Добавить статью
9:04, 15 февраля 2012 56949

Өлкө ресурстары - элдин ресурстары

Кен байлыктар: Кечээ, бүгүн жана эртең

Нарын облусунун аймагы түрдүү кен байлыктарга бай. Кара, түстүү, сейрек жана баалуу металлдар, таш көмүр, курулуш материалдары, асыл жана кооз таштар, ысык жана минерал суулар. Алардын айрымдары казылып алынып эл чарбасына кеңири пайдаланууда.

Нарын облустук акимчиликтен алынган маалымат боюнча, өткөн жылдын октябрь айына карата дубан боюнча кен байлыктарды чалгындоо, изилдөө, казуу тууралуу 66 уруксаат бата кагаз (УБК(лицензия)) берилген экен. Алардын алды 1997-жылга, эң соңкулары 2011-жылга таандык. Айрым УБКлардын 2011-жылы эле мөөнөттөрү аяктаса, кээ бирлериники 1930-жылга чейин туура келет. Мындан үч гана УБК 2005-жылга чейин берилген болсо, 2005-жылдан 2010-жылдын май айына чейин 42 УБКга алакан жайылыптыр. Калган уруксаат бата кагаздар убактылуу, техникалык жана А.Атамбаев жетектеген өкмөт маалында берилгендер. Алар негизинен көмүр, минералдык суу, мрамор, алтын, мунай жана газ, гипс, уран, темир, молибден, күмүш, вольфрам, тантал, жез, сурма, туз ж.б.кендерге ак бата жолдонгондор.

Союздан калган заркынды

Нарын облусунун аймагындагы кен байлыктардан кара алтындын маанилүүлүгү өзгөчө орунду ээлейт. Маселен 1982-жылга чейин Ала Тоо аймагы боюнча 35 көмүр кени табылып, анын он беши толук иштеп, жетөөндө чалгындоо иштери жүргүзүлсө (КСЭ,1983-ж), учурда бир эле Нарын облусунда көмүр казууну 13 ишкана жүзөгө ашырып, дагы экөө чалгындоого киришип, дагы экөө жаңы иштесемби деп шымаланып турган кербездери. Жумгал районундагы жалпысынан Кабак көмүр району деп аталган тоо кыркаларынын 75 чакырым аралыгында эле 5 млрд тоннага чейин кара алтын уюп жатат. Ал эми кечээки Кеңеш өкмөт доорунда азыркы Кара-Кечени айтпаганда да бир эле Миң-Куш тараптан жылына 400 миңден ашуун тонна көмүр казылып турган экен. Союз маалында Теңир Тоо жергесинен көмүрдөн сырткары Нарын районунун аймагындагы Кум-Бел кени 1940-жылдарда ошол учурдагы ыкма негизинде, демек кустардык жол аркылуу вольфрам алынып, алтын чайкала баштаган. Кочкор районунан Туз казып алуу кеңири ишке ашырылган. Ошондо эле Жетим Тоодогу темир, Сандыктагы алюминий, Бөйрөк туз, Солтон-Сарыдагы алтын ири кен байлыктар бардыгы кандайдыр бир абалда изилденип, молдуулугу аныкталган. Булардан сырткары Соң-Көл тарапта жездин, Ак-Сай жана Мүдүрүм өрөөндөрүндө калайдын, Ортоңку Теңир Тоодо (Нура, Кичи Нарын өрөөндөрү) жана Какшаал кырка тоосунда сурьманын, Кабак-Жетим, Ат-Башы-Борколдой аймактарында сымаптын, Ат-Башыда алмаз менен платинанын, Куланак айылына жакын жерде гипстин, Кара-Кужур өрөөнүндө таза мрамордун, Жетим Тоодо марганецтин ж.б. ондогон тоо кендери бар экендиги изилденген. Бирок ал доордо алтын алуу, темир казуу боюнча эч качан ачык кеп болгон эмес. Тек Жетим Тоого улагалаш жайгашкан Эки-Нарын айылына 2000-жылдары суу электр бекети (СЭБ(ГЭС)) курулат экен деген гана аңыз сөз жергиликтүү эл оозунда айтылып калаарлыгы эшитилчү.

