Добавить статью
9:40, 11 декабря 2012 8153

Кыямат күнү жөнүндө

Ар бир мусулман адам Кыямат күнүнүн болооруна ыйман келтирүүсү, ишенүүсү милдеттүү. Кыяматтын болооруна ыйман келтирбеген адам мусулман деп эсептелбейт. Аллах Таала Кураанда “Кыйамат Күнүнө ант!” (Кыямат 1). Ошондой эле: “Эй, адамдар! Эгеңерден корккула. Чындыгында, Кыйаматтын силкинүүсү (жердин титирөөсү) улуу(өтө коркунучту, ал үрөй учурган) нерсе”- деп айтат (Хаж 1).

Бирок Кыямат күнүнүн качан болуусун Аллахтан башка эч ким билбейт. Аллах Таала Кураанда: “Сенден Кыямат качан болоорун сурашат. (Сен аларга) “Чындыгында, анын  маалыматы Эгемдин алдында. Анын убактысын Ал гана (өз убактысында) ачыкка чыгарат”, – дегин...”-деп айтат (Аараф 88). Бул аятта Аллах Таала Пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи ва саллам) андан Кыямат саатын сурагандарга аны бир гана Аллах билээрин айтууга буйруп жатат. Ошондой эле Аллах Таала мынтип айтат: “Акыйкатта, Кыйамат күнүнүн мөөнөтүн Аллах гана билет” (Лукман 34). Кыяматтын качан болоорун Аллахтан башка эч ким билбестиги жөнүндө Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) хадистеринде да айтылат. Жебреил хадиси деп белгилүү болгон хадисте Жебреил периште Пайгамбарыбыз алейхи саламдан ыйман, Ислам, ихсан жөнүндө сурагандан кийин, андан Кыяматтын качан болоору туурасында да сурайт. Пайгамбарыбыз алейхи салам ага: “суралып жаткан сурап жаткандан көбүрөөк эч нерсе билбейт” деп жооп берет (Бухари, Муслим). Бул хадисте Пайгамбарыбыз алейхи салам да, Жебреил периште да Кыяматтын качан болуусу жөнүндө билбестиги айтылып жатат.

Пайгамбарыбыз алейхи салам Кыяматтын качан болоору жөнүндө билбесе да, анын белгилерин айтып өткөн. Бир хадисте Пайгамбарыбыз (алейхи салам): “силер Кыямматтын он белгисин көргөнүңүргө чейин Кыямат болбойт” деп айтат жана анын белгилери катары түтүндүн жайылуусу, Дажжалдын пайда болуусу, Күндүн батыштан чыгуусу, Яжуж жана Мажуж коомунун пайда болуусу, Иса алейхи саламдын тушүүсү, чоң жер жутуулардын Араб жарым аралында, чыгышта жана батышта болуусу, Йемен тараптан от чыгып адамдарды бир жерге чогултуусун айтат. (Муслим).

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×