Добавить статью
9:52, 13 января 2015 35571

Ааламга жол айылдан башталат, балээнин баары борбордон таркалат!

9x12 Бийлик башы элдин жүрөгүндө турган идеологияга терең көңүл бурбаса, анда азыркы кылып жаткан аракети, «көтөрүлүп» жаткан экономикасы ким үчүн?! Азыртадан жаштарга, келечек муундун тарбиясына жоопкерчилик артып, батыштын кургуйунан сууруп чыкпаса, анда жасалган иштер, убада кылган жыргал заман, учурда өсүп келе жаткан көпчулук манкурт келечек үчүн бир тыйын.

Азыркы жашы 20-30 га чыккан муундун көпчүлүгүнүн көзүн ачып көргөн тарбиясы алдым-жуттумчулук, текеберлик. Анан да улуу-кичүүнү сыйлоо тууралуу түшүнүгү аз, бир күн менен жашап көнгөн түкүрүнгөн, сөгүнгөн, коркунучтуу жаңы улутка айланды. Алар баралына келгенде азыркы 120 депутат, жегич чиновниктерди “чаңында” калтыраары шексиз. Келечек муундун тагдырын ойлой турган мекенчил атуулдарыбыз кийинки 20-30 жыл ичинде эл тагдырын чечүүчү жогорку иш орундарына жакын жолотулган жок. Аларды жолотпой, өгөйлөп келген «чөөлөрдүн» бийлигинин берген жемишин көрүп, даамдап жатабыз. Канчалаган чоң кызматта иштеп кеткен, учурда иштеп жаткан тааныш адамдар менен баарлашып калсам: «Жебеген жердин алдында» принцибин туу туткан макулукка айланып калышкан. Ишенген киши жок, баарынын айтканы – «сен барсаң деле ошол кейипти кийесиң» дешет. Өкүнүчтүүсү ушул адамдардын канында Ж.Абдырахманов, А.Сыдыков, К.Тыныстанов ж.б. 35-40 жашында атылып кеткен аталардын касиети жок болуп, таасир бере албай калганында. Алардын көпчүлүгүндө чыныгы ЭЛдик дух, рух деген жок.

Улуттук ар-намысты, идеологияны калыбына келтирип, кийинки муунду (наушник тагынган планшетбаштар) батыш-чыгыштын уйкусунан сууруп албасак бизде акыр заман орнойт. Азыр эле уулдарыбыз түнкү клуб, кыздарыбыз кытай, түрк, корей жб. инвесторлорунун жергиликтүү жарандар кире албаган түнкү клуб, караоке, сауналарын тейлөөчү зор армиясына айланууда (ютуб, кырк чоро рейд). Ушуга кантип көздү жуумп, намысы бар адамбыз деп жүрөбүз?! Жогорудагы сайран жайлардан чыккан кыздарыбыз келечекте өз уулдарыбыздын, инилерибиздин жубайлары боло алабы? Алардан кантип ойдогудай тукум чыгат? Аны элестетүү кыйын. Жатын бузулса, жакшы тукум чыкпайт, - деген эзелки сөз бар. Кошуна өлкөлөрдүн жигиттеринин, органдарынын кысымынын натыйжасынан биздин борбор шаарыбызга чет элдик “инвестор- спонсорлордун” акыркы эки жылда болуп көрбөгөндөй топурап чыгышы, эмнени каңкуулайт. Биздин конституция алар үчүн дүйнөдөгү эң ыңгайлуу шартты түзүп берүүдө. Укук коргоо органдарынын лөктөрү «крыша» болуп, майдалары болор-болбос тыйынга сатылса, сулуу кыздарыбыз абийирин акчага алмаштырса, жигиттерибиздин басымдуу бөлүгү намысы жоктугунан аларды тыя албаса. Бизде намыс калдыбы?

