Добавить статью
9:13, 3 марта 2014 6787

Дин таануу же илимий негизде диний билим берүү маселеси

Адамзаттын дүнүйө жана акырет бактылуулугун көздөгөн дин (ислам дини), маңкурт сымал шарттанган адамдардын аң-сезимин эмес, эркин, эрктүү, жоопкер жана чечкиндүү (мукаллаф) адам баласынын аң-сезимин негиз алып, ал менен байланыш курат. Бирок, коомду жана улуттарды өз ара биримдикке үндөгөн дин, эгер туура эмес түшүнүлсө, же түшүндүрүлсө, айрымдарынын куралына айланып, бөлүп жаруучу каражатка айланып кетүү коркунучу бар. Албетте, динди куралга айлантып, туура эмес багытка алып баруучу түшүнүктөр, же түшүнүктөрдүн диндештирилип берилиши, дин жаатындагы маалымат боштугунан улам пайда болот. Демек, дин жаатындагы маалымат боштугу туура толтурулбаса, анда;

1. Түшүнүктөр диндин ордуна колдонула баштайт;

2. Диндин бириктирүүчү, достоштуруучу, ынтымакка чакыруучу функциясы маанисин жоготот;

3. Келечегибизди биз сымал кандайдыр бир адамдын түшүнүктөрү белгилей баштайт;

4. Натыйжада, туура эмес маалыматтар карапайым калкты фанатизмге багыттайт;

5. Исламдын универсалдуу баалуулуктарын түшүнүүгө тоскоол болот ж.б.

Андыктан, тез арада коомдун диний аң-сезимин агартуу максатында туура кадамдардын ташталуусу керек. Ал эми, диний аң-сезимдин, натыйжада коомдук аң-сезимдин жогорулашы жалпы билим берүүчү мекемелерде илимий негизге таянган диний билим берүүгө көз каранды. Анткени, адамдын кыймыл-аракетине багыт берген, анын – ишеними. Өзүн жардырып, бейкүнөө көпчүлүктүн өлүмүнө себепкер болгон террористин жосуну да, мамлекетти душмандын чабуулунан коргоп, шейит кеткен эр азаматтын каармандыгы да, анын ишениминен көз каранды. Ишенимге негизделип аткарылган көптөгөн кыймыл-аракеттин социалдык жагы да бар. Эгер коомго, натыйжада мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү диний түркөйлүктү, түшүнбөстүктөрдү жоюуну кааласак, анда илимий негизге таянган татыктуу диний билим берүүгө мажбурбуз. Бош ташталып, каралбай калган эгин талаасына түрдүү чөптөр чыгат. Анын арасында тикенеги да, гүлү да болушу мүмкүн. Эгер ал жерди карап, эгин айдап, убагында жер семирткич, суусун берсен, мол түшүм аласың. Демек, коомчулуктун диний муктажыктары эске алынбай, көз жаздымымда калып кетсе, алар бул муктаждыктарын түрдүү жолдор менен камсыз кылышы мүмкүн. Албетте, алардын арасында коомго пайдалуусу да, зыяндуусу да чыгышы толук ыктымал. Андыктан, калың катмардын диний муктаждыктары эске алынып, дин жөнүндө билим берүүдө системалуу жана коплекстүү иш чаралардын аткарылышы керек.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×