Добавить статью
17:16, 1 октября 2025 26

Кыргызстан төрагалыгы астында түрк мамлекеттер уюму: Жаңы демилгелер жана интеграция багыты

Акыркы жылдары Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) дүйнөдөгү эң динамикалуу регионалдык бирикмелердин бири катары өз ордун бекемдеди. Мүчө мамлекеттер бүгүнкү күндө тышкы саясаттан баштап, соода, энергетика, санариптик интеграция, жашыл экономика, космос жана жасалма интеллект сыяктуу 40тан ашуун тармакта биргелешип иш алып барат. ТМУнун чыныгы күчү сандарда эмес, анын негизги байлыгы — тарыхый байланыштарда, тилдик жана маданий жакындыкта, салттык биримдикте жатат. Бул жөн гана өнөктөштүк эмес, чыныгы бир туугандык мамиле. Дал ушул баалуулуктар ишенимдин, ынтымактын жана бекем өнөктөштүктүн өзөгүн түзүп келет.

ТМУнун жаңы кызматташтык платформалары жана алгачкы жыйынтыктары

2024-жылдын ноябрында Бишкекте «Түрк дүйнөсүнүн күчтөнүшү: экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санарип келечек жана коопсуздук» урааны менен өткөн 11-саммиттин чечимдери, аны менен бирге Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын концепциясына жана иш-чаралар планына ылайык соңку тогуз ай ичинде 120дан ашык жогорку деңгээлдеги жолугушуулар жана иш-чаралар уюштурулду. Кыргызстандын төрагалык мезгилинде уюмдун тарыхында жаңы барактар ачылып, белгиленген жогорку деңгээлдеги жолугушуулар жана кеңештер мүчө мамлекеттердин кызматташтыгына жаңы дем берди.

Маанилүү жыйындардын бири — 2025-жылдын сентябрь айында Бишкекте алгачкы жолу ТМУ мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын жыйыны болуп, анда соода, инвестиция, транспорт, энергетика, айыл чарба жана санариптештирүү сыяктуу маселелер талкууланды. Бул жыйынды уюштурууга акыркы жылдары ТМУнун алкагындагы иш-чаралардын көбөйүшү жана президенттер тарабынан саммиттерде кабыл алынган чечимдерди өз убагында жана натыйжалуу ишке ашыруу зарылдыгы алып келди. Жыйындын натыйжасында биргелешкен билдирүү кабыл алынып, соода жана инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү, жеке сектордун катышуусун арттыруу жана Кыргызстандын төрагалык мезгилинде жетишилген прогрессти бекемдөө максаттары белгиленди.

Экономика, каржы, коопсуздук, интеллектуалдык менчик жана жашыл экономика багыттарында бир катар маанилүү жыйындар өткөрүлдү. Алгачкы жолу борбордук банктардын, финансылык чалгындоо органдарынын, коргоо өнөр жай мекемелеринин жана интеллектуалдык менчик органдарынын жетекчилеринин жыйындары, ошондой эле Түрк дүйнөсүнүн Жашыл каржылоо кеңешинин жыйыны жана Түрк дүйнөсүнүн камсыздандыруучулар биримдигинин биринчи ассамблеясы болуп өттү.

Аны менен бирге быйыл Түрк мамлекеттеринин Борбордук шайлоо органдарынын Кеңештик платформасы (APCEA) түзүлүп, биринчи жыйыны Түрк дүйнөсүнүн руханий борбору — Түркстан шаарында өткөрүлдү.

Өткөн жыл ичинде социалдык жана гуманитардык багытта да бир катар маанилүү иш-чаралар уюштурулду. Алардын ичинде Азербайжандын Габала шаарында өткөн Түрк мамлекеттеринин 1-спорт ыктыярчыларынын форуму жана Стамбулда өткөрүлгөн Түрк мамлекеттеринин Кызыл Ай ыктыярчыларынын лагери орун алды.

