Добавить статью
18:16, 1-октябрь 2020 2640

Ой-пикир: Эрнест Али Абдыжапаров. Кинорежиссердун саясатка көз карашы

Автор жазган текст өзгөртүүсүз жарыяланат. Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Шайлоо алдында депутаттыкка талапкер партиялардын программаларына көз чаптырсаң, кандидаттардын пренияларынан айтылган убадаларына кулак төшөсөң, коомубуздун мындай сүрөттөмөсү көз алдыңа тартылат. 30 жылдын ичинде биздин бийлик элибизди алдап, тоноп, пайдаланып келген экен. Коррупцияга малынган аткаминерлерибиз элдин канын соруп отуруп мамлекетибизди өнүктүрбөй салыптыр. Мына эми, ушул шайлоодон кийин, баланча же түкүнчө партия парламентке өтүп кетсе, кайсынысы экени айырмасы жок, баары эле, ошол күндөн баштап элдин жашоо шарты оңолуп, пенсиялар көбөйүп, айлыктар көтөрүлүп, коррупция тыйылып, элдин жашоо шарты болбогондой өнүп, өсүп кетет экен.

Ошол эле учурда элдин пикирин уксаң, “ак ит, кара ит, баары бир ит”, “бийлик бийликтигин кылбай койбойт, өзүнүн партиясын өткөрөт”, “эгерде баланча партияны өткөрбөсө жаңы революция болот” жана ушул сыяктуу имиштерге күбө болосуң. Ушундай аянычтуу сөз көбүктөрдөн улам бул макаланы жазбай коё албадым.

Э.Абдыжапаров (3) Эң кызыктуусу, өмүрүмдө бир дагы маалымат каражаттарына саясий билдирүү жасабаптырмын. Бир дагы бийлике сын-доомат тургай, кеп-кеңешимди бербептирмин. Себеби, жеке өзүмдүн принцибимде, ар ким өзүнүн иши менен алектенсе, “бөдөнөнү болсо да касапчы сойсо”, автобусту билгич шоопур айдаса, ырды өнөрпоз ырчы ырдаса, бийликти элин сүйгөн саясатчы жүргүзсө деп жүрчү элем. А бирок, отуз жылдын ичинде мен дагы бирдемени көрсөм керек, билсем керек, ички туюмум менен бөлүшкөнгө укугум бар го. А балким, эссиздик менен эстүүлүктүн таразасына менин салган ташым да таасир этип, элимдин туура жолун тандап алуусуна көмөк болуп берээр деп баштадым сөзүмдү.

Кыргыз элим дегенде, күн касиети кырк нурун чачыраткан кызыл байрагын желбиретип кыргыздын даңкын дооран салган орусун, өзбегин, татарын, евреин, дунганын, кореин, уйгурун, деги эле ушул Ала-Тоону сүйгөн, салтын урматтаган жалпы Кыргыз Республикасынын жарандарын элестетем! Кыргыз элим дегенде, калктын арасынан жакшысын ылгап, жаманын жээрип эмес, деги эле учур чактын жүрушүнө күбө болуп жаткан менсинген төбөлүн деле, карапайым пендесин деле эгемендүү мамлекетибизге күбө болгон замандаштарым деп, салтанаттуу ырахатка бөлөнөм! Мындай ой жүгүртүүмдүн теребели, журөгүмдүн соккон ыргагы, санаа менен жуурулушкан кыялдарым, кайып жыштыгын козгоп, ар бир инсандын тегинин илебине чырмалышып, ата-бабалардын касиеттери кайрадан жер бетине таасирин тийгизип, журтубуздун селдей агып бараткан нугу биртке болсо да имерилеби деген аракеттен улам жаздым. 

Акыл эстен ажыраган пенде ойду тоодон, барды жоктон, оңду солдон ажырата албай, дендароо акыбалында туш келди агымдарга жетеленип калат эмеспи. Ал сыңары, учур дүйнөнүн шарапаты акыл-эстин учугунан кабары жок мас кишидей туңгуюкка кулап бараткандай туюлат. Адам баласы, Чыңгыз атабыздын маңкуртундай, өз энесине жаа тартып, атасынан кабар укпай, жер жүзүн күлдөй сапырып, закымдаган келечеги менен жокко сиңип бараткандай сезилет. Ээ-жаа бербей буркан-шаркан агып бараткан ушул дүйнөнүн дарыясынын ылайында биз да барбыз, кыргыз элим!

