Добавить статью
13:32, 7 апреля 2020 56376

Ой-пикир: АПРЕЛЬ (2010) ОКУЯЛАРЫНЫН ХРОНИКАСЫ

Автор: Б.К.Абытов

Автор жазган текст, грамматикасы өзгөргөн жок. Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Тарых илимдеринин доктору, профессор,

ОшМЮИнин проректору

Абытов Б.К.

АПРЕЛЬ (2010) ОКУЯЛАРЫНЫН ХРОНИКАСЫ

Апрель революциясына 10 жыл 

Бул мааракени кеңири белгилөө тууралуу Президентибиздин атайын жарлыгы да чыккан, шартка жараша кеңири майрамдоо болбойт. Биз тек гана ошол тарыхый күндөрдүн хроникасын эске салууну туура көрдүк. Мекендештерибиз ошол окуяларды, анын сабактарын эстен чыгарбай жүргөнү туура болот деген ойдобуз.

2010-жылдын Апрель элдик революция­сынын тарыхый хроникасы тө­мөн­кү ырааттуулукта өткөн:

5-апрель Таласта элдин нааразылыгы күчөп митингдер баштал­ган, чогулган эл күч колдонуу менен тарка­тылган.

6-апрелде эл Талас шаарынын борборуна топтолуп, Талас облусунун губер­на­торун барым­тага алган. Бишкектен 2 самолет, 4 вертолет менен ИИМ курал­дуу отряддары учуп келип, түтүн чыгаруучу жана көздөн жаш чыгаруучу шаш­ка­ларды кол­донуп, резина октор ме­нен элди ата баштаган. Бир катар оппо­зи­ция лидерлери камала баштаган - Таласта Б. Шер­ния­­зов, Ошто - Д.Чотонов, Биш­кекте - Ө.Текебаев, Э.Кап­­тагаев, К.Дүйшө­баев, А.Эрке­баев ж.б.

7-апрелде А.Атамбаев, Т.Сариев, Г.Скрыпкина, Э.Ибримова ка­макка алын­ган. Алайда И.Исаковдун коргоо комитетинин мүчө­лөрү камалды. Таласка ошол түнү 4 автобус ИИМ кызмат­кер­лери, аскер күчтөрү келген. Таластын борбордук аянтына 20 миңден ашуун киши чогулган. Нарында, Ошто, Жалал-Абадда эл кайрадан чогула баш­тады. Токмокто Чүй обладминистра­ция­сын басып алышты.

Эртең менен саат тогуздар чамасында Биш­кекте «Форумда» көптөгөн эл чо­гу­луп, расмий бий­лик­терге наа­разычы­лыктарын айта баштаган. Ошол эле күнү «Форумда» кагы­лы­шуу болуп, ага күч колдо­нул­ду жана кагылышууда эл мили­ция кызматкер­лери­нин куралдарын тартып алышты. «КСДП», «Ата Мекен», «Ак шумкар» партия­ларынын активист­тери миңдеген адамдар менен Ак үйдү көздөй бет алды. Нааразы болгон эл УКМК имаратын курчап алган. Абактагы оп­по­зиция лидерлери бошотулуп, милиция эл та­рапка өткө­н. Ак үй, Жогорку Кеңеш басып алынып то­нол­ду, Генералдык прокура­тура өрттөлдү.

К.Бакиев Ак үйдөн качып чы­гып кетти. Элдик курултайдын Аткаруу комитети мамле­кет­теги жоопкер­чи­лик­ти өз мойнуна алды. Элдик курултайдын Борбордук Ат­ка­­руу комитетинин төрайымы болуп Р.Отунбаева шайланды. Ошол күнү 60 адам каза болгону жана Бишкектин ири соода борборлору таланып-то­нол­го­ну маалым болду. Бийлик толугу менен Убактылуу өкмөттүн колуна өттү. Ө.Текебевдин сөзү ме­нен айт­канда «… бийлик толугу менен курамы 14 ки­ши­ден турган Убактылуу өк­мөт­­кө өттү. Эми биз өкмөт, биз парламент, биз пре­зидент болобуз. Ооба бул абдан татаал, жаман маселе. Бирок башка­ча чечими жок…».
Ошол 7-апрель күнү эрте менен ми­лициянын «Альфа» тобу жана атайын бөлүмү, УКМК «Арстан» то­бу менен элдин орто­сундагы кагылышуу «Форум» имаратында баш­та­лып, анан Ала-Тоо аянтына жылган.

