Добавить статью
5:16, 18 марта 2014 5468

Айрым жетекчилер бийликтин беделин түшүрүп жатат

Б.Бейшеналиева атындагы искусство университетинин ректорлугуна шайлоо болуп, 40 добуш менен мурун «афера» менен камалган Мамашарип Чотонов жеңип алды.

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев Б.Бейшеналиева атындагы искусство университетине 2010-жылы 5-мартта көз боёмчулук менен камакка алынган, бир кундө доценттик наамга көрсөтүлүп, бир күндө диплом алган Мамашарип Чотоновду ректорлукка алып келип жатканын кантип билбесин? Бүгүн президент коррупция менен катуу күрөш жүргүзүп, коррупционерлерди тазалайм деп атса министр С.Раев арты таза эмес, адамдарды рухий-маданий жайларга жеткечи кылганга сүрөп жатышы - бийликтин беделин түшүрүп атат.

Эмнеге Жантөрө Сатыбалдиев министрлердин ушундай бийликти артка сүйрөгөн өз билемдигине жол берет? Бийлик башындагылар алгач Мамашарип Чотоновдун «Дастан» деген ишканасы канча адамдардын акчасын алдап сыздатканы боюнча фактыларды карап коюшсун.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×