Добавить статью
11:43, 7 мая 2021 1004

Аймактарды туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү жана дүйнөлүк практика

Кыргыз Республикасынын өнүгүүсү эң алгач ирет региондордун, өзгөчө ал региондордун курамына кирген райондордун жана айыл-аймактардын өнүгүү деңгээлине көз караанды, демек өлкөбүздү өнүктүрүш үчүн биринчи ирэтте алыскы аймактардын комлекстүү түрдө өнүгүүсүнө жана экономикалык өз алдынчалыгына көңүл бурушубуз абзел. Аймактык экономикалык саясаттын негизги максаты регионалдык экономикалык системанын ички жана тышкы туруктуулугун сактоо жана өнүктүрүү. Аймактын ички экономикалык туруктуулугу андагы ири өндрүштүк ишканалардын үзгүлтүксүз иштөөсүнөн, эркин товар жүгүртүүдөн, элдердин жашоо деңгээли жана жумуш менен камсыз болуусунан көз каранды. Ал эми тышкы экономикалык туруктуулугу дегенде райондун туруктуу акы төлөө жөндөмдүүлүгү, стабилдүү жана ийгиликтүү тышкы соода, тышкы карыздын жоктугу, өнүктүрүүгө багытталган стабилдүү өздүк фондунун болушу деп түшүнүүгө болот [9].

1991-жылдагы Советтик Республикалардагы экономикалык желенин иштөө жараянынын үзгүлтүккө учурашы Кыргыз Республикасында социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жаңы мазмунун түзүүгө алып келди. Жалпы Союздук экономикалык желенин негизинде региондорду өнүктүрүү, чийки зат бөлүштүрүү, керектелүүчү өндүрүш товарларын жүгүртүү, транспорттук каттам ж.б. Бобор Азия өлкөлөрүндө комплекстүү жүргүзүлгөндүгү маалым. Мындай экономикалык айлампанын талкаланышы биринчи кезекте борбордон алыс жайгашкан аймактарга чоң таасирин берди десек жаңылышпайбыз. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында өлкөбүздүн ички райондорунун өз алдынчалыгын күчөтүү жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү эле мес, жалпы Борбор Азиялык айлампадан чыгаруучу ири маселелрди чечүү алдыбызда турду. Алардын биринчиси жол болсо экинчиси энергетикалык шакекчеден чыгуу болгон. 1992-1994-жылдары Бобор Азиялык экономикалык желеден көз карандысыздыкка чыгуу, аймактар аралык байланыштарды күчөтүү максатында «Кыргызстандын жол тармагын өнүктүрүү жөнүндө» концепция иштелип чыккан. Жол тармагы боюнча 8 таяныч сектору биринчи планга жазылган. Биринчиси, Бишкек – Ош жолу, экинчиси Бишкек – Георгиевка, Казакстанга чыккан жол. Үчүнчүсү, Бишкек – Нарын – Торугарт жолу. Төртүнчүсү, Ош – Сарыташ – Эркештам жолу, Кытайга чыгыш үчүн. Бешинчи болуп Жамбул – Талас - Өтмөк, андан кийин Ош – Кызылкыя – Сүлүктү жана Ысык-Көлдүн айланма жолу, Жалалабад – Казарман – Нарын жолу [5].

Ал эми электр тармагы боюнча Түндүк Кыргызстанды Өзбекстан жана Казакстан аркылуу келүүчү электр шакекчеси менен эмес өлкөбүздүн аймагы аркылуу камсыз кылуу пландалган. Мисалы, өлкөбүздүн аймагынан өндүрүлгөн электр энергиянын 40 пайызы 2015-жылга чейин Өзбекстан, Казакстан Республикаларынын аймагынан өтүп, түндүк регионго келген. Өлкөбүз эгемендик алгандан бери ошол электр энергияларды өз аймактарынан өткөрүп бергендиктери үчүн кошуна өлкөлөргө акы төлөп келгенбиз. Ал үчүн Кыргызстан жылына 8-9 миллионго жакын доллар бөлүп турган. Ушундай көз карандылыкты жоюу үчүн 2015-жылы 28-августта Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн жогорку чыңалуудагы электр зымдарын туташтырган “Датка-Кемин” линиясы ишке киргизилди [4].

