Добавить статью
11:13, 23 февраля 2012 81519

Электрге карызкорлор жана пайдалангандар

2011-2012-жылдын кыш мезгили Кыргызстандын электр тармагынын алсырап бара жаткандыгынын бет пардасын дагы бир ирээт ачыктады. Жаңы бийлик маалында эми электрсиз калуу болбойт деген үмүт оту аныктыкка жетпеди. Абалдын кыйың кезеңге жыл сайын кабылышы, демек тармакты түп тамырынан кайра карап чыгуу зарылдыгын көрсөттү. Электр кубатына өтө бай мамлекеттердин катарында турган Кыргызстанда жагдайдын оң жагына ообогондугу чынында тармактын кыйрап бара жаткандыгынан айныгыз кабар бергенсийт. Мындайда кечээки доордогу улуу муундар айтмакчы «Иличтин электрин» деги кандай кылуу керек? деген улуу собол башкы орунга өзүнөн өзү калкып чыга келет.

Кокодон алган коромдор

«Чыгышэлектр» ААКсынын Нарын филиалы мүлдө Теңир-Тоо аймагы менен кошо Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районун электр менен камсыздайт. Өткөн жылда филиал аркылуу 594,1 млн кВт саат электр кубаты пайдаланылгандыгы белгилүү болду. Бул көрсөткүч мурунку 2010-жылга караганда 46 млн кВт саатка көп керектелди дегендик. Соңку жылдарга баам салсак, 2009-жылы 525,8 млн 2008-жылы 564,8, ал эми 2007-жылы 511,4 млн кВт саат Нарын филиалы аркылуу керектелген экен. Нарындык энергетик, учурунда аталган филиалды жетектеп турган маалында тармакка оң өзгөрүүлөрдү алып келген адис Керим Насыровдун баамында өткөн кылымдын токсонунчу, жаңы кылымдын башталыштарында «Иличтин шамы» үлпүлдөгөнү аз келгенсип, коромжулар кокодон алган жагдай болгон.

«Биз кыйын абалды баштан кечирдик. Жаңы курулуштар түшкө да кирбей калган. Азыр эми оңолууга карай келип калдык», - деген энергетик ошол учурларда электр кубатынын жоголушу дээрлик 40-50%га чыккандыгын кеп кылат. Ар жылдык жыйынтыктарга сары эсеп салсак, маселен жалпы коромдор 2007-жылда 32,64%, 2008-жылы 30,9, 2009-жылы 26,5, 2010-жылы 28,2 жана 2011-жылы 22,56%ды түзгөн. Же болбосо өткөн төрт жыл ичинде коромжулар 10%дан ашык, ал эми 2000-жылдарга караганда 20-25%га азайтылган. Демек коромжуларды азайтууда азыноолак илгерилөөлөр болгон.

 Миллиондогон сомдордун шааниси

Ошентип миң алакет менен өндүрүлүп, жетер жерине чейин жеткирилген электр кубатынын сатылышы жана акча каражатынын чогултулушу да «Чыгышэлектр» ААКсынын Нарын филиалы боюнча өргө карай жылыш берген. Маселен, 2008-жылы электр кубатынын жалпы кардарларга сатылышы 89%ды түзүп, акча каражаттын чогултулгандыгы 85%га жетип, 2007-жылга караганда 6%га акча жыйноо көбөйгөн. Бул көрсөткүч 2011-жылда электрди сатуу филиал боюнча 92%га жетип, жыйноо 86,2%ды түзгөн. Бирок тармакта коромжуларды азайтуудан улам сатуу жагы көбөйтүлгөндүгү менен берилген электр кубатынын жыйымдары салыштырмалуу абалга кескин өскөн эмес. Алсак 2008-жылда элге сатылган 134 млн сомдук электр энергиянын 105 млн сому өндүрүлсө, 2011-жылда элден 139 млн сом чогултулган. Ал эми филиалдын жаңы дайындалган жетекчиси Ырысбек Наркеев мырза жалпысынан 2010-жылга караганда өткөн жылы электр товарынан 59 млн сом ашык каражат, болбосо 356 млн сом жыйналгандыгын билдирип, ушул акча дагы тармакты саздан сууруп чыгууга жетпестигин, ошондуктан алдын ала төлөм системаны киргизүү керектигин айтат

