле жасап, сүттү жана сүт азыктарын жалпы жонунан «ак» деп атап коюшкан. Уйдун желини чоочуп калат же сүтү кайтып кетет деп акты колдон келишинче төгүп албоого аракеттенишкен. Эгерде сүт, айран же кымызды кокусунан жерге төгүп алса, төгүлгөн актан үч жолу алып кийиминин жакасына «ак жалгасын» деп сүйкөп коюшкан. Кишинин кийимине кокусунан ак төгүлүп кетсе, жакшы жышаан болуп эсептелинип, мындай учурда да «ак жалгасын» деп айтышкан.

Эгерде ириген сүттүн көк суусун төгүүгө туура келсе эл баспаган жерге же агын сууга төгүп жиберген. Ал эми айран, сүт, кымыз куюлган идишти жууганда да, суусун көрүнгөн жерге төкпөй итке куйган же агып жаткан сууга чачып жиберген же коломтонун жээгине чачып койгон.

Караңгыда сыртка ак алып чыккан эмес жана кеч киргенден кийин бирөөгө ак берилген эмес. Өтө зарыл же кыйбас адамы болуп, берүүгө туура келип калса, сүттүн үстүнө оттун күлүнөн чымчып салып, же суу тамызып, же үстүнө нан салып жана сөзсүз түрдө бетин жаап берет.

Кымыз – жылкынын сүтүнөн жасалган эң барктуу суусундук. Кыргыздардагы катуу сакталган адат боюнча бээ байлаган адам келген кишиден кымызын бекитпейт жана сунулган кымызды ичпейм деп баш тартпайт. Эгерде бээ саап, кымыз жасаган үйгө киши келип, ал учурда кымыз жок болуп калса, үй ээси милдеттүү түрдө сабанын түбүндө калган кымыздын көрөңгөсүнөн бир аз куюп келип келген кишиге ооз тийгизет. П.Кушнер кыргыздардын кымызга болгон мамилеси тууралуу төмөндөгүдөй жазып кеткен: Кыргыздар кымыздын бир тамчысын да жерге тамызбоо үчүн өтө этияттап ичишкен. Аларда кымызды аягына чейин ичпей калтырып коюу эң чеки иш деп эсептелинип, ал эми аны ичип бүткөндөн кийин, идиштеги анын калдыгын төгүп салуу эң чоң күнөө болуп саналган.

Күрүчтү жерге түшүрбөйт, тебелендиге таштабайт, анткени күрүч - «бейиштин тамагы». Ошондой эле аны жууган сууну да эл баспаган жерге төгүшкөн.

Молдокулова Динара, этнограф

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×