Добавить статью
7:55, 9 июня 2011 59058

Алтынды жаман десең - дат басат...

Мамлекеттик кадр кызматы жарыялаган конкурска

Ош шаары. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бул шаарга көчүп келгенине төрт жылдын жүзү болду. Ошондон бери министрликтеги бардык жыйындар министрликтин кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунда өткөрүлөт. Бул борбордо Бишкек шаары жана Талас, Жалал-Абад облустарынын кызматкерлери да түз байланыш аркылуу жыйналышка катышышат. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бүгүнкү кезектеги аппараттык кеңешмесинде кызматкерлер адаттагыдай эле бетме-бет тизилип отурушат.

Министр Болотбек Борбиевдин оң тарабынан министрликтин статс-катчысы Т.Темиралиев жана министрдин орун басары Б.Жолчиев баштаган жалаң мамлекеттик кызматкерлер орун алышкан. Ал эми сол тарабында министрдин дагы бир орун басары, генерал-майор М.Касымалиев баштаган аскер кызматкерлери отурушат. Бул демейдеги көрүнүш.

Негедир бүгүнкү жыйында күндөгүдөн өзгөчөлөнүп министрдин столунун четинде сертификаттар, кызыл дипломдор, спорттук мелдештерде баш байгени утуп алгандарга берилчү кубок турат. Жыйын күндөгүдөй эле уланууда. Мына жумушуна шалаакылык менен мамиле жасагандардын аттары аталып, айрымдарына министр «сөгүш» жарыялады. Кеп-кезеги акыркы маселеге келди, мында «Ар түрдүү маселелер» эле.

Министрликтин уюштуруу иштери жана кадрлар башкармалыгынын башчысы, полковник Нурбек Байсынов трибунага чыгып, Россия Федерациясынын каржылык колдоосу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлерди колдоо фонду жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматы тарабынан Кыргыз Славян университетинин базасында билим алышып, квалификацияларын жогорулатып келишкен мамлекеттик кызматкерлердин аттарын атоодо: Огай Неля Петровна!, Сурапова Клара!, Акунов Амангелди!, Акматов Талант!, Шерматов Аликжан! ... тизме уланып, улам чыккандарга министр сертификаттарды тапшырууда. Сертификат алгандардын иштерине ийгиликтер кааланып, куттуктоолор айтылууда.

Министр: «Мамлекеттик кадр кызматы менен мамлекеттик кадрларды колдоо фондусунун бул долбоору мамлекеттик кызматкерлердин билимдерин өркүндөтүүгө чоң өбөлгө түздү деп ишенемин. Мындай окуулар тез-тез өткөрүлүп турса деген тилектемин. Бул сертификаттарды президентибиз Роза Исаковнанын колунан алсаңар болот эле, бирок баарыңарды Бишкекке иш сапарга жөнөткөндө, жумуш сапарынын чыгымдарын айтпаганда да бүгүнкү шарт бизден бир мүнөттү текке кетирүүнү да кечирбейт. Биздин тикелей милдетибизге кирген кырсыктардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу жумуштарын токтотууга болбойт. Биз элибиздин бейпил жашоосу үчүн кырсыктар менен тынымсыз күрөшүп туруубуз зарыл. Ошондой шарттарды эске алып, статс-катчы Т.Темиралиевди жөнөтүп эле сертификаттарды алдырып койдук. Эң негизгиси, алган билимиңиздер башыңыздарда, сертификат колуңуздарда турат. Сиздердин эл үчүн жасап жаткан түйшүктүү жана сыймыктуу ишиңиздерге дагы бир жолу ийгилик каалаймын!», - деп өзүнүн жылуу сөздөрү менен кошо кызматкерлерге жоопкерчиликтерди жүктөөдө.

Сөздү кайрадан Нурбек Байсынов алып, Кыргыз Республикасынын куткаруу кызматкерлеринин 2011-жылдын 1-июлунда болуучу 20 жылдыгына жана министрликтин алдындагы Өрт коопсуздугу агенттигинин 85 жылдыгына карата министрликтин борбордук аппаратынын, бардык түзүмдүк-бөлүмдөрүнүн, облустук башкармалыктарынын арасында өткөн спорттук мелдештин жыйынтыгы чыгарылып, анын жеңүүчүлөрү аныкталгандыгын айтууда. Министрликтин негизги күчү аскерлештирилгени менен жеңүүчүлөрдүн арасында аскер кызматкерлеринин катарында улам-улам мамлекеттик кызматкерлер да чыгып сыйлыктарын алып жатышты. Чакырганда мекеменин аталышы менен команданын капитанынын аты бирге айтылууда.

