Добавить статью
8:40, 11 января 2012 31026

Социалдык  мобилизация : тандоо мүмкүнчүлүгү

Кыргыз Респуликасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) коомдогу кыймылдаткыч күчтөрдү элет жериндеги жакырчылыкты кыскартууга көмөк көрсөтүү үчүн аракетке келтирүү максатын койгон. Бул максатты ишке ашырууга келечекке ишенимин жоготуп бараткан элеттиктердин кенебестиги кандайдыр бир деңгээлде тоскоолдук жаратты. Ошондуктан социалдык мобилизация ыкмасы алда канча натыйжалуу болуп саналат: ал тандоо жана өз ыктыяры менен катышуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Адамдар демилгелерди алар качан гана өздөрү жана айланасындагылар үчүн маанилүү экендигине ынанганда гана колдойт эмеспи. Буга далил – АРИСтин айыл-чарба инвестициялары жана кызмат көрсөтүү Долбоорунун алкагындагы жайыт комитеттеринин жана фермерлер кошуундарынын ишмердүүлүгү.

Шыктандырчу күчтөрдү туура табуу – мына ушул башкы идея

- Мен буга өз тажрыйбамда, АРИСтин айыл-чарба инвестициялары жана кызмат көрсөтүү Долбоорун жаңыдан гана ишке ашыра баштаганда ынандым, - дейт Талас районунун Кара-Суу айыл округундагы жайыт комитетинин төрагасы Улан Баратов. – Фермерлерге жайыт комитеттерин уюштуруу, алардын иш багыты тууралу алгач маалымат таратып баштаарыбыз менен “элеттиктерден түшкөн каражат кимдир-бирөөлөрдүн чөнтөгүнө кетпейби” деген сыяктуу суроолор берилип, деги эле жайыт комитети эмне болгон структура деп кызыгышты. Ошондуктан АРИСтин кошуундарга колдоо көрсөтүү боюнча эксперттери менен бирдикте түшүндүрүү иштерин мурда колдонулган, ишенимдүү болгон “социалдык мобилизация” ыкмасынын негизинде жүргүзүүнү чечтик.

Менимче, шыктандырчу, дем берчү күчтөрдү туура табуу - ушул башкы идея. Адамдар эмнени каалаганын, ага жетүүнүн жолун так билип, биргелешкен аракеттин зарылдыгын түшүнүү менен ар ким өз катыштыгын баалай билсе – койгон максатка жетүү алда канча жеңил болот.

Өзүңүздөр баалап көргүлө, мурда жайыттар үч структуранын: айыл өкмөтү, райондук жана областтык мамлекеттик администрациянын карамагында эле. “Койчусу көптүн кою арам өлөт” деген жакшы макал бар. Анын сыңарындай, жылдан жылга жайыттардын абалы начарлап, жайыт инфраструктурасы кыйрагандан кыйрап баратты. Эми болсо жайыттардын абалы үчүн биз өзүбүз жооптуубуз. Алгач биригүү демилгеси колдоого ээ болбой жаткан болсо, азыр бизди колдогондор арбын, - дейт Улан Шейшенович.

-Ооба, жүрөктү ооруткан көрүнүш болуп калган эле. Акыркы 20 жылда жолдор, көпүрөлөр, каптаждар, жайлоолордогу мал сугарчу жайлар керектен чыгып, бул көрүнүш эч кимди түйшөлтпөй калган кейиштүү абалга келгенбиз, - деп Улан Баратов сөзүн улады. – Азыр кожоюн - фермерлер, алар жайыттарды пайдалануу үчүн акы төлөшөт, албетте, өзүбүздүн колдо каражат бар. Бул каражатты жайыттардын абалын жакшыртууга, тартипти орнотууга жумшап жатабыз. Биз убак-убагы менен жайыт пайдалануучуларга жасалып жаткан иш тууралуу маалымат берүү менен келечекте аткарылчу иштердин багытын биргелешип аныктайбыз.

Биз тууган жердин чыныгы ээси боло билүүнү үйрөнүшүбүз керек

- Биз ата-бабадан калган жайыт жерлерине ээ болгонубузга кубанычтабыз, - деп баса белгиледи Авлетим айыл округундагы жайыт комитетинин төрагасы Масалбек Токтоболотов. Эми биздин негизги милдет – аларды кыргыздардын жерге болгон, жайытка болгон салттуу мамилесинин негизинде коргоого алуу. Бул демек – жерди мал туягына ашыкча тебелетпей, жайыт алмаштырып туруу. Биздин бабаларыбыз чөп бышмайынча эч качан жайытка мал айдап чыккан эмес, себеби малдын туягы жер кыртышына таасир тийгизет, демек чөптүн тамырына зыян. Чөп бышып, жайыт толукшуп турганда мал жайылса – эч кандай зыяны жок.

