Добавить статью
5:20, 18 августа 2011 28907

Р.Отунбаевага, А.Келдибековго ачык кат

Жалал-Абад шаардык  сотунун судьясы, Жогорку соттун  судьялык  кызмат ордуна мурдагы талапкер Камчыбек Илиязов Кыргыз Республикасынын президенти Р.Отунбаевага, Жогорку Кеңештин спикери А.Келдибекого кайрылуу кат жөнөттү.  

Кайрылуу (Ачык кат)

Канткенде судьяларды тандоо кеңешинин судьяларды тандоо  иш ыкмасын өзгөртүп, өлкөбүзгө  татыктуу судьяларды  тандоого болот деп, көп ойлонуп, массалык маалымат каражаттарына өз ойлорумду айтып, сунуштарымды берип   келем.  Менин үнүм  урматтуу Президентибизге жана Жогорку Кенешке  жетсе, алар менин сунушумду калыстап, таразалап, туура жерин туура деп, туура эмес жерин туура эмес деп  тийиштүү баа берип пайдалуу жагы өкмөттүк деңгээлде ишке ашса,  көксөм сууп өзүмдүн мүдөөмө жеттим деп олтуруп калат белем. Анткени, туура десе жакшы, туура дебей койсо  анда кантмек элем, арга жок...

            Менин сунушум  төмөндөгүчө: азыркы түзүлгөн  судьяларды тандоо кеңеши  анын судьяларды тандоодогу  функциясы толугу  менен өзгөртүлүүгө тийиш. Жакында  жергиликтүү соттордун  судьялык кызмат ордуна  конкурс жарыяланса Жогорку Соттун  судьялык кызматына  талапкерлерди эсепке албаганда,  жергиликтүү соттордун  400 судьялык кызмат ордуна  жок эле  дегенде   эки  миң  талапкер болушу  күтүлөт.  Анын ичинен   400  талапкер  мурда  иштеп жаткан судьялар болсо  анын 1600 талапкери мурда - кийин  судьялык кызматта  иштебегендер болушат. Бул талапкерлердин  билим деңгээлин, ой жүгүртүүсүн, өз оюн  кагазга бере ала турган мүмкүнчүлүгүн,  мурдагы жүрүш - турушун  кантип билебиз?

            Мурда алардын билим деңгээлин компьютердик тесттен өткөрүп текшерип келдик эле, эми болсо андай ыкма  менен текшерүү мүмкүн болбой калыптыр. Анткени, компьютердеги миң суроонун  тогуз жүз токсон тогузунун жообу  ар бир экинчи талапкерде болот экен. Ал эми  ушул күнгө чейин,  талапкерлердин ой жүгүртүүсүнө, өз оюн  кагазга бере ала турган мүмкүнчүлүгүнө,  ушул күнгө чейинки жүрүш- туруштарына маани берилбей эле  келген.  Дагы деле  талапкердин  бул жактарын текшербестен  судьяларды тандоо кеңешинде  бериле турган  беш суроо менен эле  чектелсек  анда  мурдагы  судьялардан  кандай  айрымасы  бар судьяларды  тандап  ала алабыз.  Мыйзамдар жөнүндө түшүнүгү аз, ой жүгүртүү мүмкүнчүлүгү төмөн,  өз оюн кагаз бетине  жүйөлөштүрүп бере албаган, сабатсыз эле эмес кээ бир учурларда адепсиз судьядан эмнени күтсөк болот? Баягы эле эл- журтубуздун  нааразычылыгы  да.

            Бул маселе боюнча менин оюм, азыркы кеңешти толугу  менен таркатуу, “Судьяларды тандоо боюнча кеңеш“ туурасындагы мыйзамга кайрадан  өзгөртүү, толуктоолор киргизүү, судьяларды тандоо боюнча кеңешти   9 адамдан көп эмес курамда  түзүү керек. Бул кеңеш  судьяларды тандоо боюнча  эң жогорку орган болуп,  ал кеңештин  алдында  Президенттин Указы  менен бекитиле турган, курамында  бештен  кем эмес адамдан турган:

1.             Судьялык кызматка талапкерлердин билим денгээлин текшерүү үчүн                  (аттестациялык комиссия);

2.             Талапкерлердин ой жүгүртүү мүмкүнчүлүгүн текшерүү  үчүн                             (психологиялык  комиссия);

3.             Талапкердин оз оюн жүйөлөштүрүп  кагазга  түшүрүү мүмкүнчүлүгү текшерүү үчүн  (лингивистикалык комиссия);

4.             Талапкерлердин  мурда – кийинки жүрүш туруштарын текшерүү үчүн (этикалык комиссия);

5.              Судьялык кызматта  иштеп жаткан  судьялардын  караган иштеринин иш сапатын, анын үстүнөн  келип түшкөн  арыздарды, жарандардын  ой – пикирлерди текшерүү үчүн  ( териштирүү-  сапат  комиссия) болуга тийиш.  

