Добавить статью
19:44, 15 января 2023 6102

Алтынга айланган таштандылар

Индонезия — дүйнөдөгү эң ири архипелаг. 17 кылымдын башталышында миңдеген аралдар, жүздөгөн король, князь, султандардын башкаруусунда болуп келген. 1603 жылы Голландиялык, VOC компаниясы Индонезияга коммерциялык максаттарда келип, андан соң өздөрүнүн коопсуздугун камсыздоо жана акционерлердин кирешесин арттыруу максатында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө каршы күрөш жүргүзүп,чектен ашкан оор салыктарды салышкан. Чептерди куруп европалык атаандаштары менен согуштук иш аракеттерди жүргүзүшкөн. Жалданма аскерлер аралдын артынан аралдарды басып ала берген. Ошентип Индонезия VОС компаниясынын карамагына өтөт да, компания аны 200 жыл бою башкарып келди. 1800 жылы арал Нидерланд мамлекетинин карамагына өтүп, дагы жүз элүү жыл колония болуп калган.

Айрым коркок жан багарлар Кум Төрдү өз элине ыраа көрбөй: «Кум Төр, Канаданын менчик компаниясы, соттон утулабыз дешип, тескери пикир жаратканга аракет кылышты Мурдагыдай болгондо, 40 тонна алтынды азыр казынага мамлекет ала албайт болчу». Жогоруда жеке менчик компаниялар капитализмди кандай түптөгөндөрүнүн бир эле мисалын айтып өттүк. Индия субконтинентин Англия мамлекети басып албай эле, Британиялык, Ост-Инд компаниясынын жалданма аскерлери басып алганын да белгилей кетели. Айтайын дегеним, күчтүү экономиканы мамлекет эмес күчтүү акционерлер, жеке менчик компаниялар түзөт Кум Төр алтын кенин, акционердик коомго айлантып, көзөмөл пакети өкмөттүн колунда болсо, тапкан кирешелерин жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө багыттаса, жаңы секириктерди жасоого эмне үчүн болбосун. Акционердик коомдор кандайча түзүлүш керек деген суроо жаралышы мүмкүн. Экономиканын тарыхы көрсөткөндөй, стартаперлер, компаниянын негиздөөчүлөрү ишти каржылоо булактарын издөөдөн баштаган.

Айрым компаниялар кредитти жаба албай банкрот болушкан. 1484 жылы Христофор Колумб Португалия королуна келип, азгыруу аракетинде флот түзүүнү сунуштайт. Христофор Колумб Чыгыш Азияга соода жолун ачууну көздөгөн. Көп каражат талап кылынгандыктан, король макул болбой коёт. Колумб айласы кетип, идеясын саткысы келе баштаганда, жараткан жалгадыбы, айтор Испания,королу Изабелла макул болуп,чоң утушка ээ болгон. Колумб, Американы ачкандан кийин, Испания королу, көпөстөр, банкирлер алтын, күмүш кендерин, кант тростниги, тамеки плантацияларын кошо иштетип жомоктогудай байып кетишет. Кен иштетүүдөн башка, айыл чарбасын иштетүүчү ири кооперативдерди, кластерлерди түзүү мамлекеттик приоритет. Биздин жарандар Англияга чейин барышып, плантацияларда иштеп жүрүшөт.

Өздөрүнүн эшигинин астында турган плантациялар ыйлап турат. Эч жерде бекер акча жок. Аңгектен качсаң дөңгөкко дейт. Минэконом, Айыл чарба министирлиги, аймактык администрация, муниципалитет өкүлдөрү айыл чарба плантацияларын өздөштүрүү боюнча, иш аракеттерди демилгелеп, жогорку бийлик бутактарына сунуштарды эмне үчүн бербей жатышат. Бизге бүгүн стартаперлер, негиздөөчүлөр ава, суудай керек. Экономиканы өнүктүрүүнү жалгыз гана мамлекет мойнуна албастан, акционердик компаниялар түзүлүп, негизги жүктү көтөрсө, өнүгүүнүн рентабельдүү жолдоруна өтөбүз. Кыргызстанда мамлекет өзү экономикалык компаниянын милдетин аткарып жатат.