Башталат баары майдадан…

Ошентип ата-бабадан айтылып келген бул улуу кеп кыргыз эли Эгемендикке жеткенден кийин унутта калтырылды. Иштин маңызы талдалып, сүйлөшүлүп, жөндөлүп, ырасталып айтор жети өлчөп бир кесилбестен эле аттын оозу коё берилди. Натыйжада алгач жергиликтүү, бара-бара сырттан «инвестор» деген адамдар тобу колу жеткен кен байлыктарды ээлегенге далбасташты. Эң өкүнүчтүүсү жер алдындагы баалуу байлыктарды алуу жараяны жүрө-жүрө бир ууч топтун кызыкчылыгы үчүн кызмат кылып, жыйынтыгында кендер «кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты» акыбалында казылууга өттү. УБКлар көрүнө да, көмө да жогору жактын буйругун негизинде 300 сомго ыроолонуп, ак баталар арналып турду. Мындай делбе саясаттан улам Кыргызстанга жер үстүндөгү дээрлик «эки жүздүү» кенчилер агылып келгенге ашыгышты. Дүйнөдөгү эң ири алтын кендүү Кум-Төр кайра-кайра калчалып, акыры Кыргызстанга түшүүчү киреше бөлүгү болуп көрбөгөндөй төмөндөтүлгөндөн кийин Ала Тоо аймагына сырттан жем издеп келгендер саны арбыды. Жыйынтыгында кыргыздын ар бир кокту-колотун биздеги «киргиз» сөрөйлөрдү чет өлкөлүк, асырэсе кытайлык жарандар колтукташып, аралап басып калышты. Алардын ишмердүүлүгү негизинен мыйзамсыздыкка ыкталып, каалагандай кен казууга мүмкүнчүлүк ала алышты. Айлана чөйрөнү коргоо, экололгиялык абалды сактоо көз жаздымда кала берди. Чырылдаган элдин, адистердин үндөрү кулактан сырткары кетип турду. Акыры көмүскө саясаттын көмөлдүрүгү менен куюшканы бошоп, басмайылы үзүлүп түштү. Белгилүү болгондой акаевдик кен казуу жараянын экинчи бийлик ырааттуу улантып, андан ары карай күчөттү. Көптөгөн алашемдиктерден бир эки ооз сөз.

Ысабек Абдыгазиев токой коргогон бирден бир адис. Анын балалык кездери атактуу Ак-Сай өрөөндөрүндө өткөн. Кулундар менен жарышып жүргөн жерлерине кийин шартка жараша узак жыл барбай калып, Ак-Сайда болуу туз насиби 2004-жылы буюрат. Буюрганы менен Ысабек Ак-Сайдан ыйлап келет. Көрсө Кызыл-Булак деген ажайып өрөөн аңтарыла казылып, шалбалуу боорлор бырчаланган экен. Жүздөгөн гектар жерди казгандар андагы атактуу «Мээрим» коруна тиешелүү экендигин угуп аргасыз жаагы жабылат. Айтмакчы эч кандай УБК албастан эле жөн эле келип казгандар болгондугун ошол Кызыл-Булак далилдейт. Мындай көрүнүштөр Кыргызстан боюнча канча болду?

Экинчиси, белгилүү Жетим Тоодогу темир кендеги кырдаалдар. Кытайлык компания мыйзамсыз иштеп жатат, жардыруу кылууда деп канча айтылса дагы, акырында жергиликтүү эл козголсо дагы бакиевдик бийлик укмаксанга салган. Бирок губернатор болуп Өмүрбек Суваналиев келгенде чалгындоо токтотулуп, 2009-жылы Жети-Өзгүз району аркылуу жашыруундуулукта киргизилген. Анда дагы генерал- губернатор өзү ат менен Чоң Нарын капчыгайын өрдөп барып кытайлыктарды кууп чыкканга аракет көрүп, акыры алар кетүүгө аргасызданышкан.