Адамзаттын минтип ээрден кыйшайып отуруп акыры оодарылып калаарынын бирден бир далили — бийлик менен байлыкка жетип алган байкуш көрпенделердин катмар тобу. Тагыраак айтканда, бийлигиң болсо байлыкты оп тарт, байлыгың болсо бийликти кемир деген түшүнүккө сугарылган мителер бүгүн жер шарынын аргымагына камчы салып сайран тээп аткан учуру. Мындай акыбалга кантип кептелдик жана кантип алардын туткунунан кутулабыз? Мына ушул тууралуу кеп болмокчу, бул макаламда.

Акыл-эстүү адам баласы эч качан жаңылбайт! Акыл эстүү адам баласы эч качан туура эмес чечим чыгарбайт! Жаңылыштык чечимдер туура эмес маалыматтардан чыгат. Чалынсаң, байкабай басканың. Алдансаң, ылгабай ишенгениң. А демек башаламандыктын башаты – калп. Адам баласы качан калп айтат? Корккондо! Жасаган кунөөм билинип калса жазасын тартам, барымдан айрылам, арзуума жетпей калам деп коркот. Ал эми корккон адамды ишендириш, жеңиңден чаңды үйлөп койгондой эле кадыресе иш. Корккон адам эч качан башын канжыгага байлап тобокелге барбайт, эрөөлдө өлүмгө тике карап жанын курмандыкка чалбайт, элинин тагдырына күйүп-бышып жоопкерчиликти мойнуна артпайт. Ал ар дайым баатырлардын көлөкөсүндө жан багып, өзүнүн учур-саатын күтөт. Мактайт, жайкайт, алдайт, чалынтат, мүдүрүлтөт, ыгы келгенде аскадан нары түртөт. Баатырдын түбүнө жетип ыйлайт, боздойт, ишин улантам деп ант берет, зоболосун, ооматын, кутун менчиктейт. Бийлигине, байлыгына, мурасына ээ болгондон кийин коркок коркоктугун кылбай койбойт. Бирөө билип калдыбы, көрүп калдыбы, шекшип калдыбы деп баатырдын жан-жоокерлерин тындым кылат, каяша айткандардын башын алат, элин эзет, туткундайт, акыры менсинет, манчыркайт, Кудайдын атынан сүйлөйт, ой жүгүртөт, чечим чыгарат, каарын чачат, жазалайт. Айланасына өзү сымал коркоктор, куурагыр ляппайлар топтолот, анын алдында чөгөлөшөт, тепселенип ырахат алышат. Акыры коркоктун ичер суусу түгөнгөндө бийлигине, байлыгына кошоматчы наадандардын династиясы ээлик кылат. Бир кезде баатыр ийне менен кудук казып топтогон кутту, ырыскыны, берекени талап, тоноп түбүнө жетет. Күнүмдүк мансапка ыраазы болуп акыры көнүмүш тас кейпин киет. Эмнени талкалап, эмненин таш талканын чыгарганын өзү да билбей калат. Бул бир тутамга кысып айтылган адамзаттын таржымалы. Ушундай тариз менен байыркы цивилизациялар кыйраган. Ушул тариз менен Манас атабыздын империясы жок болгон. Ушул тариз менен биз да, ардактуу замандаш, күн кечирип келебиз. Кандайча? Кантип? Бул макалам ушул суроолорго жооп.

Кептин башында колдонулчу терминдердин негизги тушүнүктөрүн келтирип кетйин. Себеби бул түшүнүктөр учурду баалап, өткөндү таразалап, келечеке нук салуунун бирден бир курал жарактары.

Алар:

САЯСАТ - терминди таза бойдон алсак — коюлган максатка жетүү үчүн жасалган ой жана иш аракет. А бирок бүгүнкү күндүн мааниси – бийликти талашуу жана бийликти сактап калуу ыкмалары.

ГЕОСАЯСАТ – дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин бири бирине кылган баскынчылыгы, үстөмдүгү, таасири. Башкача айтканда, дүйнө жүзүнө бийлик кылуу аракети.

ЭКОНОМИКА – коомчулуктун ар тармактуу өндүрүшүнүн өнүп-өсүү көрсөткүчтөрү.

САЯСИЙ ЭКОНОМИКА – коомчулуктун өнүп-өсүү ыкмаларын изилдөө.

ФЕОДАЛИЗМ – жерине, суусуна, малына, уруусуна ээлик кылган бай-манаптардын өздүк бийлиги.

КАПИТАЛИЗМ – мамлекеттик экономикалык түзүлүш. Капиталисттин, жумушчусунун наркына артыкча бааны кошуп отуруп, ашыкча пайда көрүп, капиталын чексиз арбытканга алып бара турган саясий-экономикалык система.

