Добавить статью
19:53 23 Марта 2020 289

Ишенбай Абдуразаков: «Өзүң ак болбосоң, “ак бол!” деп кимден сурайсың?...»

Автор жазган текст, грамматикасы өзгөргөн жок. Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ишенбай Абдуразаков: “Өзүң ак болбосоң, “ак бол!” деп кимден сурайсың?..”

( Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, дипломат Ишенбай Абдуразаков менен Кыргыз эл жазуучусу, драматург Султан Раевдин маеги.)  

  • Автордон: Бул маектин жарыяланганына 15 жылдан ашты. Бирок, мында айтылган ойлордун актуалдуулугу бүгүн да коңгуроодой кагылып турат. Ишенбай Абдуразаков дүйнө таанымы кенен, ой дүйнөсү чексиз, өтө аналитикалуу көз караштагы инсан эле. Андай, адамдардын арасы жылдан-жылга суюлуп барат. Агай арабыздан кетсе да, анын артынан калтырып кеткен саясий сабагы дале бүгүнкү күндүн добулбасын кагып тургансыйт. Бир чети агайыбызга болгон урмат катары, бир чети көрүнүктүү инсанды эскерүү иретинде Акипресске кайрадан жарыялап коюуну туура таптым.  

- Ишенбай агай, азыркы күндө дүйнөлүк геосаясий чөлкөмдө болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Дүйнөлүк драма барган сайын биздин жаныбызга жакын келип, дүйнө чыңалып барат. А, биз баягы эле өз казаныбызда “кайнап”, мурдубуздун учундагы апааттын жакындап баратканын сезбей турган чагыбыз. Атактуу Збигнев Бжезинский “Чон шахмат доскасы” аттуу китепти жазып, мындан дагы бир нече жылдан кийин дүйнө кандай өзгөрүүлөөрдү башынан кечирет, дүйнө кайсы тарапка карай өнүгөт, дүйнөлүк саясаттын “шахмат оюнчулары” дагы кандай жүрүштү баштайт, деги эле келечекте бизди эмне күтүп жатат деген ойду айтыптыр. Ал эми биздин Борбор Азия дүйнөлүк кагылыштардын “чоң казанына” айланып, бул чатак башы суу ресурстарынан, “демографиялык жарылуудан”, улут аралык жаңжалдардан улам чыгат деп, биздин чөлкөмдү “Евразия Балканы” деген атка кондуруптур. Бул саясий божомолдун канчалык реалдуу негизи бар? Бар болсо, канчалык?..  

- Бжезинский чуулгандуу темага жакын адам. Аталган китептеги көп жыйынтык ойлор үстүртөн жазылса да кээ бирлери абдан кызык экен. Анын айрым жактарына сурооңо ылайык токтолоюн.
Эсиңдедир, автор “Евразийские Балканы” деп атаган чөлкөмгө Борбордук Азия эле эмес, андан башка Кавказ менен Афганистанды – бардыгы болуп тогуз өлкөнү, аларга кошумчалап кошуна өлкөлөрдүн ушул чөлкөмгө туташ турган аймактарын киргизиптир.

Дипломатиялык лексикондо “балкандар” деген түшүнүк конфликт чыгып кете турган мүмкүнчүлүк чоң региондорго карата колдонулат. Анын тарыхый чындыгы да бар. Балкан жарым аралындагы элдер Осмон империясына карата мезгилден баштап тынч жашаган эмес. Өз ара кагылышып, осмондорго каршы көтөрүлүп турган абалды жакын кошуна эки империя – Россия менен Австрия-Венгрия өз кызыкчылыгы үчүн тымызын да, ачык да колдонуп, алардын иштерине киришип турган. Алдыңкы катарда ушул үч империя турганы менен алардын артында бул үчөөнөн алда канча кубаттуу “оюнчулар” Германия, Франция жана Улуу Британия туруп, негизги ставканы ошолор койгон, аларды өз ара көкүтүп, бирин өзүнө тартып, экинчисин сестентип отуруп, оюндан от чыгарып, биринчи дүйнөлүк согуш тутанып кеткен. Ошол окуялардын ассоциациясынан уламбы же аналогия кылганбы, иши кылып, биздин регион “Евразийские Балканы” деген атка конуптур. Бул чөлкөмдү Бжезинский Евразия суперконтинентинин бир бөлүгү катары карап, ал эми Евразиянын өзүн болсо, ачыктан ачык эле дүйнөлүк үстөмдүк үчүн улантылып жаткан күрөштүн “шахмат тактасы”, бу күрөш – геостратегияга, башкача айтканда геосаясий кызыкчылыкты стратегиялык жөнгө салууга тийиштүү деп отурбайбы. Мындан эми тыянак чыгара бер. Ал эми “Евразия Балкандары” үчүн тике атаандаша турган өлкөлөр, автордун пикири боюнча – Россия, Түркия жана Иран. Акыры жүрүп Кытай, кийинчерээк Пакистан, Индия жана да Америка экен. Албетте, тажрыйбалуу дипломат болгондуктан Бжезинский батыш жана чыгыштагы “балкандардын” тагдырын түздөн-түз байланыштырбаса да учурдагы абал опурталдуу экенин ачык айтыптыр. Бул китепте айтылган ойлорду “олуялык кылбай эле койсун, бардыгы ордуна келет”-деп, четке кагып коюш да чеки болоор. Муну эскертүү катары сергек кабыл алганыбыз дурус болот. Борбордук Азияга ар тараптан кызыгуу барган сайын артып келатканы – чындык. Анын көп себептери бар. Чөлкөмдүн Кытай, Индия, Россия жана Европаны байланыштырган гео-стратегиялык орду, эбегейсиз зор аянты, кенен рынок боло турган мүмкүнчүлүгү, эң негизгиси – энергетика булагы, ириде Каспий деңизинин, анын айланасындагы нефть жана газ байлыктары. Алардын өлчөмү жөнүндө так эсептелген маалымат жок, бирок дүйнөдөгү эң бай запастардын бири экени шексиз. Ошондуктан, өзүң айткандай “театр оюндары” ойнолбойт деп ким айта алат? Ал оюндар көмүскө түрдө башталды десек да болот.