үчүнчүсү Солтон-Сары, Кум-Бел кен байлыктарына дагы ичтен да, сырттан да иштеймин дегендер киргизилген. Бирок мында деле жергиликтүү калктын үнү эч жерге угулган эмес. Жыйынтыгында жогорку мамлекеттик бийлик менен эң төмөнкү катмардагы калктын ортосунда ишенбөөчүлүктөр пайда болуп, өлкөнүн тоо кендерин чалгындоо жана иштетүү тууралуу бийликтин саясаты оорлошкон. Иш түзүмү туңгуюкка кептелген. Мындай алашемдиктерди санай берсе эсеп жетпейт.

Күндө туусам күндө жок…

Эгерде 2005-жылдын март ынкылабында жана андан кийин эл арасында соода жайларды талкалоо, басып алуучулук, мөөнөтсүз митинг, пикеттер жайылса, 2010-жылдын апрель ынкылабынан соң мурдакылардан сырткары жергиликтүү калк тарабынан тоо кен ишканаларга чабуул күчөдү. Аларга карата карама- каршылыктар кеңири кулачын жайды. Буга далил катары Нарын облусунун Нарын районунун аймагындагы Солтон-Сары, Кум-Бел кендериндеги окуяларды атаса болот. Учкай кеп кылганда 2011-жылдын 1-август күнү Нарын районундагы Жерге-Тал айыл округунун жарандары Кум-Белге барышып, ал жерде иштеп жаткан үч фирманын унааларын тартып алышып, айылга алып келип күрөөгө кармашкан. Негизги талаптары: агын суу май аралашып агып келүүдө, жайыттар талкаланууда, Кум-Белде иштеген жоопкерчилиги чектелген коомдор (ЖЧК) эмне менен алектенип жаткандыгын ачык айтышпайт, айткан убаларына турушпайт. Ал эми Солтон-Сары жайлоосундагы алтын чыккан жерлерге өткөн жылдын 26-август күнү бир нече ондогон унаалар менен Нарын районундагы Эмгекчил айылынын 300гө жакын тургундары барышып, ал жерде жүргөн кытайлыктарга кол салышып, милиция кызматкерлерин токмоктошкон. Башкы жүйөөлөрү: эмне үчүн «Кыргызалтын» биздин жерден алтын алып, элге жардам бербейт, ошондуктан алтынды өзүбүз алышыбыш керек деген такилик. Мындай кырдаалдар жогору тараптарга чейин жетип, акыры Алмазбек Атамбаевдин өкмөт учурундагы КРнын Жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенаманов окуя болгон айылдарга келген. Ал касиеттүү кыргыз жеринде 1200гө жакын аймагынан алтын бар экендиги аныкталгандыгын, азыркы баалоо боюнча жер алдындагы да, жер үстүндөгү да кен байлыктардын куну 500 миллиар доллар турарлыгын, өлкөнүн ички дүң өндүрүмүнүн 42 пайызы тоо кен иштетүүгө туура келерлигин шарданалаган. Ошону менен катар Кыргызстанда 20 жылда 998 УБК берилгендигин, өздөрү иштей баштагандан тарта анын 250сүн кайра кайтарып алгандыктарын ошол жолугушуу жыйындарда кеп кылган.

