Добавить статью
19:06, 4 мая 2020 11191

Ой-пикир: Руханий жардылык пандемиясы же абийир карантини

Автор жазган текст өзгөртүүсүз жарыяланат. Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.     

"Кайсы цивилизация дүйнөнү алчап-калчап турат - Батышбы же Чыгышбы, Кытайбы же Исламбы?" деген  бейпайда, бейчеки талаш-тартыш, угуту жок суроолор  как чыкыйга чыгып  - бүдөмүктөнгөн  Келечектин бейнеси  көзгө тартылды. Таажылуу вирус - бул эң оболу бүт дүйнөнү жамыра кармап турам деген супер державалар  төбөлдөрүнүн башындагы илдет т а а ж ы с ы, мээсинде шамалдай удургуп турган менменсинүүнүн вирусу, кимде күч болсо оомат ошондо деп туйтунган, күч бийлигинин  идеологиясы...     

Идеалында бул пандемия жер планетасынын жамы акыл-эстүү бөлүгүн бириктирүүсү керек... Дүйнө чыңалып, жигинен сөгүлүп, пандемия тирешүүнүн жаңы формасына айланды. Бир гана супер державалар эмес, а түгүл ашкере ашынгандар  да, баары түгөл биригип келип, алчытасын жеген окумуштуулар да, улукман акелер да бир  вируска каршы вакцинаны таба албай бушайман?..Не алаамат болот деп жер калчылдап турган чагы...  Жер шарында адамзатты жер менен жексен кылып, тыптыйпыл кырып салууга эсепсиз арсенал жыйналды... Био-, нано-технологиялар, жасалма интеллект, маалыматташуу жана дүйнөнү санариптештирүүдөгү өлкөлөрдүн тиреше жарышы ушул пандемиянын алдында түккө арзыбай калды.     

Баса, бул ой Альбер Камюнун «Чума» романында жеткиликтүү минтип баяндалган: (Бул тууралуу адабиятчылар, сынчылар көп жазды.) «…ар бир жамандык - бул адамдан ажырагыс, керек болсо эч бир жери оорубаган адам деле, баары бир жүрөгүндө ошол дартты көтөрүп жүрөт.

Ак пейилдүү, эркин адамдар гана  жамандыкты жеңүүгө кудуреттүү, бирок алар, аны жер жүзүнүн категориясы катары жок кыла албайт. Ошол себептүү романдын финалында коркунучтуу илдеттен кутулдук деп шапар тепкен  шаардыктардын кубанычтуу кыйкырыгына, башкы персонаж доктор Риэ "Бул кубаныч убактылуу эле", деп ойлонот, себеби анын аңдап калганы: «… балким, элдердин кайгысына, чума келемиштерди ойготуп, бактылуу шаардын көчөлөрүнө жөнөтүп, кайрадан тирукмуш бу апаат ойгонуп,  баарын жан таслим кылган күн келип калаттыр», деп түкшүмөл түшөт. Камю бул романы аркылуу  эмнени айткысы келген? Арийне, ал "жалпы адамзаттык жана убакытка баш ийбеген чектөөсүз ойго катылган ойду" каңкуулап, өтмө маанилүү жагдайдын чет бучкагын чыгарып, кулак кагыш кылган. Бул тейден алып карганда Камюнун романы – роман эскертүү. Арийне, "Тарых эки жолу кайталанат  — адегенде трагедия түрүндө, андан соң фарс түрүндө». 

“Дүйнө акыл эстен алжып баратат. ”Бул ой айныксыз, кашкайган чуулуу чындык, азыркы шоораттуу дүйнөнүн күрөө тамырын туюнтпаса да,  ушул тапта ачуу чындык ушундай. Ушунун баары мезгилдин көйгөйү, кыйсыпыр дүйнөнүн будуң-чаңы. Тилекке каршы, табият тең салмактуулугу бузулуп, кыл келбеген кырдаал  жаралды. Абалтан эле табийгат мыйзамдарын одоно бузуп жүрүп, эми биз табияттан татыктуу жообун алып жатабыз. Кудай жараткан дүйнөлүк тартип менен ааламдын алдында адам алсыз, дармансыз. Бул талашсыз маселе, талашсыз ак...