ОЛИГАРХ – байлыгынын күчү менен мемлекетинин саясатына, экономикасына таасирин тийгизе алчу капиталист.

СОЦИАЛИЗМ – мамлекеттик экономикалык түзүлүш. Өндүрүштүн ыкмаларына ээлик кылган мамлекет, өндүрүлгөн байлыкты коомдун мүчөлөрүнө тең бөлүштүрүү экономикалык системасы. Негизги принциби — «ар кимден мүмкүнчүлүгүнө жараша, ар кимге эмгегине жараша».

КОММУНИЗМ – мамлекетсиз экономикалык түзүлүш. Адам баласынын аң-сезими өтө жогорку деңгээлде болгондуктан, коомчулуктун өзүн-өзү башкарган өндүрүштүк мамилелери ар бир адамдын муктаждыгына камсыздай ала турган адилеттүү экономикалык система. Негизги принциби – «ар кимден мүмкүнчүлүгүнө жараша, ар кимге муктаждыгына жараша».

КАПИТАЛИСТТИК СОЦИАЛИЗМ – социалисттик түзүлүшкө базар экономикасын жуурулуштуруу.

СОЦИАЛИСТТИК КАПИТАЛИЗМ – капиталисттик түзүлүшкө социалдык камкордукту жуурулуштуруу.

ОЛИГАРХИЯЛЫК КАПИТАЛИЗМ – капиталисттердин кызыкчылыгына багытталган экономикалык түзүлүш.

ДИКТАТОРЛУК СОЦИАЛИЗМ – жеке бир адамдын бийлигине баш ийген экономикалык түзүлүш.

ДЕМОКРАТИЯ – ар бир жарандын укугу, талабы, добушу эсепке алынсын деген максатты көксөгөн коом.

КОРРУПЦИЯ – мамлекеттин эсебинен жеке кызыкчылыкты көздөгөн, андан пайда көргөн иш-аракет.

АНАРХИЯ – мамлекетсиз коом.

Эми ушул түшүнүктөр менен учурдун түйүндөлгөн маселелерин чечмелегенге аракет кылалы. Дүйнөлүк капитализм XYIII Э.Абдыжапаров (1) кылымдын аягынан калыптана баштап, бүгүнкү күнгө чейин өнүгүү абалында турганы бышык. Кыргыздар феодализмден социализмге секирип барып, андан кийин капитализмге кайтып келгенбиз деген пикирге кошула албайм. Феодализмдин түрлөрүн салыштыра келсек, кыргыздын XIX кылымындагы феодализми коммунизмдин принциптерине дал келип калат экен. Кыргыздын феодализминде “ар кимден мүмкүнчүлүгүнө жараша, ар кимге муктаждыгына жараша” принциби аздыр-көптүр иштеп турган. Себеби карапайым элдин муктаждыгы чектен ашып кеткен эмес. Бул коомдун ар бир мүчөсү уруу башчысына колунан келген кызматын кылып, анын болгон муктаждыгын тууган уругу, уруу башчысы намыстангандан улам камсыздап беришкен.

Кокон хандыгына, андан кийин Орустун падышачылыгына баш калкалагандан тарта, мамлекеттүүлүктүн илеби кыргыздын байыртан калыптанып калган коомчулук мамилелерине таасирин тийгизээри менен, адам баласынын муктаждыгы көбөйө баштаган. Мыйзамдуулук менен салттуулуктун ортосунда карама-каршылыктар жарала баштаган. Орус империясынын жергиликтүү элге бийлик жүргүзүү максатында болуштук башкаруу (“волостное управление”) системасы кирээри менен талапкерлердин ортосунда тирешүү, атандашуу пайда болгон. Эки-үч уруунун башчылары бир болуштукту бөлө албай, добуштарды сатып алуу ыкмалары өздөштүрүлгөн, падашынын өкүлдөрүнө пара берүү жолдору табылган. Мындайча айтканда, кыргыздын “коммунизмине” орустун капитализми кирээри менен коррупциянын үрөнү себилип, эл башчыларынын пейили бузула баштаган. Ошентип отуруп кыргыз жерине өнүгүү илеби канчалык ылдамдыкта кире баштаган болсо, ошончолук ылдамдыкта коррупциянын ыкмалары түрлөнүп, жылмаланып, кыргызды кемире баштаган. 1916 жылдын Үркүнү, анын түпкүрлүү себеби, бирден бир ушул коррупциянын каптап келе жатышына каршылык катары жаралган.