            Судьяларды тандоо  боюнча түзүлгөн комиссиялар  судьяларды тандоо кеңешинин баардык мүчөлөрүнүн катышуусунда иш алып барат. Талапкердин билим деңгээлин аныктоо  аттестациялык комиссия  аркалуу  (билет системасында) өткрүлөт. Талапкерлердин  алган  бааларына  жараша  2 ден 5 ке чейин упай коюлуп, билетке жооп берген видео тасмасы  талапкердин өздүк ишине тиркелет. Анын  алган упайы өзүнө гана  билдирилип,  жашыруун түрдө судьяларды тандоо кеңешине караштуу (спецотделде)  атайын  бөлүмдө сакталат.  Анын алган упайын өзүнөн башка эч ким (ал тургай  судьяларды  тандоо кеңешинин мүчөлөрү, төрагасы дагы)  билбейт . Талапкер алган упайына  нааразы  болсо  арыз менен жыйынтыгын текшертүү үчүн судьяларды  тандоо кеңешине  кайрыла  алат.  Кеңеш  талапкердин катышуусунда  анын  билетке жооп берүүсүндөүгү  тасманы  көрүү менен  арыздын жагдайларын териштирип,  тийиштүү түрдө жыйынтык  чыгарат.   

            Ушундай эле  текшерүүнү судьяларды тандоо кеңешинин катышуусунда  психологиялык комиссия дагы& nbsp; жүргүзөт.  Талапкерлерге  атайын түзүлгөн тест эки  нускадан,  анын бланкаларына   судьяларды тандоо кеңеши тарабынан  ал  талапкерлердин  фамилия,  аты,  жөнү жазылып, кеңештин мөөрү басылып  таркатылат.  Талапкерлерге  берилген мөөнөт бүткөндөн кийин  тестин бланкалары чогултулуп алын ып,  бирден нускасы  катка салынып,  сырты печатталып судьяларды тандоо кеңешине  берилет. Экинчи нускасы  текшерилип, дагы деле  тийиштүү түрдө 2 ден  5 чейин упай коюу үчүн  комиссиянын өзүндө калтырылат.  Ал комиссиянын  талапкерлерге  берген упайлары  дагы  жашыруун болот жана  алар дагы  судьяларды ‹ тандоо кеңешинин атайын бөлүмүндө жашыруун  сакталат. Талапкерлер  бул комиссиянын  ишине  дагы  нааразылык келтирип, тестердин жыйынтыгы боюнча  талаш - тартышка барып, судьялар тандоо кеңеши аркалуу  өздөрүнүн жыйынтыктарын текшерте  алышат.

            Лингивистикалык комиссия дагы  судьяларды тандоо кеңешинин   катышуусунда өз ишин жүргүзөт.  Талапкерлер ар кандай  топторго бөлүнүп,  ар бир   талапкерге  жазууга  карата  шарт түзүлүп, судья болуп  иштеп жаткандарга  жана  мурда  судья болуп иштегендерге  соттук   чечим жана  өкүм жазуу  үчүн бирден ми сал  жана тийиштүү убакыт берилет.  Ал эми судья болуп иштебегендерге  бир окуя окулуп берилип, алар  өздөрүнүн түшүнүгү боюнча изложения  жазышат.  Аларга  берилген убакыт бүткөндөн кийин   алардын жазмалары  чогултулуп алынып,   ар бир кол жазмаларына алардын фамилия, аты, жөнү жазылып, кеңештин мөөрү басылгандан кийин гана  комиссиянын текшерүүсүнө калтырылаы ‚. Бул комиссиядан  алган упайлар  дагы жашыруун болот жана  ал талапкерлер  комиссиянын  жыйынтыктарын  судьяларды тандоо кеңешине  даттануу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

            Ушундай эле  жол менен этикалык комиссия жана  териштирүү- сапат  комиссиясы  дагы   судьяларды тандоо  кеңешинин катышуусунда  өздөрүнүн   териштирүүсүн өткөрүп,   алар дагы  ар бир талапкерлерге  2 ден 5 ке чейинки упай   коё алат жана ал талапкердин алган упайлары  талапкердин өздөрүнөн башкаларга  өтө жашыруун  болот. Бул комиссиялардын жыйынтыгы  дагы  судьяларды тандоо кеңешине  даттанылат. Судьяларды тандоо кеңеши  талапкерлердин  арыздары боюнча  комисииянын  жыйынтыгын,  алар тарабынан топтолгон материалдардын, видео тасмалардын негизинде  толук текшерип, талапкердин даттануусу боюнча  тийиштүү жыйынтык чыгарат.   