Адам менен табияттын шайкеш жашоо мыйзамы жана ал жашоонун  шайкештиги бузулду.  ХХI кылымдагы жаңы чуманын натыйжасы, акыр түбү  ушу!..

Вирус – дүйнө менен пенде  жашоозаңын гана өзгөртпөстөн, табияттын алдында адам баласы бир бечел, чүрпөйтай экендигин, бизге дагы бир жолу эскертти. "Текебер  адам" деп аталган неме, бүт пендеге таандык ыйман системасын көкүрөгүнөн  чийип салды, ал эми "бумеранг принциби” акыр замандын бир күн болбосо бир күн келээриндей эле чындыктын, ачуу чындыктын коңгуроосун  каккылайт.

Бул пандемия, эң оболу - руханий жардылыктын пандемиясы. Замандын белгилүү ойчулдарынын бири Юваль Харари, адамзаттын алдында күтүлүп жаткан чоң сыноолорго ой жүгүртүп, адамзаттын жашоо циклинин мааниси өзгөрүлгөнүн өзгөчө басым коюу менен белгиледи. Ушул боркулдап кайнаган жашоодо, адам мээ туюму программаланып, анын күнүмдүк кадамы менен ишмердиги маалыматтык жана биотехнологиялык матрицага айланганда, адам - адамдык сыпатын сактап кала алабы? Маалымат дүйнөсүнүн революциялык доорунун жетишкендиктерин биз канчалык көтөрө чаап, саймедирегенибиз  менен,  адам катары, тирүү зат катары өз пешене-тагдыр алдында, өз кайгыбыздын алдында жападан жалгыз калып отурабыз. Пандемия - заманбап доордун курулай шаңдануусу менен көз боемочулугун самын көбүгүндөй сапырып, адамзатка чакырык таштады. 

Бүт жер жүзү карантинге кетти. Карантин килейген жер шарынын кыймылын токтотуп койду. Жер үстүндөгү, абадагы, деңиз каттамдары токтоп, эшиктер жабылды, чек аралар бекилди... Адамзаттык физикалык карым-катнаш туңгуюкка такалды, дүйнө цементтей катты, көз ирмемге катты...     

“Үн катпоо – үн катпоону жеңип өтүү.” Ушундай “экстраваганттуу” абал, куру намыс адамды ашкере туйтунта алабы? Карантин адам өмүрүн сактап калуунун, аман калуунун  эң мыкты аргасыздыгы, бу чечим эң туура чечим, адам акылы азырынча мындан өткөн пандемияга каршы күрөштүн, карантинден өткөн парасатту ыкманы али ойлоп таба электигин турмуш өзү көрсөттү.

"Жамандык жакшылыкты шарттайт" деген экен Ф.Достоевский. Бат өзгөрүлчү кубулмалуу дүйнөдө убакыттын циферблаты токтоп калды, балким бул кыяпат жогорудан пешенеге жазылгандыр. Эми биз бир саамга, бир ирмемге  токтоп, өзүбүзгө-өзүбүз акыл калчап, өз жан дүйнөбүзгө үңүлүп: "Биз кимбиз? Биз кайсы жерде турабыз?... ( Sapiens – деген - бул кайдан келгендигибиз жөнүндөгү түшүнүк, Homo Deus – биз кай жакты көздөп баратабыз? деген түшүнүк). Кайда баратабыз, биздин мамилелерибиздин органикасы кандай, дүйнөнүн туруш турпатында биздин ордубуз каерде, деги эле биздин ордубуз, адамдык алкагыбыз,үмүт туюмубуз эмнеден турат? Биз кантип өзүбүздү өзүбүз сактап жана ошол эле учурда ушул жер шарындагылардын баары менен тынчтыкта жанаша жашай алабыз? А бирок мына ушундай жөнөкөй суроолорго да  биздин жообубуз болгон эмес, чындыгында мындай суроолорго биз эч качан мээ чыңалтып,  башыбызды ооруткан эмеспиз. Биз бир балекетти ойлоп, ошо балекеттин артынан сая кууп жүрдүк. Тилекке каршы, биз өзүбүздү унутта калтырдык. Убакыт бизге ойлонууга, кыска тыныгуу, шанс берди, бул - убакыттын философиялык мөөнөтү...