Социализм доорунда коррупциянын жайылышы кескин түрдө кыскарып, 1991 жылга чейин жылма түрүндө жашап келген. Эгемендүүлүктүн илеби коррупциялык процессти гүлдөтүп жиберген. Эгерде XYI-XIX кылымдарда өнүккөн мамлекеттер колониалдык баскынчылык менен дүйнө жүзүнүн байлыгын тартып алуу геосаясатын жүргүзгөн болсо, бүгүнкү күндө мегакорпорациялар өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин жер байлыктарын бийликтин өкүлдөрүнө пара берип, мыйзамдуу жол менен талап-тоноп кетип аткан учуру.

Капитализмдин ушундай өнүгүү жолун көрө билген Карл Маркс коммунизмдин идеясын көтөрүп, калыстыкты издеген эр-азаматтарын далалаттарын дүүлүктүргөн. Бул идеяны алгачкы ирет практикага айлантып көргөн Владимир Ильич Ленин болгон. 1917 жылы Октябрдык революциясынын жеңиши менен бийлик толугу менен Лениндин жеке карамагына өткөн. Үч жылдык Диктаторлук Коммунизм системасы Россия империясын экономикалык, социалдык, саясий кыйроого учураткан. Байлыкты тартып алып калыстык коом түзүү далалаты агро тармактын да, индустриянын да өндүрүшчүлүк дараметин жокко чыгарган. “Благими намерениями вымощена дорога в ад” деген орустун макалы так далилденген. 1921 жылы Ленин “Жаңы Экономикалык Саясатын” даңзалап Совет мамлекетин толугу менен кайрадан Капитализмдин жолуна салган. Бир айырмачылыгы, эми базар экономикасы мамлекеттин көзөмөлүндө жүргүзүлүп, Совет бийлиги эң алгач Капиталисттик Социализмди куруп, 1927 жылга чейин өнүгүү ыкчамдыгы боюнча дүйнө жүзүнүн мамлекеттеринен алдыга озуп кеткен. Батыштын экономикалык системасы 1930-жылдары аргасыздан Олигархиялык Капитализмин социалдык багытка бура баштаган болсо, ошол эле жылдары СССРдин жетектигин толугу менен колуна алган Иосиф Сталин Диктаторлук Социализм багытына буруу мөөнөтүндө, ачкачылыктын айынан 8 миллион калкынан ажырап, Социализмдин негизги принцибинен оолактап кеткен. Диктаторлук Социализмди ондогон жылдарга Совет элине эле эмес, бүткүл дүйнөлүк Социалисттик мамлекеттерине (Кытай, Түндүк Корея, Куба, Чыгыш Европа) мурас кылып калтырып кеткен.

Андан бери батыштын саясатчылары өз мамлекеттеринде чыныгы Социалисттик принципте, “ар кимден мүмкүнчүлүгүнө жараша, ар кимге эмгегине жараша” деп Социалисттик Капитализмди куруп өнүгүп келген болсо, Дэн Сяо Пиндин демилгеси менен Лениндин Капиталисттик Социализми 1970-жылдардын аягынан өздөштүрүлө баштап, бүгүнкү күндө Кытай Эл Республикасы дүйнөлүк державаларга айланып калганына баарыбыз күбөбүз. 1985-жылдан тарта ушул Капиталисттик Социализм системасын Михаил Горбачев баштаганы менен, 1991-жылы эмнегедир, Борис Эльциндин демилгеси менен СССР кыйрап, Россия Олигархиялык Капитализмдин жолун тандап алган. 90-жылдары бул жолду бардык постсоветтик республикалар басып өткөнү менен, кийин бул 15 эгемендүү мамлекеттердин өнүккөн багыттары айырмаланып кеткен. Эгерде прибалтика республикалары жана Грузия (алардын жолуна Армения түшүп бараткандай) толугу менен Социалдык Капитализмди тандап алган болсо, Түркмөния менен Белоруссия дагы деле Диктаторлук Социализм системасында калууда. Украинада жана Казакстанда Олигархиялык Капитализм өнүгүп-өрчүп бараткан болсо, Россиянын эли, Путиндин диктаторлук эрки менен, олигархтары ооздукталып, Капиталисттик Социализмдин үзүрүн көрө баштаганы айкын. Азербайжан, Тажикстан, Өзбекстан Диктаторлук Капитализмди өздөштүрүп аткан болсо, Кыргызстандын экономикалык системасы Коррупциялык Анархияга окшошуп кетет. Деги биз кайда баратабыз? Эмненин ичинен чыкканы калдык? Бир аз ушул суроолорго токтолуп, биздин экномикалык системабызды талдап көргөнгө аракет кылайын.

