Добавить статью
7:23, 20 мая 2011 17863

Саясатчыларды суу ресурстары жараштырды

Акылбек Жапаров 10 жыл мурун Турдакун Усубалиевдин иштеп чыккан мыйзамын үлгүлүү документ деп атады.

«Суу — бул жашоо» аттуу жыйында бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Акылбек Жапаров коомдук ишмер Турдакун Усубалиевден эл алдында кечирим сурады.

Кагылыштын 2005-жылы Жапаров жана Усубалиев бир шайлоо округунда Жогорку Кеңешке добушка коюлганда чыккандыгын эскертип өтөлү. Ошол учурда шайлоочулар баарына каршы добуш беришти. Бүгүн Акылбек Жапаров Кыргыз саясатынын патриархынан кечирим сурады!

Парламентарийлер, окумуштуулар, энергетикалык компаниялардын жетекчилеринин катышкан жыйынында республиканын суу жана энергетика тармагынын үлгүлүү документи колго алынды. Тактап айтканда, «КРнын суу объектеринин, суу ресурстарынын жана суу чарбалык курулмаларынын мамлекеттер аралык пайдаланылышы тууралуу» мыйзамы каралды. Бул мыйзам 10 жыл мурун Турдакун Усубалиевдин демилгеси боюнча парламент тарабынан бекитилди.

Акылбек Жапаров бул документтин жардамы менен мамлекеттин суу объектери, суу ресурстары жана суу чарбалык курулмаларына болгон менчик укугу таанылды деп баса белгиледи.

Бул мыйзам Казахстан жана Өзбекстан менен теңдештик (паритет) жана үлүштүк негизинде мамлекеттер аралык суу чарбалык программаларынын каржылоосун алдын ала караштырылган болчу. Коңшу республикалар менен өз ара пайдалуу кызматташтык түзүү үчүн бул документти ишке ашырыбыз керек. Суунун бизге жашоо бергендигин унутпайлы. Жаратылыш Кыргызстанды суу ресурстары менен мол байытты, бирок аларды туура пайдаланышыбыз керек, - деп айтты Жапаров.

Мисал катары ал Владимир Путиндин сүйлөгөн сөзүн эскертти: «2020-жылын карай ичиле турган суунун баасы бензиндин баасынан 50 пайызга жогору болот». Муну азыртан баштап ойлошубуз керек.

Баса, Акылбек Жапаров өзүнүн «МОБИЛ» деген программасында негизги багыттын бири суу ресурстарын туура пайдаланууну белгилеп өттү.

Егор Ермаков (vesti.kg)

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

10-05-2011
Кыргызстанда активдүү саясатчылардын тизмеси аныкталды (сурамжылоонун натыйжасы)
53763

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×