Добавить статью
11:56, 26 апреля 2011 38477

Кыргыздар улуу элби?

Өткөндө сыналгынын «Жума кайрык» берүүсүндө коомдук ишмер И.Абдуразаковдон журналист А.Касымалиев интервью алып жатат. Ошондо Жапониядагы зилзаладан чоң кырсыкка учураган жапондор, кырдаалда токтоолук менен туруштук беришип, талап-тоноого барышкан жок таң берет да.

А башка элдерде, ошолордун ичинде биз, кыргыздар да барбыз, кырсык болобу, же ар кандай элдик көтөрүлүштөр болобу бардык эле элдер талап-тоноочулукка жол беришет, жапондор болсо башка элдерден бийик парасаттуубу дегендей маанидеги сөздөр айтылды. Мунун себебин эмнеден көрөбүз? - деген журналисттин суроосуна коомдук ишмер И.Абдуразаков: - тарбия-таалим - деп кыска жооп узатты. Ушул жерден ой кетет да, биз, кыргыздар, куйма кулак, ооздон илеп чыга электе кетип, бардык нерселерди өзүбүзгө сиңирип ала коё турган улут турбайбызбы, же болбосо таалим-тарбия деген кыска сөздүн аркасында биз, эл, оңдойт окшойбуз. Ийкемдүүлүк менен бардык эле нерселерди бат кабыл ала бергенибиз.

Ушунубуздун жакшы жагы да, жаман жагы да бар. Муну кыргыздар «жакшы болмок аста-аста, жаман болмок бир паста» -деп бир эле сүйлөм менен түшүндүрөт. Жашоонун кай тармагын албагын кыргыз элинин турмушка, жашоого карата айтылган даанышман ой-санаттары ташка тамга баскандай. Ошол «жума кайрык» берүүсүнөн чычалай түштүк, ары жок, намысы жок эле кыргыз чычалабай койбосо, мен кыргызмын деген инсандар буга чычалашы керек. А мендей карапайым кыргыз, элибиздин арасында миң сан эмеспи. Биз башка элдерди даңктап, өзүбүздү өзүбүз жамандай бергенди адат кылып баратат окшойбуз. Ошол эле жапондорду алсак, алар кылымдар бою жылгыз өздөрү менен өздөрү алек болуп жашап келишкендиктери, алардын табиятын ушундай тартипке салып койгон дээр элем. А бизде жагдай такыр эле башка. Кыргыз элибиздин, өлкөбүздүн айлана-чөйрөсүндө, ичинде канчалаган улуттар, этностор кайнап келишет. Өзүбүздү жаманатты кыла берсек, андан жакшы майнап чыкпасын ар ким бөркүндөй көрсүн.

Ушул жерден биздин «кыргыз элибиздин улуулугун далилдеген мисалдарды келтирүү менен окурмандар деги эле элдин бардык катмары менен ой бөлүшүүгө туура келип жатат.

Кыргыздардын улуу эл, улут экени ушундан көрүнүп турат, эл болуп калыптангандан бери, бери болгондо беш миң, ары болгондо сегиз миң жыл өтүп кетсе да улуттуулугун, эне тилин, дилин жоготпой замандар, доорлор каарында ийкемдүүлүк менен ушул мезгилге жеттик. Кыргыздардын каада-салтына, маданиятына, кең пейилдүүлүгүнө акыл-насаат сөздөрүнө, башка элдерди айтпайын, ушул эле түрк тилдүү элдерде тең келчүсү жок экенин ким билбейт? Бир гана өзүбүз…

Бардык күнөөлөрдү биз заманга шылтайбыз да турабыз. Заманда, доордо эч кандай күнөө жок, күнөө пейили кеткен адамзаттын өзүндө болуп жатканын моюндагысы келбейт. «Бүлүнгөндөн бүлдүргү алба» - деп айтат кыргыз эл. Адамзаттын ач көздүгүнө, жырткычтыгына өзүнүн уясы болгон Жер эне чыдабай баратат. Планетабыздын тамтыракайын чыгардык. Адамзат канчалык өнүгүп-өссө, ошончолук талыкпас боло баштайт турбайбы. Ошол эле өнүгүү, ошол эле жалакайлык адамзат өнүгүүсүнүн түбүнө жетээрин тарых далилдеп турат.

Биздин доорго чейин үч адамзат өнүгүүсү жок болгон экен. Биздин заман, доор, адамзат өнүгүүсүнүн төртүнчүсү экенин окумуштуулар эбак эле далилдешкен.

Эми өзүбүздүн кыргызга келгенде айтайын дегеним, «балык башынан сасыйт» - деп баса көрсөтүп айткан бабалар сөзү. Биздин элдин, өлкөнүн башында тургандар сасып турса, бул ар бир үй-бүлөгө дагы тийиштүү биздин кийинки муунубуз «уядан эмнени көрсө, учканда ошону кылат», кылбаганда эмне кылат десең.

Учурда абалыбызды оңдоо оңойго турбайт окшойт. Ошентсе да өлкөбүздүн, элибиздин оңолуп кетүүсүнө түрткү боло турган эки орчундуу жагдай жана шарт бар. Биринчиси колдон келчү нерсе. ММКлардан улутубуздун каада-салтын, үлгүлүү үгүт-насаатын мамлекеттик деңгээлде үзгүлтүксүз, тынымсыз, такай жана ар дайым жайылтып туруу. Экинчисиникинин жагдай, шарты кыйын жана опурталдуу. Ал болсо «балыктын» ыйманына байланыштуу болуп калууда.

