Добавить статью
18:43, 15 апреля 2023 16091

Улуттук илимдер академиясына урулган сокку- өлкөнүн өнүгүүсүнө тоодой тосколдук жаратат

Президент Садыр Жапаровдун февраль айында Улуттук илимдер академиясын реформалоо максатында чыгарган жарлыгы коомчулукта кызуу талкууга алынууда. Биринчиден ал жарлыктын максаты УИАны өнүктүрүүгө багытталбаганы бакыйып көрүнүп турат, экинчиден жарлыкты даярдаган Президенттин админстрациясы бир катар мыйзамдарды одоно бузуу менен өлкө башчысына кол койдурушкан. Салижан Жигитов агабыз: “Кыргызга орусча айтпасаң ишенбейт”,- деп жазып кеткендей, аталган жарлыкты даярдагандар бир сөз менен айтканда президентти “подставо” кылып коюшту. Бул жарлыктын чыкканына бушайман болгондор жана эч нерсесине карабай колдогондор өз пикирлерин билдирип жатышат.

Дүйнө жүзү илим менен алдыга жылып өнүгүп жатса, биздин өлкө илимге анчалык басым жасабастан, тескерисинче кыянаттык кылып жаткандай... Дээрлик 80 жылдык бай тарыхы бар, Кыргызстандын мамлекет катары калыптануусуна жана ар кыл багыттагы өнүгүүсүнө эбегейсиз салым кошкон Улуттук илимдер академиясына эмне себептен “чабуул” коюлуп, кандай негиз менен илимдин негизги ордосун чачыратуу аракети көрүлүп жатат? Бул макалада ушул мамлекеттик деңээлдеги чоң маселенин күнгөй-тескейине кенен токтолмокчубуз.

Кандай болгон учурда да Улуттук илимдер академиясы кыргыз мамлекетинин эң маанилүү, эң зарыл, эң баалуу – улуттук байлыгы болуп эсептелет. Академиянын бай тарыхы, мол тажрыйбасы, өлкөнүн ар бир тармагындагы (өзгөчө илимий багыттар боюнча дейли) жетишкендиктерге кошкон зор салымын – эч ким, эч качан жокко чыгарууга акысы жок. Бай тарыхы демекчи, анда сөз башынан болсун...

Илимге кан күйгөн согуш мезгилинде – чоң жол ачылган

Илимдеги алгачкы из... Кыргызстандагы илимий ачылыштарга 19-кылымдын экинчи жарымынан баштап орус падышачылыгынын Пётр Семёнов-Тян-Ша́нский, Чокон Валиханов баштаган чалгынчы-саякатчы окумуштуулары биринчилерден болуп “тиш салышканын” жакшы билебиз. СССР доору түптөлгөндөн тарта Кыргызстанда, тагырагы 1921-жылы илимге да олуттуу көңүл бурулуп, бул багытта жүргүзүлө баштаган баардык иштердин башында СССРдин илимдер академиясы турган. Мисалы, 1921-1927-жылдары геология багытындагы төмөндөгүдөй илимий иштерге басым жасалат: Талас, Түркстан тоо кыркалары боюнча иликтөө иштери жүрүп, ага улай эле Хайдаркендеги сымап, Кадамжайдагы сурьма кендери аныкталган. Түштүк аймактагы Төө-Моюнда СССР боюнча биринчи жолу радий кени өндүрүлүп баштаган. Мындан тышкары, Чүй өрөөнүндөгү байыркы эстеликтер, Бурана мунарасы жана Манас күмбөзү илимий жактан иликтөөгө алынган. Бул илимий багыттагы иштер ошол учурда көптөгөн талаш-тартышуу, тоодой тосколдуктардан кийин өз алдынча мамлекет катары СССРдин курамына жаңы гана кирген кыргыз мамлекети үчүн абдан чоң көрсөткүч болгон.

