Добавить статью
4:07, 7 февраля 2013 47752

Ш.Назаркуловдун  кыргыз саясатындагы жана коомдун турмушундагы  жеке ролу

Ш.Назаркулов менен тээ 1990-жылдардын башында таанышып 15 жыл бою коюн колтук алышып бирге иштештик. Ал башкаларга окшобогон, калың массадан башкача ойлонгон дербиш сымал өтө кызыктуу адам эле. Ал өзүнүн жеке жашоосун Кыргыз мамлекетинин тагдыры менен айкалыштырып, күнү – түнү өлкөнүн келечеги, тагдыры, Конституциялык түзүлүшү жөнүндө ойлонуп, катуу толгонуп жашоосун өткөрчү эле. Шекем менин улуу агам, бир туугандан артык сырдаш, кеңеш берүүчү жана кандайдыр бир деңгээлде окутуучум десем да болот.

Ал мага тайгак кечүү, тар жолдо өз кеңешин айтып, жол көрсөтүп, жеке жардамын аячу эмес.

Шералы өзүнүн жүрүм –туруму, ойлогону, иштегени, адамга жасаган мамилеси менен мени көп ирет таңдандырып келген.

Бир мисал буга күбө. 1993-жылы 5-май күнү ошол кездеги легендарлуу парламент тарабынан күтүлбөстөн жаңы Конституция кабыл алынып калды. Бул тарыхый окуяга баарыбыз сүйүнүп, бири-бирибизди куттуктап, кечинде Ак үйдө ал кездеги президент А.Акаев катышкан үлпөт болуп, өзүбүздү бактылуу сезип тарадык.

Мен да башкалар сыяктуу Конституция жакшы эле жазылды деген ойдо элем. Ошол күндүн эртеси эле мага Шералы капыстан жолугуп, «Жаңы Конституциянын кабыл алганыңар чоң жаңылыштык болду, чоң тарыхый кемчилик кетирдиңер» деп чөнтөгүнөн ручкесин алып түрдүү схемаларды чийип, мага мамлекеттик түзүлүштүн пирамидаларын түшүндүрүп жатты. Ошондо мен бул адамга аябай таң калгам. Ошол сааттан баштап Шекем экөөбүздүн достугубуз жана жолдоштугубуз тынбай уланды.

Анткени ал ага чейин жаңы Конституциянын долбоорунун варианттарын жазган. «Диктатура пустоты», «Калиф на час» деген макалаларын мен аркылуу Конституциялык Кеңешмеге бердирген эле. Мен ошол кездеги Конституциялык Кеңешмеге да мүчө болчумун. Ошол чыгармаларын кара нан жеп, ачка олтуруп жазган учурларына күбөмүн.

Шекем Кыргызстандагы граждандык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өнүгүшүнө өзүнүн эбегейсиз салымын кошкон. Буга күбө ал өлкөдөгү биринчи адам укугун коргоочу уюм болгон Кыргызстан Укук коргоо кыймылынын төрагасынын орунбасары болуп, адам укугун коргоо ишине өз салымын кошо алган. Бул уюмдун бутуна турушу үчүн колдон келген жардамын берген.

1991-жылы Бишкекте Шекем экөөбүз карыган, колунда жок адамдардын укуктарын коргогон «Граждандык союз» деген уюмду түзүп, төрт-беш ай бою борбор шаарыбызда учу түгөнгүс пикет-митингдерди өткөрүп, «Граждандык союз» ошол кездеги жалпы жакыр жашаган адамдардын тиреги катары чыкты.

Адам укугу проблемасын эле көтөрбөстөн, бул уюмдун алкагында саясат маселесин да козгошуп, 4-5 ай бою бийликтин айласын кетирип, өкмөттүн министрликтери биздин алдыбызда отчет берип калышкан. Элдин «Граждандык союзга» ишеними эбегейсиз өскөн. Бийлик биз менен кадимкидей эсептешип, Акаев сүйлөшөлү деп чакыртса барбай, Усубалиев менен сүйлөшкөн учурларыбыз болгон. Мына ушундай оор иште бизге «өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк» болгон маркум Шералы эле.

