Добавить статью
11:05, 27 января 2014 138286

Мугалимдин укугун ким коргойт?

Бул макаланы жазууга жана коомчулукта талкуулоого мектептен мугалимдик кесипти таштап кеткен жана азыркы убакта эмгектенип жатышкан жаш мугалимдердин жан кейитип айткан сөздөрүнөн кийин аргасыз болдум.

Жакында эле биздин окуу жайды ийгиликтүү аяктап, мектепте иштеп жаткан бүтүрүүчүмдү таксисттик кызматты аткарып жаткан жеринен жолуктуруп калдым. Ал мага мектепти таштагандыгынын себебин айлык маянасынын өтө аз экендигине, кагаз жазуу иштеринин көптүгүнө, ар күнү план-конспектилерди жазып текшертип, кол койдуруп тургандыгына, дегеле мугалимдин укугу тебеленип жаткандыгына байланыштырат. Ал эми мектепте иштеп жаткан бүтүрүүчүлөрүбүз мындай дешет: «Агай, биз мектепте чын дилибиз менен иштейбиз деген ниетте элек, бирок окуу жайда айтылгандар реалдуу мектеп практикасына туура келбейт экен. Сиздер бизди демократиялуу мүнөздө тарбияладыңыздар, а бирок, мектепте авторитардык режим өкүм сүрүүдө. өзгөчө сабактын план-конспектисин жазуу, аны күн сайын текшертип кол койдуртуп туруу, ал болбосо сабакка кирбейсиңер деген талаптар жаныбызга батты. Силер, мугалимдик кесип чыгармачыл мүнөздө болот, окутуунун формаларын, методдорун эркин тандап аласыңар, план-конспектини күн сайын текшерип кол коюуга завучтун укугу жок, кеңири иштеп чыккан план-конспектини кийинки жылдары да колдоно берсе болот деп окутпадыңар беле? Эмне үчүн ЖОЖ дун айтканы менен мектеп койгон талап туура келбейт. Мектеп менен бир чечимге келсеңиздер болбойбу?». Мына ушундай сын-пикирлерден улам ушул макалада коюлган маселелердин ичинен сабактын план-конспектиси жөнүндө өз көз карашымды айтып кетсем.

Педагогика боюнча окуу китептеринде бул маселеде түрдүү ой-пикирлер бар. Көптөгөн авторлор (Ю.К. Бабанский, И.Ф. Харламов, А.Е. Дмитриев, Б.Т. Лихачев ж.б.) мугалим өтө турган сабактын планын тактап алуусу зарыл дешсе, академик В.А. Сластениндин окуу китебинде бул багытта эч кандай сөз болгон эмес. Проф. Э.Мамбетакунов менен Т. Сияевдер план-конспект жөнүндө ойлорду так жазбастан «ар бир сабактын максатынын, өтүү ирээтинин жана жыйынтыгынын алдын-ала белгилениши зарыл» деп абстрактуу түрдө жазып кетишкен (Педагогиканын негиздери – Б.,2008, 223-бет). Ал эми проф., Б. Апышев: «Ар бир сабак ар бир мугалимдин жекече чыгармачылыгы. Ошондуктан сабактын алдын-ала түзүлгөн план менен өтүүсүн талап кылуу бир жагынан ашынган формализм болсо, экинчи жагынан дидактикалык карандай сабатсыздык», - деп радикалдуу көз карашын билдирген (Дидактика – Б., 2006, 173-бет). Дагы бир окуу китебинде сабак боюнча план – «бул мугалимдин өздүк документи, эмгекти уюштуруунун каражаты» деген ойду билдиришкен (Тапшынар М., Алимбеков А. Окутуунун жалпы методдору – Б., 2004,176-бет).

Мына өзүбүз көргөндөй сабактын планы боюнча окумуштуулар арасында бирдиктүү ой жок экендиги аныкталды. Эң негизгиси бир да окуу китебинде план-конспектини мектеп жетекчилери текшерип, кол коюп андан кийин сабак өтүүгө уруксат берет деген сөз жок. Союз мезгилинде да, азыркы убакта да завучтун функционалдык милдетине «окуу процессине көзөмөл кылат» деп эле көрсөтмө жазылган (Мектеп уставы). Анан эмненин негизинде план-конспектин завуч текшерип, кол коюп калды. Мындай жобо кайдан чыккан, кайсыл укуктук-нормативдик документте көрсөтүлгөн?

