Добавить статью
11:55, 15 мая 2020 21927

Коронавирус ‒ мүмкүнчүлүктөр маалы

Дүйнөнүн дээрлик бардык мамлекеттери башынан өткөрүп жаткан эпидемия (же гректин сөзү менен пандемия ‒ бир канча өлкөнү каптаган эпидемия) мурдатан бизде калыптанып калган бизге эч өзгөрүлгүс деп ишенген маселелер, мамилелер жана ишенимдер, биз кынтыксыз деп эсептеп келген көптөгөн баалуулуктар эми башкача каралып, башкача өлчөнө турган болуп калды. Ошондон улам биз пир тутуп келген демократиянын “борборлорунан” эми көпчүлүктүн көңүлү калып адамзат жаңы геосаясый кырдаалга, дүйнөгө жана жашоого башкачараак кароо мезгили келди.

Анткени адамзаттын жакынкы эле тарыхы өтө тездик менен өзгөрдү. Мурда жүздөгөн, ондогон жылдарда боло турган кубулуштар азыр илим-билимдин жетишкендиги аркасында бир жылга жетпеген ал гана эмес бир канча айда, керек болсо бир жумада өзгөрүп кетип жатат. Жөн жай адам анын артынан көз салып үйрөнгөнгө ага ыңгайлашканга да үлгүрбөй калууда. Геофизик окумуштуулардын мурдараак белгилегенине караганда табият 500 1000 жылда терең өзгөрүүлөргө дуушар болот. Анын гүлдөгөн жана кыйраган мезгилдери болот, бул улам кайталанып туруучу цикл. Ал эми ушул эле табияттагы цикл коомдо да болот, бирок мынчалык узак мезгилде эмес, азыр илим жана маалымат технологиялар өзгөрүп жаткан коомдо 50-100 жылда ушундай болот, деп гуманитарий окумуштуулар ошол табияттагыга окшоштуруп, социалдык революциялардын болушун мисал келтирип келишкен. Анткени ошол социалдык революциялардан кийин мамлекеттер кайсы бир мезгилдерде өсүп-өнүгүп, гүлдөп кайра өзгөрүп турат деп жыйынтык чыгарышкан. Ушул эле циклды алгачкы президентибиз А. Акаев дүйнө глобалдашкан, илим-техника өскөн азыркы заманда 50-100 жыл эмес тез эле болот, ошондуктан Кыргызстанды жакында эле чоң өзгөрүүлөр күтүп турат деген.

Азыр дүйнө тап-такыр башкача өзгөрдү. Мисалы, тарыхка көз чаптырып көрөлү. Атам замандан бери эле мамлекеттер ар түрдүү себептер менен бири менен экинчиси каршылашып, согушуп ‒ жаң-жалдашып келишти. Кийинки эле 100 жыл ичинде кандай өзгөрүштөр болду, айталы кандайдыр бир мезгилде бирөөсүнө каршы калгандары бириге калып же ажырашып душман болуп, кайрадан согушуп, кайрадан жарашып дегендей. Мисалы, биринчи дүйнөлүк согуштун астында Англия, Франция, Орусия ‒ Германияга каршы биригишти. Кийин Англия, Франция, АКШ биригип СССРга каршы турушту. Ошентип дүйнө экиге бөлүнүп: Социализм-Капитализм болуп атаандашып жашап жатышкан кезде Фашистик Германия бүт дүйнөгө үстөмдүк кылам деп чыкты эле кайра эле АКШ, Англия, СССР болуп биригишип Германияны талкалашты (бирок бул согушта негизги жана чечүүчү ролдо СССР ойноду). Жеңүүчүлөр топтолушуп БУУну түзүп анын жоболорду иштеп чыгышып, мамлекеттер ортосунда кандай ири проблемалар болсо макулдашып жасайлы деп сүйлөшүштү. Бирок бул да көпкө узабады. Америка баш болгон капиталисттик деген өлкөлөр шак эле НАТО деген аскери блок түзүштү. Аларга каршы СССР баш болгон социалисттик деген мамлекеттер Варшава келишимин негиздеп, достук, өз ара жардам дешкени менен өздөрүнүн аскер күчтөрүн бир жерден координациялай турган согуштук блок түзүштү. Ошентип дүйнө дагы келишкис эки лагерге бөлүнүп алып дагы бир топ жылдар жашашты. Мындай эки карама-каршы системанын жашап турушу да тарыхый жагынан туура капитализмден социализмге өтүүдө табигый түрдө ушундай болот. Социализм өзүнүн артыкчылыгын көргөзөт “адамзаттын жаркыраган келечеги коммунизм” ‒ деп чоң үмүт менен жашап келдик. Албетте советтик адамдар “революция жасасак, коллективизация, индустриализация жүргүзсөк, фашисттерди талкаласак, космоско биринчи учсак, мына-мына жакында коммунизмде жашайбыз” ‒ деп турдук.

