Добавить статью
5:27, 21 ноября 2011 7502

Той жөнүндө ой

Бишкекте курулган кафе-ресторандардын саны боюнча Гиннес китебине кирерибиз турган иш. «Мактана» турган ушул рекордго аш-тойго жакын калк экендигизден улам жетишип олтурабыз. Бүгүн той ѳткѳрүүчүлѳрдүн чубалжыган кезегинен баш калаабыздагы сыйоокатканалардын Жаңы жылга чейин ээленгени ушуга күбѳ. Ошентсе да жакында эле «Арал» кафесинде тамак-аштан уулануу болгондон кийин борборубуздагы кафе-ресторандарда тойлорду ѳткѳрүүгѳ мамилени ѳзгѳртүү мезгили келгенсийт. Дароо эле тактай кетели:  ушундай жайларда тойду накта кыргызча ѳткѳрүүгѳ тыюу сала албайсың, анткени бул бизде илгертен келаткан каада-салт. Ушул жааттан ал тургай накта кылмыш иши болгон кыз алып качууну деле алигиче жок кыла албай келатпайбызбы…

Той берүү керек, мында талаш жок. Кайсы кафе-ресторанда ѳткѳрѳсүң, канча киши чакырасың, кандай деңгээлде ѳткѳрѳсүң (кайсы ырчы-артист катышат жана оюн-зоок, ошого жараша приздер болот), бул башка кеп. Бирок Бишкектеги кафе-ресторандарда той бергенде бир нерсе - жылкынын этинен устукан жана бешбармак тартуу ѳтѳ эле артыкбаштык экендигине терең ынанып келебиз. Ушул жааттан жазылган макаланын максаты да ушунда – шаарда бээ сойбостон эле той ѳткѳрүү мүмкүнбү? Анткен менен, карта-чучук, уча, башка устукандар тартылбаган той да тойбу, дегендерди ынандыра алабызбы, кеп ушунда. Айыл жеринде болсо башка дечи, ал жерде тойдо бир эле эмес, бир нече жылкы деле союу кѳнүмүш,башкача айтканда, жараша берет, ал эми Бишкекте тойго союу үчүн айылдан жылкы табуу, аны алып келип союу, этин талаптагыдай бышыруу, анан аны меймандардын алдына койгонго чейин сактоо түйшүгү эле той ээсинин эсин накта оодарарын кѳрүп жүрѳбүз. Ал эми жер тамда эмес, батирде турсаң  –  андан бетер. Эгерде биз, бишкектик кыргыздар, тойго жылкы союу салтын жое алсак, ѳзүбүздүн эле аны ѳткѳрүү түйшүгүбүздү кыйла азайткан болор элек. Албетте, тойлорду кафе-ресторандарда ѳткѳрүүнүн ѳзү аздыр-кѳптүр цивилизизацияга жетишкендигибизди далилдегенсийт. Эң башкысы, ал жерде той ээсине ѳз салтанатын жыйнактуу, бир жаңсыл ѳткѳрүүгѳ мүмкүнчүлүк түзүлүп олтурат. Ал эми тойго жылкы союуну жоюуга жетише алсак, той эсинин түйшүгү андан бетер жеңилдери турган иш.

Айтор, тойду европалыктарча ѳткѳрүүдѳ адатта  акыркы сый тамак - устукандар жана аш тѳрѳсү бешбармак тартылганча эле жайнаган салаттарды ж.б. эске албаганда деле бери болгондо эки ысык тамак алдыга коюлат эмеспи. Демек, «бочке» курсак болсо да толот, тоет. Андыктан акыркы сый тамак бешбармак такай ашыкча. Устукан андан бетер – болгону аны баштыкка салып үйүңѳ кѳтѳрүп кетүүгѳ гана туура келет. Ал эми тойдун эртеси күнү  жылкы эти эскирип, кара «резина» сымал катыйт, анын үстүнѳ кечээги үстѳкѳ-босток тамак-аштан кийин ага табитиң анчейин тартпайт да, андыктан желбестен туруп калат… Ошентип, аны ашказаны мыктылар гана аш кылбаса, мүнѳздѳп тамак ичкендер  жешке даашпайт... Кошуналарды, туугандарды чакырып эле ооз тийгиздиргениң болбосо, устукан  жок жерден эле «коромчу» болот. Ошентип, Бишкек шаарында тойлордо жылкы этин бешбармагы менен кошо тартуу артыкбаш каада-салт. Андыктан окурман менин эмне айткым келгенин түшүнүп калды окшойт: биз тойлор менен эмес, тойдо бээ союуга каршы күрѳшкѳнүбүз туура деп ойлоймун, б.а. эгерде биз тыюу салсак, аны борбордогу кафе-ресторандарында үйлѳрүнѳн бышырып келген этти тартууга салуу абзел.

Бешбармакты кафе-ресторанда даярдала турган дасторкон үзүрүнѳ киргизип, үчүнчү же акыркы сый тамак катары тартса болот. Болгону ага базардан ѳзүнчѳ эт алуу керек да, аны кафе-ресторандын ѳзүндѳ эле бышыртса болот. Ал эми кафе-ресторан тарабынан даярдалган башка сый оокаттарды деле кыргызча тамактардан табыштаса болот да.

Бешбармаксыз да той болмок беле дегендер ынанды бекен? Сиз кандай дейсиз, окурман?!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

17-11-2011
Радио көп, бирок жарытылуу музыкасы жок
10262

05-09-2011
Жер соорусу Жети-Өгүз
11471

14-05-2011
Партиялар парады
20550

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×