1936-жылы Кыргыз ССР бийлиги атайы токтом менен Илим комитетин түзөт. Ал эми СССР илимдер академиясынын Кыргыз ССРиндеги филиалын түзүү чечими кан күйүп турган согуш маалында, тагыраагы 1943-жылдын 5-январында кабыл алынган. Ошол жылы түзүлгөн филиалга: 6 институт, 17 лаборатория, экономика жана географиялык топтор, Ботаникалык бак, улуттук маданият музейи жана илимий китепкана караштуу болуп, жалпысынан 158 илимий кызматкер (мунун ичинен 12си илимдин доктору, 22си илимдин кандидаты) эмгектенген. Филиалдын алгачкы жетекчиси (1943-1952-жылдары башкарган) Скрябин Константин Иванович, анын биринчи орун басары болуп Жапар Шүкүров шайланган. Согуштун кесепетине карабастан, академияда алгылыктуу иш-аракеттер башталып, бир жыл ичинде (1943-1944-жж.) республика боюнча 19 илимий экспедициялык иштер жүргүзүлгөн. Согуштан кийин (1947, 1949, 1951-жылдар) үч окумуштуунун илимий эмгеги Сталиндик сыйлыка татыктуу болгон.

1954- жылы И. Разаковдун буйругу менен Кыргыз ССРнин илимдер академиясы болуп түзүлөт. Ал мезгилге чейин СССРдин илимдер академиясына караштуу болуп келген академиянын жалпы кызматкерлеринин саны 500гө (анын ичинен 13 илимдин доктору, 83 илимдин кандидаты болгон) жетип, 33 аспирант окуп жаткан. Кыргыз ССР илимдер академиясынын биринчи президенти (1954-1960-жылдар) болуп И. Ахунбаев шайланган. Андан кийин академик Курман-Гали Каракеев академияны 18 жыл (1960-1918-жж.) бою жетектеп, бул жагынан рекорд койгон. Жалпысынан академияны К. Скрябинден баштап азыркы президент Канат Абдрахматовго чейин 13 адам жетектеди.

Илимге болгон мамиле: мурда жана кийин

СССР мезгилинде Кыргызстанда дагы илим-билимге эбегейсиз акча бөлүнүп, айтор баардык шарттар түзүлүп, ага жараша катуу талаптар да коюлган. Натыйжада билим, илим тармагы мурда–кийинкиге салыштырмалуу болуп көрбөгөндөй өнүккөн. УИАнын негизги паспорту катары:1921-1990-жылдарга чейин Кыргыз ССРнин илимдер академиясы тарабынан өлкөнүн ар тараптан өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошкон (кичине жана орто илимий иштерди эсепке албаганда) 50гө жакын чоң илимий иштердин тизмесин айтсак бул сөзүбүзгө бакыйган далил болуп берет. Союз мезгилинде геологиялык чалгындоолордун натыйжасында айтылуу Кумтөр баштаган далай алтын кендери да академиянын илимпоздору тарабынан ачылган. Согуш мезгилинде окумуштуулар өлкөдөгү темир кенин изилдеп таап, аны советтик армиянын керектөөсү үчүн Москвага жөнөтүп турушкан. Академиянын окумуштуулары 1970-жылдары “Луна-24” космостук станциясы үчүн бургулоо аппаратын ойлоп табышкан. Натыйжада СССРдин космонавттары ал аппараттын жардамы менен биринчи жолу Айдан топурак алууга жетишкен. Бир сөз менен айтканда, республика академияга таянып, ар бир тармак боюнча жасала турган чоң иштер боюнча окумуштуулардын бүтүмүсүз чечим кабыл алышкан эмес. Айтор, ал мезгилде академия өлкөнүн өнүгүү багытына негизги түркүк болуп, компастай эле туура багыт берип турган.

Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон бери ар тараптан кыскан кыйынчылактар илим-билимди болушунча “мунтуп”, мунжуга айлантуу коркунучуна кептеген. Маселен, Улуттук илимдер академиясы союз мезгилиндей күпүлдөп иштей албай, мурункудай колдоо жок болгондугуна байланыштуу өзгөчө: техникалык, геологиялык багыттагы илимий иликтөөлөр кыйла солгундап кеткен. Мисалы, топурак, жер кыртышы, айыл чарба, экология баштаган тармактарда илимий иликтөө иштери татыктуу деңгээлде уланбай келет. Мунун кесепети мамлекетке түздөн-түз тийип жатканы эч кимге жашыруун эмес.