Мына ушул эки система (социализм-капитализм) жашап турган кезде, эки системанын мелдешинин негизинде илим-билим, илимий-техникалык жагдай аябай өстү деп сыпаттап жүрөбүз. Анткени ушул эки система болуп жашаган кезде, эки полярдуу болуп турган кезде, дүйнөдөгү акыл-эстүү, адамзаттын эртең-бүрсүкүнкү жашоосуна назар салган паам-парасатуу азаматтар эми ошонун кесепети адамзаттын өзүнүн жашабай калышы жөнүндө коңгуроо кага баштады. Анткени адамдын акыл-эси анын бүгүнкү күндөгү илимдеги жетишкендиги атом бомбасы деген нерсени ойлоп таап анын эбегейсиз чоң кыйраткыч күчү адамзаттын өзүнүн жашабай калуу коркунучуна алып келди. Ошондуктан Ч. Айтматовдун 1986-жылы мынтип айтканы эске түшөт: “Техникалык жактан пайгамбар, ал эми нравалык жактан алиге жапайы жана түркөй азыркы адамзаттын башына, өз карама-каршылыктарынан жана адаттарынан арыла албаган себептүү. Өзүн-өзү жок кылуу коркунучу пайда болду” ‒ дегени. Ал кездеги эң маанилүү маселе эки полярдуу дүйнөдөгү, эки супердержавалардын ортосундагы “сен капитализм”, “мен социализм”, “сен жаман”, “мен жакшы” ‒ деген эле бүтпөс талаш эле. Бул идеологиялык карама-каршылык оңой менен чечилбестей туюлган. Көрсө анчалык деле чоң маселе жок экен, жалпы адамзаттык баалуулуктар деген нерсе, жеке менчик, “өзүмдүкү дегенде өгүздөй күчүм бар” ‒ деген феномен адам жаралгандан эле жанаша жүргөн эле оокат турбайбы. Анын үстүнө коммунизм идеясынын тамыры туулгандан эле начар беле же аны кийинки жол башчылар чыгармачылык менен байытып кете албадыбы иши кылып эки баштуу дүйнө да болбойт экен деп мыкчегер саясатчы, окумуштуулардын “рецеби” менен СССР эч кандай өлүм-житими жок эле жойулуп, бир баштуу эле Америка баш болгон, демократиянын атасы Европа төш болгон дүйнөгө келдик. Бирок бул да адамзат күткөндөй болбоду. Америка өзүнү укмуш деген баалуулуктарын тынч өз оокатын кылып кылымдардан бери бейпил жашап келе жаткан мамлекеттерге “демократияны үйрөтөбүз”, “демократияны орнотобуз” ‒ деп бүлүк түшүрдү алардын миллиондогон адамдары качкын болду, эли-жеринен ажырады, өлүм-житимге учурады. Гүлдөгөн шаар-айыл-кыштактар күлгө айланды. Американын өзүндө жүздөгөн жылдардан бери бейпилдикти камсыз кылган классикалык демократия менен либералдык экономика башка маданияттагы, башка менталитеттеги мамлекеттерге экспорттолуп келип, ал жерлерде өз жемишин берген жок. Бул кезде атом бомбасы канчалык коркунучтуу болбосун эл аралык саясатта анча-мынча өз таасирин тийгизгени менен, чечүүчү рольдо ойнобой калган эле.

Анткени ошондой эле атом бомбасы бар, экономикалык жактан бутуна бекем турган же турукташып келе жаткан мамлекеттердин да саны көбөйүп калды. Демек бири менен бири касташкан эки полярдуу дүйнө (СССР-АКШ) жакпай калгандай эле, оюна эмне келсе ошону жасаган бейжүгөн бир полярдуу (АКШ) дүйнө да жакпай калды. Эми бизди турмуш өзү көп полярдуу дүйнөгө алып келди. Бул кезде ири мамлекеттердин баш оорусу терроризм болуп калды. Бул айрыкча Нью-Йорктогу дүйнөлүк соода борборуна болгон террордук чабуулдан кийин мындай пикир коомчулуктун көңүлүнүн чордонунда болду. Терроризмде мекен, улут деген жок ‒ бул жалпыбыздын чогуу күрөшүбүздү талап кылат деп туура маселе көтөрүштү. Бирок “терроризмге каршы биргелешип күрөшөлү” ‒ деген менен деле чоң кичине мамлекеттер ортосунда кандайдыр бир пикир келишпестиктер карама-каршылыктар уруш-жаңжалдар уланып келди.

