Добавить статью
11:39, 31 января 2012 60651

Тил – бул мамлекет туткасы!

Кыргызда: “Жакшылыкка жакшылык –

Ар адамдын белгиси.

Жакшылыкка жамандык –

Көр адамдын белгиси.

Жамандыкка жакшылык –

Эр адамдын белгиси..” – деген бир накыл кеп бар.

Бирок, бул изги накыл кеп унутта калгансыды. Кийинки кездерде башка улуттардын этегине намаз окуп, өз эне тилин сатканды өнөр көрүп алган, өздөн чыккан жаттар – маңкуртбайлар көбөйүп баратканы бир өкүндүрсө, кыргыз топурагында төрөлүп, торолуп алып, анан Кыргызстандын жок болушун каалаган койнунда котур ташы бар туз ургурлар да арбып, ошолор кыргыздарды басмырлап келе жаткандыгы экинчи ирет жан кейитет. Алар Кыргызстанды жок кылыш үчүн кыргыз тилин жок кылууга жандалбасташууда. Буга мисал тартсак, кечээ эле Кыргызстандын Президенти болгусу келип, шайлоодо өзүнүн талапкерлигин да коюп жүргөн, “МК Азия” гезитинин башкы редактору Улукбек Бабакулов кыргыз тилине жан тарткан депутаттарды: “Парламентарии Кыргызстана сродни священным коровам.”- деп ынды кунаажындарга теңеп салган. Баам салып карап көрсөңүз чынында да У.Бабакулов эң шок эркин кабарчы экен. Эми “эң шок эркин кабарчы” – деген сөз тизмегин баш тамгаларынан эле кыскартып алсак, ага эч ким таарынбайт. Анткени У.Бабакулов дал ошондой эң шок эркин кабарчы болсо, анан эмне демек элек. Баса, анын үстүнө, редактор мырза парламентарийлер менен индиялык кунаажындарды кандайча байланыштырганын биз билбейбиз, бирок, биз тактай кете турган нерсе, “эң шок эркин кабарчы” – деген фразанын кыскартылган сөз тизмегинин баш тамгаларынан куралган сөздүн узун кулак, чулу туяк, айкырчаак жаныбар менен эч кандай байланышы жок. Анын үстүнө ал узун кулак, чулу туяк, айкырчаак жаныбарды өз атынан атап “эшек” – деп жазсак, анда “ш” тамгасынан кийин келген тамга тескери “е” менен жазылат. Ал эми У.Бабакуловго ыйгарылган – “эң шок эркин кабарчы” деген эпитетте болсо оң “э” жазылат. Демек, ЭШЭК деген сөздө эч кандай тескери ой жок. Биз оболу ошону түшүндүрө кетели дедик.

Эми маселенин маңызына өтсөк, өлкөбүздүн мамлекеттик тили болгон кыргыз тилинин ролун көтөрөлү деген депутаттарды айыпка жыгуу эң жумшак айтканда жүзүкаралык. Кыргызстандын эл өкүлдөрү болгон парламентарийлер ушул мамлекеттик трибунадан туруп мамлекеттик тилде сүйлөбөгөндө, эмне, мал сарайларга барып сүйлөйбү?.. Мамлекеттик тилдин беделин ошол эл өкүлдөрү көтөрбөгөндө, эмне, Кыргызстандын экиге бөлүнүп, кыйрап калышын күтүп жүргөн кутумдар көтөрөбү?

Эгер парламентарийлердин баары депутат А.Кочкорбаев айткан төөкушка окшоп башын кумга тыгып коюп тура берсе, анда бүгүн өзү кыргыз жеринде жашап туруп, анан “кыргызча сүйлөйлү” деп койгон депутаттарды беттен алып жаткан кара долулар эртең Кыргызстанды кыйратып кирбейт деп ким кепил боло алат? Өзүңөр ойлоп көргүлөчү, Өзбекстандын парламентиндеги депутаттар “өзбекче сүйлөйлү” – деп өтүнүп турушу мүмкүнбү?..Жок! Бул “жаман үйдү коногу бийлейт” – деген эле кеп.

Чынында, Кыргызстан тээ А.Акаев доорунда эле “общий домго” айланып, анан мамлекеттик тил болгон кыргыз тилинин үстүнө расмий тил катары орус тили мингизилип, дал ошол бойдон кыргыз тили азырга чейин жайланып, мамлекеттик тил деген статусу болсо да, мамлекеттик трибуналарда сүйлөнбөй, көчөдө сандалып келе жатат. Ырас, Р.Отунбаева Президент боло калган учурда “Кыргызстандыктар кыргыз тилинде сүйлөсө, көп улуттуу элибиз жакындашат. Тилди түшүнгөн эл дилди да түшүнүп, өлкөдө туруктуулук, тынчтык камсыз болот.”-деген бир жакшы жышаан башталган эле. Ал жакшы саамалык ошол башталган бойдон эле ташталып калды.