- Борбор Азия мамлекеттери канчалык “Өзүнүн квартирасында мышык чычкан ойнобосун”, алардын тагдырын башка күчтөр чечкени турбайбы, азыркы таптагы борбор азиялык интеграция бири-бирине доо айтуудан жогору көтөрүлө албай жатат. Башка мамлекеттер, дүйнөлөр ирилешип жатса, а биз тескерисинче, башкалар тиккен “кафтанды өзүбүзгө- өзүбүз чактап”, дезинтеграцияга баратканыбызды аңдай албай турган абалда эмеспизби? Деги эле, жашоо образы, менталитети, жаде калса психологиясы окшош борборазиялыктардын ортосуна түшкөн “чырлуу алманын” даамы эмнени эске салып турат?

- “Кансыз согуш” аяктаганда көп политологдор дүйнөнүн өткөн тажрыйбасынан ала турган сабак катары, эрегишкен эски өнөкөт күч алып, кризистик туңгуюкка такап коё турган коркунучтан кутулуу үчүн жаңы парадигманын эришине ылайыкталган эл аралык тартипке өтүү шансы пайда болду, ошону колдон чыгарып жиберсек баягы эле “тырмоочту кайра басып”, айлампадан чыга албай калуу ыктымал деген ойду айтышкан.

Анын чындыгын тиреп турган Борбордук Азияны колдон чыгарып жиберсе, анын гео-стратегиялык абалы өтө морт болуп калышында эч шек жок. Ошондуктан бул маанилүү региондо Американын да, Кытайдын да таасири бар тараптуу күчөп кетишин эч каалабайт. Бул үчөөнүн ичинде арийне, Россиянын шансы күчтүүрөөк. Себептери да белгилүү. Тарыхый тажрыйбасы мол, үзүлгөн экономикалык байланышты улаштырып, мурдагы калыбына келтире албаса да, ошого жакындатуу мүмкүнчүлүгү бар андан тышкары маданий-тилдик жалпылыгы, бияктагы орустар жана орус тилдүү диаспора – ишеничтүү көпүрө, туруктуу таяныч.

Американын мүмкүнчүлүгү да чоң, бирок бул регион али чоочун, элдин сезиминде “кансыз согуш” мезгилиндеги идеологиялык, стререотиптер али тирүү. Анын үстүнө башка көп иштерге Ирак, Жакынкы Чыгыш, Афганистан киришип кетип, биздин чөлкөмгө аракетин топтой элек. Россиянын бул регионго кайрадан үстөмдүк кылышына каршы экенин жашырбаса да адекваттуу кадам коё элек. Кытай болсо “он миң жыл” масштабында ойлонгон өлкө. Азырынча баралына жете элек болгондуктан, нервин коротуп шашпай, аста саясат кылууда. Аскерий база куруунун аларга эч кереги жок, себеби, биздин кежигебизде Кашгар турат.
Тилекке каршы, адам баласы өткөндөн сабак алганды түк үйрөнбөй койду. Ошону үчүн турмуш аны кара-кайра жазалайт а бирок тиги болбой эле көнүмүш ишин кылат.
Бүгүнкү дүйнөдөгү реалдуулук ушул чындыкты тастыктайт. Өзүң айткан оюндардын түйүнү мында. Советтер Союзу да ошол тарыхтын сабагына текебер карап жүрүп кулап калгандан кийин дүйнөдө биринчи эле эмес жалгыз глобалдык держава катары Америка чыга келгени эч ким тана алгыс факт. Бирок маселенин түйүнү башкада. Биринчи болуп эле тобо деп тим болбой, Американын дүйнөлүк үстөмдүккө дымагы чоңоюуда. Бул жаңы геосаясаттын башаты десек болот. Андан аркы максат – эл аралык аренада үстөмдүк кыла ала турган жана да Америкага антагонисттик мамиледе болуп калышы ыктымал Евразиялык (Европа плюс Азия) державанын көтөрүлүп чыгышына бөгөт коюу. Балээнин баары ушунда. Азырынча андай ролго потенциалдык мүмкүнчүлүгү бар Россиянын да Кытайдын да чамасы бүгүн чак болгону менен эртең эмне болуп кетет деген шек Вашингтондун башын оорутууда. Геосаясий оюнга, чырга таштагандай кеп. Айтпаса деле түшүнүктүү – Американын мындай стратегиясы бүткүл аренада даана көрүнгөндүктөн Россия да, Кытай да колунан келгиче ага каршы далалат кылууда. Борбордук Азия бул оюндун бир гана, бирок өтө көргүлүктүү көшөгөсү. Үчөөнүн ичинен эң активдүүсү Россия. Бул өлкө эркин жыйнап, денесин жайып чечкиндүү аракетин баштады. Антпеске айласы да жок. Геостратегиялык абал ошого аргасыз түртүүдө. НАТО 19 өлкөдөн 26га көбөйүп, анын аскерий күчтөрү Россиянын экинчи борбору болгон Санкт-Петербургдун алкымына такалды эми түштүк тараптан. Ошентип, бул үч ажыдаардын өзүң элестеткен куйруктары ар түрдүү формада – кээ бири аскерий учактар, башкасы азырынча оюнчуктар аркылуу элдин элесине кире баштады. Жогоруда айткандай, ар биринин түпкү максаты өз алдынча болбосо да эл алдында салабаттуу сөз айтышууда. Ошону менен бирге “пропагандалык согуш” күчөп баратат. Россия тараптагылар масс-медиа аркылуу американын глобалдык саясатын эле эмес, шериктеш мамлекеттердеги иштерин да катуу сынга ала баштады. Албетте, америкалыктар да болгон мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, Россия жөнүндө өзүнчө пикир таратууда. Көбүнчө Америка тарабы, кээде россиялыктар да кошулуп, баарыбызды Кытай менен коркуткусу келгени да ачык болду. Азырынча бул пропаганда. Бирок көп учурда пропаганданын артынан саясат келерин да унутпаш керек.

Кандай болгондо да Борбордук Азиянын, анын ичинде, арийне, Кыргызстандын тышкы байланышын ушул үч өлкөгө эле байлап коюш натура болот.
Бириккен Европа, Япония, Индия, Түркия, Иран ж.б. биздин партнерлорубуз боло алат. Бардык азимутка багытталган саясий озуйпаны ишке ашырыш айрыкча, бизге окшогон кичине өлкөгө кыйын. Бирок кичине өлкөнүн чоң руху болсо, өтө албас кечүүсү да болбойт. Укук бирдей, а дарамет теңсиз болгон шартта кыйынчылыктан чыгып кетүү дипломатиялык чеберчиликке байланыштуу. Чөгүп берсең мурдуңа була салат, ыксыз текеберленсең ала тургандан куру каласың. Аша кууланам десең, аның да билинип калат. Өзүңдү акылдуу десең да партнеруңду өзүңдөн кем көрбө. Дипломатия да өзгөрүүдө. Азыр ачык айтып, ак сүйлөбөсөң ишенимден кетесиң. Чырга тартуу чоң өлкөгө мүнөздүү.

