Добавить статью
4:34, 18 марта 2014 32183

Ош облусунун казысы тууралуу айрым адамдардын билдирүүлөрү жана маалыматтары туура эмес

Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов тууралуу айрым жумурткадан кыр издеген адамдардын тараткан билдирүүлөрү жана маалыматтары туура эмес.

Алардын билдирүүлөрүндөгү казынын дайындалышы жана башка маселелери тууралуу айтылган кептер чындыкка туура келбейт жана жалган жалаа болуп саналат. Ал эми дайындалуу боюнча Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин милдетин аткаруучу Максат ажы Токтомушев өзүнүн ыктыярдуу чечими менен Ниязали ажы Ариповду 2014-жылдын 12-январында Ош облусунун казылык кызматына дайындаган.

Каралоо максатында атайылап даярдалган билдирүүлөрдүн, мусулмандардын атынан деген жалганчылыктын артындагыларды ачык-айкындыкка чыгууга чакырабыз. Ар жерден сөз таратып каралап коюуга аракеттенүү арам иштерден болуп саналат жана кызмат талашуунун өзү шариятта калпыс иштерден. Ниязали ажынын кайрадан казылык кызматка келүүсү атайын бирөөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн эмес буга чейинки диний тармактагы көрсөткөн ийгиликтери анын казы болуп дайындалышына себепчи болду.

Ниязали Арипов буга чейин деле илим-билими, прогрессивдүү көз караштары жана уюштуруучулук, башкаруучулук жөндөмү менен бир топ алгылыктуу иштерди жасаган. 2010- 2011-жылдары КМДБнын мечит медреселер бөлүмүн жетектеген. Андан кийин Ош жана Баткен облустарында казылык кызматтарда иштеген. Ал эки облустук казыяттарда иштеген учурунда имамдардын билим деңгээлин көтөрүү, мечиттердин абалын жакшыртуу боюнча өзүнүн иштермандыгын көрсөтүп, элдин батасын алган. Бүгүнкү күндө да, Коргоо кеңешинде кабыл алынган чечимдердин аткаруу боюнча Ош облусуна караштуу мечиттердин имамдары менен тыгыз иштешип, облустук жалпы мечиттерди китеп менен камсыз кылуу, бирдиктүү жума баяндарын өткөрүү жана имамдардын эл менен болгон байланышын чыңдоо, абройун көтөрүү боюнча атайын долбоорлорду, өнөктүктөрдү өткөрүүнүн алдында турат.

Учурдагы казынын райондук имам хатибдерге, имамдардын ишмердүүлүгүнө койгон катуу талабы жана ажылык сапарды уюштурууда коррупциалык иш аракеттерге жол бербегендиги, кээ бир ажылык сапарды акча табуу жолуна айландыргандардын айласын кетирип, далилсиз маалыматтарды таркатуу аркылуу кайрадан өздөрүнүн коррупциалык иш аракеттерин жүргүзүүнү көздөөдө.

Кимдин айта турган сөзү болсо казы угуп жооп берүүгө даяр.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×