Добавить статью
7:22, 19 ноября 2012 32730

Ыйыктыгын сактайлычы Ата-Журттун!

Бөлүнгөндү бөрүлөр жеп кетет дейт,

Майдаланып кыргыздар бөлүнбөгүн.

Бөлүнсөӊ бөк түшүп шал болоорсуӊ,

Кордук көрүп, кулу болуп көрүӊгөндүн.

Эл бузган, чагымчыл жамандардын

Сөзүн угуп, кызыл канга чөмүлбөгүн.

Батыштын баалуулугун балдай көрүп,

Тепселенди улуттук ырыс-дөөлөт.

Эсиӊе кел! Тамыры соолуй турган улуттардын,

Карыларын жаштары уруп-жөөлөйт.

Эне тилди сүйбөсөӊ, эл-жерди барктабасаӊ,

Эзилип жок болоорсуӊ эрксиз кулдай.

Ыйыктыгын Ата-Журттун сактабасак,

Ыдырап чачырайсыӊ эшилген сары кумдай.

Биримдик, ынтымакты ураан тутуп,

Ала-Тоодой ыйык жерди сактай билгин,

Кыргыз менен кыргызча эле сүйлөйлүчү,

Кадырын кетирбестен эне тилдин.

Автор: Илияс Сексенбай

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

17-12-2013
Бишкектин бактарында булбулдар байырлайбы?
91011

02-03-2013
ЖоКе журттубуздун жашоосун жакшыртабы? (Жалаӊ «Ждан» жазылган жанытма)
41025

26-10-2011
Кыргызстан - «Митингстан»
107028

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×