Мына ушундай кырдаалда дүйнөдө коронавирус пандемиясы деген мурда-кийин тааныш эмес жаңы апаат чыкты. Мурдагы апааттар кандайдыр бир район, шаар, регион, мамлекетти болсо азыр бул дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө тарап, биринчиден карм-катнаш ушунчалык көбөйгөн кезде, экинчиден информация көз-ачып жумганча дүйнөнү чарк айланган мезгилге туш келип көп адамды эсин эңгирете турган болду. Бул вирус кудайдан келдиби же кайсы бир мамлекет өзү чыгардыбы бул негизгиси эмес эми мурда атом бомбасы жарылып жер огунан чыгып адамзат жашабай калуу коркунучу болсо, эми башкачараак коркунуч ‒ бул адамга баш бербеген, баш ийбейген апаат да бар экенинен кабар берет. Мүмкүн атом бомбасын ошол асмандан эле тосуп алып жок кылгандай эле буга деле бир дабасы табылар кеп анда деле эмес. Кеп адам баласынын колунан келбей калган, адам баласы ооздуктай албай кала турган да, коркунуч бар экенин ойлончу мезгил келгенин ошого чогуу чара көрүш керек экенин коңгуроо кылып жатат. Айталы атом бомбасы бул адамдын колундагы курал аны адам башкарат, адам кайсы жерге таштайт канча салмакта, канчалык күчкө ээ ж.б. биригип адам ошол кнопкасын басат да. Демек адам фактору негизги ролдо. Ал эми пандемияда кырдаал башкачараак болуп жатпайбы. Ошондуктан менин оюмча бул оорудан кийин мамлекеттер ортосундагы саясат да жана мамлекеттердин ички саясаты да жакшы жагына өзгөрөт деген чоң үмүт бар. Анткени азыр биз жашап жаткан жер шары ушунчалык кичирейди таң каласың.

Айылда токсон жашка таяп калган Патила деген жеңем бар, бир күн эле угуп калам Патила жеңе Бишкекте балдарыныкында экен деп, анан эле эки үч күндөн кийин Патила жеңе Екатеринбургда небересиникинде миш деп угуп баш аякты жыйгыча өзү коңгуроо кылып калат: “Ай, Жолборс, мен Москвада Гүлзараникида чай ичип олтурам, эрте-бүрсүгүнү көңүлүм тартса, Мурманскиге Бактыгүлгө да барып кетем” ‒ дейт. Дагы үч-төрт күн өткөрүп сурап койойунчу деп коңгуроо кылып: “Патила жеңе кандайсыз, кайдасыз” ‒ десем, “Айылда мал кошкону чыктым эле, бу келиндер менен сүйлөшүп турам” ‒ дейт. Таң калам. Мурда мен Фрунзеге окууга каникулдан кайтканда айылдан туугандар жалпы чогулуп келип узатышаар эле, ал эми Фрунзеден Москвага командировка же башка иш менен баруу чоң окуя эле да.

Бул го катнаш ал эми кечөөкү Лейлекте болгон чоң селдин кабарын, видеосун ошол күнү кечинде Америкадагы бир карындашым салып жибериптир, ошондон көрүп-угуп, анан Лейлектеги достордон кабар алдык.

Ушундан улам кыргыздын чоң интеллектуал уулдарынын бири Азиз Салиевдин мындай дегени эске түшөт. Айылда картайган чоң энем: “Бу дүйнөдө көрбөгөнүм калбады, бул жагы Кемин тиягы Чалдыварга чейин көрдүм кудайга миң жолу раазымын” ‒ деп кудайга, жашоосуна раазы эле дейт. Мына азыр дүйнөнүн өзгөргөнү. Жер шары чынында өтө эле кичине турбайбы. Тааныштардын эрте менен Стамбул аркалуу Чикагодон келдим же кечинде Москва аркылуу Лондондон келдим, Римге иштер менен бардым эле, Барселона менен Реалдын футболдук мелдешине барып келдим дегендери жөн эле, көнүмүш оокат болуп калды. Ушундан улам азыр дүйнөлүк саясат деле өзгөрдү. Бүгүн-эртең кечөкү күндүн саясаты менен жашоо мүмкүн болбой калды. Мына биз азыр башыбыздан кечирип жаткан пандемияда эми мындан ары башкачараак жашоого үндөп жатпайбы!