Жайытка чыкчу малдын эттүүлүгү эң ириде жайыт чөбүнүн сапатына байланыштуу, - деп түшүндүрө кебин улады М. Токтоболотов. – Витаминге, минералдык азыктарга (фосфор, кальций, магний ж.б.) жана белокко бай жаш чөп баалуу тоют болуп эсептелет. Алыскы жайыттар малдын эттүүлүгүн, азыктуулугун гана арттырбастан, арзан тоют да болуп эсептелинет, натыйжада мал чарба азыктарынын өздүк наркы төмөндөйт. Буга кошумча жайытта кармалган малдын организминин ар кыл илдеттерге каршы туруштук берүүсү артып, эрте ирденет, тукуму жакшырат. Жайыт жаш малды багууда өзгөчө мааниге ээ. Койду жакшы жайытка жайса, козулар ири болуп, жүндүн сапаты да жакшырат.

- Биздин жайыт пайдалануучулар биримдиги иштеп баштаган кыска убакыт ичинде аздыр-көптүр ийгиликтерге жетиштик. Бирок, алдыда аткарчу иш али да болсо көп, - деди Масалбек Токтоболотов.- Негизгиси – адамдардын жайытка болгон мамилесин өзгөртүп, алардын атуулдук жигердүүлүгүн ойготуу. Биз кайрадан колдо бар жер аянттарын пайдаланууну үйрөнүп, талкаланган жайыттарды калыбына келтирүүнүн үстүндө иштеп жатабыз.

Кыргызстанда атайын өстүрүлгөн тоют чөптүү жайыттар – бул куру кыял эмес, ишке ашчу ой-максат

Буга чейин Ново-Павловканын көптөгөн тургундары экономикалык жактан өнүккөн колхоздо эмгектенишкен, ар бир үчүнчү-төртүнчү үй-бүлө мал кармаган. Чарбада өзгөчө сүттүү уй көп эле. Ошондуктан Жайыт комитетинин мүчөлөрүнүн алдында айылдаштары негизги милдетти – биринчи кезекте жайдыр-кыштыр уй жайгыдай жайыт маселесин чечүү зарылдыгын коюшту. Атабек Осмонович адис катары саан уйдун көптүгүнөн, жайлоо менен кыштоо аянтынын тартыштыгынан бул маселени чечүү оңойго турбастыгын түшүндү.

Жолду баскан арбытат демекчи, жооп да өз убагында келди. Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында Атабек Алыбаев Канадага Дүйнөлүк банктын колдоосунда тажрыйба алмашууга чакырылды. Канадада ал ар бири 50 га аянтты ээлеген атайын өстүрүлгөн тоют чөптүү жайыттарды көрдү. 

- Биздегиден айырмаланып, Канадада түз жайык жерлер көп экен. Бизде - Чүй өрөөнүндө түз жерлер жылдан жылга имарат курууга көп берилип жатат. Бирок ушундай шартта да Чүй өрөөнүндө атайын өстүрүлгөн тоют чөптүү жайыттарды жаратып, миңдеген малды жайса болот, - деген оюн Алыбаев АРИСтин кызматкерлерине билдирди. Кайтып келип, райондук администрациянын жетекчилиги менен жолугушуп, райондо ушул долбоорду ишке ашырууну сунуштады. Адистер Ново-Павловка айылына чектеш жерден сунушталган жер тилкесин, анын мал кармоого шартын, аймагын карап көрүшүп, долбоорду иш жүзүнө ашырса болот деп колдошту. 

Маселени изилдөөгө Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү айыл-чарба министрлигинин жайыттар Департментинин адистери менен биргелешип аралашып, ал жердеги топурактан изилдөөгө алышты.

Биздин бул аймакта 70 гектарга жакын түз жайык жер орун алган, - деп маегин жандуу улантты Атабек Алыбаев. Талаа аркылуу суу агып өтөт, анда көлмө да бар. Жакын жерде кой сарайлар да жайгашкан. Эгер 70 га жерди 10 гектардан бөлсө, анда анын биринде беш күндө 500 уйду жайса болот. Ал эми жердин калган бөлүгүн бул убакта сугарып, кошумча минерал заттары менен семиртиш керек. Ошентип, ар 10 га жер 30-35 күндөй эс алат, бул убакыт жерди калыбына келтирүүгө жетиштүү. Ушундай ыкма менен биз бул жайытты жылына апрелден октябрга чейин саан уйларды жаюуга пайдалансак болот, - дейт Ново-Павловка жайыт комитетинин төрагасы.

Бүгүнкү күндүн талабына ылайык биз фермерлерди рынок мамилелеринде иш алып барууга үйрөтүүчү мехнизмдерди табышыбыз керек. Менимче, жайыт комитеттеринин негизги милдеттеринин бири – жаңы, элге пайдалуу идеяларды таап, аларды элеттиктер менен биргеликте Мекенибиздин кызыкчылыгында турмушка ашыруу.