Биз жаңы ойлордун, бир гана жаңы көз караштардын эмес, керек болсо бүтүндөй коомчулуктун аң сезиминин өзгөрүүсүнүн босогосунда турабыз деген терең ишенимдебиз. Биздеги руханий, маданий, экономикалык жана адеп-ахлактык жалпы мейкиндиктин механизмдерин жаңы форматта кайра түзүүгө эбак эле муктаждык бышып жетти. Коомдук аң сезимди кайра модернизациялоо (заманбап жаңылоо), адеп-ахлактык каада-салт, нарк-насилдерди кайрадан карап чыгуунун зарылчылгы туулду. Ал үчүн биз эң оболу адеп-ахлактык, өзүн-өзү ыймандык тазалоо саясатына муктажбыз. Биздин коом ар түркүн дүйнө таанымдардын, светтик, диний, ашкере либералдашкан, ошол эле учурда ашкере ашмалтайы чыккан ж.б көз караштардын ээн талаасына айланганын жашыра албайбыз. Саламаттык  же мамлекеттик коопсуздук, экономика же адабиятка тийиштиги бар өзгөрүүлөргө байланышкан суроолорбу, бизге эң маанилүүсү, адам жан дүйнөсүнүн интеллект экологиясы, анын тазалыгы маанилүү. Бир жагынан бул суроолор актуалдуу, анткени алар адамдын керт башын калкалоо жана өмүрүн сактап калуу суроолоруна түздөн-түз тиешеси бар.  

Коомчулуктун саламаттыгынын алдында, улуттун саламаттыгынын алдында, адамзаттын саламаттыгынын алдында сен жоопкерсиң, дүйнөнүн амандыгы сени менен байланышта каралган, деген айныксыз формуланы карантин биздин алдыбызга коюп жатат. Адам өз тарыхында мындай ишаратты күткөн да эмес, мындай кубулушту башынан өткөргөн да  эмес. 

Карантин менен маска пандемиянын негизги атрибуту болуп калды.    

Карантин бул эң оболу – абийирдин  карантини. «Адамдын абийири адамдыкка үгүттөйт, - деп качандыр бир кезде В.Г.Белинский жазган, - кереметти издөө - алгач ыңгайсыз, жагымсыз. Бирок жаңы жашоону үмүтү, жаңычылдыгы  үчүн, кээде эскичиликтен, жагымдуулуктан, ыңгайлуулуктан качып, быкшып бараткан жашоодон түк кол жууп, жоголуп, анан тыркырап бараткандан баш тартууга жардам берет».   

Адам табияты ушундай. Бизге жашоодогу бардык эле көрүнүш жага бербейт. Жашоонун бүткүл кубулушу бизди канааттандырбайт, ынындырбайт, биз эчтекеге алымсынбайбыз, бизге эмне жин тийдиби?.. Бизде пейилди топук кылуу бырын-чырын чыкты. Айланабызда көңүлгө жакпаган кумса окуялар жүз берип жаткан өңдүү туюлат. Ырас, бизге митингге чыккан аялдарды кубалаган бет капчан «жигиттер» жакпайт, ырас, "чорочулардын чочосу тырнактай" өңдүү плакаттарды көтөргөн "либералдык баалуулуктардын" ээси болгон жаштар бизге жакпайт, ырас, бутуна калач сүйрөп, төшүнө чейин сакал коюп, ыйман жолуна үгүттөгөн, диний  баалуулуктарга чакырган, чала сабат адамдар бизге жакпайт, ырас,  бизге эч нерсе жакпайт. Көп нерсе бизди канааттандырбайт, коомубузда дүйнө тааным менен көз караш баалуулуктарынын ортосунда карама-каршылыктар орун алды. 