Шекем өзүнүн жеке турмушун элдин, айрыкча кембагал адамдардын тагдыры менен байлап келген адам эле. Шекем «Кумтөр» алтын кенинин Канадалык компанияга берилишине да кескин каршы чыгып, биргелешкен каршылык акцияларын өткөргөнбүз. Алтын кенинин казылышына каршы биздин өткөргөн акцияларыбыздын негизинде Кыргыз өкмөтү бир жыл бою Канада компаниясы менен Башкы келишимге кол кое албай койду.

Акыры Шекем экөөбүз менен чогуу жүргөн кээ бир демократ сөрөйлөрдүн бийликке сатылып кеткенинен айынан Кумтөр кенин сактап кала албай Канада компаниясына бердирүүгө мажбур болду. Ошондо Шекем бийликке сатылып кеткен демократ сөрөйлөр менен жакалашкан учурлары да болгон.

Ушундай оор учурларды эстесем Шералынын элеси келип, анын элеси көз алдымдан кетпейт. Анын Конституция өзгөрүп, эки палаталуу Парламент келгенде Шекем энеси эгиз төрөгөндөй сүйүнүп, Ф.Куловго ыраазычылыгын билдирип жүрдү. Бирок, тилекке каршы эки палаталуу парламент Шекем ойлогондой түзүлбөй, эки баштуу болгону үчүн акыры тарап тынды.

Шекемдин өмүр таржымалындагы эң кайгылуу окуялардын бири катары Аксы окуясы болду. Аксыда балдардын бейкүнөө өлүмү анын жүрөгүн дагы канатты.

Буга чейин өзү дагы мусулманчылык жолуна түшүп, дуба келтирип, элди ыймандуулукка үндөп калган убагы эле.

Мына ушундай кезде Аксылык депутат Азимбек Бекназаров бийлик тарабынан камалып, аны бошотуу жана коргоо үчүн коомдук комитет түзүлүп, Бишкекте мөөнөтсүз ачкачылык акциясы башталды.

Азимбек Бекназаровдун камалышынын негизги максаты Кытайга 90 миң гектар үзөңгү-Кууштун сатылышына каршы чыкканы болгон. Анткени бул депутат жердин сатылышына караманча каршы чыгып, өз коллегаларын буга каршы добуш берүүгө үндөгөн жана үзөңгү-Кууш маселесин биринчилерден болуп көтөрүп чыккан. Ш.Назаркулов Азимбектин жүзүн да көргөн эмес, бирок анын эл-жерди коргогон чыныгы патриоттуулугу үчүн сыйлап, ал үчүн ачкачылыкка барды. Ошол өзү ачкачылык акциясына катышып жаткан учурунда төрөлгөн уулуна Азимбек деп ат койду.

Саясий ачкачылыкка баруусунун алдында Шекемдин ден соолугу чынында эле начар эле. Ага чейин бир нече жолу операция болуп, алы кетип да калган.

Акыркы убакта анын кан басымынын жогорулап кеткени кыйнап жүргөн эле. Ден соолугунун мына ушундай начардыгына карабастан ал өмүрүн тобокелдикке салып, Кытайга кеткен жер, бийлик тарабынан бейкүнөө атылган балдар үчүн өлүмгө барды. «Ден соолугуң начар, ачкачылык кармаба» деп айткан адамдардын кеп-сөзүнө көнбөдү.

Чынын айтканда, ал өзүнүн өлө турганын билип туруп, ушундай опурталдуу кадамга барды. өмүрүнүн акыркы ашууларында эл-жер үчүн көрүнүктүү иш кылып, өзүнүн ыйык милдети деп эсептеди. Бул жерде белгилей кете турган бир нерсе, эгерде Аксыда бийликтин огунан курман болгон адамдар чындык үчүн күрөштө өлүмгө билбей туруп барышса, Шералы Назаркулов эл-жер үчүн күрөштө өлөөрүн билип туруп барган эле. Мына Шералынын башкалардан айырмасы да, эрдиги да өзүнчө баалоону талап кылат.

Ошентип, 22 күндүк саясий ачкачылыктын кийин Шералы оо дүйнөгө аттанды. Жакшы адамдын өмүрү эле башкаларга жарык чачпастан, андай адамдардын өлүмү да коомдук процессти күчөтүп жиберүүгө чоң түрткү болооруна көзүбүз жетти.

