Добавить статью
12:24, 15 мая 2016 87960

Эне жүрөгү — бул түбү жок чалкыган мейкиндик....

Эне — бул тынчтыктын жана мээримдин символу. Эне — бул жалган дүйнөнүн жарыгы, жылуулугу. Адамзат башына келген бактыны да, мүшкүлдү да көтөрө билген зор касиетке ээ. Эненин балага болгон сүйүүсү көтөрө албаган оорчулук жок экендигин жакшы билебиз. Эненин адамзатына берген үч белеги бар экен. Анын биринчиси — жашоо, экинчиси — сүйүү, анан — түшүнүү. Бизди өз энебиздей эч ким эч качан түшүнө албайт. Эне жүрөгү — бул түбү жок чалкыган мейкиндик. Ал мейкиндикте ар дайым кечиримдүүлүк табылат. Энелердей бизди эч ким эч качан чын дилинен кечире албайт. Эненин сүйүүсүндөй айкөл сүйүү башка жок. Эне өзүнүн сүйүүсү үчүн эч нерсе талап кылбайт. Мына ошондон улам Мухаммед пайгамбарыбыз «Бейиш эненин таман алдында» деп айтып кеткен экен. Эне үчүн баласы канча жашка чыкса да бала бойдон калат. Ошондон улам эл арасында «Энеси бар адамдар эч качан картайбайт» деген учкул кеп калган. «Улуттун келечеги — энелердин колунда» деген да накыл кеп бар. Бул абдан туура айтылган кеп. Энелердин берген тарбиясы, мээрими улуттун келечегине жасаган камкордугу болуп эсептелет. Ошондон улам «Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың» деген учкул кеп калган. Ал эми биздин уябыз бул энелердин үйдөн берген тарбиясы. Энелерди мактап, даңктаганга, алардын улуулугун жеткире сүрөттөп айтып бергенге сөздүн да күчү жетпес. Жер каймактап, адам баласы жер жүзүнө пайда болгондон тарта эне тууралуу кандай гана накыл кептер айтылбады. Кандай гана улуу чыгармалар жаралбады. Бирок, бул да аздык кылат. Анткени биз энелердин алдында ар дайым карыз жанбыз. Андыктан бул келаткан майрамдын алдында жалпы Энелерге чың ден-соолук, узун өмүр, бакыт-таалай каалайм. Уулдан урмат, кыздарынан сый көрүп, жүздөрүнөн жылмаюу кетпей өмүр сүрүшсүн. Бар болгула энелер!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×