Добавить статью
3:55, 14 декабря 2011 150572

Аймактык ММКлар эмне үчүн укук коргоо темасында аз жазышат?

10-декабрь - Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнү

Укук коргоо уюмдары жана укук коргоочулар кыргыз журналистикасында адам укуктары жана эркиндиги темасы өтө аз чагылдырылат деп эсептешет. Алардын пикири боюнча, айрыкча аймактык ММКлар турмушубузда орун алып келаткан адам укуктарынын бузулушу сыяктуу эң көйгөйлүү болгон маселеге кайдыгер карашат.

Анын эң далилдүү мисалы катары 2010-жылдагы июнь окуяларында укук коргоо органдары, жергиликтүү бийлик, армия тарабынан көптөгөн укук бузуулар массалык маалымат каражаттарында чагылдырылган эмес, - деп айтылат бул тармакка мониторинг жүргүзгөн «Южный вектор» социалдык маалымат жана болжолдоо» коомдук фонддун тыянагында.

Бул фонд Улуу Британиянын Кыргызстандагы жана Казакстандагы элчилигинин колдоосу менен «Кыргызстандын түштүк ММКларында адам укуктары жана эркиндиги темасын чагылдыруу» долбоорунун алкагында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы басылмалардын 2010-жылдагы конфликт жана 2011-жылдын июнуна чейинки ишмердүүлүгүн талдоого алган. Мониторингдөө көрсөткөндөй, жергиликтүү гезиттерде адам укуктары жана эркиндиги темасына арналган көрүнүктүү жарыяланмалар болгон эмес. ММКлардын адам укуктарынын бузулуу фактыларына кайдыгердик жана инерттүүлүк түштүк окуяларында адам укуктарынын бузулуу абалынын ачыкка чыкпай же жазасыз калышына алып келди, - деп белгилешет долбоордун адистери.

Долбоордун жетекчиси Светлана Гафарованын ою боюнча, журналисттер укук коргоо темасына аз кайрылгандыктарынын себеби алардын бул тармак боюнча укуктук-нормативдик актыларды, мыйзамдарды, эл аралык келишимдерди жетиштүү билбегендиктерине байланыштуу.

«Ал тургай өзүнүн конституциялык укуктарын жана ММК боюнча КРнын мыйзамдарын билген журналисттер да аз экен. Буга этникалык журналистика боюнча долбоорду жүзөгө ашыруу учурунда ынандык», - дейт С.Гафарова.

Анын айтымында, райондук, кичи шаарлардагы массалык маалымат каражаттарында бул маселе өзгөчө курч мүнөздө. Анткени, эл аралык жана бейөкмөт уюмдар маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин кесиптик чеберчилигин арттырууга багытталган семинар-тренингдерине көбүнчө облустук борборлордо жашашкан журналисттерди гана камтышат. Ал эми алыскы райондордогу, же шаарлардагы ММКлардын кабарчылары укуктук тема боюнча маалыматы аз жана бул багытта билимин өркүндөтүүгө жана жаңылап турууга муктаж.

Долбоордун тыянагында белгиленгендей ММКнын адам укуктары темасына жеткиле¸ кайрылышынаүч тоскоолдук бар:

1.Бул укук коргоочулардын журналистиканы ичтен билишпегендиктери, алардын инертүүлүгү, өзүнүн маалыматтык саясатын туура жүргүзө албагандыктары.

2. Экинчи маселе журналисттерге байланыштуу. Алар адам укуктары жөнүндө аз билишет жана бул тема өздөрүнө кызыксыз, «Ушундан улам окурмандарга да кызыксыз». – деп эсептешет алар.

3. Ал эми үчүнчү көйгөй болсо редакторлордун жана журналисттердин өзүнө кесепет алып келиштен этияттануулары.

Оштогу «Адам укуктары жана демократия борбору» коомдук фондунун жетекчиси Идирисбек Кубатбеков Кыргызстанда акыркы жылдары адам укуктарынын бузулушу көбөйгөн менен бул маселени чагылдырууга белсенген журналисттер аз деп эсептейт. Анын айтымында гезиттердин бардыгы эле коомдук-саясый багытта, ал эми юридикалык- укуктук тармагына басым жасаган басылмалар жокко эсе. «Бул көрүнүш укук темасын юридикалык мыйзамдын так нормалары менен жөнгө салууну талап кылгандыгына байланыштуу болсо керек», - деп билдирди И.Кубатбеков.

Ал эми Ош шаардык «Ош шамы» гезитинин баш редактору Тургунбай Алдакуловдун ою боюнча, адамдардын укуктарынын бузулушун ММКларда алып чыгууга коомчулуктун өзү кызыкпайт. Анткени, гезитте, же телепрограммаларда бул маселе көтөрүлгөн менен көбүнчө андан жыйынтык чыкпай калат, тийиштүү жетекчи органдар тарабынан аны четтетүүгө чара көрүлбөй, күнөөлүүлөр жазаланбайт. Ошондуктан, журналисттердин да, же укуктары бузулган атуулдардын да ММК аркылуу акыйкатка жетүүгө ишеничтери жок.