Кытай, түрк, корей ж.б. чет жерлик келгиндер өздөрү үчүн кандай сонун шарттарды түзүп алган. Булар, Кыргыз жерине бир келип кеткен туристер - Кыргызстанда кыздар эң арзан, жигиттери “айкөл” барсаң жыргайсың, - деген пикирде жүрөт. Алар чогулуп эс алуучу караоке, түнкү сайран жайларга жергиликтүү эркек жарандарга уруксаат жок.

А, мындай “жыргал” жайларды сыртынан киргизбей кайтарып турган өзүбүздүн булчундуу “кыргыз” “жиг-иттер”, өз карындашын келгиндер менен тынч эс алуусун сактап бергени үчүн дөөгүрсүп акча алып жаткандар. Сойку аралаш сулуу кыздарыбыз болсо, чет жердик инвестор-спонсор-жарандардын чакыруусуна ичкен ашын жерге коюп барышат (конкуренция чоң). Анткени барган жерлерде жердеш, тууган эркек болбогондон кийин, корко турган эч нерсе жок, тескерисинче энесинен башка өөп көрө элек таза кыздарды, көч баштаган текедей алчы-таасын жеген “курдаш”, “дос-кыз-курбулар” ошол жакка көндүрүп алып барса, үстөк акча алышары анык болуп отурат. Рейд учурунда кармалган кыздардын маалыматы боюнча, кыздардын көпчүлүгүнүн арасында 16 жашары бар, сүйлөшүп жүргөн жигиттери, кээсинин күйөөлөрү бар, алар түнкү сменде (мисалы: швеяда) иштеп жатканына ишенип жүрүшкөнү, жигиттердин чоркоктугун (лох) пайдаланып жүрүшкөнү азыр жашыруун эмес. Так ушул абал, так ушундай көрүнүштөр Манас ата, Каныкей эненин арбактарын ары-бери оодарып салышкандай эле болду. Борбордон сырт жашаган уул-кыздардын ата-эне, тууган уруктары келээрин жарыя кылбай, учурашканы келип-кетишсе, чындыкты өз көздөрү менен көрүшөөр беле. Жарыя кылып келишет, көпчүлүк кыздар ыймандуу, узун көйнөктөрүн кийип,өз орундарында козу болуп ата-энесин тосуп алышат,

29.12.14. “Кырк чоро” КБ менен биргеликте кайдыгер эмес жигиттердин, иши сотко өтүп жабылган 3 кытай жарандарынын сайран жайын кайрадан мыйзамсыз иштеп жаткандыгынын бетин ачып беришти эле, интернет, теледе алардынкылган ишин жерден алып көргө чапкан өтө “мекенчилдер” бар экенин бир байкатып алышты. Тескерисинче ар бир кыргыз жигити чоро болуп төрөлгөнүн унутпашы абзел. Рахмат гана айтып алардын катарына турууга убакыт эбак эле жеткен.

Биздин конституция боюнча кыргыз кызына үйлөнгөн чет элдиктер 5 жылдан кийин кыргыз жарандыгына ээ болот экен, үйдү жерди сатып алуусуна (49 жылга) алакан ушалап депутаттар арыдан бери өткөрө салышты. Мындай нерсе эл аралык практикада жок. Бул деген дүйнөдө жок мыйзамдаштырылган чыккынчылык. Алакандай сатылгандан калган жерибиз, аз сандагы элибиз күркүрөгөн өлкөлөрдүн экпансиясына каршы тура албай калды. ЖК депутаты Турсунтай Салимов “Мадина” (кытайлык уйгурлар базары) базарындагыларды паспорт менен камсыз кылгандан башка иши деле жок. Ушуларга тозот болчу УКМК, Миграция, ИИМ, Бажы тармагы өздөрү бармак басты, көз кысты лакабын ийгиликтүү аткарышып, Барсбектин тушундагы уйгурлардын ролун аткарышууда. Чет жерликтер, кытайлар айтышат: кыргыз чиновниктери, мамкызматкерлери кандай гана паракор, келесоо. Акча үчүн элинин намысын, жерин сатышат. Ал жакта жыргал жашоону уюштуруп алсак болот.

