Добавить статью
8:43, 28 ноября 2014 41417

Акыркы жылдары Жалал-Абад шаарынын 1-вице-мэр кызматы «бизнеске» айланып кетти

Жалал-Абад шаарындагы 1-вице-мэр кызматындагы «кызыл кулактык» же «ит жыгылыш» саясат.

Жалал-Абад шаарында 1-вице-мэр кызматынын орду салык төлөөчүлөрдүн акчасын тоногон, кызыл кулактык кылган жайга айланды. 

Акыркы жылдары Жалал-Абад шаарынын 1-вице-мэркызматы өзүнчө эле «бизнеске» айланып кетти. Бир учурда же тагыраак айтканда, 2011-жылы шаарга убактылуу мэрдин милдетин аткаруучу болуп келген А.Туратов ошол учурда 2010-жылдагы революциянын жел аргысы менен келип, 1-вице мэр болуп иштеген Абдималик Элемановду кызматынан бошотуп салып, ал акыйкаттыкка жетиш үчүн 2 жылга жакын соттошуп, акыры Жалал-Аба шаардык мэриясынын №25 буйругунун негизинде соттун чечими менен Абдималик Элеманов мэрдин 1-орун басары кызматына кайрадан дайындалууга жетишкен.

Сот тарабынан шаардык мэрия 2 жылдык айлык маянасын же 388 миң 500 сом төлөп берилүүсү милдеттендирилген. Бул орун саясий соодалашуунунун өзөгү болуп калууда. Убагында соттун чечимине карабай, шаардын ошол учурдагы мэри Бакыт Адыл уулу келтирбөө үчүн бар аркетин жумшаган. Анткени, Урмат Маматов Абдыманап Туратовдун буйругу менен келип, бирок шайлоодо Б.Адыл уулу менен жең ичинен соодалашып, ага өтө качкан. 

Ошентип, 2013-жылдын 29-июлунда Жалал-Абад шаардык соту А.Эламановдун арызын карап, аны өз кызмат ордунда калтырган болчу. Кийин ушул эле шаардык соттун чечимин облустук жана Жогорку сот күчүндө калтырган. Ал эми 1-вице мэр У. Маматов Абдималик Эламанов сот аркылуу кайрадан кызматына келгенде ээлеген кызматынан бошоткон болчу. Бирок А.Эламанов кызматына бир күн да иштебей, кетип калган. Анын бошогон ордуна Таирбек Чойбеков келген. Анткени М.Арапбаев менен соодалашуу ушундай болгон. Андан кийин У.Маматов мэрия менен соттошо баштаган. Акыры Жалал-Абад шаарынын мэринин 2014-жылдын 9-июлдагы буйругунун негизинде шаардын 1-вице-мэри болуп Урмат Маматов дайындалып, ал өзүнүн ишин баштаган. Бирок адилеттүүлүк үчүн айтып коюш керек, ошол учурдагы мэр М.Арапбаев У.Маматов өзүнүн эмгек укугун коргоо максатында сотко кайрылып, бардык соттук инстанциялардан жеңип чыкса да Жогорку Сот анын өтүнүчүн канааттандырып, дароо күчүнө кирүүч, акыры кайра даттанууга жатпаган чечимин чыгарат. Мэр Жогорку Соттун чечимин аткаруудан баш тартып, шаардык сотко кайрылган. Шаардык сот Токтосун Жоробековдун төрагалыгында арызды карап, Жогорку Соттун чечимин аткарууну аныктама менен токтотуп коёт. Бирок, У.Маматов Жалал-Абад областтык сотунун жарандык иштер боюнча коллегиясына кайрылып, сот шаардык соттун чечимин жокко чыгарган. Бирок, шаар мэри М.Арапбаев кайра эле соттун чечимин аткаруудан баш тартып, сот аткаруучулардын үстүнөн Жалал-Абад райондор аралык сотуна кайрылат. Ал сот да сот аткаруучуларга Жогорку Соттун чечимин аткарууга тыюу салган чечим чыгарды. Бирок, У.Маматов бул чечимге макул болбой, шаардык сотко кайрылган. Шаардык соттун чечими акыры Жогорку сот аркылуу күчүнө киргенден кийин, сот аткаруучулар У.Маматовду кайрадан 1-вице-мэр кызматына алып келип отургузушкан. Эми араң жүрүп акыйкатттыкка жеттим дегенде эми конкурс, сот аркылуу өтүп келген кызматынан бошотуп, вице-мэр кызматына дайындады. Ал эми бул жолу соттошууга барабы, тарттырып жиберген ордун талашабы, ага «духу» жетеби, белгисиз.

У.Маматовду кызматынан төмөндөтүп, 1-вице-мэр кызмат ордун дагы бир жолу соттон утуп алган Таирбек Чойбековду С.Авазов 1-вице мэр кылып дайындады. Ал «Ата Журт» фракциясынынан сунушталып келген эле.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Жалал-Абад шаарынын мэринин биринчи орун басары Таирбек Чойбеков кызматтан туура эмес алынганы боюнча доо арыз менен Жалал-Абад шаардык сотуна кайрылып, соттун чечими менен кайрадан кызмат ордуна келген.

«Мен бул кызматка 2013-жылдын 18-апрелинен баштап муниципалдык кызматкерлер үчүн сынактын жыйынтыгы менен келип иштеп жаткан элем. Бирок, 2014-жылдын 8-июлунда сот аткаруучулар бул орунга Урмат Маматов да соттун чечиминин негизинде келгендигин кабарлашты. Мен, өз укугумду коргоо максатында «өз каалооң менен арыз жаз» дешкендерине карабай, сотко мыйзамдуу жагын териштирип берүүсү үчүн кайрылдым. Туура төрт ай териштирүү иштеринен кийин Жалал-Абад шаардык соту тарабынан берилген чечимдин негизинде кайрадан иш ордума чыктым», - деп билдирди ал.

Биз билгенден сот алардын бош жүргөн күндөрүн төлөп берүү үчүн милдеттендирет. Ал эми У.Маматов менен Т.Чойбеков анын суммасын ачыктаган жок. Ал эми булардын «ит жыгылыш» саясатынан салык төлөөчүлөр эле жабыр тартып жатат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×