Добавить статью
9:50, 6 июня 2011 14568

Мен кызматтын кулу же туткуну эмесмин, депутаттык иммунитет да кереги жок

Автор: Болот Шер

Учурда мени көптөгөн саясатчылар күнөөлөгөнгө аракет кылып жатышат.

А мен бул саясатчылардын арызданууларына, ушак сөздөрүнө жооп кайтарууну менин кадыр-баркымдан төмөн деп эсептейм.

«Бирок мен 2010-жылы апрель, май, июнь окуяларында курман болгондордун элесине башымды ийип таазим кылам. Эч нерсе ал адамдардын ордун толуктай албайт. 2010-жыл 6-апрелде башыма кап кийгизишип, колумду кишендеп Таластан Бишкекке алып келишти. 7-апрель түнү жетекчисиз калган Кыргызстан милицияларынын башында турууга аргасыз болдум. Ал кезде 2 милициянын кызматкери каза болуп, 766 адам жаракат алып, 495 адам Таласта ур-соккуга алынган эле. Бишкекте мародерлук башталган. Ал эми түштүктө Курманбек Бакиев тарапташтары аркылуу куралдар менен каршылык көрсөтүп турган.

Революциянын, өлкөнүн тагдыры кыл учунда турган кезде мен ден соолугумду шылтоолоп, ИИМнин башчылыган баш тарткан жокмун.

Андан кийин деле оңой болгон жок. Күнүгө Жаныш Бакиевдин кадрлары менен кармашууга туура келди. 17-апрель күнү биз баарыбыз Курманбек Бакиев турган Тейит айылын тазалоого алдык. Алар 500дөй куралдуу кишилерди заматта чогултушту.

19-апрелде менин каршылаштарым мени 2 саатка кызматтан түшүрүүгө жетишишти. Азыр Зарылбек Рысалиев башында турган ИИМ милиция кызматкерлери мени коргоого алышты. 20-апрелде Роза Отунбаева жана Өмүрбек Текебаев мени кайрадан ИИМ башчылыгына турууга ынандырышты.

Ошол учурда милиция кызматкерлери кандай оор шарттарда иштешти. Бир аздан кийин өлкөдө бир аз стабилдүүлүк орной баштаганда мен Убактылуу өкмөттүн башчысына кызматтан кетүү боюнча билдирүү жибердим. Мага кызматтан кетүүгө уруксат беришкен жок, бир айга дарыланууга чыгууга уруксат беришти.

Мен дарыланууга кеткенде Жалал-Абадда май окуясы болуп, июнь окуясы жакындап калган. Июнь окуясы баарыбыз үчүн катаал сыноо болду. Өкмөт ошол учурда мындай окуяларга даяр эмес экендигин моюнга алуубуз керек. Колдон келгенин жасадык. Бирок көп нерсеге үлгүрбөй калдык. Көптөгөн адамдар каза болуп, экономикабыз жабыр тартты. Ички иштер министри катары жана Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү катары элдердин кайгысына жана жабыр тартуусуна жоопкерчиликтүү экенимди моюнга алып келгем.

Июнь айында Кыргызстан жаңы Конституцияны кабыл алды жана октябрь айында Жогорку Кеңешке депуттарды шайлоо өткөрүлдү. Бирок апрель, июнь окуялары унутулуп калган жок. Жаңы парламент өзүнүн биринчи жыйынында июнь окуяларынын чыгыш себептерин изилдөө боюнча депутаттык комиссияны шайлады. Учурда июнь окуяларынын бир жылдыгын утурлап, депутаттык комиссия өзүнүн отчетун бүтөр алдында турат.

Ар бир саясатчыга жоопкерчиликтүү чечим чыгара турган мезгил келет. Мен эч качан жоопкерчиликтен корккон эмесмин жана дайыма жоопкерчиликти өз мойнума алып келгем. Азыр менин жоопкерчилик сезимим менин дарегиме айтылган күнөөлөрдү ачык тосуп алууну айтып жатат.

Депутаттык комиссиянын жыйынтык чечиминде президентке мени генералдык наамдан ажыратуу сунушу жазылган. Ошондуктан мен өзүмдүн кесиптештериме жардам берүү үчүн партиянын мүчөлүгүнөн жана генералдык наамдан өз каалоом менен баш тарттым. Мен туткун жана кызматтын кулу эмесмин. Мага депутаттык иммунитет да кереги жок. Эгерде мен элдин алдында жооп берүүм керек болсо мен жооп берүүгө даярмын.

Мындай учурларда чындык партиялык кызматташтыктан да жогору турат. Убакыт мага сот болсун, ал эми элдер ага күбө болот.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

27-08-2012
Ө.Бабановго кайрылуусу
24947

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×