Мен өзүмдүн 36 жылдык педагогикалык тажрыйбамда канчалык аракет кылып изденсем дагы бул маселеде эч кандай документти таба албадым.

90-жылдардын акырында ОшМУнун педагогика кафедрасы менен Ош шаарынын билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги, мектептин директорлору тегерек стол уюштуруп ушул тема талкууланган. Алар бизге план-конспектини жетекчи талап кылууга жана кол коюуга укуктары жок деп туура эмес окутат экенсинер деген сын-пикирлерди айтышкан. Анда биз: «Сабактын планы болушу керек, бирок, завуч кол коюуга акысы жок деп студенттерди окутабыз. Силердики туура болсо тийиштүү документти көрсөткүлө, эгерде мугалим сотко кайрылса, кантип өзүңөрдүн туура экендигиңерди далилдей аласыңар» деген суроону койгонубузда тийиштүү документти көрсөтө алышкан эмес.

Кийинки жылдары мен кафедра башчысы катары Ош облустук МБө институтунун жетекчилигине маселе коюп, бирдиктүү пикирге келгенбиз. Анда мугалим ар бир тема боюнча кеңири план-конспект даярдайт да, кийинки жылдары аны колдоно берсе болот. Завуч планды мейли талап кылсын, кааласа кол коё берсин, бирок эски план экен, жаңыдан жазгын деген талапты койбосун деп оптималдуу чечимге келгенбиз. Мугалимдер мындай идеяны аябай колдошкон болчу. Тилекке каршы, бул идея да ишке ашпай калды. Мектеп жетекчилери жана билим берүү башкармалыктарынын чиновниктери авторитардык жолдон чыга алышпады. Көрсө мугалимди текшерип, конспект талап кылып туруу өзүнчө эле ырахат окшойт! Алар түрдүү себептерди айтышып, мугалимдер сабакка даярданбай коюшат, дегеле мугалимдер мындай чечимге даяр эмес дешет. Байкуш мугалим жөнүндө ойлогон адам жок. Педагог деп байыркы Грецияда кулду айтышчу эле. Чынында эле кул окшойбуз.

Россия мектептеринен тажрыйбаларын карап көрсөк. Ал жерде да авторитардык педагогикадан баш тарта албай жаткандай. РФнын министрлигинин 07.02.2001-жылы № 22-06-47 номериндеги «Билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин кызматтык көзөмөлүнүн мазмунун жана нормативдик негизи» аттуу Катында «жетекчилер сабактын планы менен тааныша алат» деп жазылат. Бул документте таанышууга эле уруксат берилген.

Кыргызстанда бул багытта эч кандай документ жок болуп чыкты. Кечээ күнү эле Ош шаардык БББнын мектептер боюнча бөлүм башчысына кайрылганымда тийиштүү документ ала албадым. Экөөбүздүн пикир алышууга Кыргыз билим берүү Академиясынын бөлүм башчысы катышып калып, менин койгон дооматтардын туура экендигин, азырынча эч кандай көрсөтмө иштелип чыга электигин белгиледи.

Ал эми юристер менен аңгемелешкенибизде план-конспектини талап кылуу, кол коюу, сабакка киргизбөө мыйзамсыз экендиги айтылат, керек болсо КРнын КЖКнын 303ст. «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», 305 ст., «Кызматтык ыйгарым укуктарын аша пайдалануу»беренелерине туура келет жана КРнын «Билим берүү» мыйзамынын 29ст., «Мугалимдин статусу» 5ст. бузулат дешет.

Ошондуктан, ушул талаш-тартыштагы маселени коомчулукта, министрликте, мектептерде, ЖОЖдордо кеңири талкуулап, бир чечимге келүүбүз зарыл. Эгерде менин көз карашым туура болбой калса, аргументтүү ойлор айтылса ыраазычылык билдирет элем. Интернет аркылуу талкуулоону туура деп эсептейм, анткени коомчулук, кайдыгер эмес адамдар, мугалимдер кеңири өз ойлорун айта алышат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×