Мамллекеттин негизги жүгү бир гана президенттин мойнуна илинип калгандай таасир жаралат. Оор жүктөрдү бийлик бутактары көтөрө албай сынып, төңкөрүштөрдү пайда кылды. Мамлекет акционердик компаниянын милдеттерин аткара албайт. Өндүрүштү, соода жүргүзүүнү чиновниктер башкарса жемкорлук тобокелчиликтери орун алат. Кызматкер мыйзамдын сакталышын гана камсыз кылып бериш керек, соодага өзү кошо аралашпай. 6 январь 2016 жылы өкмөттүн токтому менен Энергетика министирлиги, Энергохолдинг ачык акционердик коому түзүлөт. Аты өзгөргөн менен, заты өзгөргөн эмес. Бишкек ТЭЦин реконструкциялоо максатында, Кытайдын Эксим банкынан 150 миллион долларга келишим түзүлгөнү айтылат. Бирок ал кийин 350 миллион долларга өсүп кеткен, пайыздык сан өлчөмү менен жарым миллиард долларга жетип, азыр мамлекеттин мойнунда илинип турат. Энергохолдинг компаниясынын акционер эрлери кредитти өз жоопкерчилигине алганда мынча зор суммага өсүп кетпейт эле. Анткени акционерлер өз чөнтөктөрүн жукартканга барбайт. Жоопкерчилик алган тарап болбогондуктан коррупция орун алганы көрүнүп турат. Кытайлардын айтканын кың дебей аткарып, коркок-билиш болгондуктан ушундай болгон экен деп да ойлосок болчудай. Болбосо, ТЭЦке салынчу фильтри кайда. Бишкек бүгүн түтүндөн думугууда. ТЭОсун таап, келишимди кайра карап, келишимдин так аткарылышын инвестордон талап кылса кандай болот. Жанагынча акча жумшагандан кийин фильтр комплектацияга сөзсүз кириш керек.

Мамлекет начар Компаньон Кум Төрдөн да уттурган. Энергохолдинг дагы эле акционердик компания болуп саналса жаңы алып жаткан кредиттерди компания өзү төлөш керек мындан ары. Жоопкерчиликти өзүнө ала албаса, кайрадан Энергетика министрлиги аталып өкмөттүн көзөмөлүнө өтсө зыянсыз иш жүргүзөт БУУнун акыркы жыйынында Америка президенти Джо Байдан өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн карызын банктар кечириши керектигин айтты. Эл аралык валюта фондуна карызды толук кечиришпесе да, жарым-жартылай кечирилишин сурап кайрылууга эмне үчүн болбойт. Билимдүү азаматтарыбыз документтерди иштеп чыгуусу зарыл. Бишкектеги ТЭЦтин түтүнү жөнүндө кеп болуп калды, Швеция мамлекетиндеги түтүндөргө байланыштырып көрөлү, түтүн бар болсо ал жакта. Швецияда түтүн фильтр аркылуу өткөндүктөн 99% тазаланып чыгып, көмүр кычкыл газы 1% түзөт. Стокгольмдүн төбөсү чаңкайып көпкөк. Таштанды, акыр чикирлерди — күнүмдүк турмуштан чыккан предметтик чамындылар, өнөр жай калдыктары, нефть майына булганган заттар, медициналык калдыктар, инфекцияланган, медициналык предметтер, уулу заттар, жаныбарлар өлүктөрүн ж.б. күйгүзүү менен энергия алышат. Күйгүзүүдөн пайда болгон пар гидрогенераторду айлантып, ток иштелип чыгат. Таштандылардан алынган энергия Швециянын жалпы жылуулук менен камсыз кылуу борборунун 42% жылуулук энергиясы менен, 90% муниципалдык керектөөлөрдү жана ысык суу менен камсыздайт. Швеция жылына чет өлкөлөрдөн сатылып келинген 1,75 миллион тоннага жакын акыр чикирлерди күйгүзүп, энергия алышат. Бул жакта жалкоолор гана мусорду иштетпей, деп айтууга туура келет. Акыр-чикирди күйгүзүүдөн оору таратуучу микроорганизмдер да, жок кылынууда.

Таштанды топтолуучу жайларга пластик, целлюлоза гана түшпөстөн түстүү метал, ал түгүл алтын да бар. APPLE 2015 жылы кардарлардын эски Айфон, Айпаддарын жаңыга алмаштыруудан 1 тонна алтын, 3 тонна күмүш чогултушкан. Адамдар ач көз туурабы? Бирок ал жалпы адамдардын бактысына жумшалса ал ач көздүк болбой калат. Андай болгондо таштандылар алтынга айланат экен. Биз таштанды, акыр чикирлерди алтынга айланткыча, тоолорубуз тешилип, экологиябыз бузулбаса болду. Швецияда экологиялык таза туруктуулук сакталгандыктан, жарандар өздорүн бактылуу сезишет. Андыктан биз өз мамлекетибизде экономиканын креативдүү жолдорун таба билүү, зарылдыктары бар. Фонддук биржа түзө алабызбы? Бул баалу кагаздар рыногу. Чет элдик компаниялар акцияларын сатуу аркылуу фокусниктей авадан акча жасап жатышат. Акцияларын сатып иштей турган күчтүү акционердик компаниялар түзүлөбү? Бизнесмендер товар чыгарууну колго алып, өндүрүштү өздөштүрүүгө киришсе,акчалары мурдагыдай сыртка кетпей Корея сыяктуу өнүгүп кетүүгө мүмкүнчүлүктөр ачылат. Соодагерлер сырттан товар апкеле калып кардарлардын чөнтөгүн кагып түшкөн ылдам акчага кызыгышат.

