Добавить статью
7:12, 22 марта 2011 23092

Кыргызстандын оорулуу экономикасы… кимге ишенебиз?

Азыркы учурда Кыргызстан өз башынан өтө оор системалык кризисти кечирип жаткан кези. Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан саясый жана социалдык-экономикалык реформалар оор шартта өтүп жатат.

Карызга баткан өлкө...

Кыргызстан эгемендүүлүк алган күндөн тартып, бир топ тышкы донорлордон жана эл аралык институттардан эбегейсиз өлчөмдө каржылык колдоо алды. Бүгүнкү күндө сырттан келген каражаттардын жалпы суммасы дээрлик 3,5 млрд АКШ долларынан ашат, анын ичинен 1,5 млрддан ашыгы кайтарымсыз грант түрүндө келсе, калганы карыз. Ошентип, өлкөнүн тышкы карызынын өлчөмү 2 млрд 642 млн АКШ долларын түзөт (бул 125 млрд сомго барабар), бул деген өлкө карызы ИДПныны 55%ын түзөт дегендик. 2011-жыл ичи бул карызды камсыздоо үчүн 4 млрд 303 млн сом коротулат, мунун ичинен 2 млрд 229, 86 млн сом үстөк пайыз болсо, 2 млрд 73 млн сом негизги сумма боюнча эсептелет. Дал ушул сырткы карызды каржылоо мамлекеттик бюджет үчүн эң оор беренелердин бири болуп калууда. Мындайча айтканда, учурда Кыргызстан карызды жабуу үчүн кайра эле сырттан жардам алууга муктаж. Эскерте кетчү жагдай, сырттан жардам алуу боюнча Кыргызстан мурунку СССР өлкөлөр ичинен биринчи орунда турат.

Логика боюнча, мындай эбегейсиз өлчөмдө сырттан жардам алган өлкөнүн экономикалык абалы жана калкынын жашоо деңгээли жогорулашы керек эмеспи. Тилекке каршы, реалдуу турмушта Кыргызстан карызга белчесинен баткан абалында кала берүүдө. Сырткы карыздын эбегейсиз чоң көлөмү өлкөнү социалдык милдеттенмелерди аткарууда, жакырчылыкты жоюуда өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн бир топ артка тартууда жана экономикалык өсүштүн денгээлин басандатууда.

Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүндө мындай негативдүү жагдайларды жоюу системалык программасыз жана профессионалдуу кардларсыз ишке ашпасы айдан ачык. Ооба, кризистен чыгуу үчүн, Кыргызстан баарыдан мурда өз күчүнө гана ишенүүсу абзел. А аны кайдан алуу керек?

Абалдан чыгуунун жолу барбы?

Кыргыз парламентинин депутаты, бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жакында эле журналисттерге билдиргенине караганда, жаңы өкмөт куралганына үч айдан ашык убакыт өткөндүгүнө карабастан, өкмөт өлкөнү өнүктүрүү боюнча өз программасын билдире элек. Ал так программасыз кандайдыр бир эффективдүү бюджеттик саясат тууралуу кеп кылгандын өзү туура эмес деп эсептейт.

Депутаттын оптимисттик божомлодоруна ылайык, жалпысынан стабилдүү абалда туура башкаруу менен аз дегенде 10 жылда, көп болсо 20 жылда өлкөнү дүйнөнүн алдынкы 50 өнүккөн мамлекеттеринин катарына кошсо болот. Ошондой эле, мамлекетти башкарууда жаңы мамиле болуусу шарт: ал кайсы партияда турганына, жердигине карабай баарына бирдей болуусу керек. Албетте, бул жааттан алып караганда ал туура айтат. Кыргызстан кыска мөөнөттүн ичинде экономиканы стабилдештирүү боюнча жакынкы үч жылга план түзүүсү керек жана эл, аны менен кошо бизнес өкүлдөрү өлкө мындан ары кандай өнүгүү жолуна түшөөрүн билүүсү керек. Ошону менен бир эле катарда өлкөнүн жакынкы он жылдагы программасынын «2010-2020-жылдарга программасын» иштеп чыгуу керек. «2010-2030- жылдарга карата калктын жашоосун жакшыртуудагы негизги максаттарды» карап чыгуу абзел. Дайым эле тышкы донорлордун жардамын күтүп отура берүү туура эмес. Кыскасы, депутаттын айтымында, өлкө экономикасы жай өскөн өлкөнүн катарынан өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошуулусу керек. «Мындай өнүгүү программасынын долбоору менде бар жана мен аны сиздер менен талкуулоого даярмын», - деп сөзүн жыйынтыктайт депутат.

