Добавить статью
8:41, 2 апреля 2012 35139

Билгилер – элдин куту

Бүгүн, ааламдашуу (глобализация) дүйнөнү ар тараптан чырмап, муунтуп, улуттардын өркүндөөсүнө бөгөт коюп, улуттук өзгөчөлүктөрдү түп тамырынан жоюп жок кылуунун үстүндө албан аракеттерди жүргүзүп, адамзатты бир калыпка, бир тизгинге салыш үчүн, ынтымагы бекем, биримдиги күчтүү элдердин бүтүндүгүн бузуп, инсандык мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүнү шылтоо кылып, коомдук же элдик кызыкчылыктан жеке кызыкчылыкты жогору даңазалап, адамдын табиятына айбандык же жырткычтык сезимдерди сыйдырып, жеке керт башын гана ойлогон өзүмчүл адамдардын коомун түптөп олтурат.

Бул дүйнөлүк жагдай кыргызды айланып өтүп, таасирин тийгизбей койгон жок. Бүгүн биз, кыргыздар дал ушул ооруга чалдыгып, коомубузда түркөйлүк өкүм сүрүп, биринин сөзүн бири укпай, биринин тилин бири албай, бир кездерде карылар айткан: “салт бузулса эл бузулат, салт жоголсо эл жоголот”, деген сөздүн турмушубузга ашып жатканына күбө болуп турган учурубуз.

Азыркы кыргыздын толгон токой көйгөйлөрүнүн баары үстүнө үстөк болуп, биринин пайда болуусуна бири себеп болуп, көптүгүнөн баш айланып, кайсы бирин жойгонго чамабыз да жетпей калды. Анысы жетишпей жаткансып, элдин бүтүндүгүнө доо кете баштаганы да байкалып калды.

Бүгүн кимди гана укпа, “бизге ынтымак керек, биримдик керек”, деген эле ураандар, үндөөлөр жана чакырыктар мээбизге сиңип бүтүп, сөөгүбүздүн чучугуна деле жетсе керек. Бирок, эмнегедир элибиздин биримдиги жетиштүү деңгээлде болбой жатат.

Элдин биримдиги эмнеден башталат? – деген суроо бүгүнкү күндүн талабы болуп турат.

Жооп табуу максатында элибизде көптөгөн багыттуу иш-аракеттер жасалууда. Ошол аракеттердин бири катары, “Бакдөөлөт” коомдук фонду өзүнүн көз карашын сунуштайт.

Адам коомунун эң бир өнүккөн тутуму эл болуп эсептелет. Элдин биримдиги эмнеден башталаарын билиш үчүн, биз элдин түзүлүшүнө көңүлүңүздөрдү буралы.

Кайсы гана эл болбосун, дүйнөтаанымына, улутуна, диний ырасымына, өңү-түсүнө, жашаган аймагынын өзгөчөлүгүнө карабай элдин түзүлүшү үч катмардан турат.

Негизги жана түп болуп турган чоң катмары – букара эл. Ортоңку орунду ээлеген топ – билгилер болуп эсептелет. Ал эми башында турган орунду ээлеп тургандар – көсөмдөр.

Букара эл жалпы элдин сүрүн, күчүн жана өлчөмүн көрсөтүп турат.

Көсөмдөр – эл башында туруп, жол баштап, эл тагдырын чеччү адамдар. Бирок, көсөмдүктүн орду эч качан бош болбогондуктан, кээде, ар кандай шартка жана жагдайга байланыштуу көсөмдөрдүн ордун “көсөм эместер” ээлеп калышат. Андай учурда алардын баштаган жолу жана жасаган иштери элдин тагдырына түздөн-түз байланыштуу болгондуктан, эл кыйноого жана кыйроого учурашы мүмкүн.

Эми ортоңку катмарда турган билгилердин орду кандай?

Билгилер – элдин куту, уюткусу болуп эсептелет. Билгилер букара эл менен көсөмдөрдүн ортосунда көпүрө болуп, элдин биримдигин камсыз кылган күч.

Кандайча?

Билги – бул белгилүү өлчөмдөгү элге иш-кызматын арнаган, сөзү өткөн, ишенимине жеткен, жана аларга багыт берип, аркасынан ээрчите алган билгич адам. Эл билгини көрүп түздөнөт жана билгинин пикири менен эсептешип иш кылат.

Билгилер түрүнө жараша 3кө бөлүнөт:

1. Сөз билги – сөз атасын тааныган, сөздүн күчүн, касиетин пайдалана билген, сөз тереңине жеткен билги.

2. Иш билги – иштин жөнүн билген, ишти уюштура жана аткара билген билги.

