Добавить статью
11:48, 7 мая 2021 917

Кыргызстандын Баткен аймагына депортацияланган элдердин абалы

Ата Мекендик улуу согуш жылдарында СССРдин түштүк-батыш аймагындагы элдерди депортациялоо жараяны башталган. Анын саясий жана идеологиялык мааниси жөнүндө расмий түрдө СССР Жогорку Советинин №116/102 Указында: “... Ата Мекендик согуш мезгилинде көпчүлүк чечендер жана ингуштар Мекенге чыккынчылык кылып, фашисттик баскынчылар тарабына өтүп кетишти...”- деп жарыяланган [КР БМА, Ф. 350: 12].

Депортацияланган элдер 6 союздук, 7 автономиялык республикалардын, РСФСРдин 5 крайынын жана 23 облусунун аймактарына жайгаштырылган [Депортация... 2010: 16].

Алардын катарында Кыргызстанга 1943-1944-жылдары 137298 адамдан турган 32603 үй-бүлө депортацияланып келген. Алардын ичинен: 87890 чечендер жана ингуштар, 22749 карачайлар, 16048 балкарлар, 10611 Грузиядан келген түрктөр, курддар жана азербайжандар болгон [КР БМА, Ф. 1642: 110]. Цифралар көрсөткөндөй Кыргызстанга депортацияланган калктардын 64,01% чечендер жана ингуштар түзгөн.

Алар Кыргызстандын аймагына төмөнкүдөй болуп жайгаштырылган:

- Фрунзе облусу боюнча – 49093 адамдан турган 11835 үй-бүлө, алардын ичинен 25379 адамдан турган 6338 үй-бүлө чечендер жана ингуштар болгон;

- Ош облусу (анын ичинде Баткен аймагы) боюнча – 40113 адамдан турган 9021 үй-бүлө, алардын ичинен 29182 адамдан турган 6651 үй-бүлө чечендер жана ингуштар болгон;

- Жалал-Абад облусу боюнча – 28258 адамдан турган 6735 үй-бүлө, алардын ичинен 24447 адамдан турган 5658 үй-бүлө чечендер жана ингуштар болгон;

- Талас облусу боюнча – 17113 адамдан турган 4294 үй-бүлө, алардын ичинен 8882 адамдан турган 2320 үй-бүлө чечендер жана ингуштар болгон [Бегалиев 2010: 11].

Зордоп көчүрүлгөндөрдү негизинен республиканын айыл жерлерине жайгаштыруу мерчемделген. Бирок, Көк-Жаңгак, Кызыл-Кыя, Сүлүктү жана Таш-Көмүр шаарларындагы көмүр шахталарында жумушчу күчү жетишбегендиктен, алардын көпчүлүк бөлүгү мына ушул шаарларга жана ага жакын жайгашкан кыштактарга жайгаштырылган.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына 1943-1944-жылдары 2719 адамдан турган 616 үй-бүлө, Сүлүктү шаарына 946 адамдан турган 289 үй-бүлө келген. Мындан сырткары көмүр кендерине жакын жайгашкан Кадамжай жана Лейлек райондорунун аймагындагы кыштактарга отурукташтырылган. Сүлүктүдө жалаң чечендер жана ингуштар, Кызыл-Кыя шаарында 587 чечен жана ингуш улутундагы 122 үй-бүлө болгон. Калгандары негизинен еврей, поляк, белорус, украин, молдован, крым татарлары, курд, балкар ж.б. улуттар болгон [Түштүк аймактар... Ф. 979: 31].

Кыргыз ССРинин Өкмөтү депортацияланып келген элдердин жашоо тиричилигине керектүү шарттарды түзүп берүү үчүн бардык аракеттерди жасаган. Депортацияланган элдер менен атайын Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы Көчүрүлгөндөр башкармалыгы уюштурулган. Аталган Башкармалык депортациялангандардын ишке жайгашуусу, иштөө, жашоо шарттары ж.б. көйгөйлөрү жөнүндө Өкмөткө билдирип турган.

