Добавить статью
8:54, 31 декабря 2012 8538

«Баксың» болсо мыктысың

Кыргызда: «Бара берет, бара берет, оозун ачып кала берет» деген бир табышмак бар. Мунун жандырмагын азы билсе, көбү билбейт. Ошондуктан, көп табышмактатпай эле анын көлөч (галош) экендигин айтып коелу. Азыр ушул табышмак сыяктуу эле кырдаал өлкөбүздөгү саясый жүрүштөрдө көзгө бөлүнүп көрүнүп турат. Өзгөчө өздөрүн укмуш сезген айрым кыргыз басылмаларынын башчылары биртике тыйын-тыпыр кармата койгон саясатчылардын жанынан чыкпай «бара беришет, бара беришет»...

Кандуу Бакиев заманында да бийликтин элге кыянатчылык менен мамиле кылып жатканын көрүп-билип туруп эле, алардын жанынан чыкпай «бара берген» гезиттер болгон. Бакиевдер май чайнай турган жерлерге кирип кеткенде, оозун ачып кала беришип, чыга келгенде “карт” кекиришсе, ошонун жытына бир аз мас боло калышып, бактылуу сезишип... Айтор, эмнесин айталы. Аягында мамлекетибизди биротоло «шимирип» бүтүшүп, атасы Минскиге, уулу тумандуу Албионго шапар тээп кеткенде, ошол кыргыз басылмаларынын башчылары ооздорун ачкан бойдон кала беришкен. Такыр жабылбай, кантип эми оозубузду жабабыз дегенсип бушайман болушуп, көчөдө ар кимди оозун ачып карашып, парламенттин оозун сагалашып: «Мени бирөө кийип кетсе жакшы болот эле» дегенсишип жүрүшчү.

«Безразмерный» көлөчтөргө айла жок да. Акыры ар бирин бирден саясатчы “кийип” алгандары билинип калган. Ачылган ооздору жабылып, култуюшуп, бийликке карай түстөрүн үтүрөйтө карашып, «былгытып» коюшуп, баягы эски бийликтин калдыктарынын кетмендерин чаап коюшуп, күн көрүп келишти. Бирок, кайсы гезитти кайсы саясатчы «кийип» алганын жакшы түшүнүш кыйын эле. Жаңы жылдын алдында “жарк” эле дей түштү да. Апрель революциясынан кийин монополияны жөнгө салуу комитетин жетектеп, азыркы оппозициядагыларга далысын салып жүргөн Бабырбек Жээнбековдун отурган креслосу жоюлуп кетип, кызматсыз калгандан кийин эле таптакыр башка тери жамынып чыга калганын кантебиз. Бийликке катуу таарынып, өзү түптөгөн «Алиби» гезитине башкы редактор болуп конуп, дараметинин жетишинче бийликти сындаганга өттү. Анан дарамети канчалык экендиги билинди. Эч кандай фактысы жок эле, имиш менен, ушак менен алек болуп келет. Тактап айтканда, журналист эмес экендигин көрсөттү да. Юрист деп деле айтышың кыйыныраактай. Болбосо, эң биринчи факты менен сүйлөй турган юристтер да. Анан эле «Кыргыз гезиттер биримдигин» (КГБ) түзүп, ага төрага боло коюп, эми укмуш. Катарында кайсы гезиттер бар экендигин карап эле, КГБдан үмүтүң үзүлөт. Аттуу-баштуу, олуттуу ойлорду калчап жазган басылмалардын карааны да көрүнбөйт. Башында аларды да өздөрү билип киргизип алышып, абийирлери төгүлдү. Анан «Кумтөрдүн» арты менен өз партиялаштарынын арасында, анан «бара бергендердин» баамында «Баатырга» айланган Садыр Жапаровду «Жылдын мыкты адамы» атап чыгышты. Баракелде, мыкты адамды тапкан экенсиңер. Ар бир редактордун чөнтөгүнө 1000 доллардан “култ” этип кирип кетсе эле, күлгө оонаган адамдар деле «мыкты» боло берет турбайбы? 1000 доллар эртең эле түгөнөт. Бирок, тарых алдында элдин байлыгынан уурдап жеген коррупционер саясатчыларды колдогонуңар үчүн урпактар менен абийир деген нерсе кечирбейт болуш керек?

Акыркы учурларда калпты от жакпай эле кайнатып аткан Акматбек Келдибековду «Жаңы Ордо» гезити «Жылдын мыкты адамы» атады. Кайсы эмгеги үчүн экенин түшүнө албайсың. Бир гана түшүнгөнүбүз гезиттин бир бурчуна Акматбек мырзаны сүрөтү менен Арзыматчасынан мактап койгону үчүн Бекен Назаралиевдин чөнтөгүнө 1500 доллар кирип кеткенин эшиттик. Ошол эле Бабырбек мырзанын «Алибиси» болсо «Жылдын мыкты адамы» деп Өмүрбек Бабановду тааптыр. Анүчүн, чөнтөгү канчалык деңгээлде кампайганын азырынча тактай албадык. Ага чейин Акматбек Келдибековду «Улут лидери» деп көтөрүп чыккан. Өзүнүн партиясына жөндүү лидер боло албай жаткан Келдибеков кантип улутка лидер болорун ойлосоң, көзүң жетпейт.

КыГыБычылардын ушундай ким «жашылбайды» сунса эле «мыкты» кыла берерин, былгытма саясат жүргүзүшөөрүн түшүнгөн «Де-Факто» гезити алардын катарында болуудан баш тартышканы эле кёп нерсени туюндурат. Окумдуулугу жагынан, олуттуулугу жагынан кыргыз гезиттеринин алдыңкы сабында турган бул гезит албетте бириккен он чакты КГБ гезиттеринин бардыгын кошсо да өйдөлүк кылат.

Ошентип, нускалары 2000ден 5000ке чейин араң жеткен КГБнын гезиттери кимдердин каржылоосу менен жан багып жаткандары ачыкка чыкты. «Алиби», «Асман пресс», «Жаңы Ордо», «Арена.kg», «Майдан.kg» өңдүү гезиттердин башкы редакторлору жаңы жылдын алдында «жасап» чыгышкан мыктыларынан алган долларлар менен майрамдык маанайларын көргөзүшүп, коньяктан ууртап, майдан чайнап коюшуп бейкапар. «Мамлекет эмне болсо ошол болсун, андан көрө чөнтөгүм толсун» деген гана саясат. Болгону азырынча аларды Келдибеков, Жапаров, Бабановдор «кийип» алганын түшүнбөй жатышат окшойт. Эртең эле мамлекетибизде жей турган эчтеке калбай калса, же жегендерин «кусууга» туура келсе, түйүнчөктөрүн түйүнүп, «прощай» дегенге жарабай качышса, кайрадан эле оозуңар баягыдай ачылган боюнча каларын унутпасаңар, эй! Андан көрө, эсиңер барда, этек-жеңиңерди кымтылап алгыла да...

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×