- Ишенбай агай, айрым дүйнө аналитиктери “11-сентябрдан кийинки жардыруудан кийин, дүйнө өзгөрдү” деп айтып келет. Дүйнөдө дисгармония бузулду, күч салмактардын атаандашы башталды. Бул өзгөрүү адамзатты кайсы бурчка апкелип такашы мүмкүн? Азыркы күндүн идеологу С.Хантингтон “Цивилизациялар кагылышы” аттуу фундаменталдуу эмгегинде, “Болчоктогу кагылыштын модели” саясий көзү ачыктык теориясын жазып чыкпадыбы? Ишенбейли десек, дүйнө ушул “парадигманын” изи менен баратпайбы?  

- Өзгөрдү деген чын, бирок аны эки түрдүү чечмелей башташты. Биринчиси – азыркы дүйнөдө эң кубаттуу өлкө толугу менен коопсуз боло албайт экен, ошондуктан терроризмди пайда кылган түпкү себептерди – дүйнөдөгү материалдык жана рухий диспропорцияны, кайчылашчылыкты, идеологиядагы ажырымды – анализдеп, тийиштүү чара көрүлгөнү үзүрлүү болот дешкен. Бирок, буга теңирден тескери - терроризмди күч менен гана жок кылса болот деген калпыс тыянак азырынча үстөмдүк кылууда. Менимче, күчкө таянган саясат убактылуу жеңсе жеңер, бирок анын түбөлүгү түз болбойт. “Цивилизациялар кагылышы” да түпкүрүндө саясий максатты көздөгөн шектүү тыянак. Көп политологдор цивилизация дегенди дин алкагында чектеп түшүнүүдө. Тарыхты аңтарып карасак, дин жалпы эле цивилизация алкагында келишпес пикирлер, бир тараптуу тыянактар, өздөрүн көкөлөтө көтөрүп, өзгөнү кемсинткен идеялар болуп келген, азыр да бар. Кээде алар кандуу кагылышка да алып келген. Андан бери адамзатын аң-сезими аз да болсо өзгөрдү, жумшарды, дүйнө жүзү, өтмө-катар байланыш менен чырмалды. Ошого карабастан келишпес идеялар да чыгууда. Бирок илгеркиден айырмасы – алар массалык психозго айланып кеткен жок, айрым түркүмдөр менен чектелип турат. Андан глобалдык жалпылоого барып, кагылышты фаталдык жыйынтык катары пропагандалоо – бери дегенде провокация, күч колдонуу концепциясын актоо, айрым бир өлкөнүн тегирменине суу жүгүртүү дегенге жатат. Экинчи жактан, шылтоого шыноо болгон терроризм, экстремисттик демагогияны да четке кагуу керек. Азыр бири бирин түшүнө турган диалог керек. Айта турган пикир: Батыш менен Чыгышты келишпес, бирикпес, эки дүйнө деген пикирден да эволюциясы байкалат. Оболу бири бирин жакшы билбегендиктен, ар бири өзүнүн динин, маданиятын туура деп, экөө тең өзүнчө кыйынсынып жүргөндө болгон. Кийинчерээк батыш күркүрөп өсүп, Чыгыш дымып, чөгүп жатканда Батышта артыкчылык комплекси калыптанган. Эсиңде бардыр, Киплингдин текебер сөзү: “Батыш деген Батыш, Чыгыш деген Чыгыш. Алар эч убакта, Асман менен Жер Кудай жараткан боюнча турганынча, келишпейт.” Азыр замандын агымы өзгөрө баштады. Чыгыш уйкудан ойгонуп, барган сайын көтөрүлүп баратат. Демографиялык абал да кооптуу. Батыш азырынча кубатынан тая элек, бирок жүз жыл кийин эмне болуп кетер экен дегенсип, батыштын кээ бир өкүлдөрү сестене баштады. Бул – өз күчүнө шек саноо комплекси. Маселенин дагы бир жагдайы – дүйнө алдында исламдан коркуу сезимин күчөтүү. Ал да болсо Жакынкы Чыгыштагы ахвалга байланыштуу. Мен өзүм көптөн бери Батыш-Чыгыш маселесине кызыгып жүрөм. Талаш жок – динге таянып жашаган элдердин көп нерсеге көз карашы кээде кескин айырмаланат. Бирок алардын рухий, башаты – адам баласынын жапайы дүйнөдөн чыгып, адамдык сапатын өөрчүтүү аракетинен башталат. Батыш менен Чыгыштын өз ара таасири дайым болгон, Батыш Чыгыштын угутунан өсүп чыккан. Азыр Чыгыш Батыштын тажрыйбасын өздөштүрүүдө. Чыгышсыз Батыш жок, Батышсыз Чыгыш жок. Алар адамзаттын бөлүнгүс эки канаты.

- “Кытай фактору” адамзаттык өнүгүүнүн мээ ооруткан маселесине айланып келген. “Дракон азыр уктап” жатат деп айтып калышат, ал азыр уктабай эле дүйнөлүк процесске “көз кыйыгы” менен карап олтурбайбы? “ХХI – кылымды Кытайдын кылымы” деп болжошуда. Ден Сяопиндин “Ак мышыкпы, кара мышыкпы чычкан кармаса болду” деген кеби маанисин жоготуп, аларды чычкан эмес башка нерсе кызыктырып калгандай. Кытай экономикада зор секирик жасады.Мындан ары бай Кытайдын багыты кандай болот? Андай болгон күндө, анын жакын коңшусу кандай ролду тутунабыз? Өзүбүздү-өзүбүз кандай “алып турубуз” керек. Албетте, бул жерде атактуу Бисмарктын фразасы кетпейт...