Соңку жылдары Кыргызстанда региондордун дараметин арттыруу, айрыкча тиешелүү инфраструктураны өнүктүрүү жаатында олуттуу чаралар көрүлдү. Автожолдор, электр тармактары, билим берүү мекемелери курулуп жана реконструкцияланып жатат. Региондордо колдонууга берилген алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн жаңы объекттеринин саны өсүүдө. Ар бир айылды таза суу менен камсыз кылуу милдети коюлду. Калктын маалымат алуусу, анын ичинде санариптик телекөрсөтүү жана интернет аркылуу да жакшыртылды. Санариптик технологиялардын жардамы менен жер-жерлерде мамлекеттик органдар тарабынан кызмат көрсөтүү боюнча алгачкы кадамдар жасалды. Ар бир региондун өзгөчөлүгүн эске алуу менен аймактык адистештирүү башталды. 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алган 2018-2022-жылдарда региондорду өнүктүрүү саясатынын концепциясы Кыргызстандын пилоттук шаарларынын базасында өсүүнүн 20 таяныч борборун түзүүгө багытталган [8]. Жогоруда белгиленген бир канча иш аракеттерге карабастан эң негизги көйгөй региондордун туруктуу экономикалык өсүүсү камсыз боло элек. Аймактын ички экономикалык туруктуулугу андагы ири жана орто өндрүштүк ишканалардын үзгүлтүксүз иштөөсүнөн, эркин товар жүгүртүүдөн, элдердин жашоо деңгээли жана жумуш менен камсыз болуусунан көз каранды экендиги маалым. Бирок мекенибиздеги кээ-бир аймактар кылымдар бою өзү өндүрүп келген айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнү жолго койо элек. Мисалы Баткен областы боюнча жылына 20 миң тонна өрүк өндүрүлгөнү менен анын 80-90%ын кошуна Тажикстан сатып алып, Орусияга экспорттошууда [3]. Мындай абал бир гана Баткен облусунда эмес жалпы бардык облустарга тиешелүү. Мунун бары жергиликтүү айыл чарба, тоо кен ж.б. продукцияларды кайра өндүрүүчү ишканалардын курулбай калгандыгы жана түндүк-түштүк темир жол каттамынын жоктугу соода байланыштарын ишке ашырууда орчундуу көйгөйлөр бар экендигин айгинелейт..

Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү өнүктүрүү, туруктуу экономикалык, жергиликтүү башкаруунун өз алдынчалыгын күчөтүү максатында 2018-жылдын 24-сентябрында Президент Сооронбай Шарипович Жээнбеков «Кыргыз Республикасында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду [1]. Анда белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын азыркы административдик-аймактык түзүлүшү мамлекеттин тарыхый өнүгүүсүнүн процессинде калыптанган жана өлкөнү социалдык-экономикалык, саясий жана маданий өнүктүрүүнүн маселелерин чечүү үчүн түзүлгөн. Мындан тышкары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш 2018-жылдын 13-августунда кабыл алган 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында региондорду жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча төмөнкүдөй милдеттер аныкталган [2]:

— адамдык жана финансылык ресурстарды башкарууда, региондорду өнүктүрүү программаларын аныктоодо жана ишке ашырууда жергиликтүү бийлик органдарынын өз алдынчалыгын көтөрүү;

— таяныч калктуу конуштарды түзүүнүн жана региондорду адистештирүүнүн негизинде социалдык-экономикалык өнүктүрүү, региондордо элге мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды сапаттуу көрсөтүүнү уюштуруу;

— жергиликтүү коомчулуктардын ишин башкарууга элди кеңири тартуу, ар бир мүчөсү өзүнүн аймагын өнүктүрүүгө түшүнүү менен жана квалификациялуу катышууга жөндөмдүү болгон жооптуу жергиликтүү коомду түзүү.