3. Жөн билги – көп нерсенин жөнүн билген, сөзгө, ишке, билимге, илимге жөндөмдүү, турмуш жагдайды таанып, иликтеп, тыянак чыгарган билги.

Деңгээлине жараша дагы билгилер 3кө бөлүнөт:

1. Жамааттык билги – кайсы бир мекеме же уюмдун жамаатынын билгилигине жеткен адам.

2. Аймактык билги – элдин тиешелүү бир аймагына билгилигин тааныткан адам.

3. Эл билгиси – жалпы элге эмгегин арнаган, кадыры өткөн, пикири менен бүтүн эл эсептешкен элдик адам.

Билгилер түрүнө жана деңгээлине карабай, сөзсүз эле эл башкарган же бийликтеги адам деп түшүнбөш керек. Бийликте турбай деле билгилер элге кызматын арнап, элдин башында же элдин куту болушат.

Ар бир билгинин (түрүнө жана деңгээлине жараша) аркасынан ээрчичү же колдоп, коргоочу эли бар. Табиятта дагы мындай көрүнүштү байкасак болот. Мисалы, жаныбарлардын, балыктардын жана куштардын жамаатташып жашаган кээ бир түрлөрүндө башында билгиси же кырааны турат. Эгер анысы (билгиси) жок болсо, анда бүт жамааты кыйроого учурайт.

Ушунун сыңарындай, адам коомунда да билги өзүнүн чөйрөсүндө кут болуп, элдин уюткусу болуп турат.

Эми билгилер элдин куту жана уюткусу дегенди тереңинен түшүндүрөлү.

Ал үчүн биз билгилерди тереңинен изилдеп көрөлү.

Билгилердин ар бир түрүн 3 катмарга бөлүп караса болот:

1-катмарда – ойчулдар, иликтөөчүлөр

2-катмарда – ишке ашыруучулар

3-катмарда – аны калыпка салуучулар.

Мисалы, ишкерлик жаатында ар бир катмарды ачып көрсөтөлү:

1) Ойчулдар жана иликтөөчүлөр кышты жасаардан мурун, аны эмнеден, кантип, курамын кандай өлчөмдө жасаарын аныкташат, иликтешет.

2) Ишке ашыруучулар аны ар кандай ыкма менен даярдашат:

а) ылай чылап, ачытып, аз-көп өлчөмдө жасалат

б) ылай чылап, ийлеп, ачытпай жасалат

в) ылай чылап, ийлебей, ачытпай жасалат.

3) Калыпка салуучулар ушул иштин ыңгайын таап тездетип жасашат:

Бийик деңгээлде – ысык тапка туруштук берген кыш,

Жакшы деңгээлде – заводдон чыккан бышкан кыш,

Орто деңгээлде – чакан ишканада даярдалган кыш,

Жаман деңгээлде – колго даярдалган чийки кыш.

Эгерде сөз жаатындагы билгилерди катмарларга бөлүп караса, анда мындай мисалдар менен түшүнүктүү болот:

Сөз көркөмүнө жеткен адам алгылыктуу чыгарма жаратты. Көркөмдүү сөздү жактырган адам элге таратты. Эл катмары аны пайдалана баштады. Мисалы: “Кыргыз жери” ырын А. Жайнаков жазып, С. Садыкова ырдап чыкты, ММК ушул күнгө чейин ал ырды эл арасына кеңири жайылтып жүрөт.

Же болбосо, бир инсан учкул ойду айтты, ал сөзгө башка бирөө мисал келтирди, бул сөз элге жайылып кетти. Мисалы: “Жоону Чубак сайса да, аты калды Манаска” деген сөз күнүмдүк турмушта ар кандай жагдайды ачып берүүдө кеңири колдонулат. Буга дагы мисал келтирсек, Айтматовдун “маңкуртчулук” деген түшүнүгүнүн элге кенен жайылышы.

Эми турмуш жагдай жаатынан мисалдар:

К. Маркс ойлоп тапты, Ленин ишке ашырды, коммунисттер партиясы дүйнөгө Коммунизмди жайылтты.

ЦРУнун жашыруун ишкерлери атайын программаларды (ПИСАК, ФИНСАК) иштеп чыгышты, эл аралык кеңешчи-адистер (Бирштейн, Ливитин) ишке ашырышты, келечекти көрө албаган, жеке кызыкчылыкты көздөгөн, майда, пас ишкерлер жана топтор мамлекеттин баардык тармактарына жайылтышып, ишканаларды, жерлерди жана башка мамлекеттик мүлктү талкалашты, жабыркатышты.

Бул тизмекти уланта берсек, сөз бүтпөйт.

Бул жерден биз эске ала турган бир нерсеге көңүлүңүздөрдү бургум келет. Кайсы жаатында болбосун билгилердин жогоруда айтылган 3 катмары бири-бири менен байланышта же биримдикте болбосо, анда ал иш, ой, максат турмушка ашпайт же кубаттуу болбойт.