Ал эми дагы бир саясатчы, экономист-финансист, Европа банкынын Кыргызстан боюнча кеңешчиси Жоомарт Оторбаев «Карыздан коркпоо керек. Дүйнөнүн көптөгөн өнүккөн өлкөлөрү карыздын эсебинен жашашат» деген пикирди карманат. Албетте, бул жаатта ар ким өзү каалагандай жыйынтык чыгарганга укуктуу.

Эгер жаңы өкмөт куралса...

Жакында эле, Стратегиялык изилдөөлөр эл аралык институту (International Institute of the Strategic Studies) Кыргызстандын экономикалык абалына баа бурүүгө багышталган социологиялык сурамжылоосунун жыйынтыгын жарыялады. «Кыргызстандын экономикалык абалын ким жакшы түшүнөт жана өлкө экономикасын алдыга жылдырууда кимге ишенип артаар элеңиз?» деген суроого жооп катары Кыргызстандын финансы тармагында мурда-кийин эмгектенген алты персонанын ысмын (Самат Кылжиев, Марат Султанов, Темир Сариев, Акылбек Жапаров, Жооомарт Оторбаев, Чоробек Имашев) жооп-вариант катары койгон. Жыйынтыгында, сурамжылоого катышкан 1350 респонденттин 504ү А.Жапаровго, 275и Т.Сариевге, 210у Ж.Оторбаевге, 202си М.Султановго, 110у С.Кылжыевге жана 49у Ч. Имашевге добуш беришкен.

Ушуга улай кыргыз тилдүү бир катар басылмалар да жаңы өкмөт куралса, анын болжолдуу түзүмү тууралуу бир топ варианттарды айтышкан. Алардын божомолдору да жогоруда айтылган уюмдун иликтөөсүнүн жыйынтыктары менен белгилүү бир өлчөмдө дал келет б.а. кыргыз өкмөтүнүн экономикалык блогу жогорудагы аты аталган персоналарга жүктөлөөрүн айтышкан. Мисалы, «Учур» гезитинин 2011-жылдын 10-марттагы санында жарыяланган божомолунда, М.Султановго-спикерлик, Ж.Оторбаевге вице-премьер-министрлик, Каржы министрлиги А.Жапаровго, ал эми Т.Сариевге биринчи вице-премьерлик сунушталаары айтылган. Мындан сырткары, ушундай эле мүнөздөгү божомолдорду «Фабула» жана «Жаны Агым» гезиттери жарыялаган. Анда дагы бир аз орун алмашканы болбосо, экономикалы блок ушул эле кишилердин энчисине тиерин айтышат.

Соңку сөз...

Кыргызстан грузиндер жетишкен ийгиликтерге жете алабы? Калктын орточо кирешесин жок дегенде минималдуу жашоо баштыгынын денгээлине чейин көтөрүүгө болобу? Өлкө жок дегенде келечектеги беш жылга түзүлгөн экономикалык программа менен жашашы үчүн эмне кылуу керек? Албетте, мунун баарына жетишсе болот, эгерде өкмөттө чыныгы өз ишинин чеберлери тартылганда гана. Ушундай эмеспи?...

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×