Добавить статью
18:27, 23 апреля 2020 65203

Ой-пикир: ЛЕНИНГЕ 150 ЖЫЛ

Автор жазган текст, грамматикасы өзгөргөн жок. Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

    Адам тагдырындагы тарыхтын тамашасы кызык. Кээде бир эле адамга ата-энеси төрөлгөндө бир ат койсо, турмуш агымы экинчи бир каймана атты коет, а жашоодогу орду үчүн­чү атты коюшу ыктымал. Ошондой көптөгөн кай­мана аттары бар, дүй­нө­­лүк, Россия, мурдагы СССР, азыркы КМШ мамле­кет­теринин саясий тары­хында - “К.Тулин”, “Владимир Иль­ин”, “Ленин” “Николай Констан­тинов”, “Р.Силин”, “К.Иванов”, “Карич”, “Карпов”, “Яков Б.”, “Яков Рих­тер”, “Вильям Фрей”, “Ста­­тистик”, “Бай­коочу - Наблюдатель”, “Окуучу - Читатель”, “Чоочун - Посто­рон­ний”, “Депутат эмес - Не депутат”, “Правдист - Чынчыл”, “Петербуржец – Петербург­дук”, Ульянов-Ленин сыяктуу 146 псевдоними болгон, ХХ кылым­дын  башында дүйнөнү дүңгүрөткөн чыгаан инсан Владимир Ильич Ульянов же Ленин болгон. Ал 150 жыл мурда, 1870-жыл­дын 22-апре­лин­де Россиянын элет жери Симбирскдеги элдик училищанын инспектору И.Н.Улья­нов­дун үй-бүлө­сүн­дө төрөлүп, тарбиялан­ган. Жаштайы­нан револю­ция­чыл, террорист­тик уюмга кошул­ган улуу агасы Александр Ульянов­дон чоң таасир алып, револю­циялык идеяга берилген. 1887-жылы император Алек­сандр III кол салганы үчүн, агасы Александр өлүм жазасына тартылган. Ошондон баштап Владимир Ульянов биротоло революциялык иштер­ге баш оту менен киришкен. 

Тагдырдын да, тарыхтын да тамашасын караңыз, дүйнөнү дүңгүрөткөн Орус империясынын Москва, Петроград ж.б. ири тарыхый, саясий, экономи­калык, маданий борборунда, ири шаарларында ондогон өзүн өзгөчө мыкты сезген, чындап эле дүйнөнү дүңгүрөткөн кыйын­дары, чыгаан саясий ишмер­лери  болсо да, 1917-жылы дал ошол Орус империясынын тагдырын элеттик Симбирскинин эки гимназисти чечкени болду. Биринчи гимназист В.И.Улья­нов-Ленин, экинчиси А.Ф.Керенский.

Эң кызыгы ХХ кылымдын башында Россия импе­рия­­сы­нын тагдырын чеч­кен В.И.Ульянов-Ле­нин жана А.Ф.Керен­ский экөө тең Симбир­скиде туулуп, өсү­шүп, жакшы ка­рым-катнаштагы үй-бүлөлөрдөн чы­гыш­кан. Аталары атал­ган гимназияда чогуу иштешкен.

Гимназияны алтын медаль менен бүтүп жат­кан В.Улья­новго жалгыз “4” деген бааны койгон гим­на­зия мугали­ми Фе­дор Керенский болгон. Бирок ал маселе эки үй-бүлөнүн карым-катнашына терс таасирин тийгизген эмес. Тетирисинче, агасына байланыштуу саясий ише­­ним­сиз адам катары В.И.Уль­я­новго Россиянын бар­дык борбордук жо­гор­ку окуу жайла­ры­на кирүүгө тыюу салынып, мурдагы көп тааныш-билиш­тер Ульяновдордун үйүнөн баш тартышып, алардан алыстай башта­ганда, дал ошол Ф.Керенский жардамга келген. Ал чочулабастан эле өз ке­пил­диги менен Казань университетине жолдомо берип, Владимирге жол ачкан. Оше­н­тип дүйнө­лүк проле­та­­риат­тын болочок жол башчысы Казань университетинин юридикалык факультетине кирүүгө мүмкүн­чү­лүк алып, чоң турмушка алгач­кы кадам­дары дал ошол Казань университетинен башталган. Бирок, көп өтпөй рево­лю­­циялык кружокко катыш­кандыгы, падышачылыкка ачык каршы чык­ка­ны үчүн университеттен чыгарылып, алгачкы сүргүнгө Кокушкино селосу­на айдалган. Бул тек гана тарыхый  экскурс. Мен айтайын деген дагы бир нерсе бар.

В.И.Улья­нов-Ленин да, А.Ф.Керенский да Санкт-Петер­бург уни­вер­си­те­­ти­нин юридика­лык факультетин бүтү­рүшкөн (Ленин экстерн жо­лу менен), экөө тең эмгек жолун адво­каттык кы­луу менен баштаган. Ошол эки симбирски­лик гимназист ХХ кылымдын башын­дагы орус элин, империясын  эң бир татаал таг­дырга туш кылган, бүгүнкүгө чейин көптөгөн талаш-тартышты туудурган, бирөө­­лөр­гө өзгөчө ку­мир болсо, бирөөлөргө өтө жек көрүндү душман, Орус мо­нархия­лык түзү­лүшүнүн түбүнө жеткен көрүнүктүү саясатчылар, партия­лык жана мамле­кет­тик ишмерлерден болушту.