Демек, бул саясатчыларга, мамлекетте тагдыр чечүүчү чечим кабыл алчуларга чоң эскерткич. Анткени дагы деле ушундай аргасы (даарысы) табылбаган ушундай массалык кыргындын башкачараак түрү (формасы) дүйнөнүн дагы бир бурчунан чыгып калыш толук мүмкүн, ага эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан бардык мамлекеттер биргелешип гана бирдей бир мыйзамга баш ийип гана жашоо керек экендиги бүгүнкү күндүк чындыгы. Бул апаат мамлекеттердин демократиялуулугу, динчилдиги, коммунистиги, капиталистиги, диктатуралыгы, авторитардыгы ж.б. кандай аталышта, жашашы эмес мындай апаатка каршы бардыгы жалпы бир маселеде бир көз карашта болушунда турат. Айталы дагы бир ушундай апаат жүз берип калса кандай аракет, иш чараларды көрөбүз дегендей. Ал эми ички саясатыңда кандай жашасаң, ошондой жашай бер, бул баягы Ленин айткандай “бардык мамлекеттер эртеби-кечпи коммунизмге өтөт” ‒ дегендей эмес, жанагындай апааттардын алдын алып, ошого даяр болуп, алды-артыбызды карап жашоодо турат. Болбосо биз көрдүк да “бул мамлекет диктатуралык жабык болгондугунан ушундай болду десе, дагы бири булар ашынган көчөгө чыгып кеткен бежүгөн демократтар ошондуктан” ‒ деп бир топ дебаттар да болуп кетпедиби.

Бирок бүгүнкү күндө дүйнөдөгү бардык аналитик эксперттер пандемияга каршы күрөштө Кытайдын башкаруу системасы эффективдүүраак экенин бир ооздон белгилеп жатышат ‒ бул деле эске ала турган нерсе. Бирок сөз азыр башка адамдын интеллектуалдык жана руханий деңгээлине бурмакчыбыз.

Ушундан улам пандемия жаңы башталган кезде Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин “Руханий жардылыктын пандемиясы же абийирдин карантини” ‒ деген терең маанилүү бир материалы интернет айдыңында жарык көрдү (Султандын кийинки китептерин жана макалаларын Кыргызстанда түшүнгөн адам деле аз эле болсо керек). Ал бул оорунун көбөйүш динамикасы менен ага каршы алгоритм аракеттеринин эпидемиологиялык мүнөзү эле эмес, анын гуманитардык, нравалык жагына басым жасап жакшы чечмелептир. Албетте бул апаат “Топон” менен “Жанжазанын” авторунун жан күйгүзүп дагы бир жолу кайрылып жатканын түшүнсө болот.

Мындан туп-туура 34 жыл мурда супердержаванын жетекчиси Горбачевдун кеңешчиси Ч. Айтматов өз аброю менен дүйнөлүк таанымал ойчулдарды Ысык-Көлгө чогултуп ой чаптырып, өз ойлорун, көңүлдө жүргөн көйгөйлөрүн ортого салышкан эле. Алардын бардыгы ошол мезгилинде коомдун өсүп өнүгүш жөнөкөй адамдарга караганда бир кадам астын көрө билген инсандар эле. Алардын ойу, максаттары атом бомбасынын кылымында кантип жер планетасын сактап калабыз деген изги каалоо эле. Мына андан бери 34 жыл өтүптүр бул тарых үчүн эмне бир кыпындай гана болгон мезгил да. Ошол кыпындай мезгил ичинде дүйнө болуп көрбөгөндөй өзгөрдү СССР картадан жок болду, технология укмуш өстү ушуну туура баамдай алган Султан чыгармаларында ушул жаңы чакырыктар менен проблемаларды чечүүдө адамдардагы нравалык климатты түзүүдө аны калыптандырууда интеллектуалдарга чоң роль таандык деп ишенимдүү айтып келет. Бүгүнкү дүйнө техникалык жактан ушунчалык өзгөрдү, интернет менен электрондук байланыштарды эске албаганда да био, нано-технология, жасалма интеллект, информатизация жана санариптештүрүү ж.б. биригип адамдардын ортосундагы мамиле да өзгөрдү, бирок адамдагы нравалык, акыл-эс, абийдүүлүк, ар намыс, улууну урматтоо, кичүүнү сыйлоо дегендей кылымдардан келе жаткан кайсы улутта болбосун ушундай баалуулуктар кризиске учуроодо. Ошондуктан Султандын айтымында:

“Биз жаңы ойлордун, бир гана жаңы көз караштардын эмес, керек болсо бүтүндөй коомчулуктун аң-сезиминин өзгөрүүсүнүн босогосунда турабыз деген терең ишенимдебиз. Биздеги руханий, маданий, экономикалык жана адеп-ахлактык жалпы мейкиндиктин механизмдерин жаңы форматта кайра түзүүгө эбак эле муктаждык бышып жетти деп, ойлойм. Коомдун аң-сезимин кайра модернизациялоо (жаңылоо), адеп-ахлактык каада салт, нарк насилдерди кайра форматташтыруу жолу менен. Анүчүн биз эң оболу адеп-ахлактык өзүн-өзү тазалануу саясатына муктажбыз. Биздин коом ар түркүн дүйнөтаанымдардын, дүйнөбий (светтик), религиялык ж.б. көз караштардын полигонуна айланганын жашыра албайбыз. Ден-соолук же мамлекеттик коопсуздук, экономика же адабиятка тийиштиги бар өзгөрүүлөргө байланышкан суроолорбу, ал бизге маанилүү эмес, бизге адамдын жан дүйнөсү менен интеллекттик экологиясынын суроолору маанилүү. Бир жагынан бул суроолор актуалдуу, анткени алар адамдын керт башын калкалоо жана өмүрүн сактап калуу суроолоруна түз тиешеси бар”.

Мына бүгүнкү күндүн талабы, эгерде мындан 30 жылдай мурда адамзатты кантип сактап калабыз деген маселе башка кырынан туруп, анын негизги күнөөкөрлөрү атом бомбасы менен тирешкен эки система болсо, бүгүн андан башкачараак адам баласына баш бербеген анын күчү адегенде жете бербеген пандемия деген же ушуга окшогон апаат мезгилде кандай аракеттер болушу керек, ал үчүн адамзат өзү кандай болушу керек. Ошондон улам Султан белгилеген руханий, маданий, экономикалык жана адеп-ахлактык деген биздин мурдатан калыптанган түшүнүктөрдүк комплекси да кандай кайсы жагына өзгөрүш керек. Мындай апааттардын мезгилинде биздин психологиябызда миңдеген жылдардан бери жашап келе жаткан “душман”, “бизге каршы”, “ал бизди басып алат”, “бизди кул кылат” ж.б.у.с. нерселер шоона эшпей бул түшүнүктөр тарыхтын акыр-чикир ташталган челегине ыргытылып биз бардыгыбыз тең эми сен кембагал мен бай, сен кара мен ак дебей кичинекей планетаны сактап калуу, анын байлыктарын, табиятын акыл-эс менен пайдалануу артта калган өлкөлөргө өздөрүнүн спецификалык өзгөчөлүктөрүн сактап өсүп-өнүгүүгө болгону консультативдик жардамдарды гана уюштуруу максатка туура келет. Аны да эгер алар макул болсо. Болбосо миңдеген жылдан келе жаткан жашоо образын бузбоо керек.

Эми ушундай жалпы адамзаттык маселелерден жакындап өзүбүздүн кичинекей республикабызга келсек. Ушундай дүйнөдөгү кырдаал өзгөрүп, мамлекеттер ортосундагы саясаттар өзгөрүп, “сен душман”, “сен жаман мен жакшы” дегендей түшүнүктөр артка жылып кантип өсүп-өнүгөбүз, кантип жашайбыз деген ойлор астыга чыгып жаткан кезде биздин да (тышкы саясат өз алынча болоор) негизги максат ички саясатыбызды, экономикабызды, турмуш тиричиликти оңой турган бейординардуу кадамдарды жасап, адамдарды таң катыра турган, аларга эртеңки күнүнө ишеним тартуулай турган чечимдер кабыл алынса. Өзүбүздү-өзүбүз камсыздай ала турган прагматикалык саясаты жүргүзүбүз абзел.

