Добавить статью
7:40, 9 февраля 2015 14836

Бир талаштын чыны жана чыры: Кыргызстанда өлүм жазасын кайрадан киргизүү керекпи?

Акыркы убактагы балдарга карата жасалган зордук-зомбулук окуяларынан улам, коомчулук арасында кызуу талаш-тартыш жүрүп, кылмыштын айрым бир оор түрлөрүнө өлүм жазасын киргизүү демилгеси кайрадан жанданып жаткан чак. Демилгечилер кол топтой баштады. Өлүм жазасынын кайра киргизилишине жол бербөө максатында, жаналакетке түшүп жаткандар да жок эмес. Алардын башкы жүйөсү: Кыргызстан жазаны гумандаштыруу багытын тандап алган соң, ал жолдон тайбоого тийиш. Чын эле ушундайбы?..

Эсиңерде бар чыгар, 2005-жылдын соңунда өлүм жазасына мораторий жарыяланган. Ал эми 2007-жылдын июнь айында Кылмыш кодексиндеги өлүм жазасына байланыштуу беренелер өмүр бою камакта кармоо чарасы менен алмаштырылган. Ага улай, Башмыйзамга «ар бир адам ажырагыс жашоо укугуна ээ, эч кимдин өмүрү кыйылышы мүмкүн эмес» деген жобо киргизилген.

Андан сырткары, 2009-жылы Кыргызстан «1989-жылдын 15-декабрында БУУ Башкы ассамблеясы тарабынан кабыл алынган өлүм жазасын жокко чыгарууга багытталган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыга Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө» мыйзам кабыл алынган. Ошону менен өлкөдө өлүм жазасына биротоло тыюу салынды да калды.

Ырас, биз эл аралык алакаларга аралашып жаткан соң, алган милдеттенмелерибизди аткарууга тийишпиз. Жаза жоболорун гумандаштыруу, ырайымдуулук кылуу, кечиримдүү болуу шарт, аны тана албайбыз. Бирок, мындай чечим эл аралык уюмдардын кысымы менен, батышчыл айрым күчтөрдүн колдоосу астында кабыл алынганын эстен чыгарсак, анда калыстыктан тайган болобуз. Башкаларга кылчактоо менен, өз жолубуздан чыгып, айрым күчтөрдүн жетегинде каларыбыз бышык.

Ар кандай милдеттенмелерди ала берүүдөн мурда, анча-мынча ойлонуп көрүш керек эле да: анысы бизге туура келеби же келбейби? Же биз үчүн эл аралык кеңешчилер ойлонуп калганбы? Беш жылы катары менен беш ирет өлүм жазасына мораторий жарыяланды, 25 жыл аралыгында 19 жолу мунапыс кабыл алынды. Андан кылмыш кыскарып, абак менен камак жайларыбыздын абалы жакшырып деле кеткен жок. Алтургай, баштагысынан алдаганча оор кылмыш менен кайра камакка түшкөндөр алдаганча арбып барат.

Азыр Кыргызстандагы өмүр бою түрмөгө кесилгендердин саны үч жүзгө жакындан калды. «Жалпы коомчулукка коркунуч келтирген немелерди элдин эсебинен, тактап айтканда, жакындары өлүмгө дуушар болгон же алардын азабын тарткан жарандардын эсебинен өмүр бою баккысы келгендерге жол болсун», - дегендер четтен табылат. Анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары да жок эмес.

Дегеле, өлүм жазасы тууралуу талаш азыр эле көтөрүлүп жаткан жери жок. Мисалга, 2005-жылы Владимир Набоков башында турган Орусия Думасынын депутаттар тобу тарабынан өлүм жазасын алып салуу демилгеси көтөрүлгөн. Ошондон он жыл өткөндөн соң, ошол эле депутат андай ынанымдан баш тартып, өлүм жазасынын колдонулушу заман талабы экенин мойнуна алып атпайбы.

Орусия өлүм жазасын алып салуудан 2006-жылы эле баш тарткан. Түрк боордоштор деле андан таптакыр баш тарткан жок, мамлекеттик чыккынчылык сындуу бир катар оор кылмыштарды караган мыйзам беренелери мурдагы бойдон кала берди. Алтургай, «демократия башаты» делген АКШнын өзүндө дагы өлүм жазасынын үч түрү азыркыга чейин колдонулат. Ал эми айрым штаттардын мыйзамдарында кылмыштын андан башка түрлөрүнө да өлүм жазасы каралган.

Ырас, буга чейин кыргыз парламентинде бачабаздарга химиялык кастрация жасоо демилгеси көтөрүлгөн. Бирок, адистер мындай чаранын жетишсиздигин айтууда. КР башкы урологу профессор Акылбек Усупбаев хирургиялык кастрацияны жыл сайын кайталап туруу зарыл болгондуктан, ар кылмышкерге жылына 6 миң доллардан ашуун каражат сарыпталарын, андан көрө биротоло бычып салуу чарасын сунуштады. Ал эми академик Мамбет Мамакеев андай акмактарды жеке өзү эл көзүнчө бычууга даяр экенин жарыя кылды.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдыманап Кутушев КР Конституциясында өлүм жазасына тыюу салынганын айтат. «Мындай сунуш Батыштын эксперттери тарабынан берилсе керек. Өлүм жазасы алардын өзүндө деле колдонулуп келет. Муну азыртан биржаңсыл чечип алышыбыз керек. Менимче, аны балдарга жасалган сексуалдык зомбулук, өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүү, мамлекеттик чыккынчылык сындуу өтө оор кылмыштарга карата колдонсо болот», - дейт ал.

Ал эми депутат Айнуру Алтыбаева Ош обулусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын кыргыз парламентине өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү, балдарга зордук-зомбулук көрсөтүү менен оор кылмыш жасагандарга өлүм жазасын киргизүү тууралуу өтүнүчүн кабарлады. Ошондой эле, жер-жерлерде өлүм жазасын кайра колдонуу демилгечилери кол топтоп жатканы да белгилүү болду.

Жакында эле өткөн Жогорку Кеңештин парламенттик көпчүлүк коалициясында өлкөдөгү криминалдык жагдай, кылмыштуулук менен күрөшүү маселеси каралып жатканда, ички иштер министри Мелис Турганбаев айрым кылмыштын оор түрлөрүнө өлүм жазасын колдонуу демилгесин колдой турганын билдирди. «Ашынган кылмышкерлерге карата өлүм жазасын колдонуу биз үчүн туура эле болмок. Эми, муну парламент чечет», - дейт ал.

Кыргызстанда өлүм жазасын колдонуу керекпи же кереги жокпу, азырынча бул талаштын аяк-башы көрүнбөйт. Муну баарыдан мурда эл өзү чечиши зарыл. Анткени, Башмыйзамга ылайык, бийликтин чыныгы ээси жана эгемендиктин бирден бир туткасы – эл.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×