Эми кытай өлкөсүнө жакшы ой менен окууга кетип жатышкан айрыкча кыздарыбызга 2-3 эсе ыйман тилегенден башка айлабыз деле жок, биякта эптеп көзөмөлдөмүш болот экенбиз... Ал жактан да демократияга сугарылган кээ бир “айкөл” кыздар жөнүндө төбө чачты тик тургузган кабарлар келе баштады, азыр ал жакта иликтеп жүрүшкөн студент намыскөй уул-кыздарыбыздын так кабарларын чогултуудабыз.

Кытайдын оор жүк тарткан ХОВОлору таможнядан текшерүүсүз кирүүсүнө Ак үй, көк үй алда качан сатылма мөөрдү басып беришкен. Тагдырдын тамашасы, бул илгери гректердин Троя шаарына белеке берилген ичи толтура аскери менен зор жыгач аттан эч айырмасы жок (жымшык көздөрүн каптап келиши). 3-4 ай мурда авария болгон ХОВОдон 10 чакты кытай жараны чыгышы, алардын биринин мерт болгону массалык маалымат каражаттары аркылуу чагылдырылса деле Өкмөт, президент тарабынан эч кандай реакция болбогону табышмак бойдон калууда. А күнүгө канчалаган машина кирип жатат?! Товардын арасында легалсыз жарандардын жок экендигин тактоо үчүн, Кытайдан келген жүктөрдү түшүргөн базага, элдик кошуундардан көзөмөл коюу учурдун талабы.

2014-жылдын октябрь айында, жөнөкөй жаранды эмес, милиция кызматкерин 10-15-тей кытай жараны кафеге кууп кирип сабаганы шаарды «солк» эткизди. Бирок, бул да “пара-тыйынга” тынчыды. Же болбосо ОМОНдор барып бийлик өкүлүнө кол салды деп көпкөн кытайларды эсине келтирсе, кийинкиге сабак болор эле да. 5-10 жылда мындай инциденттер канчалык деңгээлге чыгаарын элестетип көрүңүз. Эгер, кытайда ушул өңдүү ЧП болсо эмне менен аяктары бүт дүйнөгө белгилүү.

Ушунун бары келип-келип эле Ак үй, көк үйдөгү бийлик ээлеринин басымдуу бөлүгү мите улуттардын эл үчүн кылган “ЗОР” эмгеги. Бул саясаттын багытын эсил кайран эки бийликтин өкүлдөрү так көрсөтүп кетишти эле. Азыркысы дагы өнүктүрүп, өөрчүтүп, коргоп келе жатканы түшүнбөгөн эмес түшүнгөн адамга түшүнүксүз болуп келүүдө.

Бул өлкөбүздө боркулдап жаткан терс көрүнүштөрдүн бир чети эле Джунда, Центерра, Ак кеме, Жерүй ж.б эл аралык соттошууларда жалаң гана чет элдиктер утуп келүүдө, биздин билермандар сатылып кетишеби, алсыздыгына актануунун үстүндө, айла жоктон Муралиевдин “балдары” баардык ишти өз көзөмөлдөрүнө алганына шектенбей койо албайсың.