Жогоруда белгиленген милдеттер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишин каржылоонун натыйжалуу механизмин түзүүгө, социалдык-экономикалык максатка ылайыктыгын жана региондорду өнүктүрүү маселелерин чечүүнү эске алуу менен айрым административдик-аймактык бирдиктерди ирилештирүүгө багытталган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен административдик-аймактык түзүлүштүн натыйжалуу жана туруктуу системасын түзүү, региондордо элдин жакшы турмуш-тиричилигин камсыз кылуу жана өлкөнүн ресурстарын натыйжалуу пайдалануу максатында түзүлгөн токтомдо төмөнкү негизги маселелер белгиленген:

— 2018-жылдын сентябрынын аягына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлерин, тиешелүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун өкүлдөрүн жана көз карандысыз эксперттерди курамына киргизип, административдик-аймактык реформа боюнча жумушчу топту 2018-жылдын 31-декабрына чейин түзүү;

— Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн реформалоону этап-этабы менен жүргүзүүнүн жол картасын иштеп чыгуу жана бекитүү.

Аймактарды өнүктүрүү максатында өлкөбүздүн тарыхында башталып жаткан ири реформалар өз ичине дүйнөлүк тажрийба көргөзгөн атаандаштык ыкмасы же региондордун өз алдынчалыгын көтөрүү, экономикалык көз карандысыздыкка жеткирүү, калктын жашоосун жакшыртуу милдеттерин камтууда.

Өнүккөн өлкөлөрдүн тарыхый жолу көргөзгөндөй базар экономикасына өтүү же базар мамилелери региондор арасындагы айырмачылыктарды көбөйтүп, көйгөйлөрдү ого бетер күчөтөт. XX кылымдын экинчи арымынан баштап базардын диспрапорциялык өнүгүүсү аймактык диспрапорциялык мүнөзгө ээ. Аймактарды өнүктүрүүдөгү максатка жана принциптерге таянуунун негизинде мамлекеттик регионалдык саясатты шарттуу түрдө үч негизги түргө бөлүүгө болот: “патерналисттик”, “атаандаштык” жана аймактык саясаттын аралаш варианты. Патерналисттик мүнөздө саясат жогордон төмөндү карай багытталса, ал эми атаандаштыкта төмөндөн жогору карай багытталат. Мында мамлкекеттин аймактарды өнүктүрүү саясаты түздөн-түз таасир этүүгө эмес, региондордун өнүгүүсүнө бирдей шарттарды жана атаандаштыкты түзүү менен өздүк өнүгүү механизмдерине таасир берүүгө багытталган. Борбор өнүгүүнүн жалпы эрежелерин гана түзөт. Ал эми жергиликтүү бийлик чечим кабыл алууда өз алдынчалыкка ээ жана ал чечимдердин жыйынтыктарына жоопкер. Аймактык саясаттын атаандаштык түрү Евро Союз жана ага мүчө өлкөлөрдө пратикаланууда десек болот. ЕСтин аймактык саясаты анчалык өнүкпөгөн аймактарга көмөктөшүүгө, алардын артта калусун жоюуга, ЕСке мүчө өлкөлөрдүн түрдүү региондорундагы экономикалык теңсиздикти жоюга багытталган. Евро Союздун алдында атаайын бир канча аймактарды программалык каржылоонун фонддору түзүлгөн: Аймактарды өнүктүрүүнүн Европалык фонду (ERDF), Европа социалдык фонду (ESF), Европа айылчарба фонду (EAGGF), Европа балык өстүрүү фонду. Бул фонддор аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө стимул берген инвистицияларды каржылайт: инфраструктураны жакшыртуу, билим берүү программалары, орто жана кичи өндүрүштүк бизнестерди жана туризимди колдоо. Фонддорду каржылоо ЕСтин жалпы бюджетинин эсебинен жүргүзүлөт. Акыркы алты жыл аралыгында же тактап айтканда 2006-жылдан 2012-жылга чейин региондорду өнүктүрүү саясатына бюджеттин үчтөн бир бөлүгү, тактап айтканда 213 млрд. евро жумшалган. Ал эми 2015-2016-жылдарга 308 млрд. евро бөлүү каралган [7].