«Мен биздин эл эмне үчүн жарды деп ойлоном. Көрсө 20 жылда бир Кум-Төрдөн башка көзгө көрүнөрлүк кендерди иштете албапбыз. Экинчиси лицензиялар (УБК) жең ичинен берилген. Ал эми фабриканы куруулар айылдарга жакын жайгашкан эмес. Тоолуу жерлерге ишканалар ачылбаган. Эл да, мамлекет да алардын арзыбаган салыктары менен гана чектелип калышкан»,-деген андагы министр З.Эсенаманов. Бирок «күндө туусам күндө жок, күндө жылаан жеп кетет» деп мунканган жаныбар сымал бийлик канчалык кеп кылбасын жер-жерлерде тоо кен байлыктарына, айрыкча алтынга болгон талашка толук чекит коюлган жок. Анткени бийлик менен элдин ортосунда ишенбөөчүлүктөр туу чокусуна чейин жетти. Бир мисал, ошол эле З.Эсенаманов мырза ошол эле август айында «Тазабек» аттуу сайттык басылмага маек куруп, анда Жетим Тоодогу темир, Сандыктагы алюминий жана Терек-Сайдагы алтын кен байлыктары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жана Балыкчы-Торугарт темир жолдорун куруу үчүн инвесторлорго берилет деп балп эттирип, калктын кыжырын кайнаткан. Натыйжада мурдакы бийликтердин тоо кен тармактары боюнча алашем жана ыраатсыз жасап кеткен саясаттары улам кийинки бийликтин кокосуна канжар болуп кармалып, жаңы бийликтер кандай ыкмада кен байлыктарды иштетүү керектигине баш оорутуп турган кербездери. Мында түйүндүн чечилиши тараптардын «керкисине дагы, кемигине дагы» барып такалары айныгыс чындык.

Тирешүүнүн жагдайлары

Мындай караса Ала Тоонун кен байлыктары үч киттин ортосунда талашууга калгандай. Биринчиси сырткы дагы, ички дагы инвесторлор, экинчи мамлекеттик бийлик жана үчүнчүсү жергиликтүү калк катмары. Демек улуу Крыловдун тамсилиндеги араба тартыш бүгүнкү Кыргызстандын тоо кендериндеги кырдаалга куп жарашып турат. Ошол инвестор менен бийлик биригип бата кылгандан кийинки аракеттер жергиликтүү элге таанылбай жатат. Мында эң башкы терс көрүнүш катары эки өңүт, биринчиси экологияга тийгизген жагымсыз таасирлер, демек кен казуучулардын өзүм билемдиги жана экинчиси жергиликтүү калктын каражатсыз калышы маселени таталдаштырууда. Нарын райондук кеңештин дептутаты Улан Жаанбаев мырза бир эле райондун аймагындагы экологиялык абал тууралуу мындан дээрлик үч жыл мурда эле коңгуроо каккан экен.

«Биз райондук Кеңештин сессиясында КРнын «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөгү» мыйзамынын аткарылышын 2009-жылда эле караганбыз. Ошондо кытайлык «Мейлин-Ресурс» деген ЖЧК Нарын мамлекеттик коругунун аймагына мыйзамсыз киргендиги үчүн аларга 369,5 миң сом айып-доо коюлган экен. Кум-Белде иштеген «Ар-Бата», «Кум-Бел Голд» сыяктуу ишканалар миңдеген куб жерлерди казышып, кайра калыбына келтиришкен эмес. Солтон-Сарыдагы комбинаттан иштелип чыккан кумдарды тосуучу дамбалардан суулар ашып-ташып анан барып агын сууларга кошулуп жаткандыгы аныкталган»,-дейт У.Жаанбаев мырза. Ал эми облустук айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгы ар бир тоо кен байлыктарын иштеткен ишканаларда мыйзам бузуулар бар экендигин канкакшап айтып келишет. Башкармалыктын жетекчиси Болот Калыбек уулунун айтымында көмүр казгандардан мисалы, бир эле мурунку «Беш-Сары» ЖЧКсы чөйрөнү булгагандыгы үчүн 2 063 573 сом төлөөгө кириптер болгон. Ошентип бийлик менен байлынышып алган ипвесторлордун каалагандай иш кылуулары акыры жергиликтүү элдин толкундоолорун жаратты. Бирок мындай кырдаалдан кен чалгындоочу же казуучу ишканалар элге жардам берүү убалар аркылуу чыгып кетүү амалын издешти. Айтмакчы айткан убаларын айрымдара аткара башташса, айрымдары элди убактылуу алдоого өтүштү.Мисалы, Нарын райондук акимчилигинен алынган маалымат боюнча Кум-Белден геологиялык чалгындоо үчүн ишке келген «Рокизол» ЖЧКсы Жерге-Тал айылдык округуна демөөрчүлүк жардам катары 950 миң сом берген. Бирок мындай жышаананы Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн эли сооротуу катары кабылдашат.