Бул алгачкы жыйындардын ар бири Кыргызстандын төрагалыкты натыйжалуу жана активдүү жүргүзгөндүгүн көрсөтүп, регионалдык кызматташтыктагы лидерлик ролун бекемдеди. Ошондой эле ТМУнун келечектеги интеграциялык жана экономикалык долбоорлоруна олуттуу дем берүүчү негиз түздү.

ТМУнун туруктуу жыйындары жана жетишкендиктери

Акыркы жылда уюмдун салттуу форматтагы жыйындары да өз маңызын жоготпой, жаңы идеялар менен толукталды.

Кыргызстан үчүн айыл чарба тармагы ар дайым артыкчылыктуу болуп келген. 2025-жылдын июнунда Чолпон-Атада айыл чарба министрлеринин жыйыны өтүп, анын жыйынтыгында министрлер биргелешкен коммюникеге кол коюшуп, ТМУнун айыл чарба кызматташтыгы боюнча стратегиялык жол картасын бекитишти. Чолпон-Ата 2025–2026-жылдарга Түрк дүйнөсүнүн агрардык борбору катары жарыяланды. Ошондой эле ТМУнун алкагында Түрк ишкерлеринин агро-форуму өткөрүлүп, мүчө жана байкоочу өлкөлөрдөн келген чиновниктер, бизнес лидерлери жана инвесторлор жаңы долбоорлорду талкуулашты.

Кыргызстанда ТМУ алкагында бул багытта башка долбоорлор да ишке ашырылып жатат. Аларга дагы токтолуп кетсек. Венгриянын колдоосу менен жана ТМУнун Будапешттеги өкүлчүлүк кеңсесинин алдындагы Кургакчылыкты алдын алуу институту аркылуу Баткен облусунда токойлорду калыбына келтирүү жана деградацияланган жерлерди оңдоо боюнча ири долбоорлор башталды.

Төрагалык учурунда мамлекеттик башкаруу жана коопсуздук тармагында да активдүү иштер жүрдү. Ысык-Көлдө адам ресурстарын өнүктүрүүчү агенттиктердин жетекчилеринин, Бишкекте мусулмандардын диний башкармаларынын жана коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жыйындары өттү.

Туризм, спорт жана жаштар тармагындагы жаңы демилгелер мүчө мамлекеттердин өз ара байланышын чыңдап, интеграцияны дагы да тереңдетилди. 2021-жылы негизделген «Түрк дүйнөсүнүн туризм борбору» наамы кыска убакыттын ичинде маанилүү платформалардын бирине айланып, түрк өлкөлөрүнүн маданий жана туристтик багыттагы кызматташтыгына кеңири мүмкүнчүлүк ачты. Алгачкы жылдары бул наам Кокон, Шамахы жана Түркстан шаарларына ыйгарылса, 2025-жылы Жалал-Абад түрк дүйнөсүнүн туризм борбору деп жарыяланды. Бул демилге Кыргызстандын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан 2023-жылы Астанада өткөн 10-саммитте сунушталып, башка лидерлебиз тарабынан колдоого алынган. Акыркы жылдары шаарда архитектуралык жаңылануу жүрүп, туризмди өнүктүрүүгө багытталган маанилүү иштер ишке ашырылды.

Жалал-Абаддын «туризм борбору» макамын алганынын алкагында 2025-жылдын 15-16-сентябрында эл аралык туризм форуму өтүп, ал аймактын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө таанытууга, жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүгө жана түрк өлкөлөрүнүн туризм тармагындагы кызматташтыгын кеңейтүүгө өбөлгө болду.