            Судьяларды тандоо  кеңеши  талапкерлерге конкурс жарыялагандан кийин  талапкерлердин  фамилия, аты, жөнү, иштеген кызматы жана кайсыл кызматка  талапкер болуп жаткандыгы көрсөтүлүп баардык массалык маалымат каражаттарына  берилет.  Ошондон кийин эки ай бою  жарандардын ой – пикирлери, даттануулары кабыл алынып,  алар текшерилип, тийиштүү комиссиялардын карамагына  өткөрүлүп берилет(талапкердин жүрүм туруму этика комиссиясына,  анын караган иштеринин сапаты боюнча даттануулар  териштирүү. Эл тараза,  судьяларды   жана  башка жактан  коюлуп жаткан талапкерлердин ким экендигин эл бааласын.

            Бардык комиссиялар текшерип, өздөрүнүн жыйынтыгын бергенден кийин  массалык маалымат каражаттарынын катышуусунда  ачык айкын  кеңеш өзүнүн заседаниесинде  баардык  талапкерлердин алган упайларын  жалпылаштырып,   тийиштүү түрдө  эң көп упай  алган 400 талапкерди тандап алып, ошондон кийин гана  массалык маалымат каражаттарынын катышуусунда   ошол  400 талапкер менен  аңгемелешүү өткөрүп,   талапкердин көмүскөдө калган  терс жактары, кайсыл бийликке кандай кызмат кылгандыгы, бийликтин камчысын чапкан же чаппагандыгы  боюнча бирин эки талапкерлерди четтетип, алардын ордуна  эң көп упай  алышкан  талапкерлерди  тартат.  

            Талапкерлердин  комиссиялардын жыйынтыгы  менен алып жаткан упайларын жашыруун топтоо бул коррупцияны  жок кылуу.  Кайсыл талапкердин канча упай алып жаткандыгын, дагы  башка комиссиялардан канча упай аларын билбесе  ким ал талапкерге  кепилдик берип,  “сени судьялык кызматка өткөрөм” деп  алдын ала  баалашат.  Ошон үчүн талапкердин алып жаткан упайы  кеңештин  (спецотдел) атайын бөлүмүндө жашыруун сакталып,  аны сактаган кызматкер  кылмыш жоопкерчилиги боюнча катуу эскертиүүгө тийиш.  Судьялык кызматка  бир тыйын бербестен  өзүнүн  билим деңгээли  жана башка жогоруда көрсөтүлгөн сапаттары боюнча келген судья  коррупциядан алыс болот. Ал эми  бирөөлөр аркалуу  акча тыйын аралашып келген судья биринчи күндөн баштап  өзү кетирген чыгымды  чыгарып калууну  ойлойт. 

            Менин максатым,  бийлик алмашкан сайын эле соттордун   кадырлар  маселесине токтоло бербестен бирото ло чекит коюу. Ушундай тандоодон дагы  кокусунан өтүп кеткен судьялар  Соттор кеңеши аркалуу   өздөрүнүн  көрсөткөн жаман сапаттары жана билим деңгээлинин төмөндүгү боюнча  тазаланат. Судьялар кеңеши аркалуу  алар түзүлүп иштей баштагандан бери канчалаган судьялар   иштерине жасаган мамилесинин жыйынтыгы  менен  иштеринен четтетилишти.  Биз ушундай жол менен гана  татыктуунун татыктуусун тандап   жалпы эл – журтубуздун 10 жылдап күткөн  мүдөөсүн толук  ишке  ашыра  алабыз.

            Балким бул менин сунушум  бийлик өкүлдөрүнө, дагы  башка кызматтагыларга  жакпайт. Анткени  татаалдаштырылган мындай тандоо  менен алар  каалаган адамдарын  судьялык кызматка  өткөрө  албай  калышы  толук мүмкүн. Ошон үчүн, ар кандай  шылтоолорду  айтып, “ал үчүн  көп убакыт кетет,  көп каражат талап кылат,  жана  башка ушул сыяктуу  шылтоолор болот.  Бирок  андай  шылтоолорду  четке  кагып, судьялардыÐ ½ корпусун тандоону  биротоло,  кайрадан бул маселеге  кайрылбай  турган кылып бүтүрүшүбүз керек. Акыйкаттык  үчүн эл журтубуздун  өздөрүнүн таап  жаткан  акча- тыйынын өздөрүнөн аяшыбыз  керек эмес.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

16-08-2011
Сотторго карапайым калк канткенде ишеним артат?
131573

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×