Архивдик материалдарда Кадамжай районунун аймагына көчүрүлгөндөрдүн тизмеси сакталган. Анда 757 адамдын аты-жөнү, туулган жылы, улуту, кайдан келгендиги, кесиби, мурда иштеген жери, үй-бүлөлүк абалы, азыркы жайгашкан жери, жумушу ж.б. маалыматтар берилген. Бул тизме боюнча негизинен еврей улутундагылар көп болгон жана алардын саны 500 дөн ашкан [Баткен ОМА Ф.323: 18]. Бирок, тилекке каршы аталган архивдик папкада зордук менен көчүрүлгөндөр жөнүндө башка маалыматтар камтылган эмес.

Экинчи бир архивдик папкада Кызыл-Кыя шаарына Краснодар крайынан зордук менен көчүрүлүп келинген 132 адамдын тизмеси менен кошо айрым маалыматтар камтылган. Бул архивдик маалымат боюнча Орто Азияга зордоп көчүрүлгөндөрдүн Кызыл-Кыя шаарындагы абалын изилдөөгө бир аз мүмкүнчүлүк жаралды. Бирок, архивдик маалыматтар боюнча айрым цифралардын айырмачылыгын тактоого мүмкүн болгон жок.

1944-жылдын 1-июнундагы архивдик маалымат боюнча “Киргизуголь” трестинин Кызыл-Кыя шаарына Краснодар крайынан негизинен балкар улутундагы 616 үй-бүлө (анда 2719 адам, анын ичинен: 529 эркек, 974 аял, 1216 бала) көчүрүлүп келинген. Алардын 1085 (анын ичинен 331 эркек, 526 аял, 228 өспүрүм) жумушка жарактуу болуп, алардын 686 көмүр кенинде, 64 кенге тиешелүү бөлүмдөрдө, 239 совхоздо, 33 окуу жайларда, 30 көмөкчү чарбада, калган 33 ж.б. мекеме-ишканаларда эмгектенишкен [Түштүк аймактар... Ф. 979: 32].

Алар бул тармактарда эмгектенүү менен өздөрүн гана финансылык жактан камсыз кылбастан, өлкөнүн экономикасына, өнүгүүсүнө да салым кошкон. Өз милдеттерин мыкты аткарган жумушчулар Богатырева, Айжаева, Миссиров, Гжигиев, Трамов, Туменов, Зашаев, Темиржанов, Настаевдер Кызыл-Кыя шахтасында иштеп, алгачкы 4-5 айлык пландарын 140-200% аткарууга жетишкен [Түштүк аймактар... Ф. 979: 32].

“Чечендердин, ингуштардын, карачайлардын, балкарлардын жана крым татарларынын ... балдарын окутуу алар жашаган жерлердеги башталгыч мектептерде орус тилинде жүргүзүлсүн” – деген мамлекеттик деңгээлдеги токтом кабыл алынган [КР БМА. Ф. 350: 196].

Кызыл-Кыя шаарында эвакуациялангандардын балдары үчүн 2 мектепке чейинки балдар мекемеси, бир мектеп уюштурулган. Балкар улутундагылардын балдары тартылган мектепте 106 окуучу окуган. Ошол кездеги маалымат боюнча эвакуациялангандардын балдарынын мектепке катышуусу 67% түзгөн, ал эми сабактардан жетишүү көрсөткүчү өтө төмөнкү пайызда болгон. Мектеп педагогикалык кадрлар, класстык бөлмөлөр менен камсыз болгондугуна карабастан, окуучулардын үйдөгү шарттары начар бойдон калган. Көпчүлүк үй-бүлөлөрдө балдарынын сабак даярдоосу үчүн стол, стул ж.б. эмеректер, күндөлүк жашоого керектелүүчү кроват, төшөнчү, кийим-кече жетишсиз болгон. Сууктун түшүшү менен окуучулардын мектепке катышуусу 30-35% төмөндөгөн. Айрыкча жетим балдардын мектепке баруусу үзгүлтүккө учурай баштаган [Түштүк аймактар... Ф. 979: 33].