Биздин президенттин колтугунда жүргөн (Атамбаевдин тушунда да ошолор анын тегеректеп жүрүшкөн) молдо чалыш жигиттердин айтымында, ал киши беш убак намаз окуйт деп туура келген-келбеген жерде дайым белгилеп келишет. Демек ошол чын болсо чыныгы мусулмандардын өлкөсү Саудовиядан мисал келтирейин. Ал өлкөдө жакынкы он жылдыктарда нефть-газ запасы түгөйт. Анан кантип жашайбыз деген маселе турат. Мекке, Мединадан түшкөн каражат менен деле жан бакса болот, бирок бул жетишсиз. Ошондуктан Сауд падышасы өзү баш болуп 200-300дөй ишкерлерин ээрчитип Японияга эки жолу визит жасады. Максат табигый байлыгы жок, Япондар кантип жашоодо ошону үйрөнүү. Мына прогматикалык саясат. Бизде да кудайга шүгүр тообуз, суубуз, көлүбүз, дыйканчылыкка ылайыктуу жерибиз бар, бирок негизи биздин байлык интеллектуалдык денгээли бар элибиз деп келебиз. Ал интеллектуалдык деңгээл Союздун убагында түптөлгөн эле, алар эми бүтүп баратат, азыр болсо интеллекти жок чала молдо, чала сабаттардын чоң армиясы пайда болду. Ага мисал биздин парламенттеги айрым депутаттардын кейпи. Ошондуктан биз элге мектептердеги билим берүүнү тез аранын ичинде түп-тамырынан өзгөртүүбүз абзел. Карап көрүңүздөр бүгүнкү Кыргызстанда бир да педагогикалык жогорку окуу жайы жок. Билимдин фундаменти мектептен башталат. Ошондуктан биз мектептерге сапаттуу педагогдор менен камсыз кылууну колго алалы.

Эми мен айыл-чарбасы жана өнөр-жай жагына жокмун, бирок агартуу жагына (мектептердеги билим берүү) көзүм жетет. Ошондуктан Союздун убагындагы пландоону ушул жагына сөзсүз киргизүү керек. Бизге болочокто канча компьютерщик, IT-технолог же менеджер керек, бул жагын рынок өзү чечээр. Ал эми бизге болочокто жакынкы 3-5 жылда мектептерге канча математик, химик, биолог, физик ж.б. предметтер боюнча мугалим керек болот, муну сөзсүз пландоо, эсепке алуу өтө зарыл. Демек бизде ошого жараша Мамлекеттик педагогикалык ВУЗ жана орун болушу шарт. Азыр бизде 5 миң орун бар бюджеттен алар кайда, бүткөндөрү кайда ‒ Кудай эле билет. Ошондуктан педагогикалык кадрларды даярдоого гана бюджет берилиши керек. Жана адрестүү даярдап алардын (мектеп мугалимдердин) айлыгы, санаториялык-курорттук эс алуусу ж.б. карап аброюн көтөрбөсөк иш өтө чатак. Мен муну өмүр бою жогорку окуу жайында иштеген адам катары айтып жатам. Болбосо азыр жазганды эки ооз сөздү бириктирип жазганды билбеген абитуриенттер келип жатат. Жалпы республикалык тестирлөө илгери ВУЗдар аз кезде коррупцияны жоготобуз деп киргизилген. Азыр ошол тестирлөө биздин балдарды сабатсыз кылып салды. Башка жол табуу керек го.

Келечекти ойлосок 20-25-жылга эсептеп, латын алфавитине өтүүнү колго албасак, дүйнөлүк агымдан артта калабыз.

Андан кийинки негизги проблема кадрлар алар бир жылда же бир беш жылда калыптанып калбайт. Алар ондогон жылдарда калыптанат тажрыйба топтойт. Биз кичинекей республикабыз, бычакка сап болчу кадрларыбызды эки колдун манжалары менен эле эсептеп койсок болот, атүгүл өңүнөн тааныйбыз. Ошондуктан колунда бар жигиттерди топтошубуз керек. Албетте алардын дээрлик бардыгы убагында мамлекеттин эсебинен ичип-жеп байлыктарын түптөгөн. Болоору болду, эми аларды териштирип камай бергенден пайда жок. Коомдук пикир боюнча тыкыр изилдесе азыр деле 200 дөн 400 чейинки атка минер түрмөдө олтурушу керек. Эми андай кылбай эле: “Келгиле жигиттер, акчаңарды чыгаргыла, кайсы бир кен барбы же ТЭОлору даяр болуп турган ГЭСтер барбы, ошолорду бу өзүбүз иштетип, иш орундарды түзөлү, мыйзамды бузбай иштейли, элге пайдабызды тийгизели,- деп, аларды депутаттыкка, дагы бир кайсы чиновниктик кызматка барганыңарды токтоткула,- деп, бир нукка салбайлыбы. Азыр башка өнүккөн мамлекеттерде либералдык экономика менен либералдык демократиядан көңүл калып жаткан кезде биз да ушуга жараша чечим кабыл алалы.

