Добавить статью
17:34, 7 февраля 2025 27

Курултайдан кийинки ойлор

Курултайда аким, губернаторлордун иштебей жаткандыгы айтылып, ал түгүл депутаттарды таркатыш керек дегенге да барышты. Мындай жөнөкөй эмес кептердин чыгышынын себептери эмнеде?

Менимче жергиликтүү администрацияларга иш аткаруу бекитилбегендиктен ушул сөздөр айтылган. Мисалы, бир районго чоң мектеп салынып атат дейли, анын кандай салынып жатканы менен акимчиликтин эч кандай иши жок. Аны бүткөрүү мамлекеттик курулуш мекемесине бекитилген. Балыкчы, Барскоон жолу үч жылдан бери бүтпөй келет. Ал жерде дагы бир жол курулуш башкармалыгы бар. Айрым бир жерлерде бүткөн жолдор кайра сыйрылып жасалууда. Жоопкерчиликти караган мыйзамдар жокпу?...

Иш кезексиз пайда боло калган нерсе сыяктуу сезилбестен улуттук идеологияны чагылдырса, ырааттуулук иш ыргагын түзүп, популизм, пиар деген көрүнүштөр өзүнөн өзү колдонуудан чыгат. Негизинен аймактарда социалдык курулуштарды жүргүзүү, акимчиликтердин приоритеттери болуп саналат. Мектеп, эмкана куруу, жол салуу жергиликтүүлөрдүн кызыкчылыгы, демек жергиликтүү администрациянын милдети.

Билим берүү министри мектеп салдырам деп, райондордун баарын кыдырып жүрө бербесе керек. Кайсы жерге кандай мектеп салыш керек экендигин айыл өкмөт башчысы менен аким, министрге караганда алда канча жакшы билет. Анткени ал күндө ошол тоо арасындагы көйгөйдүн үстүндө жүрөт. Билим берүү министирлиги мектеп салдырам деп жүрбөстөн билим берүүнүн сапатынын үстүндө иштесе, алда канча жакшы ийгиликтерге жетише алат. Ар жыйналыш сайын мектеп, бала бакча деп айта бербестен курулуштардын жылдык программасын кабыл алып, акчасын бөлдүрүп берсе, мамлекеттик программа болгондон кийин көз ачып-жумганча бүтпөсө да акырындап ишке ашары белгилүү.

Саламаттык жаатында деле жогорудагыдай маселе. Депутат министрден ФАП салынышын талап кылууда. Министр дары- дармек, калктын саламаттыгын сактоонун үстүндө иштегени дурус. Ооруканаларды орнотуу мамлекеттик программанын негизинде жергиликтүү бийлик тарабынан ишке ашырылса, алда канча жоопкерчиликтүү бүткөрүлөт. Себеби алар түздөн-түз президентке баш иет. Министрлик мейли проектисин түзүп, билимдүү адистер теориялык жактан иштин сапаттуу аткарылышын камсыз кылып берсин.

Мамлекеттик мекеме делген үчүнчү тарап жолду чала бүткөрүп, аны кайра оңдоого мажбур, анткени жергиликтүү маселелерди чечүү алардын кызыкчылыктарына кирбейт. Болгону мамлекет бөлгөн акчаны реализация кылууда.

Жаңы салынган мектептердин айрымдарынын спорт залдары кууш коробка сыяктуу тар, дубалга бекитилген турниктер, тартылып чыкчу арканы кайда? Чекелеринде отургучтар жок. Ал жерде отуз, кыркка жакын окуучу чуркап ойнойт, вентиляция чаңдар сорулуп чыкчу жери жок, талаптарга жооп бербейт. Билим берүү министрлиги мониторинг жүргүзүшү зарыл...

Милдеттерди, жоопкерчиликтерди аймактарга бөлүштүрүп берүү министрликтерди негизги функцияларын так аткарууга концентрациялайт.

Караңыздар, жеке менчик университеттер пайда болууда. Мамлекет азыр университет салып отурбайт, көп чыгымдарды сурайт. Жеке менчик университет салуу анча деле көп кыйынчылык жаратпайт окшойт. Кептин баары кызыкчылыктарда, студенттер дагы көбүрөөк төлөсө, Бишкектин ичине дагы бир Делини салып коюшчудай.

Аймактын кызыкчылыктары, губернатор, акимдерге берилчү приоритеттер экендиги талашсыз. Ансыз алар өздөрүнүн иштеп жаткандыгын кантип далилдей алат? Бийлик төмөнтөн жогору карай иштегенде тутум пирамидасы түзүлөт десек, бут шилтенгенде денени алып жөнөгөн сыяктуу тулку бой синхрондуу кыймыл-аракетти жасайт. Командалык жөндөм ( метод) менен иштөө кунарсыз, иштөө ыргагы шаблондорго өтүп, жасалмалуулукту жаратканына күбө болуп келебиз. Көп иштер аягына чыкпай, айрым убакта чала бүткөрүлүп, талкуу жараткан учурлар жок эмес. Аймактын башкаруучулары жогору жак качан үчүнчү тарапты жөнөтүп, жумуштарды бүткөрөт деп күтө бербестен демилгени өз колдоруна алып, аракет көрө баштаса, райондордун өз алдынча өнүгүүсүнө шарттар түзүлүп, аймактар өз бюджеттерин түзөй алса, жетишкендиктер болбой калабы...

Советтер союзунун таркап кетишинин себептеринин бири командалык метод менен, жогортон төмөн карай башкарылып, адамдарды шыктандыра албаганында. Марксизмдин когнитивдик теориялары, диктатуралык ыкмалардан улам ишке ашпай, батышта СССРди «элдердин түрмөсү» деп аташкан. Чынында эле басылып жаткан элдер эркиндикке чыгып, дүйнөнүн туш тарабына чабыттай баштады. Ким ойлоптур, кыргыздар Тынч океан менен Атлантиканын ортосундагы түндүк жарым шардан чыгаарын. Албетте бул да демократиянын шарпасы.. Бирок демократия менен ойноого болбой тургандыгын бизге салынган чектөөлөрдөн көрүп жатабыз. Кызматтарды аткарууда саясат жүргүзүп жойлоп кетүүгө болбойт деп ойлойбуз. Айрым чиновниктер өз билемдигине салып, дрондорду өткөрүүгө аракет кылганынан батышта бизге каршы аракеттер жүрө баштады. Алардын талап кылган эрежелери бизди сактантпай койбойт.

Кимдир бирөө сенсация жасагысы келип, өзүн айдын үстүндө жүргөндөй сезиши мүмкүн. Биз ушундайбыз дегендей өзүн-өзү алдоо, өнүгүп жаткан мамлекеттерди биз кантип таң калтырабыз? Мен үчүн сенсация Түндүк-Түштүк эстакадалык чоң жолу. Өнүгүү жөнүндө үмүттөр пайда болууда

Сактык менен профессионалдуулукту колдонобузбу... Же Жеймс Кэмерондун аватарлары сыяктуу атавизмди ойготуш үчүн өзүбүзгө куйрук тагып алып, карнавалдагыдай жүрөбүзбү?

Демократияны ээнбаштык катары колдонуу пайданы, зыянга айлантып жиберерин отуз жыл аралыгында башыбыздан өткөрдүк. Сыртка жагыш үчүн өзүбүздү жамандап, доллар үчүн кулга айланбайлы. Кемчиликтерди жоюп, алдыга жылуу менен ийгиликтерди жаратканга аракет кылалы.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

15-01-2023
Алтынга айланган таштандылар
49232

22-02-2021
Импичмент
7879

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×