Добавить статью
3:37, 2 октября 2014 72489

Эне тилди экчегендер, эли-журтун тепсегендер (Кыргыз тилине арналган пародиялар)

25 жыл-чейрек кылым өттү арадан,

Кыргыз тилим дагы деле чала жан

(К.Усуптегин)

«Жамандоо», Улуу Алыкул

Келишкен көркү сонун, кийими таза,

Пальтосу жаңы форум кара жака.

Көзү ойноп, кызыл эрди жып-жып этет,

Орусча, кыргызчалап сүйлөп турса.

Келишкен кийими да, бойлору да,

Келатышты кыргыз кызы, кыргыз бала.

Көзү ойноп, кызыл эрдин эбиретип,

Кыз сүйлөйт бир тилде эмес, аргындарча.

-Что это такой, Коля карасаң,

Тээтигини кандай плотник жасаган.

-А Гуля! Боз үй анын названиясы,

Это древнейший «киргиздерден» тараган.

-Ах-х ужас! Кызыл эрди кыздыкы жып-жып этет.

«Спасибо Деддерге», - өзүнчө жайдары кашты серпет.

Түшүнсөң. Колясы Гуляга түшүндүрдү.

Кроме без дедушек, палаткасын маттар тигет.

Бо-оз уй жакшы экен. Ну наверно.

Историясы чисто киргизский, или другого.

Түшүнсөң. Колясы Гуляга түшүндүрдү,

Это чистий по-киргизски да конечно.

«Музыка», Улуу Алыкул

Мен суу ичпейм, таңдай катып турганда,

Мен нан жебейм, алдан тайып курганда.

Музыкадай мага таттуу суусун жок,

Берчи мага жарым кашык музыка.

Мен суу ичпейм, өлүп бара жатсам да,

Нанды аз жейм ушул кымбатчылыкта.

Андан көрө кайыр сурайм жалпыңан,

Бергилечи жарым ооз сөз «Кыргызча».

Деп Алыкул, сөз чогултуп алууга,

Барды, ана Ош базардын алдына.

Сөз сурап кайырчыдай олтурган соң,

Түшүнүшүп сөз беришти жапон, орус, немиси да.

Көп өтпөй англис, француз, кытай келип,

Кырк сөздү берип кетти бөлүп-бөлүп.

Аңгыча кыргыз улан, кыргыз кызы,

Баратышып, токтоп калды аны көрүп.

Наташа! Сөз сураган кайырчыны посмотри.

Как, первый раз мындайды мы слышали.

Давай дадим пят слов, десе улан, кыз айтты,

У нас нет пят слов. Кеттик дальше поехали.

«Тил», Ч.Турсунбеков

Көчөлөрдүн, автобустун ичинен,

Кызык тилдүү кыргыздарга кезигем.

Балким алар түшүнүшпөйт мени анча,

Мен да аларды чала-моңол түшүнөм.

Көчөлөрдүн, автобустун ичинен,

Интересный киргиздерге кезигем.

Көчө кайсы бу дешет улицаны,

Может они чочугандыр түшүнөн.

Автобуста баратсам, сессияга,

Бир дедушка сурады. Кеңеш көчө ушубу.

Какая улица Кеңеш, нет такая,

Сельский дедушка макообу.

Каждый ден из парламента Бишкектен,

Сөз сүйлөшүп, айрым депутат как тупой,

Дайыма «аргын тилде» кеп айтышат.

Анан кантип күлкүм келбейт, божум, ой.

«Суроолор», Ч.Турсунбеков

Кээде туруп, мен өзүмө капамын,

Калгамбы деп чоочун топко кошулуп,

Кай максатта сүзүп бара жатамын,

Күн менен түн кайыгына олтуруп.

Кээде туруп мен өзүмө капамын,

Калгамбы деп парламенттин шоруна.

Кайсы арыма «ну что» деп сүйлөймүн,

Оң сүйлөбөй кыргыз сөздү ЖКда.

Аргын улут адамдардан туулган деп,

Кээде туруп оппозицияны ойлоном.

Кайсы арына, Чингиз ханский прием дейт,

Честно айтканда бийликке алар тойбогон.

Кээде туруп ага дагы капамын,

Болгонбу деп сайпанадан тукумдуу.

Кайсы арыма алар менен талашам,

Эх, ушулар парламентти курутту.

----------------------------------------------------------

«Тилек», Жолон Мамытов

Мен Ата-Журт тууралуу бир улуу ыр чыгарам,

Тамгалары ал ырдын күн нурунан токулган.

Сан кылымдык сапарга обону анын чыдаган.

Которулбай сөздөрү бардык тилде окулган.

Ары ойлонуп, бери ойлонуп Жолон ага,

Арнады бир ырын Ата-Журтка, кыргыздарга.

Ыр өзү которулбас, улуу болуп,

Тамгалары токулду күн нуруна.

Токулган күн нуруна ырды угуп,

Бишкекке учуп келди түрдүү улут.

Жер шаарынан келишкен сансыз адам,

Которулбас кыргызча ырды жатташты бирдей туруп.

Жолон ага ар бирин кабыл алды,

Баарысы тең кыргызча ырды ырдашты,

Келгендер которулбас чыгарманы аткарган соң,

Кирип келди кыргыз улан, кыргыз кызы.

Таанышышты: А вы Джолон ага,

Спасибо вам в два раза.

Сиздин песнияңызды мы тоже читала.

Но нам непонятно, такая слова, Ата Мекен, Ата Джурт,

Может Ата-Джурт, это первая наша «Папа Спрут».

«Эне тилим», Д.Юсупов

Кээ бирөөлөр тилибизди жаратпай,

Жок кылсак дейт эски жаман адаттай.

А мен үчүн коно турган туурум,

Эне тилим- уча турган канаттай.

Кээ бирөөлөр тилибизди жаратпай,

Жок кылганга жанталашты депутатка талаптанган адамдай.

А бирок, менин атам, У тамганы жоготуп,

Кыргызда жок, Юсуп деп аталыптыр капырай.

Далай депутаттар тилибизди байытты,

При чём, правительство занимат этпейт деп.

Жогортодон чиновниктер тилибизди марытты,

Почему, местныйлар пшеница сеппейт деп.

Кээ бирөөлөр «Ы» тамганы жекиришип, жок кылышып,

Ыбырай-Ибрайга, Ысактар- Исактарга айланышты,

Андан кийин тобу менен автобуска түшүштү сыгылышып,

А бирок «Ы» тамга жок, баарысы автобустан «сууланышты».

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

16-03-2015
Койчусу көп болсо, кой арам өлөт
145676

22-04-2014
Мектеп парламентинин үчилтиги
99966

27-03-2014
Ой пикир: Бай сотко барса-барпаңдап, кедей сотко барса калтаңдайбы?
65590

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×