«Туура биз чечим чыгарып «Рокизолго» уруксаат бергенбиз. Бирок алар толук келишим шарттарын аткарышкан жок. Суучуларыбызга айлык төлөп беришмек. Муну аткарышпады. 1-июлга чейин айыл өкмөткө бир Жатка, бир Комбайн алып келип беришмек. Аларды аткарышпады. Өкүлдөрү элге келип ал акыбалды сурап коюшпады. Ошондуктан иштетпейбиз, кетишсин, лицензиялары алынсын. Элдин талабы ушул», - деп ачууланган эле Нарын районундагы депутаттардын Жерге-Тал айылдык кеңешинин төрагасы Тенти Сыдыгалиев мырза өткөн жылдын сентябрь айында болгон элдик жыйын учурунда. Акыры элдин салмагы оорлоп жыйынтыгында өткөн жылдын сентябрь, октябрь айларында КРнын андагы Жаратылыш ресурстар министрлиги бир катар ишканалардын УБКларын жокко чыгарга аргасызданды. Ошол эле маалда эл тарабынан басып алуучулук, мыйзамсыздык да орун алууда. Буга бирден бир далил Нарын районундагы Эмгекчил айылынын тургандарынын Солтон-Сарынын бир алтындуу коктусун ээлешип, таштарды айылга алып келип талкалап, алтынды кислота аркылуу алып жаткандыктары.

Болочокко бир кайрык

Кенчилердин арасынан бир жылчыкты Солтон-Сары жайлоосундагы Бучук деп аталган коктудан алтын ылгоо үчүн УБК алган кытайлык «Zhong Ii Mining company» (Джонг Ли Майнин компант) ЖЧКсы тапкансыды. Аларга бакиевдик маалда же болбосо 2009-жылдын сентябрь айында бата ыроолонуп, натыйжада алар Бучуктан жергиликтүү элге ыдык көрсөтө башташкан.Оболу келишпестиктер келип чыккан экен. Аңгыча 2010-жылы апрел ынкылабы чыгып, натыйжада бийлик алмашат. Жаңы бийлик менен иштешүүнү каалаган кытайлыктар акыры элге келишет. Натыйжада өткөн жылдын 10-март күнү Нарын районундагы Миң-Булак айылында элдик жыйын өткөрүлгөн.

«Биз лицензияны утуп алганбыз. Иштейли деп келдик. Баары мыйзамдуу болот деп айта алам. Биринчи иштейли, анан жардам беребиз. Мектеп курууга, жол салууга жардам сөссүз болот»,-деген аталган ЖЧКнын башкы деректири Го Чонг Ронг мырзага алгач эл ишеним артышкан эмес.Катышкандардын айрымдары Солтон-Сарыга чөп чыкпай бара жаткандыгын, булардын артында да кыргыз чиновниктери тургандыгын, кытайларсыз эле оокат кылышаарын билдиришкен. Бирок бара-бара жергиликтүү бийлик, демек айыл өкмөт сүйлөшүүлөрдү байма-бай улантышып, акыры компаниядан алгач 5 миллион сомду, жыл этегинде кошумча 2 миллион сомду акчалай түшүрүү келишимине жетишет. Компания болсо айыл өкмөттүн эсебине убада боюнча 5 миллион сомду которот. Түшкөн каражатка айыл өкмөт муниципалдык техникалык тейлөө уюштурат. Натыйжада эки германиялык үлгүдөгү жатка, бир экскватор, эки МТЗ-82 трактору, эки чөп таңдагыч сатылып алынат. Компания болсо өткөн жыл соңунда калган 2 миллион сомду да которуп бергендиги айкындалды.

«Биз азыр эки жаңы комбайнга заказ берип жатабыз. Буюрса быйыл эки комбайн келет»,-дейт Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Турарбек Шоңкоев мырза. Ал эми компания болсо иштеген кызматкерлердин дээрлик 70 пайызын ушул айылдардын тургандарынан кызматка алмакчы болууда.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

23-09-2014
Жергиликтүү бюджет жамаатка тиешелүү
71029

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×