Жакырдануу мына ушул импорттолгон буюм-таймдардан келип чыгууда. Пенсия, пособияга үй салынбайт. Андыктан, пенсия, пособиялар базардагы кошумча нарктын пайыздарын төлөгөнгө жумшалууда. Мындай көрүнүш жаратмандыкка салынган көпүрө болуп бере албайт. Кытайлар тырмак алгыч, тиш чукугучтан өөдө рынокко чыгарууда. Алар миллиондор, бир тыйындан кураларын жакшы билишет. Товар жашоонун булагы, ал кимдин колунда болсо, акча да ошонун колунда болот. Өзбекстан, суу жылыткан бачокторун, автомобилдерди бизге сатып жатат, жибекти сатып Европага чыгарууда. Алар чыныгы эле капиталистик экономиканы түзүүгө багыт алышты. Экономиканын ачкычы дал мына ушул жерде. Өзүбүс товар өндүрүп, продукцияларды чыгармайын президенттерди кубалап, саясат торуна түшө бергенден майнап чыкпайт. Эгер биз 30 жыл бою саясатка алаксыбай, экономика менен алпурушсак биз өзүбүсгө сыймыктанмакбыз. Алты миллион элди камсыздай албаган саясат кан төгүүглөргө алпарды. Саясатта деменсия пайда болду Эгерде Кытайлар 30 жыл бою өз ара жөөлөшүп, саясатка алаксышса 1 миллиард элдин жашоосу азыр оор абалда болмок.1 миллиарддан ашкан элди импорт азыктары менен камсыздоо мүмкүнбү, Кыргызстан үчүн, Москва шаарынын жарымындай болгон калктын социалдык көйгөлөрүн чечүү араңдан зорго ишке ашып келет.

Москва мигранттарды жумуш менен камсыз кылуу менен гана чектелбестен, параллель, масштабдуу согуш операцияларын да жүргүзүп жатат. Кытай тоолордун боорлорунан өөдө айдап айыл чарбасын өнүктүрүүдө. Биз эшигибиздин астындагы жерди айдагандан жалкоолонуп, Англиянын талаарына кулпунай, бүлдүркөн тергени 2000 дей адам жумушка барат деп сыймыктануу менен айтып жатабыз. Товар өндүрүүчүлөрдү, негиздөөчү стартаптарды колдоо зарыл. Айрым жерлерде чакан цех ачып иштеткен ишкерлер, уруксат кагазына кызматкерлер, көп акча сурагандыктан иштерин токтотуп койгондорун айтышты. Чакан цехтерди, мини заводдорду ачуу үчүн, эмне үчүн улуксат алыш керек. Кытайда ишкер каттоодон өткөндөн кийин тийштүү мекемелер, ишкердин документтерин өздөрү даярдап, беришет. Архитектура, экология, салык кызматы болобу чиймелерин чийип, коопсуздук жагдайларын түзүп берип, ж.б. иштөөсүнө шарт түзүлөт. Бул ишкерликти күчөтүүнүн негизги инструменти. Эгерде күчтүү акционерлер чыгып, аэропорт, темир жол, Мегаком, алтын кендери сыяктуу ири ишканалар өз алдынча иштеген компанияларга айлана алса, баалуу кагаздарын чыгарып, кошумча кирешелерди алышат. Кытай былтыр дрондорду сатуудан 32 миллиард доллар тапкан. Азыр мектеп окуучулары дрондун конструкциясын түзүп атышат. Биз буга маани бербей жатабызбы? Биз дагы дрондорду чыгара баштайлы. Электр эсептегичтерин өзүбүсдүн өйлоп табуучулар сунуштап жатса, чет жактан сатып алып, Ата Мекендик өндүрүшчүлөр колдоого алынбай калып жатканы, өндүрүштү жандандырууга кедергисин тийгизет.

