Добавить статью
4:58, 13 января 2014 38697

Сасык саясат жүргүзгөн Ош облусунун казысы менен иштеше албайбыз!

Ош облусунун мусулмандар жамаатынын атынан

Мамлекеттик дин иштери комиссиянын жетекчиси Орозбек ажы Молдалиевге жана

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин милдетин аткаруучу Максат ажы Токтомушевге:

Учурда Ош облусунун казысы кызматын аткарып турган Ниязали Ариповдун кылык жоругу тууралуу нааразычылыгыбызды билдирели деп чечтик. Бул адам мурун да казы болуп, имамдар менен иштеше албай чоң фитна чыгарып, акырында муфтияттан буга атайын токтом чыгарылып иштен кеткен болчу. Анан кантип эле иштей албай кеткен адамды кайрадан казылыкка коюп отурат деп имамдар арасында нааразылык туулуп жатат.

Ал өзүн «дин аалымы», теология илимдеринин «доктору» деп тааныштырганды хобби катары көргөн Нияз, имам жана имам хатибдерден өзүн доктор деп тааныштырууну талап кылат. Мунун да анын кандай текебер, боюн көтөргөн, кыйынсынган экендигинин далили. Эгерде, ошончолук аалым болсо, аны эл өзү «аалым шейх» деп наам бермек керек болсо. Ал болгону тафсирдин бир парасынан диплом жактап, анысын дагы арабча эмес түркчө окуган дешет.

Айрыкча имам, имам хатибдерден Ниязга болгон нааразылыгы өтө күч алып турат. Имамдарга одоно-копол, корс мамиле жасайт. 5-10 мүнөттүк бир маселени айта турган болсо, азыркы учурдун мобилдик байланыш менен эле чечүүнүн ордуна, ал имамды узакта (М. Чоңалайдан 1000 сомдук жол кире) болгондугуна карабастан, чакыртып алып ошол маселени чечет. Мунун себеби да өзүн ошол имамдардын ордуна коюп көрбөгөндүгү.

Себеби ал өзү имам, имам хатиб болуп элдин арасында нике кыйып жаназа окуп ысык суукту көргөн эмес. Имамдын динге болгон мээнетин түшүнбөгөндүгүнөн келип чыгууда. Бул теологияда сабак берип эле жүргөн. Ошондуктан, жамаат менен муфтият тарабынан казыят кызматкерлерин 8 адамдан турган штатын атайын буйрук менен бекитип берген. Бул келип эле өзүмдүн кызматтык ордумду коргоп калышым керек деп жакын «теолог» досторун алып келип 12 штат ачып алды. Бул муфтияттын уставын бузуп жаткандыгы. Экинчиден, буларга кантип айлык акы төлөп берет, анын үстүнө имамдар айлык төлөмдөр көбөйүп кетип атат деп нааразы болуп атышса. Сүйүн Ашпаев деген аппарат жетекчиси болсо мурда Чүй казыятта ажылыктан одоно катачылык кетирип Орусияга качып кеткен болчу. Азыр Бишкек шаарына барып иштей албай, Нияздын оң колу болуп өзүнүн сасык саясатын жүргүзүп отурат. Облустагы имамдарды жакшы тааныбагандыктан, эч ким менен маслаат кылбастан, Кара-Суудагы бир имамы террорист болуп чыгып отурат. Аны мурункуказылар имамдыктан кетирген болсо, кайра неге кызматка алат түшүнүксүз. Ал боюнча да интернет булактарында жайылып кетти. Ушундай имамдарга кош көңүл мамиле жасагандыгы керт башы менен жооп бериш керек болчу.

Кээ бир таанымал дин кызматкерлери, аалымдар бар, аларга болбогон эле кемчиликтери үчүн эскертүүлөрдү берип жатат.

Жыйынтыктап айтканда бул сизди дагы, башка дин кызматкерлерди дагы эртеңки күндө уят кылат. Биз бул адам менен иштеше албайбыз. Андыктан, бизге облуска ылайыктуу, тажрыйбалуу, илимдүү казы коюп берүүңүздү суранабыз.

Эгер бул талабыбыз орундалбаса, тез аранын ичинде чечип бербесениз, анда биз маалымат жыйын өткөрүүгө муктажбыз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×