Добавить статью
3:09, 6 февраля 2013 30119

Салттуу билимдерди жаш муунга жеткирели

Ушул тапта Фонд Кристенсен тарабынан бөлүнгөн каржылоонун эсебинен республикабыздагы мектептердин окуучулары жана жалпы жонунан эле жаштарга арналган китептин чыгышы күтүлүүдө. “Менин жерим Кыргызстан” деп аталган бул энциклопедияны “Таалим Форум” жана “Жаштарды узантуу ресурстары” деген коомдук уюмдар колго алышты. Бул китепте кыргыз элине таандык болгон салттуу билимдер жөнүндөгү маалыматтар камтылган. Бул иш-чаранын негизги максаты жаш муундарыбызды айлана чөйрөгө, мекенибиздин дөөлөттөрүнө карата болгон мамилелерин оң багыттап, жаратылышка карата сарамжалдуулугун ойготуп, элибиздин түпкү билимдери жөнүндө тереңиреек мааалыматтарды жеткирүүдө жатат. Бул маселе жалпы коомчулукта түзүлүп жаткан татаал кырдаалдардын келип чыгышына адамдардын жаратылышка карата жасаган бүгүнкү мамилелери көп таасир этүүдө.

Азыркы коомдо эко билимдердин калыптанышына ар кайсы элдерде жаратылыш жөнүндө сакталып келе жаткан табигый билимдер, тажрыйбалар абдан маанилүү орунду ээлейт. Бул билимдер жана тажрыйбалар “салттуу экологиялык билимдер”, “салттуу тажрыйбалар”, “салттуу билимдер” деген терминдер аркылуу биздин турмушубузда орун ала баштады. Салттуу же жергиликтүү деп аталган бул билимдер эң алды менен азыркы учурдагы илимий, экологиялык маалыматтарды толуктап, байытып турганы анык. Мындай маалыматтардын агартуу, билим берүү тармагында жеткиликтүү колдонулушу өтө маанилүү десек болот. Ушул жагдай тууралуу бизге белгилүү инсандардын жеке пикирин билүүнү туура көрдүк. Султангазиева Роза Калыевна биздин эле өлкөдө эмес, башка мамлекеттерде да таанылып калган компетенттүү адис. Азыркы кызмат абалын айтсак ал киши Китепканалык маалыматтык Консорциумдун президенти, Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасынын директору. Анын пикири:

“Албетте бул долбоор өсүп келе жаткан биздин жаш муундарыбызга өтө жакшы таасирин тийгизет, эң негизгиси – бул иш-чаранын өз убагында болуп жатышында. Республикабыздын китепкаларында, окуу жайларында буга окшогон басылмалар дайыма эле жетишпей келет. Мисалы, буга чейин “Бул ким? Ал эмне? деген балдар энциклопедиясы орусчадан которулуп, 1992 жана 2004- жылдары аз эле санда басылып чыккан. 2012-жылы “Раритет” басмасынан “Балдар энциклопедиясы” жарык көргөн. Ал эми басууга даярдалып жаткан бул энциклопедия биздин элдин салттуу билимдерин камтып жатканы өтө артыкча көрүнүш десек болот. Эми бул китептин материалдары балдарга жеткиликтүү болушуна, сыркы көрүнүшүнүн кооздугуна да көңүл бурулса жакшы болчудай. Азыркы күндө басмакалардын мүмкүнчүлүктөрү буга толук шарт түзүп жатат десек болот.”

Дагы бир улуу инсандарыбыздын бири, биздин замандашыбыз Сарыгулов Дастан Исламовичтин пикирин билиш орундуу дедик. Кыргыз элинин түпкү билимдери жөнүндө, дегеле көчмөн элдеринин тарыхындагы көптөгөн жагдайларына өзүнүн жеке көз карашын чагылдырып, Дастан Исламович көптөгөн баалуу эмгектерди жаратты. Биздин долбоорубузду кубаттап, ал киши төмөнкүлөрдү айтты:

“Антропогенездин алгачкы доорунан мезолиттин аягына чейин, б.а. өндүрүүчүлүк чарба жүргүзүүгө өткөндөн баштап, адамзаты өзүнө керектүү эң негизги билимдерге ээ болду. Бул билимдер ага нечен жүз миң жылдар бою эволюциялык узак жолду ийгиликтүү басып өтүшүнө, коомдук жашоонун азыркы нугуна түшүүсүн камсыздады.

Бул билимдер адам денесинин жашоосун камсыздоочу системаларда (гендик, нейрогуморалдык, кан жүгүртүүчү, аң-сезимдик, тамак сиңирүүчү ж.б.) топтолуп жатып, сакталып калган. Жалпы жонунан бул маалыматтар адамдын генетикалык эс тутумун түзүп, клеткалык дэңгеелинде (ДНКнын, суунун, адамдын тулку боюнун, энергетикалык талаасында) сакталып турат.