1917-жы­лы эбегейсиз зор Орус империясынын тагдыры дал ушул эки гим­на­зис­тин колунда болуп калганы таң калтырат. Биринчиси, В.И.Улья­нов-Ленинди бүгүнкү күнгө чейин “дүйнөлүк пролетариаттын улуу жол баш­чысы”, “социалисттик рево­лю­ция тууралуу марксистик теорияны тур­муш­ка ашырган”, “про­фес­сионал революционер”, “дүй­нө­дө алгачкы жолу эмгекчилердин мамлекетин түзгөн”, “социализм идеяларын алгач­кылардан болуп турумушка ашырган”, “Кеңеш Өкмө­түн негиздеп, жа­ңы Орус империя­сын түп­төгөн”, “Кеңештик импе­рия­ны негиздеген”, “73 жылдык жаңы саясий, социалдык системаны түзгөн”,чыныгы большевик-коммунист”, “большевиктер-ком­му­нист­тер партиясынын не­гиз­дөөчүсү”, Кеңеш Өкмөтүнүн алгачкы төрагасы сыяктуу эпитеттер коштойт.

Экин­чи гимназист А.Ф.Керенскийди мур­дагы дүйнөнү дүңгүрөткөн Рос­сия импе­рия­сынын акыры­на чыгып, түбү­нө жет­кен инсан катары таанышат. Орус саясий тарыхында ал адамдын ысы­мын “монархиянын ке­чи­­рилбеген кый­рат­кычы”, “саясий туруксуз, жеке амби­ция­­­сы күч­­түү адам”, “унут­та калган жол башчы”, “револю­ция­нын унутта кал­ган баатыры”, “1917-жылкы окуяларда натыйжасы жаман, жаз­­мыштуу роль ойногон адам”, “аял кийи­мин кийип Петер­бург­дан качып чыккан орус саясатчысы”, “эң түшүнүксүз орус сая­сат­чысы” же кесиптеши М. Родзянко 1922-жылы айт­кандай  “Россияга эч ким А.Ф. Керенс­кий сыяктуу зор зыян келтирген эмес” – деген сыяктуу тарыхый, саясий эпитеттер коштоп жүрөт.

Мына ошол эки гимназисттин улуусу, чыныгы социалист, большевик, эмгек­­чи элдин таламын талашуучу В.И.Ленин кыргыз элинин, мамлекети­нин тарыхында зор из калтырып, элибизди 1916-жылкы апааттан сактап, ачарчы­лык­тан, Кытайда калып, кырылуудан сактап, өз мекенине кайтууга өбөлгө түзгөн, Кеңеш Өкмөтүн орнотуп, кыргыздарды улуттук мамлекетүүлүгүнө жетишүүгө зор өбөлгө түзгөн инсан катары белгилүү.  Бекеринен убагында улуу акыныбыз Т.Сатылганов “Кандай аял тууду экен Лениндей уулду” деп ырдабаса керек. Кеңеш доорунда кыргыз акын, жазуучулары Ленин жөнүндө көп эле чыгармаларды жазышканы баарыбызга белгилүү.

Башкаларга караганда, кыргыз элинин улуу муундагы эле эмес, кийинки жаш муундары да Ленинге көзү түз экени маалым. Бир эле мисал, азыркы КМШ мамлекеттеринин ичинен биздин Бишкек, Ош шаарынын так ортосун­да турган Лениндин эстелигин элибиздин, мамлекетибиздин ага бол­гон сый-урматы катары баалоого болот. Ош шаарындагы Лениндин бою 23,5 метр бийиктиктеги эстелиги учур­дагы Россия, КМШ мамлекеттериндеги эң бийик, ири, кооз, айлананын көркүн ачкан фундаменталдык эстелик экени шексиз.

Постсоветтик мезгилден баштап Лениндин тарыхый, саясий бейнесине ар кандай, Кеңеш доорундагыга кайчылаш пикирлер пайда болгону талашсыз. Мейли Россия өзүнчө баа бере берсин дейин десең, азыркы кыргыз саясатчы­ларында, саясат таанучуларында, ар түрдүү серепчилеринде, тарыхчы­­ларын­да деле бирдиктүү пикир жок. Албетте анын саясий бейнесине баа берүүчү­лөр чекеден чыгат, бул өзүнчө маселе.

Кандай болсо да Ленин адамзат  тарыхынын улуу,  гениалдуу акыл-ойло­рун, социалдык идеяларын алып жүрүүчүлөрдүн алдыңкы сабында кала берээри талашсыз факт. Дал ошол улуу жол башчынын туулганына учурда 150 жыл толду. Биз болгону 150 жылдык мааракесине карата анын тарыхый, саясий бейнесинин кээ бир штихтерин эске салдык.

Ленин
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×