Ал эми акчаны азыраак талап кылган гуманитардык багыттагы коомдук илимдер укмуш болуп кетпесе да, (демөөрчүлөрдүн жана эл аралык гранттардын жардамы аркылуу) акырындык өз арабасын кылдыратып жатканы менен кемчиликтерден кур эмес.

Учурда УИАнын материалдык-техникалык базасы эчак эскирип, илимге тиешелүү заманбап техника жана ар кандай жабдуулар менен камсыздалган эмес. Айрым институттардын карамагындагы ар кандай мүлктөр да тонолуп кетти. Бул боюнча алдыда кененирээк сөз кылабыз.

Ар академияга караштуу ар бир институттун аткарып жаткан баардык илимий иштерин бул жерге тизмектеп жазуу мүмкүн эмес. УИАнын жетекчилиги академияда жетиштүү каражат болбогондуктан аткарылган иштердин көбү калың элдин катмарына толук жетпей жатканын жана жалпы коомчулуктун дагы илимий иштерге анчейин кызыга бербегендиги да бир себеп катары айтып келишет.

Чынында жакшы түшүнгөн кишиге илимий ачылыштардын жөнү башка. Олуттуу илимий ачылыш дегенибиз оюнчук эмес, ага ондогон жылдар жана оңой эмес каражат талап кылаарын ар кимибиз аңдап билишибиз абзел.

Буга мисал катары азырынча академик Алтай Бөрүбаевдин ж.б. илимий ачылышын айтсак болот.

Сандар сүйлөсүн: бюджет, айлык жана илимпоздор

Акыркы учурда ЖМКларда УИАнын жалпы кызматкерлери, илимий иштери, илимпоздору жана айлык-маяналары тууралуу анчалык так эмес маалыматтар чагылдырылып келет. Ошол эле учурда СССР доорундагы гүлдөө дооруна салыштырып айткандар арбын. УИАнын 1990-жылы жарык көргөн академия тууралуу атайы китептеги (Академическая наука Киргизстана. Издательство “Илим”. Фрунзе -1990.) жана академиянын өзүнүн акыркы жылдары чыккан “Жылдык отчет” журналдардагы УИАга тиешелүү жалпы маалыматтарга таянуу жана салыштыруу иретинде так маалыматтарга назар буралы.

УИАга 2021-жылы 311 млн, 2022-жылы 386 млн. сом бөлүнсө, 2023-жылы 499 млн. сом каралган. Академиянын жылдык бюджетин өлкөнүн ИДПсына (2023-жылы 919400,0 сом) өлчөсөк болгону 0,05 пайызын гана түзөт. Бул жагынан алганда Кыргызстан мурунку СССР мамлекеттеринин ичинен “ардактуу” 14чү орунду ээлейт. Дүйнөлүк статистика боюнча учурда кайсы мамлекет ИДПсынын 3 пайызын илимге сарптаса, ошол өлкөдө илим жактан жакшы көрсөткүчтөргө жетишип, өнүгүүнүн үстүндө болуп жатат.

Академиянын Каржы бөлүмүнүн маалыматына таянсак, бул жылдык бюджеттин (499 млн.) дээрлик 95 пайызы мыйзамда корголгон (айлык, коммуналдык кызматтардын төлөмдөрү ж.б.) беренелерге сарпталат. Калган 4-5 пайыз акча илимий жактан өнүгүүгө өтө эле аздык кылаарын айтпасак да түшүнүктүү. Анан калса, Каржы министрлигинин жылдын аягында баардык эле мекемелердин бюджеттин толук бөлбөй, ар кандай шылтоо менен бир канча бөлүгүн “өнөп” калмай өнөрүнөн УИА да четте эмес.

Керек болсо, азыркы учурда УИАнын институттары жана башка илимий мекемелери күнүмдүк керектелүүчү концелярдык буюмдарга жетиштүү акча каралбагандыктан, бул муктаждыкты кызматкерлер өздөрүнүн аракеттери, демөөрчүлөрдүн жардамы менен чечип келишет.

