Добавить статью
11:00, 16 августа 2013 63456

53 талапкердин татыктуусун Акыйкатчылыкка шайлоо - эл өкүлдөрүнүн чоң жоопкерчилиги

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) кызмат орду мөөнөтүнөн мурда бошоп калгандыктан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 3-июлунда КР Акыйкатчысы (Омбудсмени) кызмат ордуна талапкерлердин сунуштамаларын алуу жол-жобосунун башталганын жарыя кылган эле. 27-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Токтому менен Акыйкатчы Т.Акун кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотту. Мурдагы Акыйкатчы Т.Акун бир нече жолу маалымат жыйындарын өткөрүп, сот аркылуу укугун коргоорун, ошол себептен укук коргоочуларды тилектештик көрсөтүп, акыйкатчылыкка ат салышпоого байма-бай чакырды. Эгер Т.Акун мындай билдирүүлөрдү таратпаганда, талапкерлердин саны мындан да жогору болоор беле деген ойго жетеленесиң.

Акыйкатчы Институту түзүлүп иштей баштаганына он жыл толуп, республикабыздын калкынын дээрлик бардыгы Акыйкатчы деген сыймыктуу кызмат орду бар экенин билип калышты. Өздөрүнүн укуктары бузулганда, же кандайдыр бир көйгөйлөр менен кайрылып, Акыйкатчы Институтунан жардам алган жарандарыбыздын саны да арбып барууда. Бул өңүттөн алганда эл арасында кадыр баркы өсүп калганы да көрүнүп турат. Акыйкатчы болом деген талапкерлердин санынын 50дөн ашканы да ушул сыймыктуу, карапайым адам менен бийлик органынын ортосунда данакер болуу озуйпасын аркалап, элге кызмат кылайын деген ой-мүдөө менен акыйкатчылыкка аттанганы албетте, ийги деңизчи, бирок ошондой ары жооптуу, ары ардактуу кызматты аркалоого талапкерлердин баары эле даярбы деген ойго кетесиң. Анткени адам укуктары менен эркиндиктеринин ысыгына күйүп, суугуна тоңуу, чыр-чатактардын чордонунда жүрүү ар кимдин эле колунан келбесе керек.

Акыйкатчылыкка анын түйшүгүн ичинен билип, баардык кыйынчылыгына кайыл болуп бараткандар да талапкерлердин ичинде бар. Алардын арасында туңгуч акыйкатчы, мурда Кыргызстандын тарыхында болуп көрбөгөн Омбудсмен Институтунун алгачкы пайдубалын куруп, беш жыл аны жетектеген, учурда Жогорку Кеңештин депутаты Т.Бакир уулу бар. Ага улай эле 2004-жылы Акыйкатчынын орунбасарлыгына шайланып, анан Т.Бакир уулу менен да, андан кийин Т.Акун менен да иштеген, ал эми учурда убактылуу иштебеген Маматурайым Момунов менен Таалай Кошоков да бар.

Ошондой эле Акыйкатчы Институтунун кыйынчылыгын жон тери менен сезип калган, 2011-жылдын декабрь айында депутаттардын көпчүлүк добушу менен Акыйкатчынын орунбасарлыгына шайланган М.Кожошев да Акыйкатчылык орун үчүн ат салышууда. Ошондой эле талапкерлердин арасында КР Акыйкатчысынын Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн инспектору Нурдин Сулайманов да бар.

Акыйкатчылык кызмат ордуна Акыйкатчы Институтунун кайсы кызматкерин койсо да иштеп кетээрине көзүбүз жетет. Бирок, мындай жооптуу кызматка шайланбай калуудан чоочулап, эгер шайланбай калса жаңы Омбудсмен ар качан сөөмөйүн кезеп, «мени менен атаандашып акыйкатчылыкка койгон эле, эми сени менен иштеше албайм»,-деп чыгабы деп чоочулагандан, кесиптештеримден бул орунга ат салышкандар болгон жок.

Акыйкатчынын орунбасарлыгына ат салышкандардын арасында Жогорку Кеңештин төрагасынын орунбасары жана бир катар депутаттардын болгону да көңүл кубантаарлык. Анткени 120 депутаттын бири болуп жүргөндөн көрө, Акыйкатчы Институтун жетектеп, адам укуктарын илгерилетүү балким ого бетер сыймыктуудур. Бирок жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган декларациянын маалыматтарына таянсак, анда Т.Акундун жылдык тапкан айлык маянасы 350 миң сомдун тегерегинде болсо, катардагы депутаттын тапкан маянасы дээрлик эки эседен үч эсеге чейин жогору болуп жатпайбы. Бул жагынан эл депутаттары төмөнкү маянага кайыл болуп, соопчулук үчүн иштейби, же акыйкатчынын маянасы тууралуу маалыматы жокпу деген ойго кетесиң.

