Добавить статью
6:05, 30 июня 2011 38564

Талапкердин үгүтү - шайлоочунун үмүтү

Фото Кубатбеков И Эл өкүлү өлкөдө азыркы учурда президенттик шайлоонун мөөнөтү аз калганына байланыштуу, шайлоо мыйзамдарын кабыл алуу, шайлоо күнүн белгилөө, шайлоо мезгилиндеги үгүт иштерин жүргүзүүнүн мөөнөтүн бир айдан төрт айга чейин узартуу сыяктуу бир топ демилгелер көтөрүлүп, көптөгөн суроолор жана ой пикирлер пайда болуп жатат. Адам баласы үмүт менен жашап үмүт менен күн өткөрүп келет. Тилекке каршы шайлоолор алдындагы үгүт мезгилинде карапайым элдин үмүтүн карасанатайлык менен пайдалануу, добуштарды сатып алуу, алдоо аркылуу мандатка жетүү, эл өкүлү болуу аракети жергиликтүү жана жогорку кеңеш, президенттик шайлоолордо көнүмүш адатка айланууда. Анткени шайлоодо жеңишке жетип, шайлоочулардын колдоосуна ээ болуп, шайлоочунун мандат жана мансап бере турган жалгыз добушун алуу мезгили «үгүт компаниясы» деп аталат. Бул компания мезгилинде ар бир талапкер же партия өкүлдөрү ар бир айыл, кокту- колотко чейин барышат. Карапайым шайлоочуларга оюна келген бирок, колунан келбеген бардык убадаларды беришет, эгерде ал талапкер, же партия шайланып калчу болсо, чейрек кылым чечилбей келе жаткан көйгөйлөрү чечилип, укмуш жашоо болоорун убадалашып, бул үчүн депутаттык мандат гана жетишпей жаткандыгын айтышат. Бирок, 20 жылдан бери алгач ар бир регион өз депутаттарын шайлап, бүгүнкү күндө бүтүндөй бир партияга добуш берип жатып бешинчи чакырылыштагы депутаттарды шайласак деле баягы эле көйгөйлөр, баягы эле депутаттардын кооз сөздөрү, элдин жашоосун оңдоого багытталган шайлоо алдындагы программа жана платформалардын толук ишке ашып жаткандыгын көрө элекпиз. Эгерде депутат мандат алып кызматтык машинада жана кооз кабинетте олтуруп өз кызыкчылыктарын ишке ашырып, сессияда гезит окуп, же уктап отурушу үчүн ал шайланган беш жыл көз ачып жумганча билинбей өтүп кеткени менен, карапайым калк үчүн бул беш жыл кылымга тете күндөр, зарыга күткөн үмүттөр менен коштолот. Кыргызстанда Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2009-жылы бир жыл аралыгында 35898 адам каза болуптур. Ал эми 2005-2009-жылдар аралыгында 187,346 адам, же өз талапкерине жана партиясына ишеним артып, жакшы жашоодон үмүт кылып, өз добушун берген шайлоочу каза болгон.

Эл Кыргызстанда 1990-жылы эгемен өлкө тарыхында алгачкы легендарлуу парламенттин депутаттарына шайлоо болгон мезгилде жаңы төрөлгөн бала бүгүн 21 жашка чыгып өз алдынча үй-бүлө куруп, шайлоо жана шайлануу укугуна ээ болуп коомубуздун толук кандуу жараны болуп олтурат, а бирок коомубузда убакыттык курактык, мыйзамдык өзгөрүү болгону менен татыктуу депутаттарды аң-сезимдүү шайлоо сыяктуу укуктук аң-сезимдик өзгөрүү болбой жатат.

Биз шайлоочулар татыктуу талапкерди тандоонун жана шайлоонун ордуна кайра эле талапкерлердин жылуу сөзүнө, жылуу тамагына, же арагына алданып эл өкүлдөрүнөн үмүтүбүздү үзбөй эле келе жатабыз. Биздин жакыр жашообузга, добушубузду алып, анын артынан бүтүндөй кыргыз элинин атынан чыгып сүйлөө, өкмөттүн жана жергиликтүү органдардын курамын түзүү сыяктуу бир топ ыйгарым укуктарга ээ болгон, биз шайлаган депутаттар, президенттер күнөөлүү экен. Буларды шайлаган биздин 2 миллион 836 миң шайлоочунун күнөөсү жөнүндө ким качан ойлонот, качан кайрылуу жасайт?

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×