Саат 11.00: Алгачкы ок атуулар болуп, биринчи курмандыктарды эл көрдү. Күтүү­сүздөн кол­дор­до куралдар пайда болгон. Көрсө эртең мененки кагылы­шуу­да 14 автомат, 13 пис­толет, «Драгунов» снайпердик мыл­тык, 8 кол гранатасын. «Аг­лень», «Му­ха» гранатометторун, «Заря» ат­туу 100 согуштук, 20 үн чыгаруучу грана­та­лар­­ды, 15000 ашык патронду «Альфанын» жоокерлеринен тартып алышкан экен.

Убактылуу өкмөттүн башчысы Р.Отун­баева 2010-жылдын 7-апрелинде ата­йын жарлы­гын чыгарган. Ага ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмө­тү­­нүн: бирин­чи орун басары А.Ш.Атамбаев, орун басары А.Бекназаров, орун басары Т.А.Сариев – каржы министри, орун ба­сары Ө.Ч.Текебаев, Кор­гоо министри И.Исаков, Ички иштер миниистри Б.Шерниязов, МУКК төр­ага­сы К.Дуйшебаев, Президенттин аппарат башчысы, Убактылуу өкмөттүн мүчө­сү болуп Э.Каптагаев дайын­далган. Дагы бир чоң жаңылык, Мамлекеттик кор­гоо кызматы (СГО – авт.) жоюлганы болуп калды.

Ошол 87 адамдын өмүрүн алган революция күндөрү Ош шаарында жана областта да толкундоо­лор, митингдер жана расмий бийликтерге каршылыктар күчөгөн. 6-7-апрель күндөрү Ош шаарында КСДПнын бир топ активист­терин ички иштер башкармалыгынын, УКМК кыз­мат­кер­ле­ри катуу көзөзмөлгө алып, айрымдарын кармап, шаардык мили­цияга алып кетишти.

7-апрель күнү Жогорку Кеңештин депу­таты Асылбек Жээнбеков Ошко келди. Ал Кыр­гыз­­стан­­да түзүлгөн өзгөчө кырдаалга байла­ныштуу Ош шаарында жана Ош облу­сун­да Революциялык комитет түздү. Ошол эле күнү өлкөдө коопсуздукту камсыздоо, кан төгүлүүсүнө жана талап-то­ноо­лорго жол бербөө үчүн бир ка­тар иш-чараларды уюштуруу, ат­каруу боюнча чечимдер кабыл алынып, талап-тоноолорго жана чагымчылдыкка жол бер­бөө үчүн Элдик кошуундар түзүлдү. Бул аракеттердин максаты революциянын жеңи­шин сактап калуу эле.

8-апрель: Ак үйдө Р. Отунбаева жетектеген Убактылуу өкмөт өз ишин баш­тады. Ошто, Жалал-Абадда, Баткенде элдик губернаторлор шайланды. В.Пу­тин менен Р. Отунбаеванын сүйлөшүүсү болду. Коогалаңда каза бол­гон­дордун саны 68 адамга жетти. Чөлкөмдөрдө абал тынчый баштады.

10-апрель: Ата бейит комплексинде Апрель революциясында кур­ман болгон­дордун сөөгү жерге берилди. «…Апрель революциясынын баа­тыр­­ларына таа­зим этебиз, аларга түбөлүк даңк!» - деп Р.Отунбаева айтса, Жогорку Кеңештин төрагасы А.Кел­дибеков « … 7-апрель өлкөнүн соң­ку жаңы тарыхында демокра­тия жолуна түшкөн жаңы Кыргызстандын түп­тө­лүү күнү, улуу бу­ру­луш учуру катары кала берет. Ушундай баатырларды тарбия­ла­ган ата-энелерге миң мертебе алкыш айтып, башты ийип таазим кылабыз..» - деген жалындуу сөздөрдү айткан.

11-апрель: К.Бакиев өзүнүн туулган айылы Тейитте жыйын өткөргөн.

14-апрель: Мосвада Убактылуу өкмөттүн башчысынын орун ба­са­ры А.Атам­­­­­баев менен Россия премьер-министри В.В.Путиндин сүйлөшүүсү болду. Кыргызстанга каржылык жардам көрсөтүү масе­ле­си каралды. Дагы 2 адамдын сөөгү Ата-Бейитке коюлду.