Чындыгында бул темада чагылдырган журналисттердин өздөрүнү¸ укуктары бузулуп, кысымга жана куугунтукка кабылган калемгерлер аз эмес. Алардын бири «Азаттык» радиосунун кабарчысы Алишер Токсонбаев - көп жолу запкы жеген журналист. Бир нече жолу токмок жеп, же соттошуп, коркутуп-үркүтүүлөргө кабылып, бирок, чындыкты элге жеткирүүнүн, коомдук курч көйгөйлөрдү ашкерелөөнүн жолунан тайбай келатат.

А.Токсонбаевдин пикири боюнча журналисттердин укук темасын чагылдыруудагы башкы көйгөйү алардын укуктук жактан чала сабаттыгына байланыштуу. Сабаттуу журналист бул темада кантип материал жазууну билет жана жазсам бир кесепети тийбесин деп коркпойт.

«Экинчи дагы бир себеби, бул - коррупционерлердин, чиновниктердин коркутуп-үркүтүүлөрү, - дейт Алишер. –Азыркы учурда жетекчилик кызматка тааныш-билиш, же пара берүү жолу менен жеткендер өз милдетин тың аткара албай, аны сындаган журналисттин артынан түшүп алат»

А. Токсонбаев журналисттер бул темада батымдуу жазыш үчүн алар өз укуктарын коргой алышына ишеничи болуш керек деп эсептей. Ал үчүн укуктары бузулган журналисттерге жардам берүүчү профессионал адвокаттар иштеген борбор ачууну сунуштайт.

2011 – жылы Ош шаарында журналисттерге укуктук жактан жардам көрсөтүүчү долбоор менен иштеген жергиликтүү укук коргоочу уюмдардын биринин жетекчиси Айгүл Матиева белгилегендей, маалымат каражаттарынын кызматкерлери кесиптик ишмердүүлүгүндө келип чыккан курч кырдаалда көбүнчө өзүн-өзү коргоого туура келет. Тилекке каршы, бул практика, - дейт Айгул Матиева. Анын берген маалыматына караганда массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү кызыкдар тараптардын кысымына кабылган учурда юристтерден көп деле жардам сурай беришпейт. Же өздөрүнүн укуктарын начар билишет, бирок көпчүлүк учурда алардын бул кырдаалына мыйзам жагынан коргоо болоруна ишеничтери жок. Ошондуктан, журналисттер бир гана өздөрүнө таянышат жана өзүн-өзү катуу цензуралоого мажбур, - деп билдирди А.Матиева.

Быйыл дагы 10-декабрь - Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнү жылдагыдай эле түштүк жергесинде айрым укук коргоочулар тарабынан эске алынбаса жалпы коомчулук тарабынан белгиленбей тынч өттү. Ага караганда Балдарды коргоонун эл аралык күнү, майыптардын күнү, СПИД менен күрөшүүнүн эл аралык күнү сыяктуу башка «күндөргө» арналып коомдук иш-чаралар өткөрүлүп келатат. Адамда эң ыйык бул анын атуулдук, адамдык укугу, эркиндиги эмеспи. Теорияга ылайык, адам укуктары бузулду деп качан гана бийлик, укук коргоо органдары жана башка мамлекеттик кызматтар тарабынан бузулган учурда гана айта алабыз. Укук коргоо уюмдары сурамжылоо жана мониторинг жүргүзүү учурунда түштүк жергесинде Адам укуктары жана эркиндиктери боюнча Эл аралык пактынын төмөнкүдөй талаптарынын бузуулары кездешет: жашоого, эркиндикке жана жеке кол тийбестикке болгон укук; кыйноону колдонууга же адамдык абройду кемсинткен, адамгерчиликсиз мамилеге жана жазалоого тыюу салуу; татыктуу жашоого укук; ден соолукту коргоо укугу; жеке мүлк кармоого укугу; публикалык укук, анын ичинде мамлекеттик кызматка жеткилеңдүүлүк укугу.

Адам эркиндигин жана укуктарын коргоодо ММКлардын ролу өтө чоң экендиги айгине. Журналист качан гана укуктук жактан сабаттуу болгондо бул маселени коомчулукка алып чыга алат. Макаланын баш жагында маалымдагандай азыркы учурда «Южный вектор» социалдык маалымат жана болжолдоо» коомдук фонду Ош жана Жалал-Абад облустарындагы университеттеринин журналистика адистиги боюнча окуп жатышкан студенттерге «ММКларда адам укуктары жана эркиндиги темасын чагылдыруу» курсу уюштурулганы бул маселени чечүүдөгү жакшы саамалык болду десем жаңылашпайм. Болочок журналисттер эки ай бою Акыйкатчынын, укук коргоочу уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен укук тармагындагы мыйзамдык актылар менен маселелер таанышышат. Бирок, бул иш чаралар долбоордун алкагында гана. Ал эми бул калганы өзүбүзгө байланыштуу. Анткени: «Билеги күчтүү болсо кийиз казык жерге кирет».

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×