«2010-жылда тарифтерди дароо эки эсе көтөрүп жиберүү албетте туура эмес саясат болгон. Бирок акырындык менен электрге бааны көтөрмөйүн тармак оңоло албайт. Мисалы, жеке менин пикиримде азыркы убакты бир киловатт электр энергия үчүн 20 тыйын кошу абзел. Ошондо эскирген жабдыктарды мындан көбүрөөк оңдогонго мүмкүнчүлүк түзүлөт. Экинчиси биз чөнтөк телефондорго алдын ала акча төлөмөйүн сүйлөшө албастыгыбызды билгендей, алдын ала төлөм болмоюн, электрсиз калаарыбызды түшүнүшүбүз зарыл»,-дейт Ы.Наркеев мырза.

 Күйдүм чоктун кербездери

Нарын жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасын 1998-жылдан бери Малай Досмамбетов жетектейт. Эмгек жолун ушул тармакта айдоочулуктан баштаган адис учурда ири подстанциялардын эскиргендигине чочулайт.

«Бизде жалпысы 46 подстанция бар. Алардын алды 40 жылдан мурда курулгандар. Демек алар аркылуу байланышкан электр өткөргүч зымдар (ЛЭП) дагы эскире баштады. Кудай анын бетин ары кылсын, кокусунан Нарын-1 деген подстанция өчсө, анда Нарын шаары жана Нарын району тумтак электрсиз калат. Ошондуктан биз каражатка жараша мөөнөтү бүткөн өткөргүч зымдарды алмаштыра баштадык», - деген жетекчи энергетика тармагын саздан чыгаруу үчүн баа наркын кирешелүү жайлар үчүн эки эсе көбөйтүү керек деп эсептейт. «Чыгышэлектр» ААКсынын Нарын филиалынын техникалык директору Керим Насыровдун айтымында, буларда дагы электр зымдары жана зым тиректер күйдүм чок болууда.

«Азыр жаңы конуш дегендер жыбырап пайда болду. Алар бизге электр зымдарды тартып бергиле, жарык менен камсыздагыла деп кине коюшат. А чынында биз куруучу ишкана эмеспиз да. Мурда союз маалында «Кыргыз электр курулуш» деген мекеме бар болчу. Азыр ал түп тамырынан жоюлуп кеткен. Ошондуктан биздин эсебибиз боюнча пайда болгон 84 жаңы конуштарда абал оор. Эч плансыз, чаржайыт айылдар салынгандыгы кыйынчылыкты жаратууда. Айылдын бир жерине бир ТП койсок, алар андан ары шырыктар менен тартып алышууда. Экинчи кыйынчылык Нарын шаарындагы Ак-Кыя подстанциясынан батыш тарапка кеткен 78 чакырым аралыктагы 35 Кв аба чубалгысынын абалы. Көрсө ошол аралыктагы зым тиректерди аталарыбыз ошондогу шарттарга жараша кол менен эле куюп орнотушкан экен. Мына азыр алар өзүнөн өздөрү кулап калган абалга келип жатат. үчүнчү кыйынчылык Миң-Куш шаарчасында болууда. Ал жерге 1953-жылы зым тиректер негизинен жыгачтан курулган», - дейт К.Насыров мырза. Мындай пикирлерге Нарын аймактык энергетика инспекциясынын жетекчиси Абылай Молдошев кошулат.

«Эң башкысы азыркы электр зымдар учурунда жарык берүү үчүн гана курулган да. Мисалы, бир зым тиректен төрт үй зым тартса, ошол үйлөрдүн лампочкалары эле күйүш керек. А азыр ошол төрт үйдүн баарысы тең электр менен жылып жатат. Же болбосо мындайча айтканда электр керектөө 15 эсе өстү. Экинчиси, албетте жабдыктардын эскиргендиги. Бизде дээрлик 80% бардык электр жабдуулардын мөөнөттөрү бүткөн. Мисалы, быйыл январь айында 38 жолу авариялык абал катталды. Былтыр ушул айда 26 жолу болгон экен. Изилдесек алардын 30%ы ПК-10 деген сактагычтардын эскилигинен авария келип чыгыптыр», - деген талдоочу инспектор адистин баамында мамлекттин алдыда тармактын оор жагдайларын чечүү вазыйпасы турат. Ал үчүн эң оболу тийешелүү жерлерге ТПларды орнотуу же болбосо кубаттуу ТПлар менен камсыздоо жана электр зымдарды алмаштыруу зарыл.