УИАнын борбордук имаратынын ичинде дээрлик 1700 чарчы метрде өкмөттүн токтому менен: Президентке караштуу Улуттук аттестациялык комиссия, Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо мамлекеттик агенттиги жана Япон борбору жайгашкан. Алар өкмөттүн “өзгөчө” токтомун бетине кармашып, бир тыйын да ижара акысын төлөшпөйт. Алар ээлеп турган иш-бөлмөлөр кийин соңу УИАга кайтарылып берилеби, же биротоло алардын “менчигинде” калабы, бул да чоң суроо. Ал эми Мүлк фондусу эчактан бери эле академияга караштуу борбордук имараттагы жана башка даректердеги ижарага берүүгө мүмкүн болгон баардык бош имараттарды, бөлмөлөрдү ижарага берип, бул багыттагы саясаты каалагандай калчап келет. Албетте, ижарадан түшкөн каражат бир нече миллиондорду чапчыйт. Мурун ижарадан топтолгон каражаттын 30 пайызы академиянын “өздүк эсебине” калчу, академия ал акча менен жыртык-тешигин аздыр - көптүр бүтөп, бир аз тыңыраак иштегенге мүмкүнчүлүк алып келишкен. Бирок 2016-жылдардан тарта өкмөт ижарадан түшкөн миллиондордун бир тыйынын да академияга калтырбай, баарын өз куржунуна салып келет.

УАИга бөлүнгөн жылдык бюджет жана ижарадан түшкөн каражаттын бөлүнүшү негизинен мына ушундай абалда. Анан кайдагы өнүгүүнү, кайсы илимий ачылыштарды айта алабыз? Мындай абалга мамлекеттин экономикалык абалы жана мамлекет башчыларынын УИАга, жалпы эле илим-билимге жасаган кайдыгер мамилеси себеп болуп жатканы чыркыраган чындык эмеспи. Мындан башка жооп ж.б. жоромолдорду издөөнүн зарылчылыгы деле жоктур.

Союз маалында академияда иштегендердин айлыгы өлкө боюнча өтө жогору болгону маалым. Мисалы, жөнөкөй кызматкерлер 160, ал эми илимдин докторлору 350 рублге чейин алышкан. Бүгүнкү күндө УИАдагы эң аз айлык бул – чарбалык жагында иштегендердики 6000-7000 сом, кенже илимий кызматкердин айлыгы 9000, илимдин докторунун айлыгы 17 миң сомдун (көбөйтүлгөндөн кийинкиси) тегерегинде. Чынында мындай айлыкка илимдин фанаттары гана иштейт десек аша чаппайбыз

Салыштыруу иретинде дагы бир кызыктуу фактыга токтолсок, Кыргызстанды 24 жылдан ашык башкарган Т. Усубалиевдин айылыгы 650 рублдин тегереги болсо, УИАны 18 жыл башкарган академик К. Карыкеевдин маянасы 980 рублге чейин жеткен.

7 млн. элге 7 миң окумуштуу көп деле эмес, бирок... Коомчулукта: “Илимий наамдары бар окумуштуу көп, бирок олуттуу илимий иштери жок”,- деген сын көптөн бери айтылып келет. Бул сынга академиянын мурда кийинки көрсөткүчтөрү менен калыс жооп тапканга аракет кылалы.

Эң оболу “Союз маалында академияда иштегендердин жалпы саны 10 миң адамга чейин жеткен” деп акыркы учурда ЖМКда көп айтылып жаткан маалымат так эместиги аныктадык. Академиянын тарыхы жана ишмердүүлүгү тууралуу китептеги маалыматта: 1989-жылы жалпысынан 3920 кызматкер, анын 3128и илимий кызматкер болсо, калгандары чарбалык мекемелерде иштешкени жазылган. УИАнын Кадрлар бөлүмүнүн башчысы Жийдегүл Асылбаева бул маалымат тууралуу мындай пикирин айтты: “Мен академияда жалпысынан 40 жылдан бери иштеп келем. Союз маалында академиянын кызматкерлери 10 миңге жеткен деген так маалымат эмес. Мен ал учурда профсоюз жагында иштегем, жалпы кызматкерлердин саны 5 миңдин тегерегинде болгон.”