Ооба, биз орус тилин үйрөнүүнү өнүктүрүшүбүз керек. Бирок, мамлекеттик тилди, башкача айтканда, кыргыз тилин жоготуунун эсебинен эмес. Дагы тагыраак айтсак, биз орус тилинин беделин төмөн түшүрбөстөн, аны эл аралык тил болгон англис тили менен тең коюп, мындан да терең өздөштүрүшүбүз керек. Англис тилин эске алып жатканымдын себеби, эгер кыргыздар, жеке эле кыргыздар эмес, жалпы эле кыргызстандыктар англис тилин өздөштүрө билсе, дүйнөнүн бардык өлкөлөрү жана элдери менен кең-кесири маектеше алат. Анын үстүнө азыр дүйнөдө болуп жаткан бардык илимий ачылыштар жана искусствонун табылгалары алгач англис тилинде жарык көрөт. Анан ал бизге орус тили аркылуу которулуп, “биз тооктун сорпосунун сорпосун ичип” калып жатабыз. Андыктан, эгер расмий тил эле керек болуп жатса, англис тилин да расмий тил катары үйрөнсөк, анда урпактарыбыз көп утуштарга ээ болот.

А орус тилин болсо биз чынында социализм учурундагыдан кыйла жакшы өздөштүрүп жатабыз. 1990-жылга салыштырсак азыр өлкөдө орус тилиндеги мектептер азайган жок, тескерисинче көбөйүүдө. Орус тилиндеги телекөрсөтүү, радио, басма сөз каражаттары да көбөйдү. Интернет аркылуу да орус тили өркүндөп жатат. Демек, жаштар орус тилин билбей калып жатат деген интеллигент сөрөйлөрдүн чирик саясаты да суу кечпейт. Алар өздөрүнүн балдары эне тилин билбей калгандыктан, орус тилге желимдей жабышып жатышат. Чет элдиктер деле алты айда кыргыз тилин үйрөнүп кетип жаткандыктан, андан көрө алар балдарына өз эне тилин үйрөтүшсө болмок. Же кайсы заманда болсо да кресло кучактап олтурган ал эргулдар улуту башка, кыргызга душман, “кой терисин жамынган карышкырларбы?” Эгер алар кыргыз болсо жана кыргызга чын эле күйсө, анда миллиондогон кыргыздар Орусияга жутулуп, орус болуп кетип жатканын көрбөй турушабы? Алардын балдары кыргызча билбей калган соң, демек алардан биротоло кол жууп жатабыз. Мындайда ошол интеллигент сөрөйлөр орус бийлигине орус-кыргыз параллел мектептерин ачуу боюнча сунуш киргизели, кыргыз тилинин келечеги коркунучта деп озондосо болмок.

Аттын кашкасындай аз кыргыз эмес азыр чындаса чоң Оруссия да тил маселесинде кооптонуп, ошол чоң державанын Премьер-министри В.В.Путин да: ”Самоопределение рускоого народа это полиэтническая цивилизация – скрепленная русским культурным ядром. Известны, где уже целые поколения живут на социальные благи той страны, - и не говорят на языке страны проживания. Ответная реакция на такую модуль поведения – рост ксенофобии среди местного коренного населения, попытка резко защитить свои интересы, люди шокированы агрессивным давлением на свои традиции, привычный жизненный уклад и всерьез опасаются угрозы утратить национально – государственную идентичность. Носители другой культуры должны либо раствориться в большинство, либо остаться обособленным национальным меньшенство – пусть даже обеспеченным разнообразными правам и гарантиями. А фактически – оказаться отлученным от возможности успешной карьеры.”-деп айтып жатат. Демек, кыргызстандык болуп жашап, мамлекеттик кызматта карьера жасагың келсе, анда кыргызча сүйлөө керек.

Андыктан, биз мындай жагдайда мамлекеттик тилди колдоп, анысы үчүн мамлекеттик тилдин, башкача айтканда мамлекеттин душмандарынан ачуу сөздөрдү угуп жаткан А.Кочкорбаев, К.Абдиев, Н.Нарматова, У.Аманбаева сыяктуу депутаттарга алкоо айтсак жарашат.

Өзү улуттук идеологиянын маңызы бул – Кыргызстандын түбөлүк жашашы жана гүлдөп өнүгүшү үчүн кам көрүү. А Кыргызстандын мамлекеттик туткасы – бул кыргыз тили. Эгер биз кыргыз тилин сактасак, анда Кыргызстан сакталат! Демек, кыргыз тилинин ролу өссө, анда Кыргызстандын баркы жогорулайт. Андыктан, биз ар бирибиз “Мен-Кыргызстандыкмын!”-деп сыймыктангандай бололу. Ураа патриот болбостон, жашоого реалдуу карап, жалаң эле кара баштын эмес, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлойлу. Өзүбүздүн жеке кызыкчылыгыбыздан мамлекетти сактап калуу жана өнүктүрүү идеясын бийик туталы.

Ал эми У.Бабакуловго окшогондорго айтаарыбыз, кыргызда: “Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө!”, “Ойлонбой сүйлөгөн онтобой ооруга жолугат” - деген кеп бар. Эгер Кыргызстанга оюңар түз болсо, өлкөнүн өнүгүшүнө чын эле салым кошкуңар келсе, анда мамлекеттик тилди үйрөнгүлө. Анан барып мамлекеттик кызматта иштөө тууралуу ойлонгула. Президент болуудан мурда адам болгула, Кыргызстандын чыныгы патриоту болгула!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×