- Менин билишимче, кытайлар Конфуцийдин заманынан бери нык пресстелип, формуладай кыска айтылган пикирге көнгөн эл. Иероглиф таризде, айтылган сүйлөмдөгү сөз эле эмес, анын аркасындагы маанини кенен чечмелеп жыйынтык чыгарышат. Дэн Сяопин бул сөздү өз кезинде саясий идеологиялык багыттар пайда болуп, алардын арасында ажырым күч ала турган болгондо курулай талаштан прагматизмге өтүү үчүн, кандай позицияда болсоң бол, бирок үзүрлүү иш кыл деген мааниде айтса керек эле. Кийинчерээк буга кошумча “А эмне үчүн коммунист кедей болуш керек?” деген кыска суроо берип, өзү ага жооп берген эмес, ал өзүнөн өзү эле түшүнүктүү болучу. Ак иште да үзүрүн көр, жакшы жаша, сен байысаң өлкө бай болот. Ток этер жери ушул. Миллиард кытай шымаланып ишке киришсе бир ууч күрүчтөн азык запасы тоодой түзүлөт да. Ошондуктан Кытай алгалап, жакынкы келечекте дүйнөдө биринчи өндүрүшчү болгону калды. Ырааты менен иш жүргүзүп, тартиптен чыга качкан, алкымы бузулгандарды түрмөктөп атып салып, дыйкандар өндүргөн нерсени сатып алып, өз убагында акчасын колуна карматып, ишкерлерин мамлекеттик колдоого алып турса, өнүгөт да. Аларды чычкандар кызыктырбай кала элек. Аз чогулса мол болот, көп булак кошулса дарыя болот эмеспи. Өз мезгилинде Россиядагы кыйынбыз деген адистер Кытайдын жолу туңгуюкка алы келет деп “олуялык” кылышкан. Кытайдын оңу да терси да бар, курулай кыйынсынбай оң жактарын үйрөнгөндөн кем болбойт эч ким.  

- Бир учурда Кыргызстанды чоң саясий оюнда “нейтралитет” принциби менен иш тутат, ал гана эмес, “Нейтралитет принцибиндеги” өлкө катары жарыялоонун да идеологдору да болбоду беле? Буга кандай карайсыз?..

- Ооба, эсимде, ал кезде оолугуп айтылган сөздөр көп болгон. Аны да туура түшүнүш керек. Дүйнөдөгү окуялардан кабары тайкы кишилер ошо кездеги эйфориянын серпиндиси менен далай эле иллюзияга чөмүлүп, ал эле эмес, ашыккан реформатор боло калып бүтүндү бүлдүрүшкөн. Өткөнгө өкүнгөндө не пайда. Нейтралитеттүү өлкө болобуз деген деле жапайы пикир эмес, бирок аны үчүн тийиштүү шарт болуш керек да. Жок дегенде “эшегин эптеп токуганды үйрөнүп, өз жанын өзү бакканды билиш керек. Нейтралит деген латынча neuter – “ал да эмес, бул да эмес” деген сөздөн келип чыккан түшүнүк, азыр аны “бейтарап” деп которуп жүрүшөт. Эл аралык укукта анын учурлуу (согуш мезгилинде) жана туруктуу нейтралитет деген түрлөрү болот. Туруктуу нейтралитет статусундагы мамлекет куралдуу кагылышка, аскерий союзга же блокко кирбей, өз территориясын чет элдик аскерлерге же аскерий базага бербей турган милдет алат. Бул статусту башка өлкөлөр, айрыкча чоң мамлекеттер кабылдап, аны гарантиялаган учурлар (мисалы, Швейцария, Австрия) жана тек гана жарыяланган (мисалы, Швеция, Түркмөнстан) учурлар да бар. мындай өлкөлөрдүн саясатын сыйлоо керек деп эсептелингени менен аны басып алуу тарыхта көп кездешет. Дүйнөлүк эки согушта да Швейцария бейтараптыгын сактап, башкалар аны бузган жок. Азыркы мезгилде Түркмөнстан өзүнүн бейтараптыгын жарыялаган себеби Россиянын жана да өктөм кошуна өлкөлөрдүн таасирин чектеп туруу максатын көздөсө керек, аны түшүнсө болот, ал өлкөнүн ахбалы негедир “ аша бейтарап” болуп, калктын өз жуурканынан чүмкөп койгону өлкөнүн өзүнө эч пайда алып келе элек. Мындай саясаттын да парасаттуу ыкмасы пайдасы менен залакасын эске алган чеги болуш керек. Ошону менен бирге, арийне, жеке өлкөнүн бир тараптуу таасири бара-бара үстөмдүккө айланып кетүү коркунучу болгондуктан, андан кутулуу үчүн бей тараптыктан көрө ар тараптуу саясатка таянып, аны ачык жана ырааттуу жүргүзүү ийги болоор.  

- “Жакырчылык” деген биздин өлкөнүн “клеймосуна” айланып баратат. Биз аны экономика менен байланыштырсак да, бирок элдин духу менен байланыштыра албайт элек. Элдин пейили, духу бул чоң капитал, бирок, мында да “кодура процесстер” жүрүп жаткан жокпу? Мамлекеттин өзөгү дух. Жапондор бизге окшоп том-том ураан жазбай эле, “Европа билими, жапон духу” деген кыска чакырык менен гана дүйнөнүн алдыңкы сабына чыгып кетпедиби?.. Дүйнөлүк рецепт бар туруп, неге биз карайлайбыз... Бизге эмне жетишпейт?..

- Расмий деңгээлде айтылган сөздөргө таянсак, Кыргызстандын өсүп-өнүгүү формуласы – КОР (Комплекстүү өнүгүүнүн негизи) жана жакырчылыкты жумшартуу стратегиясы деп түшүнсө болот. Экөө тең керектүү нерсе, бирок биринчисин формула деп, өтө фантазиялуу адам айтса болот, ал чынында тек гана канат-куйругу кесилген тулку денеден турган проект. Талаш жок, жакырчылыктан кутулбай туруп алга жыла албайбыз. Андан кутулуш үчүн ириде элге тең мүмкүнчүлүк берген шарт түзүп, туруктуу алга жылыш үчүн адамдык капиталды түптөп, билимдүү эл байытат. Элге ориентация, жаштарга билим, айрыкча айылда адистик атайын билим-берүүнү колго алгандын ордуна мугалимдер жакыр абалда калды, алар мектепти таштап көр оокаттын артынан кууп кете баштады. Эртеңки балдар кандай адис болот?