Бул эң алгачкы, байыркы деп эсептелген, фундаменталдуу билимдер адамга анын аң-сезиминде, интуициялык дэңгеелинде гана туюлуп, кызмат кылат.

Эң биринчи, адамдар коомунун жаралышы менен, ал биологиялык организм эле болбостон, коомдун толук кандуу курамы да болуп калат. Ушул чактан тартып социогенез өнүгүп, адамдын экинчи даражадагы түпкү билимдери калыптанып келип, коомдук түзүлүштүн өнүгүүсү башталат.

Албетте, алгачкы мезгилдерде бул жандар кара курсактын күйүтү менен алышып, өзүнүн коопсуздугун ойлоп, жыныстык инстинктердин таасири менен күн өткөрүшкөн.

Палеолиттин жогорку доорунда антропосоциогенез азыркы түспөлдөгү адамдын (Homo sapiens) жаралышы менен бүтөт.

Нечен миң жылдар бою, алгачкы коомдун социалдык түзүлүшүнүн түшүнүктөрүнүн чегинде адамдын жашоосунун мааниси азык табуу жана жыныстык сезимдерин канаттандыруу менен чектелип келген. Ал мезгилде жазалоонун жалгыз түрү - өлүм болгон (же топтон чыгарып салуу, ал өлүмгө тете болгон).

Коло доорунан баштап, энеолиттин орто жерине чейин (б.а. өндүрүүчүлүк чарбанын баштапкы доору) адамдын жашоо курагы 25-30 жылдан ашкан эмес, ал эми балдардын өлүмүн эсепке алганда 26,5 жыл болгон.

“Эптеп аман калуу” сезими менен жашап келген адамдар миңдеген жылдар бою экинчи даражадагы түпкү билимдерди калыптандырып, коомдун социалдык түзүмүн эң жогорку дэңгеелине жеткирген (социалдык жана мүлктүк теңдикти, рухий жана адептүүлүк жаатында).

Ошол кездеги адам коому бүгүнкүдөй терс көрүнүштөрдү, кемчиликтерди билген эмес. Адам адамды, бир эл, башка элди эзген эмес, масчылык, баңгилик, кылмыштуулук, коррупция, адам сатуу, теңсиздик, бекерпостук, эки жүздүүлүк, жасакерлик, түрмө, жиндикана, согуш, экстремизм, радикализм, суицид, тамеки тартуу, таштанды калган балдар, ашыкча салмак деген терс көрүнүштөр болгон эмес.

Кул элөөчүлүк, феодализм, капитализм, революция да болгон эмес, ал эми согуш аркылуу байлык топтоо ойго да келген эмес. Ошондой эле түрдүү конфессиялык каршылашуулар, көптөгөн диний догмалар да жок эле.

Жашоо үчүн эң жогору бааланган жоопкерчилик, карамдуулук, күйүмдүүлүк, рационалдуулук, ж.б. сапаттар мүнөздүү. Башкача айтканда, Жаратылыштын шартына туура келген (Жараткандын эркине) учурда гана аман калуу мүмкүн болгон.

Шарттуу түрдө айтылган алгачкы жана экинчи даражадагы байыркы билимдер Жараткандын буйругуна жооп бергендиктен алар алгачкы, түпкү билимдер деп каралат.

Өндүрүүчүлүк чарбага өтүү менен бирге коомдун түзүмү жана жашоосу терең өзгөрүүлөргө дуушар боло баштады (адилетсиз, бузулуу жагына). Ушул чактан баштап (бүгүнкү күнгө чейин) адамзатынын тагдыры аскер куралынын күчү (согуш аркылуу), байлыктын жана бийликтин күчү менен чечиле баштады жана бүгүн да чечилип жатат.

II.

Кыргыз элинин салттуу билимдеринин баркы, зарылдыгы жана мааниси эмнеден байкалат? Эмне үчүн аларга муктаждык күчөп жатат?

Себеби, кыргыздар эң байыркы элдердин бири болгондуктан, алар экинчи даражадагы, түпкү билимдерди унутпай, жоготпой, сактап келатат.

Бул билимдер далай башка көптөгөн элдерде да болгон. Бирок миңдеген жылдар бою отурукташкан шарттагы жашоодо алар аны сактай алган эмес. Жаратылыштан алыстаган сайын (Жараткандын талабынан),өндүрүүчүлүк ыкмалардын өнүгүшү менен адамдын жашоосунун маңызы, мааниси, максаттары өзгөрө баштаган.

“Эптеп аман калуу” тилектери жоюлуп, унутула баштады. Эми ашыкча азыктарды камдап алуу, кулдарды пайдалануу, материалдык, социалдык жана саясий теңсиздиктер жаралды, согуш аркылуу байлык топтоо жолдору пайда болду.

Жаңы доор адилетсиз турмуштун артыкчылыктарын, айла-амалдарын актоо максатында ар түрдүү диндер пайда болду. Алар адамдардын аң-сезимдеринде антропоцентризм жана антропоморфизмге таянган жаңы көз-караштарды жаратышты (ошондой эле антропомеханизм, б.а. адамды тышкы дүйнөөдөн жана Ааламдан ажыратып кароо).