Учурдагы көрсөткүч кандай? УИАнын Башкы окумуштуу катчысынын маалыматында: 2021-жылы кызматкерлердин саны 1521 болсо, 2022-жылы 1575, анын 881и илимий кызматкер экени так жазылган.

Мисалы, 1989-жылдагы көрсөткүчтө: республиканын башка илимий мекемелерде эмгектенген жалпы кызматкерлердин саны 1552, анын ичинен илимдин кандидаттары 677, докторлору 99, академиктердин саны 31 болгон. Ал эми 2022-жылдагы көрсөткүчү төмөндөгүдөй: Кыргызстанда жалпы илимдин кандидаттары менен докторлорунун (илимдин кандидаттары 5 миңге жакын, докторлору 1500дей) жалпы саны 7500дүн тегереги. Бирок бул 7500дөй илимоздун ичинен акыркы жылдары көзү өтүп кеткендери да бир нече жүздөп саналат.

Эми 7 миңдин ичинен УИАга тиешелүү илимпоздордун так санын бөлүп көрсөтөлү: илимдин кандидаттары 320, илимдин докторлору 164, академиктердин саны 40. Калган дээрлик басымдуусу негизинен ЖОЖдордо иштешет.

Чынында 7000ге жетип - жетпеген окмуштуу 7 млн. калкы бар (орто эсеп менен миң адамга 1 илимпоз туура келет) Кыргызстанга анчалык көп деле эмес. Бул жагынан биз башкаларды эске албаганда, Тажикстандан да арттабыз. Бирок кийинки окумуштуулардын сапаты, билими негизги талаптарга толук жооп берет деп айтуу кыйын. Анткени, илимий наамдарды акчанын жана таасирдүү адамдардын жардамы менен алып алышып, илимге ийненин көзүндөй да салым кошушпаган чала окумуштуулар да ондоп саналат. Чынында бул көрүнүш коомго жаңылык эмес, адаттагы көрүнүш катары кабылданып баратат. Деги эле окумуштууларга илимий наамдарды ыйгаруу боюнча Президентке караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын жүргүзгөн саясатты ар дайым ыраттуу болуп, негизги талаптарга жооп бериши керек эле. Андыктан биз окумуштуулардын санына эмес, сапатына көңүл буруубуз зарыл.

Президенттин “мыйзамсыз” жарлыгы жокко чыгабы?

2023-жылдын 10-февралында Президенттин (№80) Мамлекеттик илимий мекмелердин ишинин натыйжалуулугун баалоо боюнча ведомостволор аралык жумушчу топ түзүү тууралуу тескемеси жана 16-февралда: “Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө илимдин салымын жогорулатуу боюнча чаралар” тууралуу жарлыгы чыкты. Мунун негизинде УИАга караштуу болуп келген: Түштүк бөлүмүнүн гуманитардык жана региондук изилдөөлөр институтун Ош мамлекеттик университетине, Ж. Алышбаев атындагы Экономика институтун М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык институтуна материалдык-техникалык базасы жана каржылоо булагы менен өткөрүлүп берүү, ал эми 11 институтун 5 ЖОЖго интергация кылуу каралган. Жарлыктын алкагында 1-ноябрга чейин механимздерди иштеп чыгып, интеграция канчалык деңгээлде пайдалуу болгону боюнча баа берилиши керек. Анын негизинде өнүктүрүү, өткөрүп берүү же жоюп салуу керек деген сыяктуу чечим кабыл алынмакчы.