Албетте бул жерде дап-даяр рецепт жок. Ошондуктан кырдаалга карата ар кандай жолдорду жана методдорду колдонсок болот. Жаңы велосипед жасоонун зарылдыгы жок. Башка мамлекеттердин тажрыйбаларын көрбөйлүбү: Казахстан, Өзбекстан, Орусиядагыдай эле акчалуулар акчасын коркпой эле алып келип иштеткенге жакшынакай укуктук база түзүп берели. Же болбосо Грузиядагыдай либералдык саясатты, Армениядагы балансташтырылган саясатты, болбосо мына азыр Украинада бул жагынан иштиктүү аракеттер жүрүп жатат, ошолордогу алгылыктуу жактарын өзүбүзгө алып пайдаланбайлыбы.

Бизде чет жакада жүрүп миллионер, миллиардер болгон жигит-кыздарыбыз желе жок. Мына кайсы бир жылы президент мигранттар менен жолугушту жакшы ойлор, пландар айтылды. Алар келип бир кичинекей ишин баштайын десе баягы эле көзү тойбогон бюрократ чиновниктер бул керек, тиги керек деп “шапка” берүүгө аргасыз кылууда. Ошентип көп идеялар суу сепкендей жок болду. Кой деп өздөрүгө жакшы жактарга кайра кетип калышты.

Миллиондогон каражаттары бар азаматтарыбызда аз эле аларды жеке чакырып жана кепилдик менен иштетүү керек. Ал эми 50-100 миңдей акча салып Кыргызстанда эле өз ишимди баштайт элем деген жигит-кыздар дүйнөнүн чар тарабында жүздөп саналат. Мен өзүм күбө болгон жолугуп сүйлөшкөн жигит кыздарды эле айтайын. Индонезиянын Балисинде бир жигит жүрөт Кыргызстанда өз ишмердигимди ачсам деп, Американын Чикагосунда ал эле эмес, Лас-Вегаста кыргыз жигиттерин көрдүм өзүбүздө мыйзамдарыбыз менен чиновниктерибиз оңолсо барып өзүбүздүн Кыргызстанда иштесек деп. Орусиянын Сахалининде, Иркутск облусунда, Екатеринбургда ж.б. ири шаарларында, Италиянын Римли жана Неопали шаарларында өзүбүзгө барсак иштесек дегенде эки көзү төрт болгон жигит кыздарды көрдүм. Ал эле эмес Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарынын аэропортунда немец кыздар менен жолуктук. Бишкекте төрөлүшкөн экен ошолор да Кыргызстанга келип иштесек дешет. Тоо туризм менен кызыгышат экен.

Демек, бизге келе тургандар дүйнөнүн булуң бурчунан өтө көп алардын корккону эле биздеги мыйзамдык базанын начардын жана “шапка” алууга биротоло ыңгайлашып профессионал болуп калган чиновниктер. Эгер ушуларды эле оңдосок жана уруксат берүүдө адам факторун аздатсак бизге акча салам дегендер агылып келмек.

Урматтуу президент албетте биз кичинекей мамлекетпиз. Чоң мамлекеттердин коштондусунда аларда кризис болсо бизде да, аларда жакшы болсо бизде да жакшы болот, бул бардыгыбыз беш колдой билген аксиома. Бирок биз бул эле эмес мындан кийинки келе турган чакырыктарга даяр боло турган (мейли мындан чоң ир дүйнөлүк апааттарга) алдын-ала чара көрүүгө даяр болушубуз керек. Биз керек болсо ушундай апаатардан да өзүбүзгө пайда менен чыга турган болушубуз керек. Прагматикалык саясат ‒ өзүбүздү керек болсо бир канча жылга камсыз кыла турган мүмкүнчүлүк бар. Бул деген эт, сүт, жашылча, буудай. Мүмкүн бизге импорттук кийимдер, жемиштер ж.б. келбей калышы мүмкүн, бирок аларсыз эле жашай беребиз да. Башка нерсе газ жана күйүүчү май. Ошондуктан өзүбүздүн ишкер жигиттерди ар тараптан колдоп ГЭСтерди курууну тезирээк колго алуу зарыл. Ошону менен катар машина паркын акырындап электричествого өткөрүү максатка ылайык. ГЭСтерди чет элдиктерге курдуруп пайдасын алар көргөнгө караганда өзүбүздүн жигиттер кала берсе элден чогултуу керек эл көрсүн. Эл түшүнүшү керек ортого 50 миң кошсом мынча жылдан кийин ал акчамды кайтарып алам да, анан ошол ГЭС канча жыл иштесе ошончо жыл мен пайдасын көрөм дегенди билиши керек. Келечекте нефть-газ түгөнөөдүн билген коңшулар азыр эле атомдук электростанция курганга киришти. Ал эми бизге кудай түбөлүктүү байлыкты берген экен, ошону тезирээк, көбүрөөк курбайлыбы да ашып калса сатпайлыбы.