Келгиле, өзүбүзгө өзүбүз эч кандай ач кыйкырык, куу сүрөнсүз эле, суроо берип көрөлү?.. Качан биз быкшыган сасык саясаттан акыл-эс саясатына өтөбүз, качан биз курулай жасакерликтен чыныгы турмуш реалийине  өтөбүз, коомду люмпенизациялоодон коомду либеризациялоого, оппозициядан өзүбүздүн абийрибизге, өзүбүзгө-өзүбүз оппозиция болгон, сын карашка  өтөбүз, феминизмден салттуу үй-бүлө маданиятына, жарандардан Жаранга, наадандыктыктан интеллигенттүүлүккө, билимсөрөйлүктөн билимдүүлүккө, фейктен ачыктыкка, карандай массадан ойчул массага, кемпайлыктан цивилизацияга, кайдыгерликтен жоопкерчиликке, маданият сымалдуулуктан универсалдуу маданиятка, сөздөн ишке, абийирсиздиктен  абийирге өтөбүз?..

«Тime of truth» («время истины» "акыйкат мезгили") убактысы келди… биз өзүбүзгө-өзүбүз үңүлүп, кунт коюп тыңшайлы, убакыт закымын пайлабай, ата-бабадан мурасталган баалуулук системаларынын адамдык нарк-насилин  кабылдайлы. Кайсы бир вирус менен күрөшүүгө караганда мына ушунун өзү  алда канча татаал. Ал эми вирус болсо эбак эле бизди моюндап, жан дүйнөбүздө отурат.  Бул вирустун аты-жөнү - абийир, ошо абийир бүгүн карантинге камалды.

«Даңктын жүз добушуна караганда, таза уят-сыйдын жалгыз үнү жагымдуураак», бу ак сөз, мында кыпындай болсо да чындык бар. Арийне! Жаның кашайганда миллион - миллион жолу классик-генийди улай, минтип кайталап айткың келет: «Абийир  -  мыйзамдардын мыйзамы. Абийир —  социалдык  уят-сыйыт, ал эми уят сыйыт — бул жан дүйнөңдөгү абийириң.» Бу ойго эч нерсе кошо албайсың, эчтеме ала албайсың. Ашык-кеми жок. Маселе төркүнү мында -  Биз керт башыбыздын алдында, абийир алдында чындыктын көзүн тике карай алабызбы, ошого даяр, ошого кудуретибиз жетеби ?.. Кеп удулу мына ушунда. 

Менин Лондондон чыккан «Жанжаза» романымда мындай фраза бар: «Дүйнө – бул килтийген жиндикана, а биз баарыбыз ошо жиндикананын бейтаптарыбыз». Ооба, биз ушул ээнбаш, ыпыр-сыпыр дүйнөнүн «бейтаптарыбыз»…Бизди кантип айыктырса болот, бул илдеттин вакцинасы барбы, эгерим ал вакцина болчу болсо, ал эмне деп аталат?  

Ал – бар!  Бул вакцинанын аталышы -  адамдагы адамдык, ишеним, сүйүү, айкөлдүк, сабырдуулук жана кайрымдуулук… Жер жүзү абат дүйнөгө айланып,  мындан да кооз болуусуна, биз мындан да боорукер, күйүмдүү   болуубузга мына ушул -  адамдык  баалуулуктар жардам берет...  Түбөлүк жашоонун дарысы жок, а дабасы бар, ал – башыбызга кай күн түшүп, кай сыноону салбасын, кандай күн болбосун, эң оболу -  Адам бойдон калуу.. 

 Султан РАЕВ

КРнын  эл жазуучусу

Султан Раев, ой пикир, пандемия, карантин
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

23-03-2020
Ишенбай Абдуразаков: «Өзүң ак болбосоң, “ак бол!” деп кимден сурайсың?...»
29735

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×