Кышкы туризм да көңүл сыртында калган жок. Өзбекстанда өткөн алгачкы Түрк тоо-лыжа кубогу жана 12-июлда Азербайжандын Шахдаг шаарында уюштурулган Түрк тоо-лыжа базалары биримдигинин биринчи саммити тоо туризминдеги туруктуу өнүгүү жана аймактык кызматташтыкты бекемдөөгө арналды. Ошондой эле кышкы туризмде «Бирдиктүү ски-пасс» долбоору мүчө мамлекеттердин лыжа базаларын бириктирип, туристтерге бир карта менен бир нече курортту пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Уюмубуздун мындан башка маанилүү долбоорлорун да ишке ашыруу аракетиндебиз. Алар биздин мүчө өлкөлөрүбүздөн боордош Түрк өлкөлөрүнө барган жарандарыбызга жергиликтүү калк үчүн коюлган баада музейлерди кыдырууга мүмкүнчүлүк берген «Орток музей билети» долбоору жана түрк мамлекеттеринин жарандарына чек арадан өтүүдө паспорттун ордуна улуттук ID карталарын колдонууга шарт түзө ала турган «Түрк ID» демилгеси.

Спорт жана жаштар тармагындагы кызматташтык да жаңы деңгээлге көтөрүлдү. 4-сентябрда Чолпон-Атада өткөн 3-Түрк Универсиадасына 500дөн ашуун студент-спортчу жана машыктыруучу катышып, күрөш, футзал, волейбол, дзюдо, үстөл тенниси жана шахмат боюнча таймашты. Ошол эле учурда жаштар саясаты боюнча маанилүү демилгелер да ишке ашырылды. Алматыда «Алматы — Түрк дүйнөсүнүн жаштар борбору» программасынын ачылышы болуп, анын алкагында көп тараптуу жаштар алмашуу программасы, Жаш лидерлер жана ишкерлер форуму, ошондой эле Эл аралык жаштар фестивалы өткөрүлдү. 17–18-июнда Ташкентте үчүнчү диаспора жаштар форуму өтүп, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө жашаган 30 диаспора өкүлү кызматташтыкты жана координацияны чыңдоонун жолдорун талкуулады.

Билим берүү биздин интеграциянын негизги багыты катары өзгөчө орунда турат. Ушуга байланыштуу билим берүү министрликтери жана тиешелүү жогорку окуу жайлары тарабынан Түрк университеттер биримдигинин (ТҮРКУНИБ) жана Орхун алмашуу программасы үчүн туруктуу катчылык жана атайын программалык фонд түзүү боюнча зарыл болгон кадамдар көрүлүүдө. Бул чаралар академиялык программалардын каржылык туруктуулугун, натыйжалуулугун жана жагымдуулугун камсыз кылууга багытталган.

Мындан тышкары кызматташууну жаңы деңгээлге чыгаруу максатында Венгрия тарабынан сунушталган Түрк Мамлекеттер Уюмунун Илимий изилдөө, өнүгүү жана инновациялык фондун түзүү демилгесине колдоо көрсөтүлдү. Бул фонд жыл сайын 1 миллион евро менен камсыздалмакчы.

Жогорудагы эки демилге алдыдагы билим берүү жыйынында бекитилет деп күтүлүүдө. Алардын ишке ашырылышы билим берүү жана илим жаатындагы кызматташууну жаңы, жогорку деңгээлге көтөрүп, интеграция процессине кошумча түрткү берет.

Космос, инновация жана санариптик өнүгүү тармактарында уюштурулган бир катар маанилүү иш-чаралар түрк мамлекеттеринин илимий-техникалык кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрүп, жаш муундарга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачты.

2025-жылдын 23-апрелинде Бакуда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн космос агенттиктери жана тиешелүү органдарынын 4-жыйыны өткөрүлүп, биргелешип иштелип жаткан куб-спутник (cube satelite) долбооруна өзгөчө көңүл бурулду. Бул долбоор ТМУнун космостук интеграциясынын флагмандык демилгеси жана ушул жылдын аягына чейин аны толугу менен ишке ашыруу пландалууда.

Мындан тышкары, бул багытта август айында Измирдеги «ESBAŞ» Космос лагеринде 3-Түрк космос изилдөөчүлөр академиясынын ачылыш аземи өткөрүлдү. Программа жаштарды илимий жана космос багытындагы карьерага дем берүү, тармактык байланыштарды бекемдөө жана келечектеги лидерлерди тарбиялоого багытталды. Академияга 40 студент катышып, астрономия, астрофизика, ракеталык жана космос илимин терең изилдешти.