Жалпысынан айтканда, өнүгүү формуласы же стратегиясы деген сөз адамга ишенич берип, коюлган максатка жетиш үчүн кол көрсөтүүдө. Рынок өзү жайлаштырат деген кайдыгер көз карашка кошулуу кыйын. Башына иш түшсө байтал жорго болот дегендей, карайлаган эл иштейт, иштеп да атат, бирок азап менен өндүргөн нерсесин пайдага сата албаса, ал качан оңолот? Кеп карынды эле тойгузууда эмес да, ар бүлөдө балдар бар, аларды кийинтип, окутуп, өздөрү ден соолугун сактагандай оокаты, кирешеси болбосо, ал кембагал бойдон кала берет да.
Кыргыздар көр оокаттын айынан кыялданганды да, маданиятка умтулганды да башка элден калбай, өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирсек деген арзуу тилегинен да ажырап бараткансыйт. Сен айткан япондорго канат байлаган максат – илгери Кытайдан үйрөнүү керек дегенден башталган үйрөнө турганын үйрөнүп, алардын озуп кеттик деген кезде өздөрүнөн алда канча жогору өнүккөн батышты көрүп, жана дагы жаңы максат коюп, өзүң айткан “Европейское знание, японский дух” деген формуланы тутунган. Японский дух деген эмне? Ал -алдыга койгон максатты өлсөң да аткар, башкалардан үйрөн, аны өз шартыңа ылайыктап өздөштүр, аларда болгон акыл сенде да бар, алардан ашып түш, аста кем калба, тынбай аракет кыл, натыйжага жет, дүйнөлүк маданиятты үйрөн, улутуңдун намысын сакта, ошондо сени башкалар урматтайт, ошондо сен чыныгы япон боло аласың... Дух деген ошол.

- Идеология – бул мамлекеттин өзөгү. Биздин өлкө өзөгү жок дарактай өсүп бараткан жокпу? Эмне эле биз идеологиядан качабыз, бүгүнкү саясий-моралдык деградациянын уюлу ушул идеологиянын жоктугунда жатпасын?Кыргыз эли улуу эл болгон, каганат түзгөн, дүйнөлүк цивилизацияга орошон салым кошкон дейбиз, анда эмнеге мынчалык жакырбыз, бир гана экономикадан эмес, башка өзөктүү маселер боюнча да?.. Биздин феномендин сыры эмнеде? Духтабы же пейилдеби?

- Идеология дегенде биз демейде арым бир максатты тейлеген идеялар системасын же ошолордун негизинде түзүлгөн илимий, көп учурда илимий-сөрөй багытты түшүнөбүз. Адам баласы аны сезеби же жокпу, анын ой-жүгүртүүсү, жүрүш-турушу, аренада кандайдыр бир идеяга байланыштуу болот. Бул мааниде баары бир биз идеология алкагында жашайбыз. Проблема башкада. Ошол идеялар түркүмүн улуттун ( Кыргызстан элинин же кыргыз элинин) рухий жолдомосуна айлантуу мүмкүнбү, же жокпу? Учурда бул өтө татаал маселе. Кыргызстан эли жөнүндө ойлонсок, бир кеп, кыргыз эли эч болсо – экинчи. Албетте, улуттук идеология деп эле баш-аягы бирикпеген, өзөгү жок – өңү жок, келегей ойдон шекилдүү арасат бир нерсе жаза коюш үчүн чоң акылдын деле кереги жок. Бирок андай айранды эч ким ичпейт. Азыркы замандын да, өлкөбүздүн да бөтөнчө өзгөчөлүктөрүн эске алып, куру кыялга берилбестен, ачуу болсо да элибизге болгонун болгондой айтып реалдуу жолдор жөнүндө сөз кылыш керек. Талаш жок – жерибиз керемет кооз, гозол, бирок атыркүлдүн (розанын) тикени болгондой, тоолуу жердин тоодой түйшүгү болот, элибиздин асыл сапаттарын колтуктап жүргөн терс жактары бар. Динамикасы буулуккан бул заманда улуу менен кичүү муундардын психологиясы, турмушка көз карашы акырындап алыстап барат. Бабалардан калган асыл дөөлөттөр калайыктын жазына бугуп жатканы менен зулум турмуш аларды жүрүш-туруш нормаларынан четтетип койгондуктан аларды кайрадан жандандырып жалпы элдин адеп-ахлак булагына айландырыш оңой-олтоң иш эмес. Турмуштун буркан-шаркан агымы жаштардын көбүн айлампасына тартып алууда. Алар илгери өткөн акылман акелерин укса уккандыр, бирок эмне үчүн алар эл оозунда калганына билбейт. Алардан көрө бүт өлкөгө аты чыккан чоң кылмышкерлерди, эл оозунан уккан имиштер боюнча катта коррупционерлерди билет, билип эле тим болбой, оңой оокат турбайбы деп, аларды туурагысы келет. Өгүнү М.Эшимканов айтып отурбайбы: “Арстанбек менен Жеңижокту жазсак, гезитти алышпайт, секс жөнүндө жазсак дароо талап кетет” деп. Бул да замандын бир белгиси, коомдун илдети. Мени азыр айрыкча түйшөлткөн нерсе – өлкөнү туташ каптаган кедейлик, анын кесепетинен көбөйүп келаткан кылмыш, пейилдин бузулушу, анан дагы тамыры кыйыры жеткен адилетсиздик менен паракорлук элибизди деградация сазына соруп кетпесе экен деген коркунуч. Ачкан курсак тоёт, жыртылган кийим жаңыланат, эскирген үй кайра салынат, а бирок бузулган пейил менен ириген адепти оңдоо кыйын иш.