Кыргызстандын экономикалык системасын бир дагы постсоветтик республикалардын тандап алган экономикалык жолдоруна салыштыруу мүмкүн эмес. Себеби, ички ресурстарыбыздын жоктугунан улам, агрардык мамлекет болгонубуздан улам, менчиктештирүүнүн жыйынтыгында Бийлик менен Олигархтар өзүнчө топ, менчикке чыгарылган жери, малы жана ишкерлиги менен Коомчулук өзүнчө топ болуп кескин түрдө экиге бөлүнүп калганбыз. Эскертип кетчү нерсе, Бийликте отурган чиновниктер да, Олигархтын даражасына жеткен ишкерлер да, Коомчулукту түзгөн жарандар да, баарыбыз бирдей Кыргыз Эли болуп саналабыз. Биздин сабатсыз саясатчылар советтердин таптык (класс) көз карашы менен карапайым элдин катмарын кедей, бийлик өкүлдөрүн бай деп отуруп эки революцияны башыбыздан өткөрдүк. Абал өзгөрмөк турсун тескерисинче артка кетти. Мисалы Өзбекстан толук кандуу бай мамлекет болгону менен, эли өтө жарды. Кыргызстан чала жан кедей мамлекет болгону менен, жалпы жонунан эли бай (сөздү контексттен жулуп албасын деп эскертип кетейин. Чоң, майда коррупционерлер да ошол элдин катарына кирет). Кошумча дагы бир корутунду. Коррупциясы жок мамлекет жок. Коррупция Америкада да бар, Кытайда да бар, Россияда да бар, ал эми Өзбекстан менен Казакстандын коррупциясын бизге кудай жүзүн буйрубасын. Мамлекет канчалык бай болсо, коррупциянын даражасы ошончолук бийик, ошончолук кытмыр, ошончолук ырайымсыз болуп жүрүп отурат. Маселе такыр башка жакта.

Кыргызстан эгемендүү мамлекет эмес. Ооба, биздин чек арабыз бар, Конституциябыз, байрагыбыз, гимнибиз, Президентибиз бар. Өзүбүздүн тилибизде сүйлөйбүз, комузубузду чертебиз, Манасыбызды угабыз. А бирок, экономикалык жактан дүйнөлүк каражат агымдарынан көз карандыбыз. Американын долларынан көз карандыбыз, себеби ар кимибиз кымбат сотка менен сүйлөшкүбүз келет, кымбат жинсы кийгибиз келет, кымбат машине тепкибиз келет, кымбат үйдө жашагыбыз келет.

Орустун рублинен көз карандыбыз, себеби Россиянын бензинин куябыз, газын жагабыз, темир-тактайынан үйүбүздү курабыз, элибиздин алтысынан бири Россияда эмгектенет.

Кытайдын юанынан көз карандыбыз, себеби ал жактын товарларын алып реэкспорт деген балакетине көнүп алганбыз. Андан тышкары, дүйнөнү бийлеген, бири-бири менен тирешкен ушул үч экономикалык ажыдаарларга (Батыш, Россия, Кытай) олчойгон акча карызбыз. Арабдын, Пакистандын, Түрктүн ченемсиз акчаларынын күчү менен тамыр жайган диний агымдарынан көз карандыбыз. Тажикстан аркылуу Афганистандан аккан наркотрафигинин барондорунан көз карандыбыз. Алма, өрүгүбүздү Россияга жеткире албай казактын бажысынан көз карандыбыз. Эки Ош окуяларынан кийин, чек араларыбыз такталбай келгендиктен Өзбекстандын бизге кылган саясатынан көз карандыбыз. Мына, Кыргызстандын эң орчундуу көйгөйү, стратегиялык багыты, экономикалык жана геосаясаттык көз карандысыздыкка суурулуп чыгуу маселеси ушулар.

Мындай капкандан бошонуп кетчү жолу барбы? Албетте бар! Бирок чыныгы эгемендүүлүккө чыгыш үчүн үчүнчү революцияны ар кимибиздин ой жүгүртүүбүздө, акыл-эсибизде, жан дүйнөбүздө жасашыбыз өтө зарыл. Бул революцияда эч ким бийлигинен ажырабайт, офистер талкаланбайт, супермаркеттер тонолбойт, каражаттар жумшалбайт.

