Добавить статью
6:11, 19 июня 2012 73581

Кыргыз жаштарынын саясаттагы орду жана ролу

Бардык эле өлкөлөрдө жаштар коомдо өзгөчө спецификалык кызыктары, көйгөйлөрү, муктаждыктары бар социалдык категория катары баалашат. Анкени бүгүнкү жаштар коомдун активдүү жана радикалдуу бөлүгү катары бааласак болот. Буну биз дүйнө жүзүндө болуп жаткан окуялардан билсек болот, алсак, Украина, Грузия жана Араб өлкөлөрүндөгү революцияларда жана Кыргызстандагы 5 жыл аралыгындагы окуяларда жаштардын орду чоң эле болду. Ошону менен эле бирге бүгүнкү Кыргызстандын чоң саясатында жаштардын күчү жана ролу өзгөчө байкалбайт. Себеби, комунисттик идеологиянын кыйроосу менен кошо өлкөбүздө өсүп келе жаткан муунду саясий маданиятуулукка жана тажрыйбалуу адис катары тарбиялоо системасы да талкаланган. Эгемендүүлүктөн берки бийлик башындагы жетекчилер өз артынан кадр даярдоо тургай ээлеп турган кызматынан кол жууп кала тургандай мамиле кылуусу жаштардын саясатка аралашуусуна чоң кедергисин тийгизүүдө. 90-жылдардагы эле эл башчылары жана саясий элита бүгүнкү күндө мамлекеттик бийлик органдарында отурушат. Өлкөдө саясий элита жаныланбай же башкача айтканда жашарбай жатканы баарыбызга эле маалым. Бирок, жаштарыбыз саясатка аралашмайын Кыргызстандын саясий маданияты өнүкпөйт деп ойлойм. Себеби, дүйнөдө илим жана техника өнүгүү менен жашоодо бир топ өзгөрүүлөргө жүрүүдө.

Жаштардын саясатка аралашуусу өтө жай жүрсө да өлкөбүздө мамлекеттик бийлик органдарында саналуу жаш адистердин болуусу жана бир топ жаштардын саяисй партияларды, кыймылдары түзүүсү, жергиликтүү кеңештердеги шайлоолорго катышуусу, бийликке болгон аракет кылуусу жаштардын саясаттагы орду бир аз болсо да бар экенин аныктайт. Бул тенденция акыркы 5 жылдыкта жанданып, 2005 – жылдан баштап өлкөдөгү ири саясий партиялардын жаштар канаттары жана жаштар менен иш алып барган өкмөттүк эмес уюмдардын пайда болуусу менен шартталат. 2008-жылы, 4-чакырылыштагы Жогорку Кеңешке 15% квота менен жаш депутаттардын келүүсү , ал эми 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо бул жагдайдын сакталуусу жаштардын саясаттагы ордун бир топ бекемдеди. Бир гана 2010-жылы апрель окуясынан кийин Жаштар иштери боюнча министрлигин түзүшкөнү болбосо бул тенденциялар ушуну менен эле токтолуп калды жана жаштарды мамлекеттик кызматтарга тартуу боюнча алгылыктуу программалар, иштер аткарылбай келет.

Ошону менен эле бирге кече жакында парламент тарабынан кабыл алган «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү менен мындан ары шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо жалаң саясий партиялар гана катыша ала турган нормаларды киргизишти. Мурдагы мыйзам боюнча саясий партиялардан сырткары шайлоочулардын тобу да өз талапкерлерин шаардык кеңештин депутаттыгына сунуштай алса, эми жаңы мыйзамдын шартары боюнча шаардык кеңештерге бир гана саясий партиялар катышып, шайлоочулардын 7% көрсөткүчүн ала алган партия мандаттарды бөлүштүрүүгө катыша алышат. Бул поцесс жаштардын, жаштар уюмдарынын шайлануу мүмкүнчүлүгүн чектейт, анкени саясий партияларга ишенбеген жана кошулбаган, бирок коомчулукка өз аракеттери менен таанылган бир топ жаштар уюмдары четтетилүүдө. Дагы бир маселе, парламент депутаттары демилге көтөрүп жаткан «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаттарын жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо» мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо боюнча сунуштарында эми парламенттик шайлоолорго шайлоого чейин бир жыл мурун катталган гана саясий партиялар катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо, жаңыдан жаштардан куралып түзүлүп жаткан саясий партияларды саясий аренага чыгуусуна чоң кедергизин тийгизет.. Бул факт жаштардын саясаттагы ордуна чон терс таасирин берет. Анкени партиялык түзүмдөрдө жана ошол эле шайлоо тизмелеринде баягы эле улуу муундагылар жана экс-жетекчилер эле толуп алышат.

Ал эми мамлекеттик деңээлдеги жаштардын саясаттагы ордун жогорлотуу үчүн мамлекет бүгүнкү күнү сөз түрүндө эмес, реалдуу программалар жана жаңы мыйзамдарды кабыл алуу менен жаштар саясатын натыйжалуу ишке ашуруу менен жогорлотсо болот. Бирок, өкүнүчтүүсү жаштарды саясатка аралашуусуна алып келчүү андай мүчкүнчүлүктөр бүгүнкү күнү мыйзамдык базалар жана өкмөттүн программалары менен жетишээрлик деңээлде эмес.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×