Сөз башында Президенттин бул жарлыгы бир катар мыйзамдарды одоно бузуу менен чыкканын айттык. Кандай мыйзамдар бузулган? Биринчиден 1993-жылдан бери “улуттук” макамын алып келаткан академия былтыр биринчи жолу Баш мыйзамга кирип, ал тууралуу 22 - беренеде: “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы ырааттуулук жана илимий прогресстик принциптерге негизденүү менен фундаменталдык жана прикладдык илимдер тармагындагы багыттарды координациялайт.”- деп жазылган. Эми бул берене бузулуп, өз деңгээлде сакталбай жатса, тереңдетип айтканда өзүнүн тамырлары кыркылып, бутактары буталып жаткан академия илимдер тармагындагы багыттарды кантип координациялайт? Бул бир. Экинчиси “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы тууралуу мыйзам” жөнүндө, үчүнчүсү УИАнын өзүнүн уставы да бузулган.

Баса, бул жарлык тууралуу КРнын Баатырлары: М. Мамакеев, М. Мамытов, Т. Садыков баштаган он чакты белгилүү окумуштуулар Президентке кайрылуу жолдошкон. Бирок азырынча ал кайрылууга конкреттүү жооп боло элек. Кандай жооп кылат? Балким, ал мыйзам алдында суроо эле эмес чуу да жаратып жаткан жарлыкты президенттин администрация башчысы, Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баш болгон “акылдуулар” оңдоп жатышкандыр, балким Садыр Жапаров УИАны жойгонго жол ачкан Президент катары тарыхта жаман атты болуп калбайын деген аруу тилек менен кол койгон жарлыгын артка чакыртып, жокко чыгарабы? Кандай болгон учурда дагы бул маселеде шалаакылыка жол бергендер жоопко тартылышы керек. Бул маселе кийин-соңу да козголуп, балким иликтөөлөр, жоопко тартуулар жолго коюлушу да ажеп эмес.

Чынында УИА институттары башка окуу жайларга берилип, дагы басымдуусу дээрлик илимий базалары жок ЖОЖдорго түз “байланып” жатканы жакшы иш эмес. Бул кадамдар өнүгүүгө эмес, тескерисинче УИАны мындан ары дагы алсыратып, акырындык менен бар-жогун билгизбей жоюп салууга алып келиши толук мүмкүн. Дүйнө эли илим менен өнүгүп жатканда бизде бийликтин УИАга минтип сокку уруп жатышы – келечекке болуп көрбөгөндөй кедергисин тийгизет. Кийин соңу: “Эсибиз барда этегибизди жаппай”, - деп бармагыбызды тиштеп, жер тепкилеп калышыбыз да толук мүмкүн. Деги эле бузуп, талкалап салуу эң оңой, ал эми түптөп, кайра куруу, сактоо жана өнүктүрүү иши татаал экенин ар бирибиз терең түшүнүүгө милдеттүбүз.

Казак туугандарды туурабайлы, өзбектерден өрнөк алсак...

Алыс барбай эле, коңшу өлкөлөрдүн илимге кылып жаткан мамилелерин мисалга тарталы. Казакстандын бийлиги 2002-жылы Казак илимдер академиясын улуттук макамынан ажыратып, ага караштуу болуп келген 40тан ашуун илимий инстутуттарын Билим берүү министрлигине өткөрүп, академиянын өзүн каражатсыз калтырып, коомдук уюмга айлантып койгон. Казак элинин үлкөн окумуштуулары: “Академиянын өзүн 20 жылдык эксперимент кылуу өзүн актаган жок. Биз бул жагынан артка кеттик”,- деп байма-бай айтып, өлкө башчысына кайрылып келишкен. Чынында анын кесепетинен ондогон, жүздөгөн казактар Кыргызстанда ж.б. өлкөлөрдө аспирантурада окушуп, диссертацияларын жактап келишет.

Ушул жылдын 27-мартында казак Президенти К. Токаев Казакстандын 77 жылдык тарыхы бар академиясына улуттук макамын кайтаруу менен Президентке караштуу кылып түзүү тууралуу жарлыкка кол койду. Кыскасы, казак бийлиги акыры академияны жоюу чечими чоң ката болгонун сезип, кайрадан ордуна келтирүү аракетин көрүп жатат. Казак туугандардын 20 жыл мурунку мына ушул аянычтуу жана жагымсыз чечими бизге да сабак болууга тийиш.