Ушуларды эске алып, мен көбүнчө жасалма идеологиядан көрө азырынча турмуштук ориентация керек дегенге ыктап жүрөм. Жөнөкөй сөздөр менен айтканда ал көп деле эмес, узун деле эмес – оокатыңа бышык бол, мээнетиңе дөөлөт жок – кулдай иштеп байдай жаша, өнөргө умтул, балдарыңды ак жолго сал, арам иштен алыс бол, ар учурда калыс бол, өз укугуңду унутпа, башканын укугун сындырба, милдетиңден качпа, бир колуң менен дүйнөлүк прогресске таян, экинчи колуң менен ата-бабанын асыл дөөлөтүнө таян, ата-журт ээлеген жер-сууну, керемет табийгатты сакта – ал сенин энчиң эмес, тукумуңдун таянар байлыгы, бул дүйнөгө бир келебиз – ден соолугуңду сакта, артыңда жакшы сөз калсын, намысыңды бийик тут, абийириң таза болсун, атыңды булгаба, карапайым элге жете турган башка да ойлор көп.
Албетте, бул тек гана менин жеке оюм. Бизде акылдуу кишилер көп эмеспи, эгерде бирөө же баары чогулуп алып көпчүлүк муюп, ээрчип кете турган сыйкырдуу бир манифест жаратып, элибиз ошого таяна өнүгүп өсүп кетсе, анда аларды төбөбүзгө көтөрүп аларбыз. Ошондо да бир нерсеге өтө сак болуш абзел – олдоксон идеология догматизмге айланып кетиш ыктымал, ал эми догматизм же фанатизмди түптөйт, же эркин ой-жүгүртүүгө дабадай бөгөт болот, кыскасы андай идеологиянын пайдасынан зыяны көбүрөөк экенин тарыхтан билебиз.

- Акыркы кезде, дүйнөлүк глобализациянын “чаңында” улуттун өзүн-өзү идентификациялоо маселеси, башкача айтсак, адаптацияланган жол табуу озуйпасы келип чыгууда. Кыргызда “Ою көктө, буту чокто” деген накыл кеп бар, биз негедир акыркы учурларда курулай патриотизмдин желбегейин жамынып, “көккө чыгып кетип”(Авт. ой-кыялыбызда), чоктогу күйүп жаткан бутубуз тууралуу унутуп койгондой болуп турабыз. Жерге качан түшөбүз дегим келет... Улуттук прагматизим менен минимализм тууралуу качан ойлобуз?

- Суке, өтө талуулуу суроо бердиңиз. “Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман” демекчи, кээ бир адам ачыгын айтсаң арданат, “эргулсуң” десең эби жок эрдемсип кетет. Антсе да мындай суроодон тайсалдап качпаш керек. Патриотизм деген, менимче, элге мифтердин упчусун эмизип, ныксырап уктап калгыча жөнсүз мактай бергенде эмес, ал – сергек сезим менен өз улутуна реалдуу назар салып, ар адам өзүнүн ким экенин, кандай шартта, кайсы деңгээлде жашап жатканын, келечеги кандай экенин сырттан карагандай сын көз менен баамдап, жакшы жагын улантып, мүчүлүшүн оңдоого түрткү бере турган ой-толгоо менен бөлүшүүдө турат. Эл деген эл да. Анын асыл сапаттары, баа жеткис сейрек рухий дөөлөттөрү да, аларды коштоп колтуктап жүргөн, ошол эле мыкты сапаттардын жайылып өсүшүнө кедерги болгон терс көрүнүштөр да болот. Негизинен кыргыздар отурук цивилизациясына кийин аралашкан эл. Анын улуттук көп өзгөчөлүктөрү айрыкча касиети болгондон эмес, кийинки кылымдардагы Евразиядагы миграциялык селдерден, ар кайсы эл аралашып кайнаган тарыхый казандан обого туруп калгандан. Элибиздин кулк-мүнөзүнө жоокерлик заман менен көчмөн турмуш чоң таасир эткен, ошолордун изи эмгиче көрүнүп турбайбы. Кыргыз эли билимге дилгир, прогресске ынтызар, ачык, ак ниет, көгөрүп кекчил эмес, жулуңдап эпчил эмес, кечиримдүү эл болгон. Ага кошумча болгон, өзүң айтмакчы, “ашкере кыргызчылыгыбыз” да өз ордунан козголбой “аман-эсен” турат. Мурдубузду балта кеспес кенебестигибиз, биригип пайдалуу иш кылаарда ичинен ирип, бирикпес жерде куру намыска алданып кеткен уруучулдугубуз, “буюрганы болор” деп, сарамжалсыз жүрө бергенибиз, чамабызга карабаган ысыраптуу “марттыгыбыз”, жакшылыкка алып келбес терс нерселер көзүңдү сайып турса да көз жуумп коймой “айкөлдүгүбүз”, иши кылып деги көп архаикалык аң-сезимдин саркындылары нарк экономикасы гана эмес, жалпы эле прогресске кедерги болуп турганын кантип тана алабыз? Деген менен, асанкайгылыктын кереги жок. Улуттук менталитет деп аталган феномен өзгөрүлбөс константа эмес, ал турмуштун талабына жараша кубулуп турган нерсе. Заман өзү ташка тамган тамчы шекилдүү секин жешип отуруп жаңы сыпат калыптайт. Биз эмес океандай чалкыган чоң элдер да өзгөрүлүп баратпайбы. Глобализацияны жөнү жок эле мокочо кылып көрсөткөндөргө түшүнбөйм. Тарыхтын башатынан берки изине түшүп байкасак, эл аралык байланыш барган сайын ыкчамдап, өнүккөн өлкөлөрдүн экономикалык жана маданий таасири кулач жайып келгенин байкабыз. Бул процесс бүгүн информациялык революцияга жана экономикалык интеграцияга байланыштуу өтө тез темпте жүрүп кетти. Болгон айырмасы ошол. Муну токтотууга эч арга жок. Ошого карабастан азыр антиглобалисттик кыймыл башталды. Көбүнчө бул массалык маданиятка (кыскартсак мас-маданият деген жакшы сөз чыгат экен) жана чакан элдердин маданий өз алдынчалыгын сактоо инстинктинен чыгып отурат. Адам баласына мүнөздүү алмустактан бери келаткан бир нерсе бар: бешик ырынан башталган тили, жүрөгүн ээлеп калган түшүнүктөр, баалуулуктар – жалпылап айтканда аң-сезими менен маданияты ага ар дайым кымбат да ыйык да сезилет. Бул мааниде ал айрым өлчөмдө консерватор болуп, жаңы нерсени жерийт. Кийинки муун жаңылыктарга көнүп калат да, аны үчүн ал табигый нерседей кабыл алынат. Эски менен жаңынын накта баасын тарых өзү электеп тандап алат. Тегирменден өткөрбөй туруп бушайман боло бериш бекер эле жан кейитүү.