Кыргыз ССР Министрлер Советинин токтомунда: “Партиянын райондук, облустук комитеттерине: зордоп көчүрүлгөндөр арасында саясий-тарбиялык жана массалык-түшүндүрүү иштерин түп-тамырынан бери жакшыртуу” милдети коюлган [КР БМА. Ф. 350: 55]. Мына ушундай саясаттан улам эвакуациялангандар өз кызматтык милдеттеринен сырткары коомдук-саясий иштерге да активдүү катышкан. Согуштагы жоокерлерге белектерди, акча каражаттарын жөнөтүү, согуштук заёмдорго жазылуу, өндүрүштө эмгек дисциплинасын чыңдоо, гезит-журналдарга жазылуу сыяктуу иштерге активдүү колдоо көрсөткөн.

Эвакуациялангандардын турмуш-тиричилик, жашоо шарттарын түзүүгө, камсыздоого жергиликтүү мамлекеттик мекемелер жардам берип турган. Аларды батирлерге, жатаканаларга ж.б. коомдук жайларга жайгаштырган. Батирлерди ремонттогон, мештерди орноткон, отун, көмүр жана жарыктандыруу үчүн керосин менен камсыздап турган.

Бирок, ошол кездеги турак жайдын жетишпестиги, бүткүл өлкө боюнча орун алган согуштук абалдын оорчулугу, алар үчүн бир топ кыйынчылыктарды да жараткан.

Көчүрүлүп келгендердин арасынан 93 адам эмгекке жарамдуу болгондугуна карабастан (анын ичинен 59 ооруусу боюнча, 34 аял жаш балдарын кароо үчүн) иштей алган эмес.

Турак жай боюнча да бир топ проблемалар жаралган. 120 үй-бүлө жайгашкан квартиралар ремонттолбогондуктан алар электр энергиясыз жана жылытуучу мешсиз суук бөлмөлөрдө жашоого аргасыз болушкан. Мындан сырткары 43 үй-бүлөнү квартираларга жайгаштыруу маселеси чечилбеген. Ошондой эле 321 үй-бүлө жашаган №6 шахтанын жатаканасы ремонттолбогондуктан, шарт начар болгон. Айрым бөлмөлөрдөгү терезелердин айнектери салынбаган, электр энергиясы жок болгон. Бир бөлмөгө 3-4 үй-бүлө киргизилген фактылар болгон. Мисалы: 50 м.кв. аянттагы бир имаратка 53 адамдан турган 10 үй-бүлө жайгаштырылгандыктан, алардын көпчүлүгү көчөдө жатууга аргасыз болгон. Шахтада иштеген 15 үй-бүлө квартира менен камсыздалбаган. №1 совхоздун аймагына барган 42 үй-бүлөнүн да жашоо шарты оор болгон. Алардын айрымдары бастырмаларда жашоого аргасыз болгон [Түштүк аймактар... Ф. 979: 33].

Согуш мезгилиндеги оор абал бардык тармактарга, күндөлүк турмуш-тиричиликке да терс таасирин тийгизип, бардык тармактарда кыйынчылык жана жетишпестик орун алган.

Согуш мезгилиндеги эң орчундуу проблемалардын бири калкты тамак-аш менен камсыздоо маселеси болгон. Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Совети тарабынан белгиленген ченем боюнча көчүрүлгөндөргө: ун, кант, акшак, туз, дан азыктары, арпа, картошка, мөмө жемиштери жана жашылчалар берилип турган. Кызыл-Кыя шаарына көчүрүлүп келгендердин арасынан иштеп жаткан жумушчу, кызматкерлерге күнүнө 300 граммдан нан, ал эми иштебеген үй-бүлөлөргө айына 4 кг. 920 грамм ун берилип турган. Бул ун ар бир күнгө 164 граммды түзгөн, ал эми андагы үй-бүлө мүчөлөрүнүн орточо саны 4 адам болгондо, ар бирине күнүнө 41 граммдан ун азыгы туура келген.

Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Советинин токтомунун негизинде Түндүк Кавказ жана Закавказиядан көчүрүлгөндөрдү жеке менчик мал менен камсыздоо планы берилген. 1944-1945-жылдары 11749 үй-бүлө мал менен камсыз болууга тийиш болсо, 1946-жылдын 1-январына карата 11476 (97,7%) үй-бүлөгө мал берилген [КР БМА. Ф. 1811: 14]. Мындан сырткары алардын менчик кой-эчкилерин багуу үчүн атайын ферма уюштурулган. Фермадагы 1392 баш кой-эчкилерди кароо үчүн өз араларынан атайын малчылар бекитилген. Фермадагы малдарды кышкы жайытка көчүрүү, тоют менен камсыздоо боюнча жергиликтүү уюмдарга атайын кайрылып турушкан.