Оңолуу үчүн азыркы «сойку» конституцияга чоң өзгөртүүлөр кириши, курултай институтун 2-жана 3- окуудан өткөрүп (1-окуудан өткөн), шайлоого бир мандаттуу системаны киргизип, партиялык системаны шайлоодон алып салуу учурдун талабы, муну жон терибиз менен сезип көрдүк. Партиялык система бул – жөөттөрдүн теке саясаты элдин башын айлантуу жана аларды бөлүп-жаруу, жер-жерлерди, папкаларды бөлүштүрүү, мыйзамды өз ылайыгына карата өзгөртүп алуучу жегичтердин уюмдашкан командасы деп билсек, эч ким каршы чыкпастыр. Бармак боё, биометрика деп кайдагы батыштын методун таңуулаган шайлоо эч убакта таза болбойт, адам деген өз башы, жүрөгү менен иш алып баруусу айбандан айырмалап турат. Андан кийинки шайлоого дагы кандай жаңы “заманбап” (дененин башка бир жерин) шайлоо ыкмасы даяр турганын бөркүңдөй көрө бер. Партияга мүчө эмес, биометрикасы жок жарандар шайлоого катышууга укугу жок деп кайра демократия принцибин “оо дүйнө” салдырышты. Элди каратып туруп ачык эле алдап шайлоолор өтүүдө. Партия жетекчисине карап добуш берилет экен, ал эми депутаттыкка кандидатты пачкелеген кир долларына жараша өздөрү тандап алышат. Чөнтөгү калың адамдар дээрлик 90% мамлекет байлыгын тоноп, жеп-ичкен коррупционерлер, ушуларга кантип келечекти ишенип-тапшырса болот. Акыры жер-жерлердеги эл уюткулары уруусуна,туугандыгына карабай, көкүрөгү ток, эл уулдарын аттантышы келечекти сактап калуунун бирден-бир үмүт берүүчү шам чырагы десек каршылык болбостур! Антпесек же оппозициябыз дегендердердин бир бычакка сап болоор, ишеним артаар адам жок, ошондуктан шайлоого чейин бир күндү белгилеп, түлөө өткөрүп, эски адаттан бир силкинип туура багыт тандоо убагы келип жетти.

Демократиянын чоң атасы АКШда өлүм жазасы мыйзамдаштырылып, оң натыйжасын берип жатса, бизде ошол эле демократиялык принциптерге каршы келип калуусу дагы бир баш айлантма. Таза, тунук жол менен тандалган соттор, тергөө органдары так, адилет иштеп эл ишенимине ээ болсо, тезинен өлүм жазасын киргизүү көптөгөн киши өмүрүнө коркунуч келтирген айбандар, коррупционерлер, педофилдер, элин-жерин саткан чыккынчылар үчүн түп-түз “бейишке” жолдомо болуп калбайт беле, атаганат.

Ак үй, көк үйдүн айтаар шылтоосу инвестиция алып келип жатышат дешет. Макул, анда инвестициянын шылтоосу менен кыздарыбызды бузуп, аларга үйлөнүп бизде көбөйүүсү ачык эле экспансия экени көрүнүп турбайбы. Андай болсо көзөмөлдү эл менен биргеликте жүргүзсө, бийликке зор жардамы тийет эле го. Боорун жерден көтөрө албаган биздин өлкө эмес, булардын алдында Россия, АКШ алсыз болуп турат го. Канча корей, кытай, түрк, индус мигранттары бар экенин так айтып берер, бир да ведомство жок. Миграция кызматы кытайлар 40 миңдин тегереги дейт, Юстиция министри А.Шыкмаматов 80-120 миңге чейин дейт, биздин такталбаган маалымат боюнча 300 миңден ашканы качан. Кудум бизди каптагандай Вьетнамды каптап киргенде, бир кытай калтырбай сүрүп чыгышты го, же байыртадан баатыр элбиз деген кыргызда вьетнамчалык намыс-ар калбай калганбы!

Сөзүмдүн аягында, азыркы бузулган муунду тартипке келтире баштасак, бала-бакча жашындагы кийинки муунду сактап калуу аракети болуп калаар деген үмүт. Ал эми ошол акчалуу чет келгиндердин колуна суу куюп, “крышовать” эткендерге, мекенчил жигиттердин кылган аракетин көрө албагандарга тилээрим – “Ылайым кыздарыңар, келиндериңер, сиңдилериңер, неберелериңер корей, түрк, кытай келгиндердин тебелендисинде калсын!” Оомийин!!!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×