Бул үчүн элге Р.Отунбева сыктуу ыйманы бар өлкө жетекчиси болуп калуу бактысы туш келиш керек. Тилекке каршы, аны жетектөө мөөнөтү кыска болуп калды.

Кеп Р.Отунбаевдан кийинки эл башчысынын ыйманынан көз каранды болуп калганыбызда болууда. Өлкө башчысы, үй-бүлөнүн ээси, улуу муундар ыйманыбызды жебей, укук менен бирге милдетибизди билсек, жана аларды так аткарсак ошол бизге жетиштүү. Андан ашык нерсе жасап жиберүүнүн кажети деле жок. «мурунку көч кайда барса, кийинки көч ошол жакка барат», ошондой болгон жана болот.

Сөз улут улуулугу жөнүндө болуп аткан соң, ал боюнча бир аз кеп кылалык. Көбүнчө кыргыз элинин улуулугу өз башына тиет да «Киши арыгын сактаса төбө кандайт, мал арыгын сактаса ооз майлайт» болуп атат. Элибиз, кыргыздар дегеним, сексенден ашкан ар улутту, этносторду коюнуна батырып асырап келет. Алар укуктарын айтышса аябай эле кежирешет да, милдеттерине келгенде дудук болуп калышат да турушат.

Алар кимдин түндүгүнүн астында жашап жаткандыктарын билиши керек. Эгер билгиси келбесе, өлкө жетекчиси түшүндүрүп коюу милдет, жайынча.

Кыргыз атанын эле бир баласы болгон сарттар көбөйүп кеткендигине таянып, өздөн чыккан жат болуп, жатышат, өзбекпиз деп, мейли өздөрүн мага десе машаяк аташсын, бирок «тең теңи менен, тезек кабы менен» болорун биз аларга түшүндүрүп коюубуз абзел, жайынча. Биз, кыргыздар, бизге кандай эл болбосун, кайдан келбесин жерибизге батырып аздектеп келебиз. Улуулук ушунда жатат. «Улук болсоң, кичик бол» кылсак, алар сетиркеп кетип жатышат. Бул биздин арабыздагы бардык башка улуттарга, этносторго тиешелүү.

Буга бир эле мисал келтирейин. Кечээ эле Кытайдан кыргын жеп качып келген душмандарды алалы. Бир бөлүгү Көлдө калып отузга жакын түтүн Сары-Өзөн Чүйгө келип, жөн эле сактап турууга улуксаат сурашкан. Ошондо алардын тейин байкаган Шабдандын жигити Баяке аларды кырып салайын улуксаат бер деп Шабдандан өтүнгөн. Анда Шабдан сурайт экен Баякеден: - Ой, алар адам баласы бекен, буту айры, башы тоголокпу? – деп. Баяке: – Ооба, ошондой десе, кой, адам баласы болсо канга сабын болбойт, Кара-Коңуздан жай берели, алар да кудайдын пендеси деп боор оорурлук кылган тура.

Анан эмне болду? «Боор ооруса, боорго тебет» кылат аларың. Аны азыр дунгандар унута баштаса керек. Ошондон бир аз убакыт өтпөй эле үч-төрт жыл аралыгында жоопко келбей, берчү салыктарын төлөбөй, «жаман атка жал бүтсө, жанына торсук байлатпайт» дегенге келип калышат да. Ошондо Шабдан элинен: - Ким барып дунгандардын башчысы буларды мага ким алып келип берет - дегенде, Бөөбүй уругунан Кашкелең деген жигит: - Сураганымды берсеңиз, мен алып келип берем, - деген экен.

Ошентип, Кашкелең Дайырдын Сарала күлүгүн сурап минет. Кара-Коңузга келет. Барса, дунгандар дөбөчөдө кажылдашып жыйын кылып жатышыптыр. Чогулгандардын четине Кашкелең бастырып барып, буларды жаңдап өзүнө чакырып алат. Эмне айтат болду экен деп аңкайып карап калган дунгандарды эсине келтирбей, булардын курунан шап кармап эңип, ээрдин кашына курунан илип, өңөрүп алып чаап кетип, Шабдандын алдына топ ыргыткандай, ыргытып таштаптыр.

Муну менен мен эмне демекчимин, улуттар арасында келишпестиктерди жактайын дегеним жок, тек гана мен бардык улуттар өлкөнүн мыйзамы менен келжеңи жок жашашса, өздөрүнө жакшы болорун эскертмекчимин. Ошон үчүн «Ынтымак бар жерде ырыс бар» - дейт кыргыз эл. Кыргыздын ар-намысын коргоп, сактаганы үчүн сен улутчулсуң дегендин өзү бери болгондо кемчонтойлук. Кыргыз үчүн башкалардын башы оорубайт. Ооруй турган өзүбүздүкү.

Эми өзүбүзгө келсек, улуубуз да, кичүүбүз да, башчыбыз да, көзчүбүз да ыйманыбызды жебей, бу дүйнөгө түркүк болчудай болбой, өз парасатыбызды ыймандуу алып жүрсөк, кыргыз эли улуу улут экендигин жоготпостон бекемдейт эле. Бир эле ыймандуу болсок, бардыгы өз ордуна келээрине үмүт чоң.

Учурда ушул ыймандан кур жалак калгандайбыз. Өзүбүзгө болгон ишенич аз, өзүбүздү өзүбүз басынтпастан, келечекке ишенимдүү карап, ыйман менен барсак, өзүбүзгө эле оң болор.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×