Келечекке ишеним менен

Элет жериндеги учурдун эң көйгөйлүү маселеси – жумушсуздук экендиги белгилүү. Мурда эл негизинен колхоз-совхоздордо иштеп келсе, азыр алар жок. Бул социалдык курч маселени чечүүнүн бир жолу – фермерлик чарбаларды өнүктүрүү. Ушул максатта АРИС Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен эки жылдан бери айыл-чарба инвестициялары жана кызмат көрсөтүүлөрү Долбоорунун 2-компонентин ишке ашырып келатат. Бул долбоордун алкагында республика боюнча фермерлердин кошууну – тигил же бул айылдык кеңештин аймагындагы фермерлердин бирикмеси түзүлүүдө. Алардын ишмердүүлүгү фермерлик чарбалардын өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталат. Бул долбоор Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунда да натыйжалуу иштеп жатат.

Базар-Коргон айыл округундагы фермерлердин Кошуунунун жетекчиси Рабия Эргешова төмөнкүлөрдү айтып берди:

- 1992-жылдан тартып мен элет жерине жана айыл-чарбасына көмөк көрсөтүү тармагында алектенген өкмөттүк эмес уюмдарда иштеп келдим. Бирок күнүмдүк иштин түйшүгү башталгандан кийин милдеттерге тереңирээк баа берип, Кошуун кеңешинин аткарчу вазийпасы маанилүү жана жоопкерчиликтүү экенин толук аңдап-түшүндүм.

Биз ар бир айылда бир нече фокус-топторду түздүк. Маселелер жетиштүү эле, маселелердин бардыгын болбосо да, негизгилерин чече ала тургандай иштин натыйжалуу багыттарын аныктоого аракет кылдык.

Жергиликтүү фермерлердин курч көйгөйү – кайра иштетүүчү ишканалар менен байланыштын жана маркетингдин жоктугу. Бул негизинен калктын сатып алуу мүмкүнчүлүгүнүн төмөндүгү жана кошуна мамлекеттердин рыногу менен байланыштын жоктугу менен түшүндүрүлөт. Анан дагы жеке сатып алуучуларга майда өндүрүүчүлөр менен иштеш кыйын. Ошентип, майда фермерлер продукцияны канчалык көп өндүрбөсүн аны сатып өткөрүү кыйынчылыгын баштан кечиришет.

Бирок, эң чоң маселе – фермерлердин көпчүлүгү тажрыйбасыз, кесиптик даярдыгы жок. Чарба жүргүзүүнүн салттуу формалары совет доорунда дээрлик унутулган, ал эми колхоз-совхоздордун өндүрүү ыкмасы майда фермерлик чарбаларга туура келбейт. Фермаларды өз алдынча ийгиликтүү жетектеп кете турган адистер өтө аз. Кесиптик-техникалык окуу жайлар тилекке каршы айыл-чарба тармагындагы адистерди окутпайт. Ошондуктан биз чакан чарба жүргүзгөн жана майда фермерлерди окутууну биринчи кезектеги милдет деп аныктадык. Фермерлерди окутууга жана аларга консультация берүү ииш-чараларына АРИС 182 миң сом бөлгөн.

Фермерлик чарбалар өндүрүштү материалдык-техникалык жактан жабдуу, айыл-чарба техникасын лизингге берүү жана техникалык жактан тейлөө, фермерлерден даяр продукцияны сатып алуу, аны кайра иштетүү, сатуу менен алектенген бир канча кооперативдик компанияларга бириккен Даниянын мисалын үйрөнсө болот. Мындай система ортомчулардын таасирин жоготуп, фермерлерге кардарды өздөрү тандоо мүмкүнчүлүгүн берет. Өлкөдөгү дээрлик бардык фермерлер бир же бир нече кооперативдин ээси болуу менен рыноктогу бааларга таасир этип, кирешеден үлүшүн алат. Өлкөнүн агро-өнөр-жай комплексинде 300дөй кооперативдик бирикмелер, союздар, ишканалар жана ассоциациялар бар. Булар мамлекеттик, регионалдык жана жергиликтүү деңгээлдеги фермерлер тарабынан түзүлгөн.

Биздин бирикменин да келечеги кең деп ишенебиз, үмүтүбүз бар. Фермерлердин кошууну айыл-чарбасында эмгектенгендердин кызыкчылыгын иш жүзүндө коргогон институт катары жакында гана түзүлдү. Ошого карабастан, алар турмушка керектигин далилдей алышты. Экономиканын өнүгүүсү негизинен агрардык сектордогу жетишкендиктерге байланыштуу болгон Кыргызстанда фермерлердин Кошуундарынын мааниси жана ролу өсө бермекчи деп ишенем.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×