Добавить статью
23:26, 13 апреля 2015 10250

Кыздарды сойку кылган кимдер?

Кыздарды сойку кылган кимдер?

Жакында “Эл наркы ” деген телеберүүдө он чакты аксакал-көксакалдар сойкуларды айыптап-соттоп, “ алтын шилекейлерин” чачыратышты. Мен суроо бергим келет: ошол сойкуларды пайдалангандар кимдер? Эркектерби же аялдарбы? Эмне үчүн ошол сойкулардын кызматынан пайдаланып, рахат алган эркектер жёнүндө бир ооз сөз кылышпайт да, аларга кызмат кылып, кыйналган байкуш “кыздарды” жерге жаткырып алып чапкылашат. Алар эмне бири-бири менен ойноштук кылдыбы? Эгер эркектер аларды пайдаланып, акча төлөбөсө сойкулук өзүнөн –өзү жок болмок. Бир жаман иштин катышуучуларынын бир тарабын эле күнөөлөгөн- бул бери болгондо- адилетсиздик, а чынында- наадандык.

Сойкулар денесин эле сатпастан, жан- дүйнөсүн да сатат деп ойлойм: калп эле жакшы көрүмүш, рахат алымыш болуп( имитация). Бул алардын жыргаганынан болбосо керек. Жашоонун оордугунан, жумуштун жоктугунан ушул ишке аргасыз барышат. Буга ким күнөөлүү? Албетте -ЭРКЕКТЕР! Эгер эркектер өз милдеттерин жакшы аткарып, аялдарды жакшы багып, баары жок менен камсыз кылышса, кыздарга не зарыл, ушундай шермендечиликке барып? Демек күнөөнү эркектер мойнуна алып, сойкулуктан адегенде алар баш тартышы керек. Бирок алар мындай кыла алышпайт. Анткени жан кумарын кандыруу алар үчүн биринчи орунда турат.

Келиңиздер, бул проблеманын руханий тарабын карап көрөлү. Кудай- Таала Муса пайгамбар аркылуу берген он осуяттын бири—“Ойноштук кылба”. Бирок бул осуятты аткаргандар миңден бирөө эле болбосо, көмүскөдө ойноштук кылгандар толуп жатат. Эки –үчтөн аял алуу да- ойноштук болуп саналат. Анткени Кудай эң биринчи эркек – Адам Ата үчүн бир эле аял – Обо энени жараткан. Ошондуктан Кудайдын бул осуятын бузуу адамдын жашоосуна көптөгөн каргыштарды алып келет : ажырашуулар, үй-бүлөдөгү чыр- чатактар, тукумсуздук, бойдон түшүү, ара төрөп коюуу же өлүк балдарды төрөө, жан дүйнөнүн жабыркашы, майып балдардын төрөлүшү, генофонддун бузулушу, импотенция, ж.б. Жыныстык жол менен жуккан ооруулар да (гонорея, сифилис баш болуп, ВИЧ/ СПИДге чейин) адамдар нике төшөгүн булгап, өздөрүн таза сактабай күнөө кылгандыктары үчүн деп ойлойм. Эң коркунучтуусу- Кудайдын бул жазасы миңинчи тукумга чейин уланып кете берет. Анда эмне кылуу керек? Бул жазадан кантип кутулса болот?