Жогорку максаттарды көздөп, планканы жогору көтөрмөйүн,  максаттардын төмөнкү тепкичтериненде жүрө берип, бийиктиктерден секирип өтө албайбыз. Окумуштуулар, дүнүйөлүк экономика илимий ачылыштар аркылуу жаңы жолдорду таппаса, көбүк сыяктуу жарылат дейт. Мисалы Парижде таза продукция алыш үчүн,кабат үйлөрдүн үстүнө жер жемиштерди өстүрүшөт. Бизде айдоо жерлер тарыды. Келечекте илим 10 гектар жерден алчу түшүмдү 1 га аянттан алып бергенге шарт түзүп бере албаса, анда... Саясат көйгөйлөрдү тереңдетип салууда. Экономика оң жолго коюлбагандыктан саясат үстөмдүк кылып, баш аламандыкка шарт түзүлгөн. Экономикалык мыйзамдар бар болсо, ал кандай иштөөдө. Маалымат каражаттарында ири суммадагы валюталар сыртка чыгып жаткандыгы кабарланууда. Бул Орто Токой суу сактагычындагы суунун куб көлөмү түшүп кетип, дыйкандар түшүмсүз калды дегенге барабар. Кимдир бирөөлөр экономикага каршы иштерди жасап жаткан жокпу? Доллардын эч көзөмөлсүз сыртка чыгып кетүүсүнө тыуу салган мыйзамды тез арада кабыл алуу зарыл. Ансыз КМШ дан тышкаркы өлкөлөрдөн товар сатып алуу кыйындайт. Башка өлкөлөрдө валютанын сыртка чыгып кетүүсүнө мыйзам жол бербейт. Эң башкы нерсе экономикалык коопсуздук. Хаски түрүндөгү ракеталык снаряддын бирөө 13 миллион доллар турат. Биз мурда Кум Төрдөн бир жылда көргөн пайдага бир эле ракета снарядын алмакбыз. Украинадагы жүрүп аткан согушта бир тарап бир күндө 900 миллион доллардан ашык снаряд аткан. Экономикасы төмөн өлкө мындай интенсивдүү чабуул жүргүзө албай тургандыгы айтпаса да белгилүү. Доллары жок мамлекет алдыңкы аскердик техникаларды сатып алуусу кыйын. Индиянын Мырза- 420 кино тасмасында, башкы каарман; Башымда орус калпагым, бутумда япон башмагым — деп таш жолдо ырдап баратканын көрөбүз.

Индия колониалдык күрөштө 1947 жылы эгемендүүлүктү алгандан кийин гана өз товарларын өндүрүү менен улуттук өзгөчөлүктөрүн сактап кала алды. Индия бүгүн экономикасы өнүгүп жаткан мамлекеттердин катарына кирет. Биз дагы өз товарларыбызды чыгарып, өнүгүүгө жол салалы. Союздун убагындагы токтоп калган ишканаларды меценаттарды тартуу менен, чекесинен ишке киргизе берсе ,өндүрүштү жандандырүүга алып келет. Мурдагы иштеп келген айрым завод, фабрикалар адилетсиз менчике өтүп, чычкандар мекендеген склад жайларга айланып кеткен. Ал завод, фабрикалар жумушчуларга кайтарылып, жумушчу орундарды түзсөк, чыныгы социалдык революцияны жаратабыз. Чолпон бут кийим чыгарган фабрикасынын продукциялары бир кезде Европага чейин тарап атагы чыгып турган. Бүгүн эмне болду...Радж Капур бутумда Япон башмагым деп арман ырын ырдагандай болбой, бутумда Кыргыз наакери деп сыймыктана алсак ага не жетсин. Чиновниктер ээлик кылган жерлер өз ээлерине мыйзамдуу түрдө кайтарылышы керек. Насыяларды түздөн түз дыйкандардын өздөрүнө таратканда гана айыл чарбасы өнүгөт. Айыл чарбасын өнүктүрө алсак биз үчүн агрардык революция болуп калат. Биз азыр айыл чарбасын уюштуруп, ири кооперативдерди түзө элекпис. Элибиздин саны аз болгондуктан гана бир аз камсыз болуп турабыз. Элдин саны көбойгөндө айыл чарба продукциялары менен камсыз кылуу көйгөйү жаралат. Кыргызстандык жаш ойлоп табуучулар мындан бир аз жыл мурун, космоско спутник учурууга белсенишкен. Бирок ошо бойдон дайындады чыкпай калды. Илим-билимге, ойлоп табуучулага колдоо көрсөтүп турбасак, жаңы бийиктиктерди багынта албайбыз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×