СССР Эл Комиссариаты Советинин 1944-жылдын 3-апрелиндеги №350-102с токтомунда: жергиликтүү аткаруу комитеттерин атайын көчүрүлгөндөрдү 1944-жылдын 15-апрелине чейин мамлекеттик фонддогу жана колхоз, совхоздордун пайдаланылбаган жерлеринин эсебинен жер тилкелери менен камсыздоо жагын милдеттендирилген [КР БМА. Ф. 350: 30].

Мына ушул токтомду ишке ашыруу максатында №1 совхоздун жетекчилиги тарабынан 100 үй-бүлөгө жер тилкеси берилген. Алар мындан өздөрүнө керектүү азык-түлүктү, жашылча-жемиштерди өндүрүп алууга шарт жаралган. Көрүлгөн камкордуктардын натыйжасында көчүрүлгөндөрдүн дээрлик баары 1945-1946-жылдын кыш мезгилине карата азык-түлүк менен толук камсыз болгон.

Ошол мезгилде жергиликтүү калктарда деле тамак-аштын жетишсиздигинен, ачкачылыктан жабыркабаган үй-бүлө дээрлик болгон эмес. Кара курсактын айынан айрым адамдар ар нерсеге барууга мажбур болгон. Жумалап, айлап ун азыгын керектебеген учурлар болгон. Ал эми ошол кезде турак жай маселеси да жергиликтүү тургундар арасында тартыш болгон.

Мына ушундай жашоо шарттын начардыгы, антисанитардык абал, тамак-аш, кийим-кече менен камсыздоонун төмөндүгү ж.б. жетишпестиктер Кызыл-Кыя шаарына зордук менен көчүрүлүп келгендердин ден соолугуна олуттуу терс таасирин тийгизген.

1944-жылдын май айында Кызыл-Кыя шаарында тиф ооруусу чыккан. Бул жугуштуу оорууга каршы санитардык дезинфекциялоо иштери начар жүргүзүлгөндүктөн, жалпы массага тарай баштаган, ошол мезгилде шаардык мончо регулярдуу иштеген эмес. Мына ушундай турак-жайдын начардыгы, тамак-аштын жетишсиздигинин таасири менен отчеттук мезгил ичинде зордук менен көчүрүлгөндөрдүн арасынан 92 адам кайтыш болгон. Алардын 45 карылыктан, 16 маляриядан, 10 дизентериядан ж.б. ооруулардан жабыркаган. Кайтыш болгондор: жашы боюнча 22си 16 жашка чейинкилер, 11и 16 дан 60 жаш курагындагылар, 59у 60 жаштан жогоркулар болгон. Цифралар көрсөткөндөй 16 жашка чейинкилердин жана 60тан ашкан улгайган адамдардын организми жогорудагыдай кыйынчылыктарга жана жетишпестиктерге туруштук бере албастан, көз жумган. Отчеттук мезгил ичинде 183 адамдын ооруп жаткандыгы, алардын 107 малярия менен жабыркагандыгы белгиленген [Түштүк аймактар... Ф. 979: 34].

Кызыл-Кыя шаарына зордук менен көчүрүлүп келгендердин арасында “Кызыл Армиянын жетекчилик жана катардагы курамынан эвакуациялангандар” деген макамга ээ болгондор тууралуу маалыматтар бар. Алар жалпысынан 162 үй-бүлө болгон. Атайын билдирүүдө: алардын баарынан квартира, отун, тамак-аш менен камсыз болгондугу, 139 үй-бүлөнүн эмгекке жайгаштырылганы, ал эми 23 үй-бүлөнүн ар кандай себептер менен жумушка тартылбай жаткандыктары жөнүндө маалымат берилген. Жумушка тартылбаган 23 үй-бүлө мамлекеттен атайын акча алып турган. Мисалы: аттестат боюнча Тарабарова 600 руб., Черненко 800, Мушинская 1150, Зальдич 800, Ковалева 600 рублдан алып турган [Түштүк аймактар... Ф. 925: 62]. Бул тизмеде башкалар да болгон. Биздин жеке оюбуз боюнча аларга пособие берилген болуу керек.

