Добавить статью
4:36, 1 июля 2011 26568

Мыйзам жана адилеттүүлүк досуман да бийик

Парламент эмне үчүн Судьяларын тандоо кеңешин беките албай калды? Буга дагы да болсо коррупциялык мамилелер себеп болуп жатат.

Анткени Жогорку Кеңеш 30-июнь күнү, эртең мененки 8ден кечки 8ге чеийн 50дѳн ашуун токтомдорду жана мыйзамдарды кабыл алууга туура келди. Күн тартибинде Судьяларды тандоо кенеши 18чи болуп турган эле. Ар кандай себептерден улам бул маселе эң акыркы болуп калды. Эмне үчүн?

Ѳзүңүнздѳргѳ белгилүү болгондой, жаңы Конституцияга ылайык сот системасын реформалоого байланыштуу, 5 мыйзам быйылкы жылы кабыл алынып, ал 17-июнь күнү күчүнѳ кирген. Бул 5 мыйзамдын ичинен эн маанилисүү Судьяларды тандап алуу боюнча кеңешин түзүү жѳнүндүгү мыйзам эле. Бул мыйзамда так кѳрсѳтүлгѳн, мыйзам күчүнѳ киргенден тартып, бир айдын ичинде, Судьяларды тандап алуу кеңеши түзүлүп, иштей башташы керек. Мындан сырткары, 2 айдын ичинде Конституциялык палата жана Жогорку соттун судьялар курамы да шайланып бүтүш керек. Тилекке каршы, бул мыйзамдын талаптарына ылайык, парламенттен натыйжа болбой калды.

Анын себеби Жогорку Кеңештин тѳрагасынын кѳз карашы менен мен жетектеген Сот–укук маселелери боюнча Комитеттин чечими бир жерден чыкпай калды. Коомчулука белгилүү болгондой жана Судьяларын тандоо кенеши жѳнүндѳгү мыйзамдын талабына ылайык, Коалициялык кѳпчүлүк сегиз талапкерди жылдырса, оппозиция «Ар-Намыс» менен «Ата-Мекен» тѳрттѳн, сегиз талапкерди жылдырды. Булар жѳнүндѳ беш фракция жана Комитет биригип, 16 адамдын талапкерлигин, ар тараптан кынтыксыз тандоого жетише алды. Ал эми мыйзамга ылайык ѳлкѳнүн Соттор кеңеши да сегиз талапкерди жылдырышкан. Албетте, ал талапкерлер Жогорку соттун судьяларынан жана район, шаар, облус сотторунун тѳрагаларынан турат. Жогорку Кеңештин Сот–укук маселелери боюнча Комитети бул талапкерлердин таржымалын талдап келгенде оркойгон кемчилдиктер чыгып калды. Кайсы бир соттун тажрыйба мѳѳнѳтү жетишпесе, экинчи соттун профессионалдык аброю туура келбей калды. Ал Жогорку сотто иштесе да ушул күнгѳ чейин, адилет кызмат кылууга ант берген эмес. Дагы эки судья башка соттук кеңеште мүчѳ болуп келишкен. Судьяларын тандоо кеңеши жѳнүндѳгү мыйзам мындай таржымалы барларды тандай албайт. Ошол эле мезгилде бул тизмедеги айрым судьялардын иш-аракетиндеги кемчиликтер ачык-айкын айтылгандыктан, бул теманы талкуулаган Комитет сегиз судьянын талапкерлигин четке какты.

Бирок буга карабастан, Жогорку Кеңештин тѳрагасы акыркы минуталарда Комитеттин бул чечими туура эмес, андай болсо бул маселени палатага алып чыгып чечебиз деп ачыктан-ачык айта баштады. Андан ары тѳрага комитет тѳрт судьянын талапкерлигин добушка коюп, киргизесиңер деген талапты койду. Албетте Сот-укук маселелери комитетинин тѳрагасы катары, мен мындай кѳрсѳтмѳгѳ каршы болдум.

Мен эмне үчүн спикердин зордугуна макул болгон жокмун. Анткени соттор жѳнүндѳгү беш мыйзамды даярдап, күчүнѳ киргизгенче биздин бир гана тилек, бул мыйзамдар сот системасындагы коррупцияны жеңсе экен деп самап келдик. Миңдеген жарандар соттордун коррупциясын айтып ыйлашса, эки күндѳн бери Жогорку Кеңештин алдында жүздѳгѳн адамдар сот адилетсиздигине жана коррупциясына каршы пикет жасап жатышса, кантип ошондой соттордун курамынан тандоо кеңешин түзѳлү? Чу дегенде эле ѳзүбүз мыйзамсыз жагдайларды кѳрүп туруп, кантип алардан таза иштеген кеңеш түзѳбүз ?

Мен депутат болгондо таза жана адилет иштѳѳгѳ ант бергем, демек сѳзүмѳ турам.

Албетте спикер укугунан пайдаланып, мага сѳз бербей сессияны жаап салышы, кыргызча айтканда, жигитчиликке жана адилеттүүлүкѳ туура келбейт. Анын ушундай кылышын алдын ала билип, сессия аягында мен 43 депутатка кол койдуруп, 4-июнь күнү кезексиз сессияны чакырууга негиз түздүм. Кезексиз сессияны чакырууга 43 эмес 40 депутаттын добушу жетиштүү, демек буйурса Судьяларын тандоо кеңешин шайлоо жакынкы кезексиз сессиянын иши, тагыраак айтканда, Конституциянын 77-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ ылайык, 4-июль күнү ѳтүшү керек. Биз ал күнү Судьяларды тандоо кеңешин түзүп, андан кийин каникулга кетишибиз керек.

Албетте, тѳрага менин партиялаш досум. А бирок чындык жана адилеттүүлүк досумдан жана ѳзүмдѳн да бийик турат деп ойлойм.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

24-09-2012
Кумтөрдө 700 тонна алтындын запасы калды деген божомол бар (кайрылуу)
31431

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×