Айтмакчы, ГЭС куруу жагынан тажиктер деле өздөрү эле куруп, мына 2 3 жылдан бери өзбектерге сата баштады. Болбосо өмүр бою Өзбекстандан алып келген. Жакынкы жылдары дагы 4 5 эсеге көбөйткөнгө аракеттенип жатышат. Ошондуктан биз дагы аракеттенели, эртеңки шайлоону эмес мамлекеттин эртеңки күнүн ойлойлу.

Ушул материалды даярдап жатканда интернет айдыңында пандемияга байланыштуу апаат мезгилинде Кыргызстан кандай болушу керек дегендей, ар түрдүү маселелердин тегерегине ойлорун ортого салган бир топ материалдар чыкты. Айталы Муратбек Иманалиев менен Өмүрбек Текебаевдер азыркы түп-тамырынан өзгөргөн дүйнөдө мамлекеттер ортосундагы мамилелердин принциптери жана критерийлери кандай болот, кайсы жагына мүмкүн өзгөрөт, ушундай чалды куйду, чалмакей мезгилде биздин мамлекет кандай саясат тутунуш керек дегендей ойлорун. Ал эми Омурбек Бабанов, Темир Сариевдер пандемия мезгилинде андан кийинки экономикалык саясат боюнча айткандары, Эдил Байсалов жана Жумагул Сааданбеков аксакалыбыз мамлекеттик түзүлүш, бийликтин ролу анын ийкемдүүлүгү жөнүндө жакшы пикирлерин билдиришти. Бул маселелерде креативдүү дагы бир топ жаш жигиттер омоктуу ойлорун ортого салышты. Алардын бири Азамат Темиркулов деген жигит азыр мамлекеттик кызматка компетенттүү жигиттерди тартуу керек, алар эл аралык уюмдарда иштеп жүрөт деп, убагында көп мамлекеттер табият берген нефть-газ менен байып турмуш-тиричилигин, инфраструктурасын оңдошкон болсо, азыр дүйнө өзгөрүп адамдардын ден-соолугу биринчи орунга чыккандыктан биздеги касиеттүү дарылыгы бар сууларыбыз, туздарыбыз, курорттук-санаториялык жерлерибиз эле бизди көтөрүп кетет деп жазат.

Мына ушундай кокту-колоттук эмес, дүйнөлүк деңгээлде ой жүгүрткөн уул-кыздарыбыз, улуу-кичүүлөрүбүз бар экенин көрүп, алардын айткан ‒ дегени, жазгандары менен таанышып, У. Черчиллдин лакапка айланган айтымындагыдай, Кудайга шүгүр, эртеңки күндөгү шайлоо үчүн иштеген саясатчылардан башка дагы улуттун кызыкчылыгын ойлогон, ошол үчүн жөн кейитип, ойлонуп тогуз толгонгон мамлекетчил инсандарыбыз да бар экен деп канагат алып каласың.

Биз жашыраак кезде ‒ “дүйнө бизди өзгөрттү, биз дүйнөнү өзгөртөбүз” ‒ деген бир айтым бар эле, азыр ошону башкачараак айта турган мезгил

келди ‒ дүйнө өзгөрдү ‒ эми биз өзүбүздү-өзүбүз өзгөртөбүз ‒ деген. Анткени биз кыргыздар бардыгын көрдүк, убагында Швейцария да болдук, орустарда дүйнөнү эки системага бөлгөн эки революция болсо, биз да эки революция жасадык, жер шарынын кайсы жеринде болбосун бир кыргыз ишкер жигит менен кездешесиң. Кыргыздар пукта, чапчаң жана ийкемдүү келет. Элге ишеним жана колдоо гана керек. Ошондуктан биз ушул пандемиядан пайдаланып, дүйнөгө чачылып кеткен акчабызды жана азаматтарыбызды чогултуп, интеллектуалдык дасмиябызды бир жерге топтоп, ички саясатыбызды кырдаалга карата прагматикалык жагдайда жүргүзсөк, бул апааттан пайда таап чыгып кетебиз. Болбосо, “Эми ушундай болуп калды, биз эмес Америка, Орусия деле кыйналып жатат” ж.б. ‒ деп актанганга, албетте, миң себеп бар. Биз кыргыздар бир муштумдай түйүлүп, өзүбүздү-өзүбүз бага ала турган түптүү улут экенибизди дүйнөгө көрсөтө турган мезгил келди.

Жолборс Жоробеков,

саясий илимдердин доктору, профессор

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×