Ал эми 80 жылдык тарыхы бар Өзбекстан улуттук илимдер академиясын учурдагы деңээли Орто Азия мамлекеттеринин ичинен алдыңкы орунда турат. Бул өлкөнүн мурунку жана кийинки өлкө башчылары академиянын ишмердүүлүгүн колдоого алышып, жакшы шарттарды түзүп беришип, өнүктүрүүгө басым жасашты. Башкасын айтпаганда да бүгүнкү күндө өзбек илимдер академиясына иштеген илимий наамы бар илимпоздордун айлыгы 1000 долларды чапчыйт. Анан кантип өзбек туугандардын илимге жасаган мамилесине суктанбай коесуң?

Академиянын эбегейсиз мүлктөрүнө көз артуу өз күчүндө

УИА союз мезгилинде өз менчиги үчүн курулуп, топтолгон эбегейсиз мүлктүн бирден-бир мураскери болуп эсептелет. Ал мүлктөргө көз артуунун биринчи кичинекей этабы 1986-жылдардагы кайра куруу мезгилинине туура келет. Эбин тапкандар эңшерилүүгө эки кадам калган эсил кайран СССР доорунда эле өз пайдасына иштеп калышкан. Мисалы, айрым окумуштуулар академияны 1987-1989-жылдары жетектеген Лавёров Николай Павлович кызматтан түшүп, Москвасына кетип жатканда бир учак керектүү мүлктөрдү кошо ала кеткенин айтып жүрүшөт.

Ал эми 2000-жылдардарга чейин башталган экинчи көз артуу, менчиктештирүү саясатынан академиянын ар кандай баалуу жабдыктарын, техникаларын тоноп кетүүгө анчалык деле тосколдук жаралбай калган. Окурмандарга маалымат үчүн УИА СССР учурунан бери мурастап калган эбегейсиз мүлктөрдүн баарын болбосо да, негизгилерин “түгөлдөп” жазалы.

1954-1980-жылдар аралыгында илимдер академиясы үчүн: Бишкек шаарында, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын аймактарында илимий борборлор жана чарбалык маанидеги мекемелер үчүн көптөгөн имараттар курулган. УИАнын негизги борбордук имараты Чүй-Үмөталиевден наркы Калык Акиев (Чүй 265) көчөсүнө чейинки 4 га. жакын жерди камтып, ал жердеги жалпы имараттардын аянты 30 миңден көп чарчы метрди чапчыйт. Борбордук имаратта, учурда: приздум, 11 институт, өтө баалуу илимий китепкана жана “Илим” басма борбору жайгашкан. Баса, кезинде бул басма борбор үчүн салынган басмакананын жабдыктары эчак тонолуп, учурда ээн имарат катары ижарага берилип келет.

Башка институка мүлкү менен кошо “белекке” берилип жаткан, Экономика институту дал ушул борбордук имараттын 3-кабатында жайгашып, жалпысынан 300, 37 чарчы (13 иш бөлмө) метрди чапчыйт.

Академиянын калган институттары, илимий борборлору жана чарба мекемелери: Бишкектин: Ахунбаев, Скрябин, Медеров, Эркиндик, Фрунзе, Анкара, Дорожный көчөлөрүндө жана Асанбай кичи районундагы имараттарында жайгашкан. Мындан тышкары, Түштүк бөлүмүнө тишелүү Ош жана Жалал-Абад шаарларында да бир нече имараттар ж.б. мүлктөр бар. Ошондой эле, бул мүлктөрдү Ысык-Көлдө “Илим” (1970-жылдары илим кызматкерлеринин балдарына арналып салынган ден –соолукту чыңдоо борбору) пансионаты, Жети-Өгүз “Тянь-Шань бийик тоолуу” илимий борбору, Ак-Суу токой чарбасы жана Нарындагы Ботоникалык бакка караштуу жер тилкелери толуктайт. Мисалы, Скрябин көчөсүндө УИАга караштуу бакыйган Технопракта азыр эмне калды, канча мүлкү тонолуп кетти? Бул да өзүнчө чоң маселе. Медеров көчөсүндөгү Автотранспорттук экспедициялык ишканасынын (АТЭП) абалы деле Технопарктын абалынан анчалык айырмасы жок. Бул мүлктөрдөн тышкары бизге белгисиз болгон башка да мүлктөр болгон. Буга далил катары азыркы учурда Ибраимов-Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги Кыргызпатенттин имараты бир кезде академиянын аспиранттарынын жатканасы болгонун мисал кылалы.