Болгону:

  1. Эң алгач, ар кимибиз жетегибизди унутпай, бирок уруучулуктан арылышыбыз зарыл. Биз кыргызбыз деген улуттук аң сезимибиз дагы деле калыптана электей. Мисал келтирип кетейин. Өзбектер өзүнүн Республикасын жарыялаары менен чек арасында калган кыргыздарды, тажиктерди, түркмөндөрдү, паспорт тапшыруу учурунда күчкө салып улуту өзбек деп жаздырып салышкан. Кагазга жазылса эмне экен, өзүм кыргыз бойдон кала берем деп ойлошкон, ал жакта калган туугандарыбыз. Мына, 100 жылдан кийин 34 миллион калкы бар мамлекет болуп чыга келишти. Ошол кездеги өзбектердин идеологиясы бүгүн үзүрүн берип жатат. Азыр кыргыздар ар кайсыл урууга бөлүнгөндөй эле, 100 жылдан кийин кыргыздардын катарында орус, өзбек, уйгур деген уруулар пайда болушу абзел. Ушул саясатты бекем карманышыбыз керек.
  2. Коррупция менен күрөшөбүз! Коррупцияны жеңебиз” – деген ураанды башкача багытка буруп өзгөртүшүбүз керек. Коррупция деген эмне? Жатык сөз менен коррупциянын жөнөкөй эле схемасын келтирип кетейин. Бирөөнүн атына шек келтирүүдөн алысмын. Болгону мисал. Депутаттар келерки жылдын бюджетин бекитишти деп коелу. Ал бюджеттин бир жеринде жазылып турат, баланча жерден түкүнчө жерге чейин 100 млн. сомго жол салынсын деп. Бекитилген бюджетти аткаруу үчүн Каржы министри Унаа жана жол министрлигине 50 млн. акчаны которот. Калган 50 млн. кармалып турат, казынада акча жок, пенсия төлөгөнгө жетпей жатат деген шылтоо менен. Жол министрлиги тендер жарыялайт, жол куруучу компанияларга. Үч жол куруучу компания катышат ошол тендерге. Биринчи компания 80 миллионго куруп беребиз дейт, 15 жылдык гарантиясы менен. Экинчи компания 70 миллионго куруп беребиз дейт жолду, 13 жылдык гарантиясы менен. Үчүнчү жол куруучу компаниянын гендиректору унаа жана жол министри менен чогуу окушкан, институтта. Анын тендерлик кагазында жазылып турат, биз бул жолду 100 миллионго куруп беребиз, бирок бул жол 20 жыл былк этпей туруп берет деп. А бирок 20 жылда ким бар, ким жогун, баары бир 70 миллионго жол курулаарын, 30 миллион чөнтөккө салынаарын баары билишет. Аны каржы министри да билет, ошон үчүн 50 миллионду кармап турат, бөлбөй. Качан кана тигил экөө ага 10 миллионду алып келип чөнтөгүнө салып бергенден кийин, ал мыйзам түрүндө 50 миллионду жолдун курулушуна которуп берет. А эмнеге ушундай схема пайда болгон? Таржымалы жөнөкөй. Үчөө тең окууга өтүп жатканда ата-энелери акчаны тутамдап барып ректор, декандарга берип жатып өткөзүшкөн. Кийин окууну бүткөндө дагы эле ошондой тутамдаган акчалар менен карьерасын жасашкан. Эми ошол акчаларын “отбивать” этип аткан кербези да. Бул дүйнөлүк практикага кирип калган коррупциялык схемага 30 жылдын ичинде Олигархиялык Капитализмге жуурулушуп келе жаткан кыргызчылык, тууганчылык, уруучулук, досчулук да өзүнүн нюанстарын берген. Революцияны уюштургандар коррупцияны жеңебиз деген ураан менен бул жегичтерди кубалап, өздөрүнүн жегичтерин ошол эле схемаларга отургузуп атканын көрүп келе жатабыз. Кыргыздын юриспруденциясын айтпай эле коеюн. Азыркы соттор, учурунда, ушул отурган кызматына, даражасына жетиш үчүн жумшалган каражаттарын кантип кайтарып алып жаткандарын да билебиз. А бирок бул системаны ошол коррупционер соттор ойлоп чыккан эмес да! Демек биз күрөшөбүз деген коррупциянын түпкү тамыры өзүбүздө, үйүбүздө, ата-энелерибизде, агай-эжейлерибизде. Демек...
