Добавить статью
9:07, 22 февраля 2014 4845

Манасчылардын жаштарга кайрылуусу

IMG_4204 Кечээги кыргыздардын урпактары, бүгүнкү кыргыз элинин учук улантуучулары, из басарлары – урматтуу жаштар!

Азыркы тапта жалпы адамзатта эбегейсиз чоң табигый, социалдык, саясий, экономикалык өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Мүмкүн адамзат ал өзгөрүүлөрдү көрө албай, туя албай жаткандыр, бирок адамзат аны каалайбы же каалабайбы ал процесстер жүрүп жатат. Ал процесстер энергетикалык, аң-сезимден тышкаркы, ааламдык деңгээлде өтүп жатат. Бул табигый жүрүшкө кыргыз эли да дуушар болууда. Эртеңибиз эмне болуп кетээрине чыгаан адистер да божомолдоп айтып бере албай турат. Адамзаттын пейили бузулуп, көр тирлик, ач көздүк, жекечилдик, материалдык кызыкчылыктар бүгүнкү күндүн урааны болуп калды. Ааламдашуу, бир өңчөйлүк араанын ачып, жер жүзүндөгү руханий көп түрдүүлүктү кыйратып азуусуна чалганы турат.

Мына ушундай оор жана катаал шартта, кыргыз эли өзүн аман сактап кала алабы? Аман сакталып калышынын мүмкүнчүлүктөрү барбы, болсо кайсылар, деген суроолор азыркы күндүн көйгөйү болуп турат.

Урматтуу жаштар, кыргыз элинин миңдеген жылдык турмуш тажрыйбасы, билими жалпы эле салттуу маданияты болгон. Айрымдарын биз унутуп, турмушубуздан чыгарып салдык. Айрымдары азыркы күнгө чейин жашообузду коштоп келет. Ал, ата-бабаларыбыз бизге өткөрүп берген жалпы элдик маданият. Салттуу маданият – элдик билимдин, руханий баалуулуктардын булагы. Ал эми элдик билим, руханий баалуулуктар – кыргызча өмүр сүрүүнүн, кыргыз дүйнө таанымынын булагы болуп эсептелинет. Аларды окуп эле же билип эле алуу менен чектелүү болбойт. Аларды турмушка ашырып, турмушта пайдалануу парз. Ар бирибиз жан дүйнөбүздүн аруулугуна, элибиз ыйык тутуп келген ыйыктарына ыйыктай мамиле кылууга умтулуп, ичи тардык, көрө албастык, көшөкөрлүк, жеке таздык, менменсинүү, кара ниет, кара мүртөздүк, ач көздүккө жол бербешибиз керек.

Урматтуу жаштар, кыргыз элинин туу кылып, ыйык тутуп келгени «Манас» болгон. «Манас» жөнүндөгү улуу баян жана манасчылык касиет, салттуу маданиятыбыздын бирден-бир негизги көрүнүшү. «Манас» – кыргыз элинин руханий өзөгү. Кыргыз элинин мындай кыйын кырдаалда аман сакталып калышынын бирден-бир мүмкүнчүлүгү, чөгүп бара жатканда кармана турган туткасы – «Манас» жана анын жандуу айтылышы. Азыр Манастын руху ойгонуп жатат, ал процессти эч ким токтото албайт. Ал эми ошол рухту, касиетти, жүктү татыктуу көтөрүп алып кете алабызбы? Маселе мына ушунда.

Манасчылар:

Сапарбек Касмамбетов

Талантаалы Бакчиев

Камиль Мамадалиев

Замир Баялиев

Дастан Бакчиев

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×