Мисалы, бүгүнкү кыргыздын мыкты акын, жазуучулары эмне деген асыл чыгармаларды жаратышып коюп, же китептерин чыгара албай, же чыккан китептери окурмандарга жетпей, эмгек баалайбай, а мүмкүн чоң ачылыштар ачыкка чыга албай, чаң баскан текчелерде өз убактыларын күтүп турушат.

Бул үч катмардын өз ара биримдигинин жоктугунан же бирине бири колдоо көрсөтпөгөндүктөн келип чыккан көрүнүш.

Эгерде жазуучу чыгарма жаратып, өкмөт же ишкер ал чыгармасын китеп кылып чыгарып, тиешелүү мекемелер (Маданият министрлиги, билим берүү министрлиги, ММК ж.б) ал чыгарманы калың катмарга жеткирсе, анда бул жерде үч катмардагы билгилердин өз ара байланышы же билгилик биримдик бар десек болот. Бул учурда үч катмардагы билгилердин биримдигинин кубаты жалгыз билгинин кубатынан кыйла өйдөрөөк болот. Анткени, жалгыз дарак токой болбойт, дегендей жазуучу жалгыз өзү мындай ийгиликке, элдин колдоосуна жете албайт.

Эми биз түшүндүк, ар бир билгинин кылган эмгеги элге канчалык деңгээлде тийээри жана билгилердин биримдигинин кубаты, элге тийгизген таасири абдан зор болооруна көзүбүз жетти.

Бирок бул бир эле жааттагы көрүнүш.

Эгерде сөз билгилердин баары, ойчул-иликтөөчүлөрү, ишке ашыруучулары, калыпка салуучулары болуп үч катмардагылар өз ара биримдикке келишсе, анда букара элдин ичиндеги сөз баккан, сөз сыйлаган элдин тобу бир нукка түшүп, бир калыпка уюуп, бир күчкө айланат.

Эгер иш билгилер да баары ушундай ыраатта биримдикке келишсе, анда букара элдин эмгекке, иш-кызматка, ишкерликке болгон мамилеси, көз карашы, түшүнүктөрү төп келип, бир нукка түшүп, бир күчкө айланат.

Жөн билгилер да биримдикке келишсе, анда букара элдин турмуш жагдайы бир нукка түшүп, ырааттуу, тартиптүү жашоо башталат.

Ал эми билгилердин бардык үч түрү өз ара “чоң” биримдикке келишсе, анда жалпы эл биримдикке келет.

Билгилер биримдиктүү болушса, анда алар көсөмдөргө да чоң таасирин көрсөтө алышат. Эгер эл башында көсөмдөрдүн ордуна татыган көсөмдөр турса, анда билгилер өздөрүнүн сунуштарын жана кеңештерин беришет. Эгер көсөмдөрдүн ордунда “көсөм эместер” турса, анда билгилер аны (“көсөм эмести”) ооздуктап, тизгиндеп турушат. Бул көрүнүш мамлекеттин баардык бийлик бутактарында жана деңгээлдеринде мыйзамченемдүү болуп иштейт.

Эгер билгилердин биримдиги жок болсо, анда алардын көсөмдөргө тийгизген таасири алсыз же таасири жок болушу мүмкүн. Бул билгилердин өз ара бөлүнгөнүнөн, чоң күчтүн майдаланып кеткенине жараша болот. Ошол күчтүн өлчөмү бөлүнгөн билгилердин аркасындагы элдин саны, кубаты менен эсептелет. Кээ бир учурда эл билгилердин куралына айланып калганын да сезбей калат.

Албетте букара элдин мүдөөсүн көсөмдөргө жеткирчүлөр –билгилер. Бирок билгилер биримдикке келе албай калган учурларда кызыкчылыктардын кагылышуусу башталат. Ошол билгилердин кызыкчылыктарынын кагылышуусунун курмандыгына бүтүндөй эл же мамлекет кабылышы толук ыктымал.

Ошондуктан элдин бүтүндүгүн сактап калуу, элдин биримдигин бекемдөө билгилердин гана колунда экени айкын эле болду. Ал үчүн билгилер өз ара биримдигин бекемдеши зарыл.

Бүгүн кыргыздын билгилеринин биримдиги барбы? – деген суроо бизди кейитип турган учур.

Адегенде биз биримдик деп күндө айтып, турмушубузда пайдаланып жүргөн түшүнүктү талдап көрөлү. Себеби элдин баары биримдикти каалайт, бирок биримдикти ким кандай түшүнөт?