ЕСтин регионалдык саясатынын негизги принциптери:

- ишенимдүү мыйзамдык база (райондорду бөлүү жана стимул берүү чараларынын объективдүүлүгүнө коомчулуктун жана инвесторлордун ишеними);

- аймактагы көйгөйлөрдү чечүүдөгү милдеттердин узак мөөнөттүүлүгү

- базар ориентациясы;

- колдоого алынган аймактардын санын чектүүлүгү;

- Аймактарды өнүктүрүүнүн эффективдүүлүгүн арттыруу жана программалардын кайталанбоосу үчүн бийлик бутактарынын аракеттерин бириктирүү

ЕСке мүчө өлкөлөрдүн аймактары жалпы европалык чечим кабыл алуу жараянында таасир берүүчү түзүмдүк уюмдарга ээ. Мындай бирикмелерге Европа Кенешинин жергиликтүү жана аймактык Конгресси, Европа аймактарынын Ассамблеясы, ЕСтин аймактык комитети ж.б. кирет. Жалпылап айтканда бүгүнкү күндө ЕС тарабынан түзүлгөн жана колдоого алынган региондорду өнүктүрүү саясатынын стандарты эл аралык практикада эң прогрессивдүү деп эсептелет. Аталган стандарт аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүндө эле эффективдүү болбостон өкмөттөр аралык чечим кабыл алуу жараянында аймактардын өз кызыкчылыктарын коргоого жана жактоого стимул берет [7].

Аймактардын өнүгүүсүнө бирдей шарт жана атаандаштык түзбөстөн эффектвдүү региондордон түшкөн пайдаларды эффективдүү эмес райондорго бөлүштүрүү же тактпа айтканда теңдештирүү саясаты негизинен социалдык көмөк көрөстүүгө багытталат. (билим берүү, медицина, коомдук тартипти сактоо, коомуналдык төлөмдөр). Кээ бир өлкөлөрдүн тажрыйбалары көргөзгөндөй теңдештирүү саясаты каражаттарды эффективдүү пайдаланбоого жана аймактын өз алдынча өнүгүүсүнө тескери стимул берет. Ошондуктан бүгүнкү күндө көпчүлүк өлкөлөр мыйндай тажрыйбадан баш тартышууда. Аймактарды теңдештирүү саясатынын дагы бир терс жагы ал аймактардын өнүгүүсүндө бир бирин өнүктүрүүгө шарт түзүүчү байланыштарын карабайт жана белгилүү бир аймакты гана өнүктүрүүгө багытталат. Теңдештирүүчү ыкмалык тажрыйбаны Кытай Эл Республикасы башынан кечирген. 1950-жылдардагы Кытайдын экономикалык өсүүсүн карап, эки негизги аймакка бөлүүгө болот жээктик жана ички. Кытай өкмөтү 1937-жылдарга чейин узак мөөнөттүү өнүгүү перспективасын жээктик аймактарга багыттаган. Ал эми 1937-1945-жылдардагы Япония менен болгон кагылышуу мезгилинде өндүрүштүк ишканаларды жээктик аймактардан ички региондорго мажбур же милдеттүү түрдө көчүрө баштаган [6]. Өлкөнүн өзүнчө аймактык экономикалык стимул берүүчү саясаты кээ бир аймактардын өнүгүүсүнө алып келгени менен, айылдардан шаарларга болгон ички миграциялык жараяндын күчөшүнө жол ачкан. Жыйынтыгында диспрапорциялык көйгөй терендеп, ири өндүрүштүк аймактарда экологиялык абал начарлап, айыл жерлериндеги калктын жашоо деңгээли төмөндөп, социалдык крама-каршылыктардын күчөшү байкалган. Мындай абалдан чыгуу үчүн Кытай Эл Республикасы аймактык экономикалык стимул берүүчү саясаттан жалпы региондорду камтыган мейкиндик стратегиялык ыкмага өткөн. Анын негизинде айыл аймактарын өнүктүрүү жана инфраструктураны жакшыртуу боюнча мамлекеттик программа ишке ашырылууда [7].