  3. Коррупция менен күрөшүш эмес, аны айыктырыш керек. Коррупция мамлекеттин денесиндеги рак оорусу. Баштапкы стадиясында эле кесип салабыз деп эки операция (революция) жасалбадыбы. Жардам бердиби? Жок! Үчүнчү операцияны (революцияны) мамлекетибиз көтөрө алабы? Чоң суроо! Анда эмне кылыш керек? Эки жакка кылчайсың Ли Куан Юбуз жок, Саакашвилибиз жок, Путинибиз көрүнбөйт. Демек...
  4. Жакшыбы, жаманбы, мамлекетибиз бар! Жагабы, жакпайбы, Президентибиз бар! Аткарылабы, аткарылбайбы, Конституциябыз бар! Бурмаландыбы, бурмаланган жокпу, келерки парламенттик шайлоонун жыйынтыгын кынтыксыз кабыл алышыбыз керек! Өтпөй калган партиялардын өкүрүп-бакыргандарына боорубузду ооруталы, бирок, “Адилеттүүлүктү орнотобуз! Бийликти кулатабыз!” – деген чакырыктарына азгырылбашыбыз милдет, парз! Бийликти кулатканда адилеттүүлүк орнобойт! Муну башыбыздан өткөрүп келе жатабыз. Коррупцияны чындап жеңиш үчүн тынчтык керек, стабилдүүлүк керек, убакыт керек, эволюция керек жана...
  5. Жоголуп бараткан Пейилибизди кайтарып алышыбыз керек. “Ал эмне?” - дегендерге... Пейил деген: топукчулук, шүгүрчүлүк, аруулук, тазалык, адилеттүүлүк, мээримдүүлүк, айкөлдүк, боорукерлик, кайраттуулук, туруктуулук, эркиндик, өткүрлүк, сабырдуулук, акылмандуулук, билимдүүлүк, көрөгөчтүк, кыраакылык. Башкача айтканда, кыргыздын эзелтеден аярлап, барктап, сактап келе жаткан сапаттары. Ооба, Пейилибиз жоголо элек, бар, эл арасында пейилин аздектеген инсандарыбыз арбын. А бирок, балдарыбызга адам бол деген сөздүн маанисинде Пейил деген түшүнүктү көмүскөгө туртүп, унутуп, көбүн эсе “Диплом ал! Жакшы жумушка кир! Акча тап!” – деген кеңешибиз менен чектелип калганбыз. Ток Пейил адамдын материалдык байлыгы ашып ташып кетпесе да, ага жетишерлик каражаты ар дайым камсыздалып турат. Ток Пейил коомдун мүчөсү эч качан коомго таандык ырыскыны өзүнө менчиктеп албайт. Кыргыз эли эзели мындай бай коомдо жашап көргөн эмес. Кыргыз эли жокчулуктан кыйналып жаткан жери жок. Кыргыз эли Пейилинин тарып кеткенинен, жан дүйнөсүнүн ачып калганынан, тоюнбай жутунганынан кыйналып жатат. Аз жеп калганы көп жегенине ичи тарып кыйналып жатат. Ошондон улам биздин коомду Коррупциялык Анархия деп мүнөздөгөнгө аргасыз болдум.
  6. Чындыкка тике караганды үйрөнсөк. Чындык менен калпты иргей билсек. Калп максатыңа жеткирем деп азгырат, бирок убадасын аткарбайт. Ооба, бийлик өзүнүн партиясын парламентке өткөрөнгө бардык амалдарын пайдаланат. Анда демек оппозициялык партиялар да добуштарды сатып алганга, болбогон убадаларды бергенге, маалыматты бурмалаганга акысы барбы? Бир талапкердин акмагын чыгарып жатышат, оруска кошулууга үгүттөдү деген күнөө менен. Кокустан оригиналын угуп калдым. Сөзмө сөз мындай дептир: “Бөлүнүп жүрүп жыргаган жокпуз, биригели. Үйүбүзгө, тамырыбызга кайтып келели. Бирок орустун тамырына эмес, ордолуктун тамырына”. Өмүр бою элиме кызмат кылып келем, а бирок ушунча болду бийлик менен аласа-бересем жок. Анын үстүнө кеп бийлик жөнүндө эмес, чындык жөнүндө болуп жатканда айтпай кое албадым. Орустун тамырына десе, анда орустун колониялдык падышачылыгына кайтып келели деген кеп болмок. Ал эми ордолуктун тамырына кайтып баралы дегени, “Алтын ордонун” тушундагыдай алака түзөлү дегенди билдирет го. Ал кезде тескерисинче көчмөндөр орустарды багындырып келбеди беле? Ошол кезде Алтай, Енисей бүт бойдон кыргыздын жерлери эле го? Демек бул жерде башкача философия жатат го. Мигранттар байыркы жерлерин кайрадан ээлеп жатышат деп да айтсак болот го анда?