Кыргыз айтат: ынтымактуу бол, биримдиктүү бол, деп. Ынтымак менен биримдик бир эле түшүнүкпү, же экөө эки бөлөк түшүнүкпү? Эгер талдап көрсөк, экөө эки бөлөк экенин көрөбүз.

Ынтымак – бул адамдардын, топтун, элдин ортосундагы негиздүү бир мамилени кармаган алака. Мисалы, дүйнөтаанымы, тили, дини, маданияты, кулк-мүнөзү ар бөлөк болгон адамдар кайсы бир мамиленин негизинде ынтымакка келип, жакын болушу мүмкүн, эл аралык мамиле, улут аралык достук сыяктуу. Же бир үй-бүлөдө ар бөлөк баалуулуктарды туткан, ар бөлөк багытты көздөгөн бир туугандар душман көзүнө сый мамиледе болуп, туугандык ынтымакты сакташат, бирок аларда биримдик жок болушу мүмкүн.

Биримдик – бул топ баалуулуктардын негизинде пайда болгон жакындык.

Түшүнүктүү болуш үчүн турмуштук мисал:

Бийлик күчтөнүп эл менен эсептешпей, каалаганындай калчап иш кыла баштаганда, оппозиция биригип бийликке каршы өздөрүнүн күчүн көрсөтүшөт. Оппозициянын күчүн баалап, бийлик кандайдыр бир кадамдарга баргандан кийин, бириккен оппозиция кайра бөлүнүп, өз алдынча иш кылып кетишет. Бул учурда оппозиция биримдикке келген эмес, алар жагдайдан чыгуу үчүн, ынтымакка келишкен, себеби чогуу болбосо, баары бирден кыйрашы мүмкүн эле. Аларды ынтымакка келтирген бийликтин туура эместиги болгон күндө да, алардын ар биринин тууралыгы ар башка эле. Эгерде алар биримдикке келишкен болсо, анда бийликтин кандай гана кадамы болбосун, алардын баалуултары бир, багыты бир болуп турса, алар эч убакта бөлүнүшпөйт эле.

Дагы бир мисал, ишкердүүлүк боюнча жаңы мыйзам кабыл алуунун алдында, ишкерлер биримдиги ал мыйзамды талкуулап, алардын ишкердик жүргүзүүсүнө залакасын тийгизбеген мыйзамды талап кылышат. Алардын мүдөөсү аткарылган күндө да ишкерлер биримдигин жоготушпайт, анткени алардын негизги ишкерлик баалуулуктары аларды бир багытта ар дайым кармап турат.

Ушул мисалдардан биз коомубузда биримдиктин бардыгын да, жоктугун да көрүп турабыз. Биз так аныкташыбыз керек, барбы же жокпу. Биримдик болсо да, ал белгилүү гана кээ бир тармактарда бар, бирок жалпы элдин билгилеринин биримдиги жокко эсе. Анткени бизде канча билги болсо, ошончо көз караш, ошончо багыт, ошончо баалуулук, ошончо дымак, ошончо күч бар. Буга далил партиялардын көптүгү, коомдордун көптүгү, кыймылдардын көптүгү, диний агымдардын көптүгү, алардын келишпестиктеринен келип чыккан пикет-митингдердин көптүгү, кайым айтышуунун көптүгү ж.б.

Бүгүн билгилерибиз душман көзүнө сый мамиледе болуп ынтымактуу эле көрүнүшөт, бирок биримдик чыныгы күчүндө боло албай жатат.

Билгилердин биримдиги алардын баалуулуктарынын төп келишинде.

Эми биздин алдыбызда чоң маселе турат: билгилер элибиздин баалуулуктарынын негизинде биримдикке келүүсү, же тагыраак айтканда, жалпы элге таандык, ошол эле учурда улуттук уңгубузга шайкеш келген баалуулуктарды даңазалап, туу тутуп, ошонун тегерегинде биригүүсү зарыл.

Билгилер биримдикке келсе, караламан калкыбыздын биримдиги бекемделип, бүтүндүгү сакталат жана өсүү, өнүгүү башталат. Андай элдин келечеги кең. Себеби биримдиктин аркасынан бирдиктүүлүк келет.

Бирдиктүүлүк – бул биримдиктин эң бир бийик, асылданган деңгээлдеги сапат. Бирдиктүүлүк деген баалуулуктардын, багыттардын, максаттардын, ой-тилектердин, иш-аракеттердин төптүгү. Бирдиктүү эл кандай гана кырдаал, коркунуч же сыноо болбосун, баарына туруштук бере турган улуу эл.

Урматтуу кыргыздын кутун уюткан билгилер!

Бирдиктүү кыргыз элинин кең келечегине ар кимибиз кам уруп, “Улуу эл” деген наамыбызды кайрып алалы!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×