Акыйкатчынын бош кызмат ордуна койгондордун арасында юристтердин, адвокаттардын болгону жакшы саамалык. Анткени ар кайсы деңгээлдеги мамлекеттик органдардын жана чиновниктердин кетирген катачылыгына укуктук баа берип, бузулган укуктарды тикелөөгө дасыккан юрист болгонго не жетсин?

Жарандык коомдун өкүлдөрүнүн Акыйкатчылыкка ат салышканы да алардын Акыйкатчы Институтунун келечегине кайдигер эместигин көрсөтүп турат. Бирок буга чейин мамлекеттик кызматты аркалап көрбөгөн, бюджеттик мекемени жетектеп көрбөгөн инсандар эртеңки күнү 79 мамлекеттик кызматкерди жана 30га чукул техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдарды жетектеп кетүүгө чамасы жетээр бекен деген кооптонуу боло калаары анык.

Талапкерлердин арасында окумуштуулар, педагогдор да бар. Атайын акыйкатчылыкка аттанып жатышкан соң, алар теория менен эле алектенбей практикага өтүүгө кезек жетти деп чечишсе керек.

Талапкерлердин арасында медиктер да, убактылуу иштебегендер да, «Тазалык» ишканасынын өкүлү да бар.

53 талапкердин ичинен аялзатынын өкүлдөрү аз экени бир караганда эле көзгө урунат. Анткени аялдар ар нерсеге өтө олуттуу карашып, бала-бакыра, үй түйшүгү менен алектенип, укук коргоого аз убакыт бөлүп каламбы деп чоочулашса керек. Албетте, аялдардан чыккан Омбудсмендер мыкты иштээрин дээрлик 10 жылдан бери улуттук Омбудсмен Институтун жетектеп келген Азербайжан Омбудсмени Элмирахан Сулейманова, Украина Омбудсмени Нина Карпачева (жакында Валерия Лутковская шайланды), Орусия Федерациясынын Свердлов облусунун Омбудсмени Т.Мерзлякованын мисалында көрүүгө болот. Эгер талапкер аялдардын ичинен депутаттар аялдарга артыкчылык беришсе, Кыргызстандын Акыйкатчысын шайлоодо гендердик артыкчылык берилгени, демократиялык шайлоо менен дагы дүйнөгө даңазабыз кетмек.

Акыйкатчылыкка талапкерлерге коюлуучу дагы бир талап-мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү болуп саналат. Албетте, талапкерлердин дээрлик бардыгы расмий тилди билээрине эч кандай күмөнүбүз жок. Бирок ошол талапкерлер мамлекеттик тилди мыкты билээр бекен деген ойго кетесиъ. Анткени дээрлик кщн сайын алыс-жакындан келген карапайым калк, көбүнчөсүн айылдыктар кайрылат. Ансыз да укуктары бузулуп, көңүлү ооруп келген жарандардын шагын сындырбай, аларга мамлекеттик тилде сүйлөп, аларды котормочусуз кабыл алуу талапкерлердин ар биринин эле колунан келе бербесе керек.

Ал эми Париж принциптерине негизделген укук коргоо институтун дүйнөлүк аренада, Азия Омбудсмендеринин ассоциациясында, Европа Омбудсмендеринин уюмунда жана Омбудсмендердин дүйнөлүк ассоциациясында татыктуу көрсөткөн талапкер келээр деп ишене туралы.

Талапкерлер Акыйкатчы болуу ниетин билдиришти. Эми аларды эл депутаттары электен өткөрүп, татыктуусун тандап берээрине ишене туралы. Анткени татыктуу Акыйкатчыны шайлоо эң оболу шайлоочулардын укуктарынын камсыздалышына өбөлгө түзөт. Кыргызда бир сөз бар, эгер орой болсо алдын ала кечирим сурайм. «Байкем кимди алса-ошол жеңем» деген. Анын сыңарындай Акыйкатчы кызмат ордуна депутаттар кимди шайлабасын, эмгек жамааты кош колдоп тосуп алып, иштешип кетээри анык. Дээрлик он жылдан ашуун ушул жамаатта ар кайсы кызматтарды аркалаган кызматкер катары, мен Акыйкатчы Аппаратында өз ишин мыкты билген, эл үчүн кызмат кылсам деген мыкты кадрлар бар экенин коомчулукка, эң оболу 53 талапкерге айтып койгум келет.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×