  7. Дегеле, Орус менен болобу, Кытай менен болобу, Америкалык менен болобу, өзүбүздүн жүргөн-турганыбызды, сүйлөп-ойлонгонубузду кулдукундай эмес, мырзаныкындай алып жүрбөйлүбү! Карыз болсок, бир күнү кутулабыз, алыс болсок, бир күнү жакындашабыз, душман болсок, бир күнү достошобуз. Тең-тайлаш мамиле түзүп, жаманын жашырып, жакшысын баса белгилеп дүйнөлүк аренага чыкпайлыбы! Өткөндө “Мекен” тасмасы ютубдан тартууланып элдин купулуна толду, бир далай ыраазычылыктар айтылды, патриоттук сезимдерди ойготту, бийликтин шаштысын кетирди, Манастын сүрүн көргөзүп кытайлыктардын үрөйүн учурду. Ырас эле кылды деген ой менен жыргап калдык баарыбыз. Бул биздин бүгүнкү күндөгү чындыгыбыз. А бирок жакшылап иргеп карасак алтыныбызды ташып, мөңгүлөрүбүздү талкалап, жерибизди булгап жаткан чынында канадалыктар болуп атат ко? Анда эмнеге кытайды көрсөтүшкөн авторлор? А, Манас атабызды кытайдын Коңурбайы өлтүрбөдү беле, ошон үчүн өч алып атабыз да э? Андай болсо дагы тагыраак маалыматты берип коеюн. Манастын кайсыл вариантын ачпагыла “Таш бурканга сыйынып” – деп Эсенканды, Көңурбайды мүнөздөйт. Таш буркан – будданын (будха) таш молосу. Алооке, Азиз хан, Эсенкандар буддист болушкан. Кытайлар эч качан буддист болушкан эмес. Буддага сыйынгандар тибет, ойрот, жунгар, монгол, калмактар. Манас калмактардын колунан курман болгон. Экинчиден, XYIII кылымда кытайдын Цин империясы Жунгарларды тукум курут кылбаганда, кыргыздардын тагдыры кандай болот эле, чоң суроо. Ооба, эрдик кылганбыз, ооба кубалап чыкканбыз, бирок калмактын күчү алсырап калгандан кийин кана. Дагы бир тарыхый фактты унутпасак. Жусуп Абдрахманов 1924-жылы кыргыздын Чүй, Ысык-Көл, Нарынды Түркстандын Жети-Суу облусунан, Таласты Сырдарыя облусунан, Ош, Жалал-Абад, Баткенди Фергана облусунан бөлүп кетип, Россияга өзүнчө облус кылып кошпогондо, бүгүн биз Каракалпактардын кейпин кийип жүрмөкпүз, бүгүнкүдөй республика аталбай мамлекети жок улуттардын катарында жүрмөкпүз. Дагы бир тарыхый факт. Американын жүргүзгөн саясатынан улам СССР кыйрап биз эгемендүүлүктү алганыбызга мына 30 жылдай болуп калды. Муну менен мен эмнени айткым келип жатат? Кыргыздын тышкы душманы жок! Бизди эч ким басып ала албайт! Сегиз жыл мурун Оштогу Бабур атындагы өзбек театрында Султан Раевдин “Барсбек” спектаклинин бет ачарына күбө болуп калдым. Өзбек актерлордун өзбекче тилинде мындай деген эпизод эсимде калыптыр. Түрктүн каганы кыргызга кол салаарда элчисинен сурап жатат: -“Кыргыздын душманы кимдер?” – деп. Анда элчиси жооп кайтарат: - “Кыргыздын душманы кыргыз! Кыргызды кыргыз өзү кырбаса, аларга эч кимдин алы жетпейт!”. 

Кыргызым! Намысыңа шек келтирейин деп жазган жокмун бул саптарды. Болгону сары санаам менен бөлүштүм! Балким сен Э.Абдыжапаров (2) байкабай, билбей, укпай калган маалыматтарды ушул саптардан туюп калаар деп үмүттөндүм!

Адам баласы жер жүзүнө кожоюн, бирок төбөбүздө Кудайдын бардыгын унутпайлы! Колтугубуздагы шайтандын азгырыгын да эстен чыгарбайлы! Келечегибизди ызырынган каар менен эмес, токтоолук акыл-эс менен тандайлы!

Депутаттыкка чуркаган эмес, буйруган партия жетет. Буйрукка каршы теминебиз деп үлпүлдөп куруп алган мамлекетибизди кыйратып албайлы! Сөзүмдүн тузу артыкча насааттуу болсо кечирим сурайм, пайдасы тийсе кабыл болсун!

эрнест абдыжапаров
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

07-10-2020
Эрнест Али Абдыжапаров. Кыргызым. Ой толгоо
2935

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
X
Для размещения комментария авторизуйтесь

×