Албетте, өзүң айтмакчы, дүйнөлүк глобализациянын “чаңында” улуттун өзүн-өзү идентификациялоо маселеси, башкача айтсак, адаптацияланган жол табуу озуйпасы келип чыгат. Өзүбүз жөнүндө кеп кылсак, албетте, бул агымдын эпкини бизге жетпей койбойт, бирок биз бул процесстин чордонунда эмес, перифериясында тургандыктан азырынча ал мокочодон бейпайга түшүп корко бересиң да, ойлобой бейкапар жатып алган да болбойт. Бул агымда, ыгын тапса экономика утушу мүмкүн, морт жагы – маданият. Маданиятыбыздын кайсы тарабын сел алып кетээрин боолгосо болот, так атыш кыйын. Кандай болгондо да, менимче, улуттук дидарды сактап калыш-калпак кийип, боз үйдү тигип, мейманга кой союп, баш тартышта эмес, антип этнографиялык экзотикага айланыш элибиздин ар-намысына бычактай тийген нерсе. Кеп улуттун жаратман потенциалын ачып, билим, интеллект жагынан ошол эле батыштан кем болбогон деңгээлде туруп, өзүбүзчө, бирок этикалык, эстетикалык деңгээли жогору турган тиричилик менен маданият курууда. Бул кыйын, бирок мүмкүн. Бизге азыр улуттун рухий асыл уңгусунан ажырабаган батыл модернизация керек.  

- “Саясат ыпылас эмес, ыпылас адамдар гана саясатты ыпылас кылат” деген сөз бар. Аны кандай мүнөздөп берер элеңиз?

- Чынын айтсам, мен өзүмдү саясатчы деп эсептебейм. Саясат ыпылас оюн деген түшүнүктөн эмес. Күнөө саясаттын өзүндө эмес, ошону жасаган ыпылас адамдарда. Саясатты бийлик менен байлык үчүн күрөшүү куралына айландырганда анын тегерегине ыпылас адамдар чогулат. Мен болсо, ошол саясатты таза кишилердин колуна берсе ал өзү да тазарып, тунук болот эле деп үмүтүн үзбөгөн идеалисттердин биримин. Бийлик үчүн да, байлык үчүн кармашкан интригаларга аралашканым жок, тескерисинче, көп убакта менин тегерегимде интригалар болду, абалга карата жалпы ак ниет менен айтылган сын сөздү бурмалашып, ушакчы катындардай эле эмес, жасакерленип, жагынам деп “тийиштүү адрестин” кулагына шыбыраган адамдарды билсем да билмексен болдум, жийиркенсем да кол алышып жүрдүм, баканооз болуп сөз ташып, малайга окшоп чөгөлөп “кызмат” кылып, акысы үчүн ыргыткан сөөктү мүлжүп жүргөн пас адамдардын болгон табигаты ошол, алардан башканы күтүш апендечилик болот деп тим болчумун. Бирок өзүң жашаган коомдун проблемаларына кайдыгер боло албайт экенсиң да. Аларга байланыштуу пикиримди өзүм сезгенимдей, билгенимдей, көргөнүмдөй, түшүнгөнүмдөй, баамдагандай ачык айтып коймоюм бар. “Чоң” кызматта жүргөндө деле айтчумун, кээ биринин куйкасы курушуп, колу-башы титиресе, таң калчумун: капырай, мен го билгенимди айтып атам, бул эмне эле ага капа болот? – деп. Ошондон уламбы, бир жолу менин бир еврей досум айтат: сиздин эркин жүргөнүңүз жакшы, бул жерде сизге ылайыктуу орун жок, себеби эки ооз сөздү бириктирип айта албаган адам депутат боло албайт, “сиздики ченебеген акыл” деп көзүн жалжылдатып тура албаган адам кызматкер боло албайт. Тамаша чалыш айтса да, негедир күлгөнүм жок. Бүгүн эми эмне айтсаң деле саясатка такалып калат тура. Ар ким ар кандай жоруйт экен, ага карабастан ойлогон оюмду, эгер бирөө жарымына керек болуп калса, ачык айтып турушту мойнумдагы парз катары санайм. Андай болсо эмне үчүн “Акыйкат жана прогресс” партиясына кирдиңиз?” деген суроо өзүнөн өзү сороюп чыга калышы мүмкүн. Анын жагдайы мындай: биринчиден, ал партиянын койгон максаты менин көз карашыма көп жагынан үндөш. Экинчиден, партиянын лидери Муратбек Иманалиевди келечеги бир жигит деп эсептейм. Анын акыл-парасаты, терең билими, тазалыгы, адамгерчилиги, анан дагы өлкөбүздүн тагдырына байланыштуу, бирок өтө чиеленген, татаал ички-тышкы проблемаларды зирек түшүнгөн, аларды туура чечүүгө дарамети жетиштүү мага жагат. Азыр бизге ушундай адамдар керек. Бирок, менин көпчүлүк алдында айткан пикирлерим сөзсүз эле ал партиянын позициясын чагылдырбайт, ал оболу өзүмдүн ойлорум – аларды дагы эле айта берем.

- Ишенбай агай, кычык суроо. Бу жашоодо улуу адам болуп жашоо парзбы же милдетпи? Улуулуктун улуулугу Сиз үчүн эмнеде?

- Суке, мындан оңоюраак суроо таппадыңбы? Кудай акы, билбейт экем. Сен аны “улуу” болуп алгандардын көзү тирүүсүндө сурап ал. Чыкем жазса, бул жолу билгенин жазгандыр – жол жобосун андан бил. Мен, мисалы, улуу илимпоз, улуу музыкант, улуу жазуучу, улуу сүрөтчү жөнүндө анча-мынча түшүнүгүм бар. Бирок улуу адам деген башка да. Көп учурда улуу таланттын чыгармасы менен адамдык сапаты такыр келишпейт. Улуу адам деген бааны эл берчү эле, азыр өздөрүн өзү баалап, кээ бирлери элдин атасымын дечү болуптур. Деги, менин оюмча, улуу адам болушум керек деп атакты көксөгөн кишинин кылган иши жасалма болот. Антпестен, өзүн ойлобой, баш оту менен талантын ачып, чыныгы адам деген мындай деп, өзү өрнөк көрсөтө алса – анда башка жөн. Ал өзүнөн өзү көрүнөт. Тирүү кезинде жерге атын койдуруп, көчөлөргө портреттерин илдирген, эл эсебинен юбилей өткөргөндөр – мен улуу адаммын деген претензиясы болсо керек. Ким билсин. Балким чын эле улуудур. Аны көзү өткөндөн кийин эл айтат да. Сенин Салижан акең илгери аЙтып берген кеби бар. Абитуриенттерге консультация берип калдым дейт. Жүзү бадырактай күйгөн бакыраң көз бир кыз улам-улам кол көтөргөнүнөн “кана сенин эмне сурооң бар?” десем, “агай, “Кожожаштагы” Сур эчки оң образбы же терспи?” - дейт. Эмне дээримди билбей: “О кызым, мен аны кайдан билейин, бир карасам оң көрүнөт, бир карасам терс көрүнөт” - деп жиберипмин. Ошондой эле нерсе да.