15-апрель: Ошто Убактылуу өкмөттү колдоо митинги болду. Ош шары­нын борбордук аянтына он миңге жакын адам катышкан Элдик курултай өткөрүл­дү. Курултай бү­төөрдө К.Бакиевди колдо­гон адамдар микроавтобустар менен борбордук аянтка кирип келишти. Аларды курул­тайга чогулгандар автобус­тар­дан түшүрбөстөн кууп чыгыш­ты. Бирок, бул аянттан кулатылган президент­тин жактоо­чулары куул­гандан кийин, Ош улут­тук драма театрынын алдына барып митинг өткөрүүгө аракет кылышты. Курул­тайга келгендер ошол жакка сү­рүлүп барышканда К.Бакиев драмтеатрдын алдына коюлган трибу­на­га чы­гып сүйлөй баштаган экен. Ал жерде турган­дар да анын сөзүн укпастан, көңүл бурбастан "Бакиев, кет! кет!" - деп кый­­кырып жатышты. Тез эле эл көбөйүп, "Кет! Кет!" - деген кый­кырыктар улам күчөп, акыры борбордук аянт тараптан келат­кан элдин сүрүнөн алдас­та­ган Бакиевдин коргоочулары жана жан-жөкөр­лөрү К.Бакиевди колтуктан алып жетелеген боюнча качышты. Коргоо­чула­ры жөн качышпастан автоматтардан, карабин­дер­ден асманга, жерге карай ок жаадырышып, чоң жолго коюшкан ок өтпөс маши­наларына отуруп качышты.

Эгерде 15-апрель күнү оштуктар К. Бакиевди кабыл алганда, ал шаардык мэрияга же облустук мамлекеттик администрацияга отуруп алып кетпей кой­мок. "Мен аракеттеги президентмин" деп отура бермек, анан бийлик талашып түндүк-түштүк болуп согушуп жатып калышыбыз толук мүмкүн эле.

15 апрель күнү кечинде К.Бакиев Жалал-Абадга келген Казакстандын учагы менен качып кетти.

16-апрель: Казахстандын Кыр­гыз Рес­пуб­ликасындагы элчиси Б.Исабаев Р.Отунбаевага Президент катары расмий ыйгарым укуктарын тапшы­руу туура­луу К.Бакиевдин арызын тапшырган. «Каз­­информ» агенттиги К.Бакиевдин отставка­га кетүү жөнүн­дөгү арызынын көчүрмөсүн жарыялады.

Ошентип К. Бакиевдин режими Апрель революциясынын натый­жа­сында ку­ла­ды. Бирок ал мурдагы президенттей жөн эле качып кетпестен, бир убакта өзү «Ак үйдү автомат менен коргоймун» - деп айткандай куралсыз элге ок жаады­рып коргоду. өз бийлигин бергиси келбей жан талашты. Анын натыйжасында токсонго жакын азамат курман болду.

Ошентип кыргыз эли кыска мөөнөттө өзүнүн эки президентин кууп чыгып, алты референдумду жана Консти­ту­ция­нын сегиз өзгөртүү­сүн, ошондой эле эки элдик революцияны жана түштүктө этностор аралык кагылышууга түрткөн чагымчыл­дык­ты башынан өткөргөн Кыргызстан, тарыхый-саясий өңүттө өз жолун таба алды. Эң негизгиси Кыргызстанда эл менен эсептешпей коюуга бол­бой тургандыгы, анын реалдуу күч экени ырасталды. Өлкөдө эч кимдин бий­ликти жеке ээлеп алууга, узурпациялоого акысы жок экени тастыкталды. Бийликти кыянаттык менен пайдаланууга мүмкүн болбой тургандыгы далил­денди. Мамлекет башчысы, улут лидери элге берген убадасын так аткарышы абзел, милдет экенин баары түшүндү.

Мамлекет башчыларынын эл­ди корку­туу­дан, күч колдонуудан алыс болуу­су керек экендиги, эгерде андай ара­кетке барса ар кандай күчкө каршы турган элдик күч табылаары айкын болду.

Белгилей кетчү жагдай, Кыргызстандагы Апрель элдик револю­ция­­сы дүйнө­лүк коомчулук та­ра­бынан өзгө­чө феномен катары бааланганы болду. Антке­ни­биз Апрель ре­волюциясы маани-маңы­зы, саясий, мүнөзү боюнча нукура элдик революция болгон.

Эл өлкөдөгү саясий бийликке эле эмес, саясий принцип­сиз­дикке, кай­ды­герликке, бийликти узурпациялоого, үй-бүлөлүк режимге каршы, элибиздин, мамлекетибиздин келечеги үчүн күрөшкө чыкканы баары­бызга белгилүү.

Быйыл дал ошол олуттуу, феноменалдуу окуяларга, Апрель элдик революция­сына 10 жыл толот. Баары­ңыз­дарды майрамыңыздар менен куттуктайбыз.

апрель окуясы
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

23-04-2020
Ой-пикир: ЛЕНИНГЕ 150 ЖЫЛ
65203

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×