Кызыл-Кыя шаарынын жетекчилиги зордук менен көчүрүлүп келгендердин ишке жайгаштырылуусу, турмуш-тиричилик, социалдык шарттары боюнча маселелерди карап, анын аткарылышын такай көзөмөлгө алып турган. Алардын кыймылы, тизмелери такталып, айрым маселелерди чечүү боюнча облустук жетекчиликке атайын билдирүүлөрдү байма-бай жөнөтүп турган.

Көчүрүлгөндөрдүн арасындагы коммунисттер, аялдар жана кварталдардын жашоочулары менен кеңешмелер, атайын жолугушуулар өткөрүлүп, алардын маселелери менен кошо, өндүрүштүк, турмуштук иш тажрыйбаларын пайдалануу боюнча да маселелер каралган.

Ошол мезгилде зордук менен көчүрүлгөндөрдүн эмне себептен келгендиги жөнүндө жергиликтүү тургундарга маалымат берилген эмес. Менин атам Кадыров Аззамбай үй-бүлөсү менен согуш жылдарында Лейлек районунун Исфана шаарында жашаган. Лейлек районуна да зордук менен көчүрүлгөн чечен улутундагылардын бир тобу келген. Атамдын айтуусу боюнча колхоз жетекчилери чечендерди тосуп алуу үчүн жергиликтүүлөрдүн бош үйлөрүн актап, тазалап алдын-ала даярдашкан. Аларды темир жол станциясынан тосуп алып, арабалар менен алып келишкен. “Булар согуштан жабыркап, үй-жайсыз калгандыктан, келе жатышат. Аларды алдынан утурлап, мейман катары тоскула, буюм-теримиңерден берип, турмуш-тиричилигине колдон келишинче жардамдашкыла”, - деген саясат жүргөн [Талаа материалдары...].

Жергиликтүү тургундар зордук менен көчүрүлүп келгендер менен алар өз мекендерине кайтканга чейин жакшы мамиледе болушкан.

Совет мамлекетинин жетекчилеринин чечими менен чечендерге 1957-жылы өз мекендерине кайтууга уруксат берилген. 1957-1958-жылдары калмыктардын, чечендердин, ингуштардын, карачайлардын жана балкарлардын улуттук автономиялык мамлекеттүүлүгү калыбына келтирилип, алар да өз мекендерине кайта баштаган.

Натыйжада зордук менен көчүрүлгөндөр Улуу Жеңишке, Баткен облусундагы шаарлардын өндүрүшүнө, колхоздордун экономикасына, социалдык-маданий өнүгүүсүнө гана салым кошпостон, элдер, улуттар арасындагы достук, кызматташтык мамилени жана маданий байланыштарды чыңдоого да салым кошкон.

Абдинаби Кадыров


АДАБИЯТТАР:
1.Бегалиев С.И. Прием и расселение в Киргизской ССР депортированных
народов Северного Кавказа (чеченцев и ингушей) в годы Великой Отечественной войны // Вестник КРСУ. 2010. т. 10. №8. с. 11-15.
2.Депортация и реабилитация народов в СССР в 20-80-е годы ХХ века.
Исторические уроки. – Б., 2010.
3.КР БМА. (Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архиви)
Ф. 350. т. 17с. д. 155. б. 12.
Ф. 350. т. 17с. д. 157. б. 196.
Ф. 350. т. 17с. д. 164. б. 55.
Ф. 350. т. 17с. д. 172. б. 30.
Ф. 1811. т. 1. д. 318. б. 14.
Ф. 1642. т. 11. д. 2130. б. 110.
4.Түштүк аймактар аралык коомдук-саясий документтер мамлекеттик архиви. Ф. 11. т.1. д. 979. б. 31, 32, 33.
Ф. 11. т.1. д. 925. б. 62.
5.Баткен ОМА. (Баткен облустук мамлекеттик архиви) Ф. 323. т.1. д. 11. б.1-18.
6.Талаа материалдары. Маалымат берүүчү: Кадыров Аззамбай – 1924-жылы туулган, Баткен районунун Рават кыштагынын тургуну.
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×