Мен айтаар элем бу жашоодогу адамдын парзы жана милдети Адам бойдон калуу. Адам улуулукка эмес, адамдыкка умтулса, ошондо гана аны сөзсүз улуулук ээрчийт... Улуулук деген адамдык зыйнат эмес, ал баарынан мурда касиет.

- “Акыр заман” келээрде, көзү ачыктар менен “жалган пайгамбарлар” көбөйөт деп жүрүшөт. Мындайлардын акыркы кезде көбөйүп кетиши Сизди тынчсыздандырбайбы?

- “Пайгамбар” деген сөздү биз ыксыз көп, жөндүү да, жөнсүз да колдоно берип, бул түшүнүктүн маанисин тайыздатып, баркын кетирип да койдук. Диний мааниде пайгамбар деп кудайдын көңүлү түшүп, өзүнө элчи кылып, адашып бараткан адам баласын ыймандын түз жолуна салууга тапшырма берген адамды айтабыз. Кудай тааланын өкүлү болгон үчүн анын ою да, ниети да, айткан сөзү менен жасаган иши да кудайдын амирине шайкеш деп түшүнөбүз. Лайык (светтик) турмушта “пайгамбарчылык” деген түшүнүк алдын ала көрө билгендикти туюнтат. Динчилер үчүн кечиримсиз күнөө болсо да, кээ адамды пайгамбардай же түз эле “пайгамбар” деп койгон учур да болот. Бул шарттуу аныктооч. Ошентсе да өтө этияттык керек. Жөнөкөй адам аңдай албас турмуштун табышмактуу түрмөктөрүнө көзү жетип тургандыктан эртең эмне болоруна жараша акыл-насаатын атып, көздөн төгүлгөн жаштай таза ниети менен акыйкаттын салтанаты үчүн өмүрүн байлап койгон адамды пайгамбар деп койсок деле болот. Бирок андай адам өтө сейрек болот турбайбы. Ал эми “өз элинде пайгамбар болбойт” деген сөз да турмуштан чыккан. Өз убагында Муса, Иса, Мухаммед пайгамбарларды замандаштары дароо эле кабыл албаптыр. Андай болгон себеби эл көнүмүш түшүнүктөрдүн туткунунда жашайт. Мурдагыдан айырмаланган жаңы ой канчалык чындык болбосун,- эгерде ал аң-сезимге уюп калган түшүнүккө ылайык келбесе, айрыкча андай ойду, элдин арасында жүргөн киши айтса, аны этибар албайт, ага ишенбейт. Ошол эле ойду башка элдин атактуу кишиси айтса ага кулак төшөп, “мына ушул туура” дешет. Чет элдиктердин пикири мекендештердикинен жогору бааланат. Кыргызда “этимди көргөн аялыма баркым жок, бетимди көргөн элиме баркым жок” деген сөз бекеринен чыккан эмес. Сурооңдун экинчи бөлүгүнө кайрылайын. Диний түшүнүктөгү пайгамбардын келишине ишенбей эле, ал эми фанатиктер кимдир бирөөнү өзүнүн пайгамбары кылып алышы – башка маселе. Коомдук турмушта, мисалы Махатма Ганди же Мартин Лютер Кинг сыяктуу элинин рухий дүйнөсүнө зор түрткү бере ала турган адамдар чыкпай койбойт. Бирок алардын миссиясы кандай багытта, канчалык масштабда болот, аларды эл кабыл алып, ишенип ээрчийби же жокпу? Бул конкреттүү абалга байланыштуу го дейм. Тек гана атагы чыккан адамды пайгамбарга теңей бериш – адепсиздик, ал эмес күнөө дагы. Элинин турмушуна жуурулуп, мүдөөсүнө ортоктош болуп, маңдайын жарган кубанычын же колдоп төгүлгөн көз жашын бөлүшө албаса, керектүү кезде кара кылды как жарган калыс сөзүн айтпаса, акты ак деп, караны кара дегенге кудурети жетпесе – анда анын эмнеси пайгамбар?

- Айтмакчы, айрым ой жоручулар “Бий” институтун киргизиш керек деп жүрбөйбү... Деги эле, “киргизиш керек” деген ойлордон таптакыр чарчабадык..

- Бий деген сөздүн эки мааниси бар эмеспи. Биринчиси, илгери эл ичинде араздашкандардын датын териштирип, ата салтына көпчүлүк тутунган адатка таяна адилет чечим чыгарып бериш үчүн шайланган адамдарды бий дешчү. Ал азыркы сотко жакын. Экинчиси, кадимкидей түшүнүк – элин билген, башкача айтканда аны бийлеген өкүмдарды бий дечү. Кыргыздардын салты боюнча бий шайланган. Анын калыстыгына чоң маани берилген, карды калың байлар эмес, кадыры калың, парасаты тунук адамдарга ишеним артышкан. Себеби, адилет бийлик же калыс чечим болбогон жерде элдин ынтымагы ыдырап, нааразычылык күчөп, кээде кандуу кагылыш да болуп келгендиктен, каккан мамыдай түз жүрүп, ачык айтып, ак чечкенди эл сыйлаган. Андай адамдар аз болсо да арзуу тилекке айланып кеткен. Бул накыл сөз ушундан улам чыкса керек. Мунун мааниси, менимче, өтө терең – идеал катары кабыл алынышы да мүмкүн. Көпчүлүк муну кандай түшүнбөсүн, дайыма эсте тута турган бир чындык: бий менен бийлик калыс болбогон жерде ыймандуу коом да болбойт. Өзүң ак болбосоң, «ак бол!» деп кимден сурайсың?

Аңгемелешкен Султан РАЕВ

2004-жыл

Султан Раев, Ишенбай Абдуразаков
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
X
Для размещения комментария авторизуйтесь

×