«Биздеги өксүк бул энергетиктердин өз жумушун жасабай калышы, - дейт андан ары А.Молдошев мырза. Анткени энергетиктер биринчи максаттарын акча жыйноого буруп калышты. Тейлөө болсо калды. Эмне үчүн каражатты энергетиктер чогултушу керек. Алар өз иштерин аткарышы зарыл эле да. Экинчиси, баа өтө саясатташып калды. Элге, дегеле коомго электр дагы сатып алуучу буюм катары кабылданган жок. Тескерисинче, электрдин баасы саясый жактан озуп кетти. Үчүнчү жагдай, көмүр баасынын өтө кымбаттыгы электр тармагынын кыйың кезеңине алып келди. Маселен көмүрдү электр экскваторлор казат. Ошол экскватордун ичинде 63 кВалык ТП бар. Анан эмне үчүн бир тонна көмүр баасы жеринде 1 миң сом болушу керек?», - дейт А.Молдошев мырза.

 «Иттин өлүгү» кайда жатат?

«Чыгышэлектр» ААКсынын Нарын филиалында электр пайдаланган 56 миң 625 абонет бар. Алардын карызы жыл башына карата 221 млн сомдон ашуун экен. Карызкорлордун 58 млн сому элге туура келсе, бюджеттики 27 млн сомго жакын. Нарын аймактык жылуулук ишканасынын бересеси 51 млн сомго жетсе, башка мекемелердики 86 млн сом. Булар эми белгилүү карыздар. Ошол эле учурда белгисиз карыздар да бар. Алар албетте коромдор. Филиалдан алынган маалыматка көз чаптырсак, өткөн жылы кабыл алынган электр кубатынын 22,6%ы жоготууга учураган. Анын 16%ы техникалык, 6,6% коммерциялык делинген коромжулар. Нарындык энергетик ардагер Турдакун Сапарбаев аксакал союз доорунда техникалык жоготуу 4-6%ды гана түзгөндүгүн эскерет. Демек «иттин өлүгүнүн» бир себеби ушул жоготууларда жатат. Экинчиси, албетте бул алган электр кубатын уурдамай. Алардын, демек электрди уурдап пайдалангандардын бетин ачуу үчүн ким канча электр кубатын пайдаланат деген иликтөө чечимге келдик. Албетте мындай ыкма бир катар бийлик адамдарын, энергетиктерди бушайман кылбай койгон жок.

"Мен электрди кандай пайдаланам, ишиң эмне?", "Мени аз же көп электрди керектейт экенсиң деп сурагандай акың жок!", "Ар кимдин Конституциялык укугу бар. Ал үчүн жоопкерчилик тартып каласың!", деген оболу ушундай кептерди эшиттим. Бирок алдыга койгон асыл максатты жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү бийлик адамдарына кайрылып, абалды айтканда чынында көпчүлүгү кубаттап чыгышты. А түгүл Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев мырза бир жылда канча электр керектерин жарыялоого дароо макулдугун берди. Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы Ардак Көкөтаев үйдү жылыткан, жарык кылган, тамак-аш даярдаганга электрди уурдап пайдалангандан көрө, өлүп калган артык экендигин баса белгилеп, дароо үйү менен байланышып, үч айда 7 миң сомдон ашык акча төлөгөндүгүн билдирди. Ошентип Нарын шаардык электр тармактар ишканасынын адис кызматкерлери менен Нарын шаарынын айрым үйлөрүнө баш бактык.

«Айланайындар эми электрди уурдаган уят да. Неберелердей болгон балдар келип, уурдапсыз десе эмне деймин. Анан айына төлөбөсө дагы уят. Бирок 25ине чейин төлөгүлө, болбосо пения тууйт деп жазып салат экенсиңер, ушуну ар айдын онуна жылдырса. Биз пенсияны айдын башынан тарта ала баштайбыз, анан айдын 10у болуп кетет дагы, жанакы балакет пения ай сайын төлөсөк дагы чыга берет. Ушуну бир айтсаңар»,-деген ардагер Сыдыкбай Жумабаев аке 39 күндө 3 миң 384 кВтсаат электр пайдаланыптыр. Чакан дүкөнү, эки кабат үйү бар Чакиев аттуу жарандын жубайы дагы электрди уурдабастыктарын шарданалады. Алар 28 күндө 7 миң 827 кВт саат электр керектептир.