- Министрликтин борбордук куткаруу отрядынын командасы - подполковник Баймаков Кегалы! Тоо-кен куткаруу кызматынын командасы - Торобеков Жеңишбек! Министрликтин борбордук аппаратынын командасы - Шерматов Аликжан, тизме уланууда. Мыкты коргоочу, мыкты оюнчу... жана башка. Эмнегедир ушул жыйында Шерматов Аликжандын аты бир нече жолу айтылууда. Мына дагы анын аты аталды. Анын колу бекем кысылып, ага кайра-кайра жакшы каалоо-тилектер айтылып жатат.

Министр Болотбек Борбиев: «Министрликтин борбордук аппаратынын сатып алуу жана товардык-материалдык баалуулуктарды эсептөө секторунун башкы адиси Аликжан Шерматовдой болуу керек. Оюнду да билип, жумушуна да так, мындан ары да материалдык баалуулуктарды сатып алууларды сапаттуу, арзан жана ачык жүргүзүп, министрликтин намысын коргоп спорттук оюндардан да биринчиликти камсыз кылып жүрө беришиңизге тилектешмин», - деп өз каалоосун айтууда.

Жүзүнөн жылмаюу кетпей, ар бир сөзүн тамашага айланта сүйлөгөн бул жигит бүгүнкү жыйналыштын көркү жана негизги темасы болууда. «Кадрлар баарын чечет», деген калыс кеп экен. Ушул Алик эч кимге катуу айтпай, өз жумушун мыкты билген жигит. Уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү да жогору», – деп жанымда отурган эки кызматкер шыбырашып жатышат. Анын бири министрликтин уюштуруу иштери жана кадрлар башкармалыгынын кадрлар бөлүмүнүн башчысы Клара Сурапова экен. Ал жанындагы кызматкерге “Ии, жумушка алынып жатканда бош жумуш оруну үчүн конкурстан да эң жогорку балл менен өткөн. Коллективге да тез аралашып кетти” -дейт. Анда жанындагы кызматкер “8-марттагы аялдардын эл аралык күнүндөгү салтанатта катыра ырдаганы эсиңдеби”- деп суктанганын жашырбайт. Аңгыча министр кайрадан сөз алып, алдыга коюлган тапшырмаларды кечиктирбей өз убагында аткарууну эскертип, чогулушту жыйынтыктап, отургандарды жумуш орундарына бара берүүгө уруксат берди. Отурган кызматкерлердин баары сертификат жана сыйлык алгандарды куттуктап жатышат. Аликжан Шерматовду да аялдар колун кысып, эркектер баш тийгизе куттукташууда. Аликжан болсо ар бирине өзүнө ылайык тамаша жоопторду берип, жыйналыштан кийин залдын ичин күлкүгө жаңыртууда. Жыйналыштан тарап жаткандардын ар биринин ууртунда күлкү, жүзүндө жылмаюу.

Ар бир мамлекеттик мекемедеги мамлекеттик кызматкерлердин жамааттарынын Аликжан Шерматовдору болсун. Эмелеки министрден “сөгүш” алган кызматкерлерди да ылайыктуу тамаша таап, күлдүрүп жатат. Алган айлыгы 6300 сом (башкы адистин айлык маянасы ошондой) болгону менен бул жамааттагы аткарган жумушу баа жеткис экендигинде талаш жок. Ушундай мамлекеттик кызматкерлерди эмнеге эч ким жазбайт. Жалаң эле кемчилик кетирип, элдин мүлкүн жегендерди, элин атып, жерин сатып кеткендерди баатыр кылып жаза да, айта да беришет. Алтынды жаман дей берсең - дат басат, адамды жаман дей берсең - пок басат. Жакшыны жакшы дейли, башкага үлгү болсун. Мен бир көз ирмемдеги Аликжан Шерматовду баатыр кылып кагазга жазып, жалпы журтка үлгү катары жарыялоо керек экен деген ойго жетеленип баратам. Ушуну жазсам эле заман оңолчуудай сезилет. Балким башкалар да өз жамааттарынын аликжандарын жазышаар. Анткени эмнеге мыктыны мыкты дебешибиз керек?

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×