Жаратылыштын шартына ылайыкташып (Жараткандын буйругуна баш ийип) ХХ-кылымдын биринчи жарымына чейин кыргыздар көчмөндүүлүк шартында жашап келгендиктен, алар түпкү билимдерди жоготпой, сактап кала алган. Ал доордо коомдон өзүнчө бөлүнүп, бийлик жүргүзгөн адамдар болгон эмес. Баары тең укуктуу болгон. Көчмөн турмушка байланыштуу кыргыз кулчулук, феодал доорлорун да билген эмес. Жер, мал дайыма ортодо болгон.

Мезолит доорунан бүгүнкү күнгө чейин кыргыз Жаратылыш менен шайкеш жашоону көздөгөн өзгөчө дүнүйөтаанымын сактап келди. Ага рационалдуулук, диний таңуулоолорго моюн бербестик, караөзгөйлүктү, тоталитардык принциптерди жолотпоо касиеттери таандык болгон. (Кеңири “Турмуш көчү”, “Теңирдин жолунан адашкан Адам” атту китептеримен маалымат алса болот, Бишкек, 2003-ж.).

Кыргыз эли байыркы эл экендигин далилдеген илимий негиздер барбы? – деген суроо болушу мүмкүн.

Албетте бар. Алгачкы коомдун түзүлүшү 100-120 - миң жыл мурда уруулук мүнөздө болгондугу илимий негизде такталып бүткөн чындык. Кыргыздар аны ХХ – кылымдын орто ченине чейин сактап келген. Адамдардын сүйлөө жөндөмдүүлүгү 150-200-миң жыл илгери пайда болуп, адегенде үндүү тыбыштарды айтуудан башталган. Ошого байланыштуу баштапкы мезгилдеги сөздөр кыска, бир муундуу болгон. Мисалы: ай, күн, жер, тоо, сай, кыр, зоо, кар, муз, таш, от, суу, ит, уй, ат, сүт, май ж.б.

Кыргыз тилинде эркек, ургаачыны айырбаштаган сөз белгилери жок, 70% сөз байлыгы кыска, бир муундуу (эң алгачкы сөздөр адам тилинде бир муундуу, кыска болгон, себеби сүйлөө мүмкүнчүлүгү чектелип, жакшы өнүгө элек болчу). Адамдын сүйлөө кудурети үндүү (ачык) тыбыштарды гана жарата алганга байланыштуу болгон. Көп сандуулукту чагылдырган түшүнүктөр жеке сандар менен туйунтулат, себеби тил сандардан мурда жаралган.

Кыргыз - эң байыркы элдердин бири болгонун илим талашсыз далилдеди. Генетика илими кандын түзүлүшүн иликтеп, 100 кыргыздан 63% адамдын канында R1a1 гаплогруппаcынын бар болгонун аныктады. Бул гаплогруппа калыптанган мезгилди генетика илими 12 миң жыл мурун болгонун ырастады.

Кыргыз элинин тарыхый өнүгүү жолун чагылдырган башка дагы илимий маалыматтар мурда жазылган эмгектеримде («Убиение национальной памяти», Бишкек, 2007г., «Системный кризис глобального мира и цивилизация кочевников», Бишкек, 2012г. ) толук келтирилген.

Бул айтылгандарга бир нерсе кошумчалоонун өзү деле орунсуз болор. Мүмкүн түз жана таамай айтылышы ар түрдүү пикир жаратар. Ошентсе да адамзаты бүгүнкү күндө өзү деле өтүп кеткен цивилизациялардын, ар кандай элдердин салттарынын маани-маңызын тиешелүү көз-карашта чагылдыруу керек экендигине толук даяр болгону сезилип турат. Бүгүн бизди мурда билип-көрбөгөн өтө жогорку даражадагы, көптөгөн жаңы маалыматтар каптап келе жатат. Биздин жашоодогу байкалып жаткан сырдуу көрүнүштөрдү адамзаттын жетишкен илимий, ресурстук мүмкүнчүлүктөрү деле дайыма жандырып бере албай келет, ошол сыяктуу турдүү конфессиялык көз-караштардын да алсыздыгы маалым болду. Ошентип азыркы коом чоң Жаңылыкка, Жаңы билимдерге (Жаратканданбы, бөтөн цивилизацияларданбы, же Ааламдагы энерго-маалыматтык аймактанбы) кулак сала турган акыбалга жетти десек болот. Жашоодогу мына ушундай жагдайларды, жаратылыш менен адамдын өз-ара мамилесин жаңы муундагыларга жеткиликтүү түрдө чагылдыруу биздин түпкү максатыбыз болсо керек.

Мураталиев Б.А.

“Жаштарды узантуу ресурстары” коомдук уюму,

Долбоордун жетекчиси

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×