Ошондой эле ТМУнун катышуусу менен Кыргызстанда эл аралык ири маданий иш-чаралар өткөрүлдү. Мисалы, улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына арналган VIII Эл аралык элдик эпостор фестивалы 2025-жылдын 27-31-май күндөрү Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында өткөрүлүп, ТМУ тарабынан «Эң мыкты боз үй» сынагынын жеңүүчүсүнө сыйлык тапшырылды.

Түрк мамлекеттер уюмунун эл аралык кызматташтыгы акыркы жылдары бир кыйла кеңейди. Мамлекет башчыларыбыздын тапшырмаларына ылайык, биз Женева, Вена, Брюссель, Париж жана Нью-Йорк шаарларындагы ири эл аралык уюмдар жана алардын регионалдык кеңселери менен натыйжалуу өз ара кызматташтык жолго коюлду.

2025-жылдын маанилүү окуяларынын бири катары 1-сентябрда Стамбулда «Cleantech Days 2025» форуму өткөрүлдү. Бул иш-чара ТМУ, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү уюму (UNIDO) жана Түркиянын Илим жана технологиялык изилдөөлөр боюнча кеңеши (TÜBİTAK) тарабынан биргелешип уюштурулду. Форум глобалдык деңгээлдеги таза технологиялардагы жетишкендиктерди көрсөтүүгө, тажрыйба алмашууга жана туруктуу өнөр жай өнүгүүсүн илгерилетүүгө платформа болду. Эң башкыcы иш-чаранын алкагында «Регионалдык кызматташтык аркылуу жашыл инновацияны өнүктүрүү: Түрк мамлекеттер уюмунун ролу» аталышындагы жогорку деңгээлдеги панелдик сессия өткөрүлдү. Спикерлер регионалдык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүнө, анын ичинде жаңылануучу энергия долбоорлорун өнүктүрүү, инновациялык технологияларды жайылтуу жана экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу багыттарына өзгөчө токтолушту.

Андан тышкары, быйыл Вена шаарында ТМУну таанытуу максатында түрк кызматташтык уюмдары менен биргеликте жана Венадагы биздин дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн колдоосу менен «Түрк жумалыгы» өткөрүлөт.

2025-жылдын 18-21-мартында ТМУнун башкы катчысынын Монголияга алгачкы иш сапары уюштурулду. Монголиянын тышкы иштер министринин чакыруусу менен уюштурулган сапардын алкагында Монголия Президентинин кеңешчиси, Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы, Монголия Президентинин аппаратынын башчысы, мурдагы президент жана парламент депутаты менен жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өткөрүлүп, ТМУнун ишмердүүлүгү, кызматташтык багыттары жана түрк-монгол тарыхый байланышы талкууланып, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү каралды. Бул сапар ТМУнун Монголия менен кызматташтыгын бекемдөө жана уюмдун аймактагы интеграциялык аракеттерин кеңейтүү багытында маанилүү кадам болуп калды.

Жыл ичиндеги маанилүү окуя — 21-майда Будапешт шаарында өткөн ТМУнун бейрасмий саммити болду. Алгач ирет Европа аймагында, байкоочу мамлекеттин мейкиндигинде кабыл алынган Будапешт декларациясы экономикалык интеграция, санариптик өнүгүү жана коопсуздук багытындагы жаңы жол картасын аныктады.

Ал эми 2025-жылдын 7-октябрында Азербайжанда «Регионалдык тынчтык жана коопсуздук» темада өтө турган ТМУнун 12-расмий саммити уюмдун интеграциясын тереңдетип, түрк мамлекеттеринин биримдигин чыңдоодо жаңы этапка айланышы күтүлүүдө. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун ТМУдагы төрагалыгы уюмдун интеграциялык процесстерине жаңы дем берип, стратегиялык өнөктөштүктүн бекемделишине олуттуу салым кошту.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×