Көлөкөсүнөн корккон ошол кездеги Акаевдин бийлиги Шералыны өлтүрүп эле тим болбостон, анын өлүмүн тынч койдурбай анын жүздөгөн жактоочуларын чыркыратып, сөөгүн Кара-Кулжа тарапка уурдап качканга жетишти.

Бул кадамы менен ал бийлик эл ишениминен биротоло кете баштады.

Байкуш Шекемди ал бийлик өлтүрүп эле тим болбостон, аны өлгөндөн кийин да жаман аттуу кылууга бүт күчү менен аракет кылды.

Акыры чындык жеңип, Шекемди ал каралоодон толук актатып алдык.

Шералынын саясий ачкачылыгынын аркасы менен болгон өлүмү Аксы окуясынын чыгышына алып келди. Бишкектен Шекем каза болуп, Аксыдан алты азамат атылып, ондогон адамдар оор жарадар болуп, жүздөгөн адамдар ачкачылык жарыялап, миңдеген адамдар пикет-митинг өткөрүп, (700 адам ачкачылык жарыялап, миң адам саясий пикет-митингге чыкты). Жалпы коомчулук бул саясий акцияларга келди, Эл аралык коомчулук дагы кыргыз бийлигинин айынан ошол кездеги Акаевдин бийлиги болуп көрбөгөндөй алсырап, эл алдында катуу жама аттуу болду. Акыры Аксылыктардын, Шералынын канны узатпай, 2002-жылы башталган саясий акциялар басылбай жатып, 2005-жылы 24-мартта Акаевдин бийлиги кулап, арадан беш жыл өткөндөн кийин дагы эл көтөрүлүп, Бакиевдин бийлигин кууп жиберээрин эч ким деле билген эмес. Көрсө Шералынын, Аксылыктардын өлүмү аркылуу чындык, акыйкат үчүн күрөшүүгө ойгонуп калган элдин толкунун эми эч ким токтото албасын тарых тастыктап жатат.

Акыйкат саясат жүргүзбөгөн бийликти кыргыз эли катуу жазалаарына дүйнө ли да күбө болду.

Ошондуктан Шералы Назаркуловдун жаркын өмүрү жана өлүмү жалпы баарыбызга сабак болушу керек.

Роза Отунбаева башында турган Убактылуу өкмөттүн демилгеси менен Д. Садырбаевдин жетимиш жылдыгынын белгилениши жалпы эл жакшы кабыл алып атышына күбө болдум.

Андан көп өтпөй биздин сунуштарыбыз эске алынып, эл үчүн курман болуп, чындык үчүн жашаган Шералы Назаркуловдун 60 жылдыгын мамлекет колдоп өткөрдү. Айыл чарба министрлигинин кире беришине мемориалдык тактай орнотулду. Муну менен азыркы элибиздин чоң алкышына татып, чыныгы акыйкат үчүн келген бийлик экенин дагы бир ирээт далилдеди. Шералы Назаркуловдун жесирине жана баласына кам көрүлүп батир берилди. Мында Акыйкатчы катары жана Ш.Назаркулов атындагы фонддун төрагасы катары менин да салымым бар экенине сыймыктанам.

Мына кечээ жакында эле таланттуу журналист Жаркын Темирбаева Ш.Назаркулов тууралуу даректүү тасма тартыптыр. Аны КТРКнын башкы директору К.Оторбаев 7-февралда жалпы коомчулукка көрсөтүү алдында турат. Бул алгачкы саамалык. Менин угушумча кайсы бир окуу жайдын бүтүрүүчүсү Ш.Назаркулов тууралуу дипломдук ишин жазып жатыптыр. Демек, Ш.Назаркулов бүтпөс тема.

Өкүнүчтүүсү, ар кандай шылтоолор менен Ш.Назаркуловдун ысымы мектепке жана өзү жашаган айылына берилбей келет. Бул өңүттө аткарылчу иштер арбын.

Шералынын жаркын өмүрү жана кайгылуу өлүмү кылымдан кылымга унутулбай, алкоого татып, бийлик тарабынан жогору бааланып, искусство ишмерлеринин унутулгус чыгармаларына прототип болооруна ишенем.

Шекем жөнүндө далай чыгармалар жазылып, анын өмүрү болочок урпактар үчүн чоң сабак болооруна ишенимим чоң.

Шералы турна сыяктуу бир келип, бир кеткен асыл адам экенин эли-журтка айтып коюу менин ыйык милдетим эле.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×