Мындан тышкары, академияга караштуу ар кандай имараттарды куруу үчүн аянты аз эмес жер тилкелери да болгон. Азыр анын баарын бирден тизмектеп, так санын жазуу мүмкүн эмес. Анткени, ошол имараттар ж.б. мүлктөрдүн айрымдары 1990-жылдардан баштап менчиктелип, жеке колдорго өтүп кетти. Алардын ичинен кечээ жакындагысын эле мисалга тарталы. УИАга караштуу К. Акиев – Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги дээрлик 25 сотых жер 2009-жылы академиянын балансынан Бишкек мэриясына өкмөттүн токтому менен өткөрүлүп берген. Ал кездеги УИАнын жетекчиси өткөрүп берүүгө каршы болгон эмес. Бишкек мэриясын жетектеп турган Нариман Түлеев ал жер тилкесин аукционга чыгарып, жаңылбасак “Газпромго” сатып жиберет, учурда ал жерде бакыйган көп кабаттуу үй курулган. Балким, ортодо олчойгон акча ойногодур? Кандай болгон учурда да ошол жер тилке академиянын көп көйгөйүнүн бир көйгөйүн чечүүгө сарпталса болот эле го. Учурунда бул иш боюнча жетекчилерге кылмыш козголгону менен эч ким жоопко тартылган жок. Бул бир эле мисал, терең иликтегендер дагы ушул сындуу кылмыштуу иштерди табары күмөн эмес.

УИАга караштуу өтө маанилүү жана негизги мүлктүн бири – бул 170 гектар аянтты чапчыган Бишкектеги Э.Гареев атындагы ботоникалык бак. Ал 1938-жылы түзүлүп, окумуштуулар ондогон жылдар бою миңдеген өсүмдүктөрдүн, көп жылдык жүздөгөн бак – дарактарды (жаңы түрлөрүн чыгарып) өстүрүп, борбор шаардын көркүнө көрк кошуп, экологияны тазалап турган. Бирок 2000-жылдардан кийин такыр көңүл бурулбай, каражат бөлүнбөй калгандыктан кароосуз калып, талкаланып, аянычтуу ахыбалда турат. Бир канча жылдан бери ботоникалык бакка да туш-туштан көз артып, көбүнчө бизнес багытында колдонуу үчүн бир айласын таба албай жаткандар арбын. Жакында Президент өзү кыдырып көрүп, өнүктүрүү боюнча өз оюн айтты. Бирок жыйынтык кандай болот, аны убакыт бат эле көрсөтөт.

Эске салсак, 2016-жылы дагы УИАны кыскартуу, жоюу демилгеси көтөрүлгөндө, илимпоздор анда активдүү түрдө каршы чыгышкан болчу. Кудай жалгап, ал демилге ишке ашпай калган. Ал учурдагы негизги максат бийлик башындагылардын УИАга караштуу имараттар баштаган нечен мүлктөрдү ээлик кылып, башка багыттарга иштетүү болгон. Азыр дагы С. Жапаровдун тегерегиндегилер ошондой кызыкчылыктагы ойду ишке ашырууну максат кылышып жатканын жокко чыгарууга болбойт.

Кандай болгон учурда да өлкө башчысы УИА боюнча өзү терең иликтеп, (кызыкчылыгы бар кыйтырларды колго чаап), сактап калуу, өнүктүрүү боюнча өзгөчө чечим кабыл алышы зарыл. Бул нерсе илим аркылуу ар тараптуу өнүгөм деген өлкө үчүн өзгөчө керек экенин дагы бир ирет баса белгилешибиз абзел.

Айбек Шамшыкеев

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×