Адам өз күчү менен зынааны( ойноштукту) жеңе албайт. Анткени аял болобу, эркек болобу аны зынаага түрткөн шайтан бар. Алар же ойноштук кылган ата- бабалардан өтөт же ТВ, порнография, мастурбация, интернеттен көргөн сексуалдык сайттар аркылуу адамга кирет да, анын жан кумарын бийлеп алат. Ошондуктан азыр өз карындашын же кызын, же жаш балдарды зордуктаган аңги эркектер, сойкулар көбөйүщдү. Бул каргашаны каада- салттын жардамы менен же акыл айтып, же закон менен коркутуп токтотууга мүмкүн эмес. Бул күнөөлөрдүн тамыры руханий дүйнөдө жаткандыктан, аларды руханий жолдор менен—шайтанга каршы күрөшүү аркылуу гана жеңөөгү болот. Мында молдо, бакшы же көзү ачыктар, экстрасенстер жардам бере алышпайт. Себеби алар да шайтандын иштерин жасап, ырым- жырымдарында жиндердин күчүн колдонушат. Шайтан бир гана Кудайдан жана Иса пайгамбардан коркот, Аларга гана баш ийет. Анткени мындан 2000жыл мурун Иса пайгамбарды динчил адамдар айкашкан жыгачка керип өлтүргөндө Анын Руху тозокко түшүп барып, шайтанды жана өлүмдүн рухун жеңген. Үч күндөн кийин Кудай Аны тирилтип, кырк күн бою Иса Теңир адамдарга Кудайдын жолунда кантип жүрүүнү үйрөткөн. Анан шакирттеринин көз алдында булут менен асманга көтөрүлүп кеткен. Бүгүнкү күндө да Ал тирүү, асманда Кудайдын оң жагында отурат. “ Акыр заманда Иса пайгамбар асмандан түшүп келип адамдарды соттойт”- деп Куранда да жазылып турат. Демек , ошол шайтанды жана анын ар түрдүү жиндерин (зынаанын, уурулуктун, коррупция жана алдым- жуттумдуктун, ооруулардын жана өлүмдүн ж.б. ) жеңгенге бир гана Иса Теңир жардам бере алат. Ошондуктан ар бир адам Иса Теңирдин шайтандан жана күнөөлөрдөн Куткаруучу экенине ишенип, Ал аркылуу Жаратканга кайрылса, Кудай анын күнөөлөрүн кечирип, жакшы жашоосуна, жаман адаттардан арылышына жардам берет. Көп адамдар Иса Машаякты орустардын Кудайы деп, Андан качышат. Бирок Ал орус эмес экенин, Ал- бүткүл адамзатка таандык Инсан, Кудайдын Уулу, тозоктон Куткаруучу жана бейишке алып баруучу Жол экенин билишпейт. Машаякчылык- бул дин эмес, бул- Кудайдын жолунда жүрүү. Ошондуктан машаякчы болгон адам кщнёёгё, шайтанга каршы тура алат

Өз мезгилинин эң бай жана акылман падышасы бодгон Сулайман пайгамбар айткан: “ ...балдарым мени уккула, менин оозумдан чыккан сөздөрдөн четтебегиле. Анткени башка бирөөнүн аялы тилинен бал тамызып сүйлөйт, сүйлөгөн сөздөрү зайтун майынан да жумшак. Бирок анын акыры эрмендей ачуу, эки миздүү кылычтан курч. Жүрөгүңдө анын сулуулугун каалаба, ал сени кирпиги менен өзщнө тартып кетпесин. Анткени бузулган аялдын айынан адам бир сындырым нанга жетпей калат, бирөөнүн аялы кымбат жанды торго түшүрөт.

Ким көйнөгүн күйгүзбөй, отту колтугуна катып жүрө алат? Ким бутун күйгүзбөй, күйүп турган чоктун үстүнөн басып жүрө алат? Бирөөнүн аялына кирген адам ошондой болот, ага жакындаган адам кщнөөгө батпай койбойт. Бирөөнүн аялы менен ойноштук кылган адамдын акылы жок, мындай кылган адам өз жанын өзү өлтүрөт.

Ошондуктан өз көлмөңдөгү, өз кудугуңдагы суудан ич. Булактарың көчөгө, агын сууларың аянттарга акпасын. Алар жат кишиге эмес, бир гана сага таандык болсун. Булагыңү баталуу болсун. Жаш кезде алган , сүйкүмдүү, жейрендей сулуу аялың менен кубан.

Уулум, башка бирөөнүн аялына кызыгып, башка бирөөнүн аялынын төшүн кучактап эмне кыласың? Ал аялдан алыс жүр, ...болбосо ден соолугуңду башкаларга алдырасың, өмүрүңдү шайтанга бересиң, күчүңө башка бирөөлөр тойот, эмгегиң башка бирөөнүн үйүнө кетет. Ошондуктан менин осуяттарымды сакта жана жаша, менин акыл- насааттарымды көзүңдүн карегиндей сакта”. Ушул акылман жана улуу пайгамбардын айтканын ар бир адам аткарса, ал көп күнөөдөн алыс болмок. Ал өзү да, анын үй-бүлөсү да бактылуу болуп, укум-тукуму миңинчи муунга чейин баталуу болмок.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

13-08-2015
Наадандык деген эмне?
17536

29-07-2015
“Сүйүү” дегенди кандай түшүнөсүз?
43149

06-06-2015
Адамга Кудай керекпи же дин керекпи?
12892

09-05-2015
Ѳлүмдүн энергиясы...
17287

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×