Добавить статью
16:03, 1 ноября 2016 14561

«Кыргызфильмдин» кыймылдаткыч күчү

«Кино тартуу – кыйноо тартуу»,деп тамашалап жүрүшөт биздин киночулар. Берегидей учкул айтымды уккан сайын эсиме режиссёрдун же актёрдун чыгармачылык азабынан мурда монтажчынын, кыргызчасы, топтоочунун нар көтөргүс түйшүгү «кылт» эте түшөт.

Ий-е, дүйнөлүк кинематографиянын Федерико Феллини, Ингмар Брегман, Акира Куросава өңдүү дөө-шаалары кептин баары монтажда экенин тегин жерден текши оозанышпаган чыгаар. Некин, монтажчы-режиссёрдун орчун салымы көбүнесе көмүскөдө, кээде эскерилет, кээде эскерилбейт дегендей. Аны билгендер гана билет, баалагандар баалайт. Кино жанрынын өндүрүшүндө оператордун миң, түмөн сан элес-булас сүрөттүү кадрларын тизмектеп бириктирип, болочок фильмдин омуртка сөөгүн, тууш-турпатын бедизчиден бешбетер алдын ала калыптоочу чебер монтажчылардын бир долбоордун артынан экинчи бир долбоорго баш-оту менен киришип, оңой-олтоң колго тийбегени да ошондон.

Арабызда эсе андай ары өз кесибин ийне-жибине чейин кылдат өздөштүргөн кызматкер, ары жаш муундан, ириде, үйрөнчүк студенттерден таалим-тажрыйбасын, убактысын такыр аябас устат топтоочу-режиссёрубуз Ракыя Сатаркуловна Шаршенова бар. Күнү-түнү жалаң кино жөнүндө ойлонгондон жадабай келаткан мээнеткеч жаран, «Кыргызфильмдин», азыркы шартта жеке эле «Кыргызфильмдин» эмес, ага улай бир нече жаңы студиялардын дагы кыймылдаткыч күчү. Кайсы тасмабыздын кайсыл үзүгү кайда катылганынан кабардар архивчибиз, салыштырмалуу кыска, бирок, санжырасы нуска өнөр тарыхыбыздын баамчыл күбөсү, бадырайта чагылдырган күзгүсү.

Ал искусствонун келечектүү тармагына бармактайынан аралаша баштаптыр. Мөртүндө Маскөөдөй капкалуу калаадан, Бүткүл союздук абырою бийик кино институтунан окуптур. «Төлөмүш Океевдин «Уркуясынын» монтажы дипломдук жумушум эле» деп анда-санда сыймыктанып калат.

Ошо «Уркуя» сындуу кундуу көркөм дөөлөттөр байма-бай тартылчу жылдары агезде илебине нан бышып, азыноолак пикири деле ааламга чагылгандай ылдам жайылган Чыңгыз Айтматов «эки нерсени: тоодой-таштай Американы, топудай Вьетанамды кандайча жеңе албай жатканын жана ушул кичинекей «Кыргызфильмде» не бир укумуш, не бир үлкөн кинолор кантип жаралып отурганын –түшүнбөйм» дебеди беле?! Көрсө, заманыбыздын жаркын жазуучусун толкундаткан шедеврлердин жарыкка келишинде Ракыя эжедей абдан жөнөкөй, бирок, аша таланттуу адистердин үлүшү эбегейсиз чоң тура.

Ракыя Сатаркуловнага алгач Бакыт Карагуловдун «Маңкурт» тасмасын монтаждоо учурунда бетмаңдай кезигип, таанышкамын. «Кыргызфильмдин» имаратындагы кызыктуу чыгармачылык жараян туурасында гезитке биртке макала чийгемин. Ал эми Нурлан Абдыкадыровдун «Петрарканы окуу» кино чыгармасын чыгарууда, кудай буюруп, ийиндеше иштедик. Кийинчерээк үч-төрт даректүү туундуга чогуу-чаран авторлош болдук.

Баса, өмүр жүрүшүндө өнөр амплуасын алмаштырган, мындайча айтканда, топтоочудан бара-бара таза режиссёрлукка көчкөн киночунун видеосюжеттери –очерктери, портреттери, сүрөттөмөлөрү (зарисовка) эми өзгөчө, кең-кесири талдоого татыктуу. Алардын эсеп саны ондуктарды чапчыды, көркөм-идеялык сапаты да аста-аста жогорулап барат.

Режиссёрубуздунсоңку эмгектеринде, биринчи нөөмөттө, бүт көңүл тигил же бул каармандын толук кандуу бейнесин түзүүгө оодарылат окшоду. Мүлдө кадр, кадр сыртындагы ар бир сүйлөм, музыкалык ыргак, күү мелжеген бутага кыйшаюусуз дал тийгени өзүнчө. Анүстүнө анын фильмдеринин ички өзөгүндө адеттегидей узактан узак монологдор, арабөк, кайдыгер тариздеги баяндоолор, кирди-чыкты, тийди-качты, артыкбаш майда-чүйдө окуялар, маани-маңызга туйтунбаган көңдөй көрүнүштөр дээрлик жок эсе.

Кыскасы,Ракыя Шаршенова бүгүн улуттук кинодокументалистикабыздын кечээки чыгаан өкүлдөрү Лиля Турусбекова, Изя Герштейн, Альгимантас Видугирис, Бекеш Абдылдаевдин салттарын байыткан, табылгаларын жаңырткан, көчүн үзгүлтүксүз улаган жаратман инсан. Кадимкисиндей күжүлдөп, тынымсыз изденип, баягы кайратынан эгерим тая элек. Ылайым эле, ушунуңуздан жазбаңыз?!

кино, монтаж
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×