«Кошумча от деле жагуудабыз. Быйыл бир башкача суук болуп жатат. Эмне болсо дагы кыштан чыгып калдык», - дейт кардарыбыз. Көңүлдү пас кылган абал Кенже аттуу айымдын үйүнө барганда пайда болду, үч кызы менен алачыктай болгон эки бөлмө үйдө тиричилик кылып жаткан замандашыбыз Кенженин электрге болгон жалпы карызы 22 миң 42 сомго жетиптир. Анын 6 миң 771 сому үстөк же туум акча.

«Күйөөмдүн Бишкекке кетип калганына үч жыл болду. үч кызым менен жашап жатам. Мурда айлыгым 1 миң 700 сом болчу. Азыр көбөйүп 4 миң сом болду. Балдарга пособие дагы беришпейт экен. Мен төлөп эле турчумун. Бирок карызсың деп 2010-жылы кыркып салышкан. Ошондо 6 ай светсиз жашадым. Анан жаңы эсептегич койдурдум. Эмне экенин билбеймин, 12 миң сом эсептелип калыптыр. А мен болсо колуман келишинче төлөп эле жатам. Бир жолу миң сом төлөдүм. Айлам кеткенге мурунку губернатор Турдубек Мамбетовго дагы барып абалымды айтканмын», - деп ыйламсыраган Кенжеге адистер ишканага барып эсептешүүнү сунуш кылышты. Мында кандай айткан күндө дагы жогорудагы кардарлар электрди уурдабагандар болуп чыгышты. Айтмакчы Кенже замандашыбыз бир ай аралыгында 1 миң 326 кВт саат электр короткон экен. Береги иликтөөгө Нарын шаардык электр тармактар ишканасынын жетекчиси Канат Дүйшеев да кошулуп өзүнүн бир жылда пайдалангандыгын алдыртты. Ал 2011-жылдын ичинде 11 миң 702 кВт саат керектептир. Шаардын мэри болсо 16 миң 776 кВт саат пайдаланган экен. Облустук ири тармакты жетектегендерден бирөөсү жыл ичинде 18 миң 39, экинчиси 20миң 563 кВт саат электр энергия коротсо, эки кабат тамы бар үчүнчү бир облустук бийликти башкарган жаран өткөн жылда 6 миң 850, шаардык мекемеде чоңдук кылган чиновник 12 айда 8 миң 404, Нарын райондук бир мекеменин жетекчиси үч жүз алтымыш беш күндө 4 миң 225 кВт саатты уялбай эле абдан үнөмдөп пайдаланышыптыр. Ошол эле учурда көп кабаттуу үйдө жашаган дагы облустук мекеменин жетекчиси өткөн жылда 3 миң 500 кВт саат жаккан экен. Иликтөөдө бир жылда 4 миң 201, 2 миң 913 , 2 миң 649 кВт саат электр кубатын керектегендер бар экендиги да эшитилди. Жыйынтыгында, ушундай «үнөмчүл» кардарлардын айынан дагы электрдин жоготуулары миллиондогон кВ саатка жетип, кайран тармак талканып бара жатат деген бүтүмгө келдик.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

30-10-2014
Эки аймактын эки башка капчыгы
73227

20-01-2014
Жыйналышы көп болоор, жыйынтыгы жок болоор
59847

03-09-2013
Өкмөт башчысынын иш сапарынан сүртүмдөр
93835

26-04-2013
«Өлкөнүн ресурстары-элдин ресурстары»
64875

26-04-2013
Таластан алган таасирлер (Биринчи макала)
66695

24-04-2013
«Өлкөнүн ресурстары - элдин ресурстары». Адамдын саламаттыгына каражат кандай жумшалууда?
72946

28-03-2013
Ыйлап жүрүп арык каз, ырдап жүрүп суу сугар
103030

25-03-2013
Нарындагы жолугушуудагы ажылдактар
173609

15-01-2013
Ала Тоодо шыбагадан куру калган бир кыштак
125027

29-12-2012
«Профсоюз - бул биз»
116643

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×