Добавить статью
7:12, 17 ноября 2012 8394

Келдибеков миллиондорду кайдан тапты?

Парламенттеги депутаттардын көпчүлүгү бизнес чөйрөсүнөн келишкен. Ошон үчүн, аларды миллионер, олигарх атасак жарашат. Ал эми өмүр бою мамлекеттик кызматты аркалап, бизнес менен шугулданбаган айрым саясатчылардын баш айланткан байлыкты кантип жыйнаганы кызыгууну жаратпай койбойт. Андайлардын катарында өзүн оппозиция лидери санаган, амбициясы башынан ашкан «ата журтчу» Акматбек Келдибеков бар.

«Господин» Келдибеков 2011-жылга карата толтурган декларациясында 796 миң сом маяна, 2009-жылы наркы 13 млн. сомдук үйдү белекке алганын жазыптыр. Учурда 65 миң сомдук эки жана 5 млн. 500 миң сомдук бир машине, 13 млн. 820 миң сомдук кыймылсыз мүлктүн кожоюну экенин кошумчалаган. Ошону менен жалпы жонунан 64 млн. 685 миң сомдук мүлкү бардыгын жашырган эмес. Мунусуна баракелде дейли. Ал эми көмүскөдө жаап жашырган байлыгына сан жетпейт экен. Буга байланыштуу «Алиби» гезити Акматбек мырзанын элге белгисиз байлыгын ашкерелегени маалым. «Алибинин» белгилешинче, А.Келдибеков Тынчтык проспектисинде жайгашкан баасы 150-200 миң долларды чапчыган №97/4 үйдөгү алты квартираны, Токталиева көчөсүндөгү 36-үйдөн алты квартираны (наркы 150-250 миң доллар), Токтогул көчөсүндөгү 86/4 жана Медеров көчөсүндөгү 173-номурдагы баасы 200-350 миң долларлык эки кабаттуу үйдүн көпчүлүгүн жубайы Аида Токтоматовага каттатыптыр. Ошондой эле Табалдиев көчөсүндөгү 96-номурунда килтейген «особняк» курдуруп атканын басылма ачыкка чыгарган. Буга улай жүз миң «долларбайдан» жогору турган кымбат баалуу «темир тулпарлардын» кожоюну экенин жар салган (таблицаны караңыз).

Машинени маркасы жана жылы

Машиненин номуру

Баасы

1

Лексус LX-570, 2011-жылы чыккан

В8888АВ

120-150 миң доллардын тегерегинде

2

Тойота-Фортунер, 2006-жылы чыккан

В8888J

25-35 миң доллардын тегерегинде

3

Тойота-Лендкрузер, 2009-жылы чыккан

В1007АС

60-70 миң доллардын тегерегинде

4

Рейнж-Ровер, 2010-жылы чыккан

В0001АС

89-100 миң доллардын тегерегинде

5

11 авто унаа

Ар кыл маркада

15-50 миң доллардын тегерегинде

Жанатан бери Акматбек мырзанын наркы 200 миң доллардан жогору турган ондогон квартира, дагы ошончолук машинелерге ээлик кыларын тизмектедик. Мындан сырткары, борбор калаада ондогон саунасы, асыл тукум жылкыларды багуучу ири фермалары бар экенин элита чөйрөсү жакшы билет. Эми мыйзам ченемдүү суроо берели: Келдибеков мынчалык байлыкты кантип жыйнаган? Себеби, бул киши эмгек жолун 20 жашында Алай райондук «Правда» колхозунда катардагы жумушчулуктан баштаптыр. Ал эми эгемендиктин алгачкы жылынан тартып экономика, финансы тармагында эмгектенип келет. Анын басып өткөн жолундагы ар бир кадамына саресеп салып, эгерим бизнес кылганын кездештире албадык.

Шаршенчесинен кайталаганда, А.Келдибековдун эче миллиондогон долларлык мүлктү кантип жыйнаганы бүдөмүк. Бүгүнкү күндө коррупцияга каршы күрөш аеосуз жүрүүдө. Анда неге Келдибековдун финансылык дараметин иликтеп, юридикалык баа берүүгө мүмкүн болбосун? Мейли катардагы жаран, чиновник, министр же депутат болсун, анын байлыкты «таман акы, мандай тери» менен жыйнаганын же жыйнабаганын коомчулук так билиши кажет эмеспи. Айыл өкмөт башчыларынан тартып Ак үй, Көк үйдөгү билермандарыбыздан бери байлыгын ачык көрсөтсө, анда Кыргызстаныбызда коррупциялык схемалар азайып, мамлекетибиз өнүгөт беле? Мындай маанилүү маселеде адамдардын статусу же оппозиционер-позиционер экени негизги ролду ойнобошу кажет.

Ушу тапта Келдибековчосунан «элитный» квартираларды сатып алып, килтейген «особняктарды» салдырып, «ок өтпөс» машинелерди минмек түгүл, бир метр жерге жетпей зар болуп жүргөн жаштарыбыз арбын. Андыктан, эгер таза коом, өнүккөн мамлекет курайлы десек, анда чиновник, депутаттардын байлыгын текшерүү процессин баштасак кантет? Ошондо Келдибековчосунан эл үчүн күйүмүш этип, ошол эле маалда жылуу креслодо отуруп алып эсепсиз байлык чогулткан депутаттардын табигый жүзү сыйрылат эле…

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×