Корутунду

Кыргыз Республикасындагы аймактарды ирилештирүү, каржылык жактан өз алдынчалыгын, товар өндүрүү аймактар ортосундагы транспорттук, соода байланыштарын өнүктүрүү үчүн Дүйнөлүк базар уюмунун жана бажы союзунун шарттарына жооп бере турган жаны ыкмаларды иштеп чыгуу абзел. Өлкөбүз өзүнүн 27 жылдык эгемендүү тарыхында региондорду өнүктүрүү жаатында дүйнөлүк тажрыйбаны колдонуу менен трансформациялык жараянда экендиги маалым. Акыркы жылдардагы «Кыргыз Республикасында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча чаралар жөнүндө» ПРезиденттин Жарлыгы жана Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш 2018-жылдын 13-августунда кабыл алган 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы аймактарды заман талабына шайкеш өнүктүргө болгон ири кадамдардын башталышы.

Өлкө башынан кечирип жаткан приоритетүү регионалдык экономикалык саясат төмөнкү маселелерге көңүл бурса ийгиликтүү болот деген ишенимдебиз:

- Региондордун узак мөөнөттүү өнүгүү программаларын илимий жана тастыкталган көз караштардын негизинде түзүү;

- Жергиликтүү бийликтин саясий, социалдык-экономикалык өз алдынчалыгын көтөрүү;

- Аймактарды ирилештирүү жана бирин-бири кайталаган мамлекеттик органдарды кысакртуу;

- Аймактар ортосундагы транспорттук жана соода сатык байланыштарын күчөтүүгө шарт түзүү;

- Реиондогу айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча орто жана кичи ишканаларды куруу;

- Аймактын инвестициялык активдүүлүгүнүн өнүгүү сүнө көмөк көрсөтүү жана чет элдик инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

Шеров Шайырбек Бийжанович
Кандидат исторических наук

Колдонулган адабияттар:

1. КР Президентинин «Кыргыз Республикасында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы. 2018-жыл 24-сентябрь. // http://www.president.kg

2. 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы. 2018-жылдын 13-август // http://www.president.kg

3. Баткенский урюк продается за границей под таджикским брендом // https://m.gezitter.org/economics/51229_batkenskiy_uryuk_prodaetsya_za_granitsey_pod_tadjikskim_brendom (21.06.2016)

4. “Датка – Кемин” долбоору ишке берилди // https://www.azattyk.org/a/27213855.html (2015-жыл 1-октябрь)

5. Жол көйгөйү эл көйгөйү // https://www.azattyk.org/a/1212063.html (2018-жыл 1-октябрь)

6. Ильина В. А., Шабуновой А. А., Гулина К. А., Мао Д. Экономическое развитие регионов: опыт России и Китая. – Вологда: ИСЭРТ РАН, 2017. – 402 с.

7. Ли Виктор Доикович, Акыжанов С. М. Международный опыт разработки моделей регионального устойчивого развития // Молодой учёный. 2016 № 5 (109) С. 360-364

8. Региондорду өнүктүрүүгө мамилени системалуу өзгөртүү зарыл // Акыйкат коомдук саясий гезити №02(1388), 15-январь, 2018-жыл. 1-3-бб.

9. Хайруллов Д.С, Гараев И.Г. Проблемы устойчивого социально-экономического развития региона в современных условиях // Актуальные проблемы экономики и права. 2015. № 2. С. 126–133.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×